Бийлик "Азаттык" айткан
чындыктан коркобу?
Бишкектеги "Манас жаңырыгы" телекомпаниясы, "ОК" радиосу жана Нарындагы "Алмаз" радиосу бийлик тараптан кысым болуп жатканын оозеки айтышып, 10-марттан тартып "Азаттыктын" берүүлөрүн уктурууну токтотушту. Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдар, коомдук-маданий ишмерлер "Азаттыктын" үнүн басуу аракеттерине тынчсызданып жатышат.


Өмүрбек Текебаев,
"Ата-Мекен" партиясынын лидери:
- Бүгүнкү бийлик чындыктан коркот. Анткени ал жүргүзүп жаткан саясат элдин кызыкчылыгына каршы. Күндөн-күнгө бийликтин нагыз жүзү ачылып, анын былыктары элге белгилүү болуп жатат. Ошондуктан ал чындыкты бурмалоо, чындыкты жашыруу жолу менен өз өмүрүн узартууга аракет кылууда. Кыргызстанда телерадиокомпаниялардын баары дээрлик үй-бүлөнүн көзөмөлүнө өттү. Басылма ММКлардын мүмкүнчүлүгун бир топ чектеди. Акыркы Гуревичке байланыштуу жаңжалдан кийин бийлик интернет мейкиндикти дагы чектөө аракетин баштады. Ошондой эле "Азаттык" радиостанциясынын иш-аракетин чектегенге аракет кылып жатат. Бул жеке радиокомпанияларга кысым көрсөтүп, "Азаттыктын" берүүлөрүн чыгартпай коюу, сайтын жаап салуу. Мен бийлик азыр акыркы күндөрүн жашап жатат деп ойлойм.

Азиза Абдрасулова,
"Кылым-шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси:
- Элдин жалгыз эле таянычы "Азаттыкты" чыгарбай койгон бүгүнкү бийлик өтө көп нерсени элдин угушун каалабайт. Ошонун ичинде Элдик курултай, кыймылдардын болушу. Ошол эле тарифтин жогорулашына элдин каршы чыгышы, Алай, Нарын элинин чыкканы, Гуревич, Елисеев боюнча жаңжалдын бардыгын элдин угуусун каалабайт. Ошондуктан "Азаттыктын" чыгышын бийлик ооздуктоого аракет жасады.

Амангелди Муралиев,
экс-премьер-министр,
коомдук ишмер:
- Мен деле жөнөкөй жаранмын да. Анан "Азаттык" эмнеге чыкпай калды деген суроо туулат. Ошол суроого тийиштүү органдар жооп бериш керек. Менимче, "Азаттык" маалыматты так аткарып жатат. Жарандарга ар кандай маалымат керек. Ар ким өзү чечет, кимиси жалган, кимиси чын.

Эмил Каптагаев,
"Улуу Биримдик" партиясынын лидери:
- "Азаттыкты" чыгарбай жатышы азыркы бийликтегилердин жан талашып бет тырмалык кылып жатканы да. Акыркы MGN GROUP, анын жетекчиси Евгений Гуревич, ага байланышкан Максим Бакиевдерге байланыштуу материалдар, маалыматтар жетет деп корккондогу, жандалбасасы деп түшүнөм. Анткени "Азаттык" чындыкты, акыйкатты элге жеткирип турган жалгыз радио болуп жатпадыбы. Ошондуктан бул элдин үнүн, элдин демин өчүрөлү деген бийликтин акыркы аракеттери. Бийлик азыр чындыктан, чын сөздөн, акыйкат пикирден коркуп жатат.

Акун Токтосартов,
"Руханият" ассоциациясынын президенти:
- Кечирип коюнуз, мен укпайм "Азаттыкты", ошондуктан айта албайм. Эми шартыңар болсо чыгып тургула. Өзүңөрдүн угарманыңар болсо, колдош керек силерди. Кыргыздын эки радиосун гана угам. Бийлик тоскоолдук кылып жатабы, же өзүнөрдүн шартыңар келбей жатабы, аны билбейм.


Турсунбек Акун,
Акыйкатчы:
- "Азаттык" радиосун чектеп салуу же уктурбай салуу туура эмес. Анын кетпей жатышы мамлекеттин аброюна шек келтире турган нерсе. Бул боюнча мен тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө бардым. Акыйкатчы катары сөз эркиндигин сактоо боюнча, "Азаттык" радиосунун угармандарына, көрөрмандарына жеткирүүгө бардык аракеттерими кылам.

