Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Сандан - санга

Баратбай АРАКЕЕВ
АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ
(Cаясий роман)
Ажонун аялы ошол тууганчылдыгын алдыга чыгарып, үч облустагы үч синдисин ой-да чалчактатты, дагы бир синдисин а-бу дедирбей мамлекеттик маанидеги бир олчойгон жерге отургузуп тынды. Анысы жездеси ажо бололекте ширидей каткан капкара неме эле, оо, кийин акжуумал тарткансып, эттенип, кылыгы кыйлага жетип, чалчактады дейсиң, бу кенедей Кыргызстан ага оголе тар болуп турду… Эми ошол төрт синдиси мурунку баскан жолдорун кескин өзгөртүшүп, өздөрүнө гана тийешелүү, аны менен басууга эч кимдин акысы жок, алчактаган-чалчактаган жол салышты, элинин жолун кенен ээлеп… Булар жөнүндө сөз кезегинде болсун…
***
Мамлекет менен адамдын айырмасы деле жоктой. Айталы, адам бирөө менен жакын мамиледе болсо, экинчиси менен жылдызы келишпейт, бирөө менен алака кылат, катышат, мейманга чакырат, мейманга барат… Мамлекет да ушул кебетеде. Эркин мамлекеттин алгачкы ажосу эми байма-бай чет өлкөлөргө каттай баштады. Бирде пайдалуу келсе, бирде барып келген чыгымын актай албай, эл дүрбөсө .. кошо дүрбөйт маанисинде болду.
Биринчи ирет ажонун достук сапары Орусияга болду. Анын президенти жакшы менен жаманды башынын бирдей өткөргөн накта орус мужугунун бүтүндөй мүнөзү бар, анан да орус арагын эч нерсеге алмаштырбаган президенти менен болгон жолугушууда ажо өзүнүн жан-жөкөрлөрүн бир топ кызартып койду. Акылдуу туруп эле кыргызыңдын кызартканы көп болот эмеспи.
Кремлдин орчун жетекчилери кабыл алчу ашкере чоң, азем залга кирери менен эле ажо тээ нарыда турган орус президентин көздөй учуп жөнөдү. Анан жетип эле тигинин шашпай сунган колун эки колу менен бекем кысып силкилдетип, анан ийнине асыла берип өөп-өөп алды. Кашайып кал ай, таптакыр эле жарашпай калбадыбы. Ит эле болду кыргызбай окшоду.
Орус президенти таң кала карап, ажого орун көрсөттү. Дүйнөлүк практикада эки өлкөнүн анабашылары кездешкенде тең ата сүйлөшөт. Кыргыз ажо орус президентинин маңдайында кичирейип, жалаң өзүнөн улуудан башка жеп жалкып бүткөндөй, мына-мына башын калкалап жалтанчудай болуп, бир топко чейин маек улай албай, "жакшы, жакшы" "ырахмат, ырахмат" деген сөздөн башканы айта албай апкаарып турду да, тээ бир топтон кийин араң акылдуу тил кирип, өлкөсүнүн кичине экенин, кен байлыктары аз экенин, бир жардамды дүйнөдөгү эң улуу держава Орусиядан күтөрүн, ага таянарын, орус тилин бүтүндөй кыргыз эли суудай билерин, орус мектептер толтура экенин, орус эли каалагандай жашап жатканын айтты эле, орус президенти азга жактырып турду да, ажону ченеми менен мактап да койду. Ошондо ажо "Мактап койсо жардан уччу" абалга жете таштап, орус элинин улуулугун, айкөлдүгүн, акылдуулугун, дүйнөгө түркүк болуп турганын, жапайы кыргызды эл катарына кошконун, орустарсыз эч жашай албай турганын, ошон үчүн 1874-жылы кыргыз өз ыкылабы менен Орусияга кошулгагын айтып, Прежевальск, Семенов- Тяньшанскийлерге чейин санап баштады. Ал эми 1916-орустун кыргызды кырганын кайдан айтсын…Маселен булар жөнүндө генерал Куропаткиндин Жети-Суу облусунун аскер-губернатору Фольбаумга жөнөткөн телеграммасы: " Кыргыздын ээнбаштарын баскан убакта орус калкынын өмүрүн жана мүлкүн коргоону өзүңүздүн ишиңиздин негизги милдети деп эсептөөнү сунуш кыламын. Ушул максаттар менен бирге курал алып жүрүүгө жөндөмдүү болгон орус калкын колдо болгон ок атуучу жана башка куралдар менен балталарды да кошо бериңиз. Куралдангандарды ондорго, жүздөргө уюштуруп...





