Казактар катуу киришти
Казак премьери Карим Масимов Казакстанга Кыргызстан аркылуу өтүүчү кытай товарларын кан буугандай токтотоорун жар салды.
Өз сөзүндө "казак-кытай чек арасындагы Хоргос бажы постун кытайлык бир дагы контробандалык товарды өткөрбөгөндөй кылып катуу тартипти орнотконубуз менен мындай товарлар Кыргызстан аркылуу баары бир өлкөбүзгө кирүүдө. Бирок, жакын арада түштүк чек арабызга да катуу тартип орнотобуз"-деген Карим Масимов, түштүк чек арасындагы бажы постторуна акыркы үлгүдөгү жабдыктарды орнотууга жана жаңы постторду курууга казак өкмөтү тарабынан башы аягы 10 млрд. тенге бөлүнгөнүн кошумчалады.
Белгилүү экономист Жумакадыр Акенеев да өткөндө Бажы союзунун түзүлүшү менен казак тарап чек арасын бекемдеп, натыйжада кытайдын арзан товарларын казактарга сатып, жан багып келген бир топ мекендештерибиздин иши бүтөөрүн, ал эми коңшуларыбыздан алынып келинүүчү контрабандалык товарлар кан буугандай токтоп, легалдуу товарларга деле бажы салыгы мурдагыдан бир топ кымбаттаарын, демек, эки-үч айдын ичинде Кыргызстанды кымбатчылык каптаарын ачыктаган.
Айтор, өлкөбүздү "өгөйлөп" баштаган Орусия "Бажы союзу" аркылуу Кыргызстанды ачыктан-ачык экономикалык кысымга ала баштады дегендер четтен чыгууда. "Бажы союзунан" четте калган Кыргызстан эми минтип Орусия, Казакстан аркылуу алынып келинүүчү товарларга олчойгон салык төлөөгө мажбур болуп отурат.

Аксылыктар мөөнөтсүз митинге чыгышат
Мындан сегиз жыл илгери Аксыдагы атылган алты жигиттин бейкүнөө өлүмү азыркыга чейин ачыкталбай, өз элин аттырган "азаматтар" дагы деле жазасын албастан, а түгүл айрымдары сотунан баштап, министирге чейинки жогорку кызматтарды аркалап жүргөнү көпчүлүктүн кыжырын кайнатып келет. Ушундай акыйкатсыздыкка жана азыркы бийликтин Акаевдикинен кем калбаган алдым-жуттум саясатына нааразы болгон аксылыктар, 17-марттан тарта мындан сегиз жыл илгери милициянын огунан каза болгон алты азаматтын эстелигинин жанында жана район борбору Кербен шаарында мөөнөтсүз нааразычылык акциясын баштайбыз деп турушат.
Ал эми Аксынын акими Талант Орозов "Аксыда бийликке нааразы болгондор жок"-деп, митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Бирок, алеки саатта Акаевди аласалдырууда ат көтөргүс эмгек кылган аксылыктардын каары чындап келсе, жергиликтүү ат кошчулар башын катаарга тешик таппай, башкача сүйлөп калышаарын убагында көрбөдүк беле…


Эх-эх-ээ-й, этегинен экинчибиз!
Эски СССРдин аймагындагы мамлекеттердин арасында Кыргызстан ички дүң продукциясынын жан башына эсептелген көлөмү боюнча эң акыркы жагынан экинчи экенбиз.
Бул тууралуу АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (кадимки ЦРУ) атайын докладында айтылган. 2009-жылы өлкөбүздүн ИДП көлөмү жан башына 2,1 миң долларды түзүп, бул көрсөткүч 2008-жылга караганда 100, 2007-жылга салыштырмалуу 200 долларга аз экен. Бул деген - жыл өткөн сайын кыргызстандыктардын жашоосу начарлоонун үстүндө деген кептин ачык мисалы. Дагы жакшы, ИДП көлөмү жан башына 1,8 долларды түзгөн тажиктер америкалыктар түзгөн узун тизменин уяттуу жеринен, кыкеңдерди куткарып калыптыр.
Ал эми ИДП көлөмү дурусураак, өнүгүүнүн үстүндө ишенимдүү кадам таштап бараткан эски мекендештерибиздин алдыңкы сабына Эстония ($18,8 миң доллар), Орусия ($15,2 миң), Литва ($15 миң), Латвия ($14,5 миң) Беларусь ($14,5 миң) илиниптир.
Дүйнө мамлекеттери боюнча эң жогорку ИДП көлөмү Лихтенштейн, Катар, Люксембург, Норвегия, Кувейт, Сингапур, АКШ, Гонконг, Ирландияга тийиштүү.