Дастан Сарыгулов,
экс - мамлекеттик катчы, коомдук ишмер:
- "Баш кесмей бар, тил кесмей жок" деп кыргыз илгери эле айткан. Бул сөздүн мааниси - айкындык дайыма камсыз болуш керек дегенди туюндуруп жатпайбы. Эгер маалымат элге жетпей жатса - бул бийлик тараптан, же кызыктар тарабынан цензура да. Цензура - бул айкындыкка жатпайт, цензура - демократияга жакын жолобойт, цензура - бул зордук-зомбулуктун бирден-бир белгиси. Бул жакшылыкка алып келбейт. Эл баары бир эртеби-кечпи маалыматты алып турат. Бирок бул эл менен эсептешпегендин белгиси.

Жоомарт Кадыралиев,
Кыргыз Эл сүрөтчүсү:
- "Азаттык" радиосунун обого чыкпай калганы чагымда, калыстык эмес го. Себеби дегенде эл бар, журт бар, өлкө, президентибиз, Конституциябыз бар. Өзүбүзчө өлкө болгондон кийин кабардар болуп турганда жакшы болот эле. Азыркы заманда кабары жок, түркөй эл болуп калсак туура эмес го дейм. Кыргыздын өзүнүн маданияты, тарыхы, искусствосу бар да. Элди маалыматтан кемтик кылганы туура эмес го дейм. Же күнөө өзүңөрдөн кеттиби, аны мен билбейм. Бирок кыргыздын угарманы катары "Азаттык" кайра калыбына келсе жакшы болот эле. Калыстык болот эле.

Бексултан Жакиев,
Кыргыз Эл жазуучусу:
- Чыкпай жатканы жакшы болбой жатат. "Азаттык" керек, жакшы, туура, калыс сүйлөп жүрөт деп ойлойбуз. Анан чыкпай калганы маалымат жагынан элди бөксөртүп койду. Кайра чыккыла, ошол менин өтүнөөрүм. Чыгыш керек, чыкпай калса жакшы эмес.

Сагынбек Момбеков,
коомдук ишмер:
- "Азаттыктын" чыкпай жатышы биз үчүн өтө кейиштүү болуп турат. "Азаттыктын" кайра чыгышын каалар элек. Биз мүмкүн болушунча аны калыбына келтирүүгө аракет кылышыбыз керек.

Сагын Акматбекова,
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын:
- "Азаттык" радиосу обого чыгыш керек да. Мен силерди укпайм деле, бирок коом болгондон кийин маалымат да ар тараптуу болуш керек.
Канымгүл Элкеева, "Азаттык"




Бийлик чындыктан коркуп жатат

"Ата Мекен" партиясы "Азаттык" үналгысынын обого чыгарылбай жатышына байланыштуу бүгүн билдирүү таратты. Анда бийликтин өлкөдөгү саясий-экономикалык-социалдык кырдаалды жаап-жашырбай чагылдырып келген "Азаттыктын" жалпы Кыргызстан элине жеткиликтүү үнү мурда да бийлик тарабынан жабылганы, акыркы убактарда өзүнүн уктурууларын менчик радиостанциялар жана телекомпаниялар аркылуу берип жаткан "Азаттык" үналгысынын үнүн өчүрүү аракети катуу сынга алынган. Ошондой эле бийлик бүгүн менчик радиостанция, телекомпанияларды коркутуп-үркүтүп, "Азаттыкты" уктурбай жатканы белгиленген. Билдирүү ээлери "Нарындагы, Алайдагы нааразылык акциялары, электр энергиясынын кымбатташына каршылыктар, Өнүктүрүү фондунун көмүскөдөгү эсепчи, "эл аралык калпычы" делип издөөгө алынган Е. Гуревич менен байланышы тууралуу ачуу чындык бийликти чындыкты жашырууга аракет кылуу деңгээлине чейин түшүрдү" деп белгилешет. Анда, ошондой эле азыркы бийлик мамлекет башына келгенден тартып, маалымат каражаттарын сот, "Кыргызбасмасөз", "Кыргызпочтасы" аркылуу колбала мекемелери аркылуу муунтуу, журналисттерди уруп-сабап, өлтүрүү аркылуу чындыкка каршы күрөшүп келе жатат, телерадиокомпаниялар кимге баш ийгенине карабастан толугу менен бийликтин көзөмөлүнө алынган деп жазылат.
Билдирүү ээлери "президент К. Бакиевдин бийлиги өз бийлигинин акыркы күндөрү чындыкты дал ушинтип жашырууга аракет кылган Акаевдин бийлигин эске алышы керек, чындыктан корккон бийлик-бир күндүк, эртеси күбүлүп түшчү бийлик" деп эсептешет.
"Азаттык" үналгысынын берүүлөрү 11-марттан тартып Бишкекте уктурулбай калды. 12-марттагы кечки уктуруулар Бишкекте, Нарында угузулган жок. Менчик радиостанциялар буга бийликтин кысымы алдында барып жатканы кабарланууда. Президенттин алдындагы катчылык "Азаттыктын" уктурулбай жатканынан кабарсыз экенин билдирди.
"Ата Мекен"
социалисттик партиясы