Унутулгус "кандуу күн" эстен кетпес!

АКСЫ ОКУЯСЫ
Күндөлүк жазбагандан кийин так эсимде жок, Аксы окуясы Кыргызстанды бир силкинткенден аз өтпөй Топчубек Тургуналиев ал кандуу окуяны жеринен изилдөө үчүн көз карандысыз коомдук комиссия түзүп, мен, Азиза Абдрасулова, Бермет Букашева болуп, Топчукенин агасынын уулу Манастын "Мерседеси" менен таң эртең Бишкектен чыктык. Топчуке алды жакта бизди карай жарым бурула олтуруп, кептин кожоюну болуп, кези менен бизге да сөз берип, көбүн өзү сүйлөп келатат. Сөзүбүз ошол: Акаевдин айбанчылыгы, Майрам айымдын ачкөздүгү, жүзүкаралыгы, баласы менен кызынын, Майрамдын сиңдилеринин көпкөндүгү, мамлекетибиздеги оор абал, кыргыз элинин улуулугу, аттиңдери… анан албетте, Аксыда атылган азаматтар, ал окуя жөнүндө…

Булар боюнча Топчукеден кыйын билген киши жок, берки үчөөбүз деле өзүбүздү оңой эместердин катарына кошконубуз менен Топчукенин жанында нөлөвой класстын балдарындайбыз да…
Жолдон бир-эки жерден тамактанып, эс алып ошол эле күнү Аксыга жеттик да Кара-Суу айлындагы Топчукенин бир тууган агасынын уулунукуна барып түштүк. Бул жаш жигит Мекеге ажылыкка барып, жаңы эле келген экен, колунда болгону менен сыйлап, Мекеден ала келген суудан ичирип, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошкондой кылып, мамык төшөгүн салдырып дурус күттү. Баса, келер-келгенче тамак-ашыбыз, жатар жерибиз Топчукенин мойнунда болду.
Эртеси ишибизди ошол айылдагы ооруканадан баштадык. Анткени, 17-18- мартта ок жеп жарадар болгондордун кээ бирин ушул ооруканага алып келишкен экен. Доктурлар менен маектешип, алардын сөздөрүн кагазга түшүрүп, өлүм апкелген, кан жыттанган коркунучтуу окуянын жытын алгачкы жолу искедик окшоду. Андан ары жол улап алты азаматыбыз окко учкан Боспиек айылынан чыккан жол Кербенге кетчү чоң жолго кошулган жерине келдик. Беш-алты машина токтоп турат, аялдар, эркектер, арасында балдар да бар, ар-ар жерде топ-топ болуп чөк түшүп алып, кырааты менен окулган куранга кулак төшөп, башты жерге сала угуп жатышат. Биз да бир топко кошулуп бата тарттык. Ошол асфальт жолдо кандын тагы кете элек экен, көрүп жүрөк титиреди, зээнибиз кейиди…
Топчуке айтты: "Издеп көрөлүчү, балким патрондорду табарбыз" деп. Издеп жатып, чын эле толгон патрон таап алдык. Шашпай издесе толтура өңдөнөт, демек, кара башыңды жеген омон-сомондор ок аяган эмес экен.
Ошол эле күнү Аксынын борбору Кербенге келдик да, адегенде эле ооруканага барып ок жеп жаткан бир топ адамдар менен маектештик, арасында эми-эми турмушту түшүнө баштаган уландар да бар экен. Алардан жана башка адамдардан уктук, 17-мартта Боспиек жолунда алты азамат окко учса, эртеси Кербенде номуру жок машиналар көчөдө жүргөндөрдү кубалап атып жүрүптүр түнү бою. Ушундай шумдук. Баса, бийлик өкүлдөрүнүн айткандары боюнча бир топ милийса кызматкерлери жарат алышкан, анын ичинде ок жегендер да бар дешти, анысы элде ок атуучу курал болгон деп жалаа жаап жатышкандагысы. Анысы карандай калп экен. Мындай да Топчуке тажабай изилдейт эмеспи, барбаган жердин баарына бардык, ондогон догдурлар менен маектештик, рентген сүрөттөрүн көрдүк, райондун акимчилигине, прокуратурасы менен сотуна бардык, Топчукенин жанды сууруп алчудай суроолоруна эр болсоң жооп бербей көр! Ошол изилдөөлөрдүн негизинде билдик: бир-эки милийсага таш тийген экен, ок жеди деген милийсанын бутуна чакмак таш тийгендей жарат бар болчу дешти догдурлар. Айбандык иш кандай кылса да жашырылбайт экен.