  ТОБОЛ ӨРӨМКАН

Айлакер айым
"Аялдын амалы кырк эшекке жүк" дейт кыргыздар. Анын сыңары азыркы заманда айлакер айымдар каалаган эркегин торго түшүрүп, керек болсо ыйык эсептелген үйбүлөлүк очогун бузуп, өз жыргалы, өз бактысы, айтор өзү үчүн күрөшкөндөр жок эмес. Ал тургай модага айланды. Айлакер айымдардын кылтагына биздин заманда жашап аткан бизнесмен, министр, депутат ж.б. мырзалар түшүп, тагдырдын миң түркүн сыноосуна тушугуп, бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кумардын туу чокусун багынтып, айтор турмуш дөңгөлөгү чимирик. Мен дагы мына ушундай тагдырдын жазмышына моюн сунган бир кезде райондук аппаратта иштеп, анан депутат, анан министр, анан ... болуп тагдыр тегирменинде айланган мырзанын, эң негизгиси ашкан айлакер, сулуу, бирок аягы суюк Заринанын турмуш-тагдырына саресеп салмакчымын. Бирге үңүлөлү... Кызыктар али алдыда...


Зарина Айнураны артынан ээрчите сыртка чыгышты да, кафенин жанында токтоп турган кыпкызыл "Аудини" көргөздү да:
- Азыр сыртын көрдүң, биринчи майлайлы, анан курсак кампайган соң, шаар кыдыртам.
- Ий, сен кандай бактылуусуң. Тез арада көп нерсеге жетиштиң. А менчи? Мен болсо жүрөм, телтейип-деп Айнура ичи күйгөнүн жашырбады.
Эки курбу кафеде бир далайга отурду, укмуш тосттор айтылды. Зарина баары бир Айнурага ишенбейт да, айылга кетери боюнча сөз да кылбады.
- Бир жумадай сага жолуга албайм. Депутатым кое бербейт. Ошол учурда Акын менен мамилеңди аныктап, жылуу-жумшак коштошуп, бүтүшүп ал. Анан бай мырзаларга чогуу охотага чыгабыз. Ага чейин мага жолукпай эле койчу. Акын экөөбүз айтыша кетип, ал Канатка бир нерсе деп иштин ойронун чыгарабы деп корком. Ии, баса, машина алпергенин угузба тигиге. Бир жумадан кийин жолугушабыз, ага чейин мага капа болбой тур. Мына бу 100 долларды ал да, үйдө жата бер. Ооруп атсаң жан кыйнап, дүкөнгө чыкпай деле койчу.
Түнкү Бишкекти "Аудиси" менен аралай, курбусун жатаканага алып келип таштап, коштошуп кайтты. Бирок, Зарина Айнураны эң акыркы жолу көрүп атканын элес да алган жок. Айнуранын Акындан кутулуу боюнча жаман оюн ишке ашырарын билсе, балким айылга өзү менен ала кетмек. Аттиң...
Зарина негедир сергек ойгонду. Айылга ылайыктуу кийимдерин сумкага иреттеп салып, "мен келгиче жакшы тур" деп, үйүн көзү менен сыдыра коштошо жөнөдү. Канат Темирбековичи "узата албай калдым, капаланба" деп телефон чалып, коштошкон. Ошо чалганына эле ыраазы. "Аудисин" от алдырды да, Правда көчөсү аркылуу Жибек Жолуна түшүп, Аламедин базарына келди. А жерде күтүп турган жигитти жанына салды. Узун бойлуу, арык, чыкыя кийинген жигитке ашыкча сөз сүйлөбөдү. Ага баарын Канат Темирбекович түшүндүргөндүктөн, ал да "лам" деп ооз ачпады. Түз жолдор түгөнүп, тоо улай кеткен, таштак, ашуу аша турган жолдордо айдоочу рулду колуна алды. Зарина жолду тикирейе карап болбойт. Үйрөнүп баратты. Кечке эле кайдагы шоопур. 6 саат дегенде райондун борборуна жетип, айдоочуну мейманканага жайгаштырды да, өзү айылын көздөй сызды.
Район менен айылдын ортосу бир сааттык жол. Чаң ызгытып айылга, анан үйүнө кирип барды. Огород башына жеткенде көргөн көзүнө ишенип-ишенбейт. Эми үйү укмуш, заңгырайт, дарбазаларычы. Башка тамдар булардын үйүнүн жанында жөн эле кепе. Кубангандан көзүнө жаш алып, "каап, ушу үйдө апам жашаса не?" деп улутунуп ийип, дарбазанын түбүнө чейин келип, машинанын сигналын басты. Үйдөн антаңдап иниси чыкты да, бир саам "бу ким эле?" дегенсип түкшүмүлдөп барып, анан эжесин көрө сала каткыра күлдү да, дарбазаны ачууга далбастады. Машинадан түшүп-түшө электе басып жыгылышты, бир туугандары. Иниси барбалаңдап ыйлап да алган. Келини сары май көтөрө чуркап, машинанын дөңгөлөктөрүн майлап, короо ичи майрамга толду.
- Эже, ырас келбедиңизби? Күтүп атканбыз, тойго баары даяр.
- Коюң даярбы? Таак, азыр саат 3 болду. Дасторконду жазгыла да, элди 6 га чакыра кал. Апама куран окутабыз. Дасторконго керектүүнүн баары машинада-деп инисине ачкычты карматты. Андан соң "быссымылда" деп үйгө кирип, үй ичин шашпай кыдырды. Профессионал усталар иштегенгеби, айтор ички ремонтун койкойтушуптур. Кеп жок. Үч күн мурун шаардан жөнөтүлгөн эмерек, муздаткыч, телевизор айтор баары коюлган. Кичине турган ордуларын өзгөртүп койсо эле үйгө куп жарашчудай. Атайы заказ менен тиктирилген терезе пардалар шумдук көрк бериптир. Аңгыча иниси артынан жете келе, залдын башында турган бөлмөгө жетеледи. Бек экен, ачкычын чөнтөгүнөн ала шалдырата ачты.
- Эжеке, бул сиздин бөлмө. Шаардан келген сайын эч ким жолтоо болбосун, жалгыз жатсын деп атайы жасаттым. Жактыбы?
Бөлмөнүн ортосуна керебет коюп, сонун килем төшөп, терезе парда тартылган. Карапаларда кооз гүлдөр, дубалдагы картиналар да жаман эмес.
- Мунун баары кайдан? Мен мындайды силерге салган жок элем го.
- Эже, мал саттым, анан сизге жагымдуу болсун деп мунун баарын өзүбүз алдык. Жактыбы?
- Жакпай анан. Ушинтип ишенимди актап турсаң эле болду, капа кылбай.
- Анда ачкычы мына, буюмдарыңызды коюп, бекитип алыңыз. Ызы-чууда кимди ким көрдү болуп кетпесин. Үйдө да кишилер көп, ишенич жок. Жүрүңүз эми чайга. Эжеке, сизге рахмат. Ушундай заңгыраган үйдө жашайм өмүрү ойлобогом. Айылда кадыр-барктуумун, баягы "Самат алкаш, Самат байкуш" дебей сыйлап калышты. Мунун баары сиздин эмгегиңиз экенин билем.
- Билсең ушу, сенден бир гана нерсени суранам. Ичпе, бейчеки баспа. Ичсең талаалап тентийсиң, кадыр-барктан кетесиң, анан жиним келип мен да карабай коем. Агаңдын кебетеси болсо тигил, иши кылса жакшы жүрчү, мага жөлөк таяк болуп.
- Эжеке, кам санабаңыз, баары жакшы болот, андан көрү жаңы ашканадан чай ичели. Сиз салып жиберген ашкананын эмеректерин жаңы эле орнотуп бүттүм. Эже-ини жетелеше ашканага өтүштү. Жасалгасы бир укмуш, шаардагы Канат Темирбековичтин үйүнүн ашканасынан ашса ашат, асты кем калбайт. Келини боорсокту келиштире жасаган экен, буркурап кайнаган самоордон кызыл чай сунулду. Дасторкон болсо титирейт, бөдөнөнүн гана сүтү жоктой...