Жарым миллионду жалмаган кимдер?
Өткөн 2009-жылы эле бюджеттик эсептеги 419 миллион сом уурдалгандыгын Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрагасы Искендербек Гаипкулов Жогорку Кеңеште жарыя кылды.
Сол чөнтөккө солонгон акчалардын эсебин тактаган Эсеп палатасынын төрагасынын айтымында, 2009-жылы 2144 аудитордук текшерүү жүргүзүлүп, 4,8 млн. сом аныкталбаган айлык акысына кетсе, 47,7 млн. сом максатсыз пайдаланылып, кредит катары келген 36,6 млн. сом кимдир бирөөлөрдүн жеке иштерине колдонулган. Биздин чиновниктердин өз кесибинен тышкары жеп-жутмай деген кызматты мыктылап өздөштүргөнүн эске алсак, Гаипкулов таап чыккан сол акчалар деңиздин бир тамчысындай эле болуп калса керек.


Элдик курултайга эл башчысы чакырылды
17-мартта өтүүчү "Элдик курултайды" уюштуруу комитетинин төрайымы, КСДП фракциясынын жетекчиси Роза Отунбаева президент Бакиев баш болгон, премьер-министр Үсөнов, спикер Курманов, Конституциялык жана Жогорку соттун төрайымдары Сыдыкова, Алиева төш болгон бир топ мамлекеттик чиновниктерге "2010-жылдын 17-мартында Бишкектин Ала-Тоо аянтында күндүзгү саат 10дон кечки саат 8ге чейин өтүүчү Элдик Курултайга чакырабыз"-деген аталыштагы расмий чакыруусун жиберди.
Ошондой эле аталган аттуу-баштууларыбызды Элдик курултайдын күн тартибиндеги: саясий репрессиялар, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү, жарандардын укугун жана эркиндигин чектөө, электр энергиясына, жылуулукка, сууга, байланыш кызматтарына болгон баалардын көтөрүлүшү, мамлекеттик маанидеги стратегиялык энергетикалык жана байланыш обьектилеринин сатылышы сыяктуу кыргызстандыктардын жүрөгүн өйүгөн маселелерди чогуу талкуулоого чакырышты. Элибиз-жерибиз деп, эки күндүн биринде зар какшап, көгүлтүр экрандан түшпөгөн эл башчыларыбыз чын эле эл үчүн күйгөн болсо, Элдик курултайга тоскоолдук кылбай, катышып берип, эл көйгөйүн укканга жарашаар…
Айтмакчы, бийлик тарап "Ынтымак Курултайына оппозицялык партияларды да чакырдык"-деп, элдир-селдир маалымат берген болушту эле, оппозиция тарап Элдик Курултайга бийлик секисиндегилеринин ар биринин атын атап, ар кимисине өзгөчө чакыруу баракчасын жөнөтүштү. Мунун өзүнөн эле кайсы курултай кандай максатты көздөөрү ачык эле көрүнүп турбайбы.


"Жоопко тартылып", башкаларга сабак болгон министрлер
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутттары 10-марттагы кезектеги отурумунда каржылык катачылык кетирген министрлер эмне үчүн жоопко тартылышпайт?-деген маселени кабыргасынан коюшту.
Социал-демократ Иса Өмүркулов "дээрлик бардык министрликтерде финансылык мыйзам бузуулар катталган. Бирок, бирөө да мыйзам чегинде өз жазасын алган жок. Мындай көрүнүш бир топ жылдан бери уланып келет, келгиле ичип-жеген министрлерди жоопко тартып, башкаларга сабак кылалы"-деген сунушун, кесиптеши Дамира Ниязалиева колдоого алып, 2009-жылы эле Финансы министрлиги 12 млн. сомду максатсыз пайдаланылганын кошумчалаган. КСДПчылардын мындай жөндүү суроолоруна вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова финансылык мыйзам бузуулары үчүн күнөөлүүлөр тийиштүү жазасын алып, жоопко тартылгандыгын, Ишенгүл Болжурова, Камчыбек Ташиев сыяктуу бир катар жетекчилер кызматтан алынгандыгын айтты.
Бирок, вице-премьер айымыбыз "кызматтан алынды" деп бетине кармаган эки министрдин бири-Ташиев кызматтан алынса да, түптөп алган бизнесин ээн-эркин кыбыратып жүргөнүн, Болжурова-Беларусия жана Прибалтика өлкөлөрүндөгү элчиликти кучактап отурганын кимден жашырабыз.