Негизи Топчуке өмүрүндө эки чоң ката кетирди. Биринчиси, Акаевге ак калпак кийгизип, президенттикке даңгыр жол ачып бергенде, экинчиси, 2006-жылы үкасын колдоп, антимитинг уюштурганда. Болбосо, Топчукеден өткөн алтын адам жок, "жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк" болбойт эмеспи…
Бир күнү Азимбек Бекназаровдун кайнатасыныкына кондук, тамагын берип сыйын көрсөттү. Ошол айылдын жашоочулары менен жолугуштук, алардын сөзүн уктук, алар биздин сөздү укту. Биздин дегеним менен сөз ээси Топчуке эмеспи. Ошондо таң калганым: кай айылга барбайлы, даяр тургансып беш-он мүнөттүн ичинде жүздөгөн адамдар чогула калат экен. Анан ал жерде укмуштуудай популярдуу Топчуке сөзүн бштайт: "Акаевдин бандасы…" деп. Кетти анан компроматтар! Акаевдердин кыргыз элине кылган кыянат кылыктары саналып, аны уккан эл уу-дуу болуп, коштоп сүйлөп, оо, далайга бизди кое беришпейт. Ушундай кезигишүүлөр беш-алты айылда болду.
Дагы бир күнү Топчуке менен Бермет бир иштер менен Кербенге кетип, Азиза экөөбүздү бир айылга жиберишти. Карачы, айылдын атын таппай турганымды, Кара-Суу беле… Ошентип, ал айылга бардык. Укканбыз, ал айылдын адамдарынын райборборго жүрүшүн токтотобуз деп аким, прокурор баш болгон бир топ активдер барбайбы. Ошондо бу Аксынын "амазонка" сындуу аялдары жанагылардын колу-бутун толгоп туруп, бир бөлмөгө камап, тамагын берип, заарасын ээрчитип чыгып жандырып турушуптур. "Биз сүйрөп келатканда аким Осмонов мобул жерди тырыша кармаганда, дыргаяктаттык эле колу канап кетти" деп бир келин айыл өкмөтүнүн дарбазасындагы бир темирди көрсөттү. Шоруң курган аким жакшы эле жанталашкан экен. Мидикебиз айтмакчы, ырасында эле "аялдар биздин коомдо зор күч!". Ага ОБОНдор кошулабы, аны эл чечсин…
Ошол айылда Азиза элди топтоп алып, көбүнчөсү аялдар, Акаев бийлигинин накта жүзүн ачты дейсиң, дымып, моокуму кана угушту го! Ошондо Азиза жүдөгөнсүп жүрчү. Адегенде анын кебетесине көздөрү тойбой турду эле, анан бир-эки сүйлөмүнөн кийин дымып беришти. Аны кетиргиси жок. Андан бери көп жыл өттү, Азиза карындашым аябай такшалды, элинин кызыкчылынан эч нерсесин аябай, коркпой-үркпөй ишин жүргүзүп келет. Далай эркектер Азизадан үлгү алса, арман эй!
Бейкүнөө окко учкан алты жигиттин үйлөрүнө барып куран окуттук, канга чыланган кийимдерин көрүп эне-аталары менен кошо сыздап турдук, көзгө жаш алдык.
Аксыдагы "кандуу окуя" жөнүндө көп айтылды, көп жазылды, Бу окуя - аягына чыкпачы окуя болуп туруп алды. Анткени, жанагы беш азаматтын өлүмүнө күнөөлүүлөр жазасын алган жок, тек гана какыс-кукус кылынды. Раматылык Карыпкулов, анан Кудайбергенов, Абышкаев, Кулуев, Осмонов сыяктуулар жоопко тартылыш керек эле, эч кимиси жазаланбады.
Бу окуядагы эң негизги суроо - Кербенге бараткан элди бийлик аткыла дегенби? Топчуке баш болгондор, "ооба, бийлик ат деп буйрук берген" деп жүрүшөт. Менимче, андай буйрук болгон эмес. Милийса алып кетмекчи болгон Турсунбек Акунду бошотмокко эл дүргүгөндө, кайсы бир милийса тартынбай качырган элден "таттуу" жанын сактап ок чыгарып жиберип, анан кимди ким көрдү болуп автоматтар тытырап, берки жактан таш жааган болуш керек…
Кандай болгон күндө да баарына күнөөлүү бийлик: Үзөңгү- Куушту бербеш керек болчу, аны коргогон Бекназаровду камабаш керек эле, аны бошотулсун деген элдин жолун тоспош керек эле… Ушинтип саналып кете берет бийликтин караниеттиги. Бу кара ниет иште ошол кездеги Жалал-Абаддын прокурору Кудайбергеновдун ролу аябагандай эле чоң. Апчемди сактайм деп адыраңдап кеткен эмеспи. Бул мурунку прокурор неме Барскоондо цианид төгүлгөндө нааразылыкка чыккан элди да аттырып сала жаздаган.
Ошол 2002-жылдын 17-мартында Акаев желдеттеринин огунан каза тапкандардын ысымдарын атап, арбактарына таазим кылып коелу, алар: Үркүнбаев Сатинбай, Сапаралиев Кадыркул, Четимбаев Эркиналы, Тагаев Советбек, Бул кырчындай төрт жигит Боспиек айылынын жолу менен чоң жолдун кеслишинен атып өлтүрүлсө, Үмөталиев Элдияр 18-мартта Кербенде Садиевдин желдеттери тарабынан атып өлтүрүлгөн, Бекмуратов Медетбек 19-мартта Аксы райондук милийсалар тарабынан сабалып өлтүрүлгөн!