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ЭМНЕ КЕП?
2-бет
XI Элдик Курултайдын
ЧЕЧИМИ

3-бет
Атамбаев кайрадан аттанып кетти
4-бет
Унутулгус "кандуу күн" эстен кетпес!
5-бет
Аксы каргашасы
6-бет
Нарындыктардын сериалы, же Д.Үсөновдун семинары
7-бет
Эркинбек Жумалиев,
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:

8-бет
"Биз алардын "Арстан",
"Шакалдарынан" коркпойбуз"

9-бет
Элдик бийликти эңсеген
Элдик курултайдагы элдин арманы

10-бет
"Курултай согласия" чем-то напоминает "пир во время чумы"
11-бет
Манастын атом бомбасы
12-бет
Бийлик "Азаттык" айткан
чындыктан коркобу?

13-бет
Panorama: Европадагы
ири финансылык чуулгандын
жандырмагы Бишкекте

14-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
"Лица, приобретающие имущество, реализованное или переданное в рамках процесса банкротства
ОсОО "Ареопаг-Бишкек", не являются добросовестными приобретателями"

15-бет
Баратбай АРАКЕЕВ
АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ

16-бет
Назик ИСРАИЛОВА,
"Назик" бий тобунун жетекчиси:
"Санжар мас болуп келип мени сабап…"






Яндекс.Метрика