Бу каргашалуу окуяга азыркы президент, а кездеги премьер-министр Бакиевдин күнөөсү барбы? Албетте, бар. Премьер-министр "Тайфун" жана "Буран" деген операцияларды ишке ашыруу токтомуна кол койгон. Бул операциялар толкуган элди күч менен басуу операциясы экендиги кийин белгилүү болду. Ошондо эле Бакиевдин буйругу менен генерал Садиев деген караниет Жалал-Абад облусунун укук коргоо органдарынын баарына, а турсун райадминстрациялардын акимдерине башчы болуп, болуп көрбөгөндөй чексиз укук алып, көзүнө эч нерсе көрүнбөй көпкөн эмеспи! Окуяга негизги күнөөлүүлөрдүн бири да ушул Садиев болгон.
Аксы окуясы болгондон кийин парламентте Дооронбек Садырбаев башында турган, курамында он депутаттан турган комиссия түзүлүп, дыкат изилдөө жүргүзүп, окуянын чыгышына бийлик күнөөлүү экенин, ал бийликтегилерди аттарына чейин атап, жоопко тартылуусун Генералдык прокурорго жолдошкон. Ошондо Парламенттик комиссиянын жыйынтыгын толугу менен колдогон комиссия мүчөлөрү: Н.Абдылдаев, К.Байболов, К. Карабеков, С.Нышанов, Б. Шерниязов, Д. Садырбаевдер (төрага) болгон, булардын пикиринин кээ бир жерлерине толук кошулбай кол койгондор К.Жолдошбаев, А.Малиев, М.Мамасаидов болгон. Ал эми азыркы депутат, жасалма генерал Коркмазов деген немесиби же эргулубу комиссиянын жыйынтыгына кол койгон эмес. Кыргыз элине түз көз карашы жок болуш керек бу неменин…
Ошол комиссиянын чечимдери ишке ашкан жок, күнөөлүүнүн баары азыр жомоктогудай эле жыргап-куунап жашап жатышат. Комиссия атаган ошол адамдарды санап коелу: А. Акаев, К. Бакиев, О. Ибраимов, А.Карыпкулов, Б.Жанузаков, М.Ашыркулов, Т.Акматалиев, К.Осмонов, Н. Танаев, К. Иманкулов, Ч. Абышкаев, Т. Мамбеталиев, К. Дүйшөбаев, С.Дубанаев, К. Садиев, К.Токобаев, Д.Кулуев, А. Ракишев, Ж.Досматов, М.Абдылдаев, К. Конгантиев, К. Абдиев, Ш.Осмонов, З. Кудайбергенов, Д. Момунов, Э.Жунусов, Э. Төрөкулов, Р. Сатаров. Булар менен бирге эле "жалган маалыматтарды таратуу менен карапайым калкты тескери багытка азгырып жана жаштарды ээликтирип, тараптарды кагылышууга алпарган жагдайдын башкы идеологдору болгон, мурдагы мамлекеттик катчы О.Ибраимовду, мурдагы ички иштер министри Т.Акматалиевди, мурдагы Генерлдык прокурор Ч.Абышкаевди, улуттук телерадио компниясынын мурдагы президенти Б. Мамбетакуновду, "Кыргыз Туусу" гезитинин мурдагы баш редактору А. Матисаковду, журналисттер Н.Кочкоров, Б.Алыкулов, Ү.Касыбеков, К.Сыдыкова, Д.Кыштообаевди кылган кылмышынын салмагына жараша жоопко тартсын" ( Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин парламеттик комиссиясы. Абийир соту. Бишкек, сентябрь, 2007-жыл, 51-бет).
Албетте, жогоруда саналгандардын күнөөлөрү бирдей эмес. Алардын арасынан Акаев, Бакиев, Кудайбергенов, Садиев, Абышкаев, Осмонов, Кулуев сыяктуулар качандыр бир кезде сөзсүз жоопко тартылат.
Ошентип, Аксыда бир жумага чукул жүрүп, материалды мол топтоп кайттык. Аксы элинин баатырдыгын, кыргыз дегенде, туулган жер дегенде, эркиндик, теңдик дегенде баарына даяр экендигин билдик.
Кетерде Топчукенин бир тууган агасынын үйүндө мейманда болдук. Агасы семиз эчки союп, дасмалын тамакка жайнатып жакшы меймандады. Ал киши Топчукеден бир аз башкачараак жан экен, жөнөкөй. Радиону калтырбай угуп, далай иштерден кабардар экен. Көпкө сүйлөшүп олтурдук. Топчуке айылына тыпырайта үй салып, бак-шагын тигип коюптур, ээн турат.
Ар кокту-колотунда айылдары бар, шар аккан суулары көп, тоо-токойлорунда мөмө жемиштердин түрү өскөн, эчкиси менен эшеги көп, негизгиси эли баатыр жер экен - Аксы.
Баратбай АРАКЕЕВ