Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам

Назик ИСРАИЛОВА,
"Назик" бий тобунун жетекчиси:
"Санжар мас болуп келип мени сабап…"
Өзүм
Өзүм Нарын областынын Ат-Башы районунда тулуп-өскөм. Жаш-курагымды болсо дайым жашырып келем, анткени биздин күйөрмандар ар кандай ойдо калышы мүмкүн, менимче улууга улуудай, жашка жаштай мамиле кылууну жактырам. Ал эми өзүмө жаккан сапатым тырышчаак, кандай гана кыйынчылыктар болбосун максатыма жетүүнү аракет кылам, жактырбаган сапатым болсо ак көңүлдүгүм. "Ак көңүлдүн аты арыбайт" демекчи бул сапаттын жакшы да, жаман да жагы бар, бирок ак көңүлдүктүн айынан өзгөлөрдүн көңүлүн оорутпаганга аракет жасап жатып, көп учурда өзүмдүн көңүлүмдү оорутуп алам. Учурда БГУнун журналистика факультетинде сабак берем жана Жаштарды тарбиялоо бөлүмүндө хареограф катары тарбия берүүдөмүн, өзүңүздөргө белгилүү "Назик" бий тобун да жетектеп келем.

Үй-бүлөдө
Беш бир туугандын экинчисимин, төрт кыз, бир эркекпиз. Ар бир адамдын бир туугандар арасында кандайдыр бир өзгөчөлүгү болот эмеспи, ошол сыяктуу менин да ордум бар. Үйдөн бир мүнөздүү, сүрдүү көрүнөм ошондон уламбы, айтор үйдө эң улусу болбосом да менден кеңеш сурап турушат. Кыскасы олуттуу чечимдерге менин салымым да чоң десем болот.

Мода
Мода куубайм, бирок моданы өзүм жаратканга аракет кылам. Быйылкы жылы сары түс мода болсо, мен андан башка түстөгү кийимдерди кийүүнү каалайм. Ал эми эмнегедир табитиме классикалык стиль жакын, ошондуктан классикалык стилде гана кийинем.

Сулуулук
Дайыма боенбойм, маанайым жакшы болгондо гана шашпай отуруп боенгонду жактырам. Келбетиме кам көрүүгө өзгөчө басым жасабайм. Өзгөлөрчүлөп, салондорго да барбайм, бирок албетте эл алдына чыгарда гана боенууга туура келет.

Достук
Бул жашоодо эң бийик коюп, аяр мамиле менен маани бергеним достук. Албетте, достукта туруктуумун. Чыгармачылыкта да, дегеле досторум абдан көп, бирок алардын арасынан мырзалар менен жакшы тил табышып дос болом. Себеби, мырзалар достукту сатпайт, сыр сактаганга бекем болот, менин ар кандай кыялыма чыдай алышат. Негизи, мырзаларда күчтүү, эрктүү болот эмеспи, кандай кырдаал болбосун арка-жөлөк боло алышат. Ал эми чыгармачылыктагы эң жакын, кайгы-муңумду тең бөлүшкөн Гүланда. Гүланда менин классташым да болот, кийин чыгармачылыкта жолуктук ошондон улам сырдаш болуп кетсек керек.

Сүйүү
Сүйүүдө абдан туруктуумун, жүрөгүңдө сүйүү жашаса бизге тийгизген таасири чоң. Сүйүү сезимдери оргуштап турса бий аркылуу чыгарсаң дегендей, дайым кимдир бирөөнү сүйүп тургум келет, ошол эле учурда кимдир бирөөнүн сүйүктүүсү болууну каалайм. Ал эми "учурда жигитим бар же, жок" деп так айтпастан, жашыруун гана калтырсам. Негизи, айымдардын бир бактысы үй-бүлөө эртеби-кечпи убагы келгенде турмушка чыгам. Бирок, "бул күнү турмушка чыгам" - деп так айта албайм.

Кызганыч
Сүйүү бар жерде кызганыч болот да, бирок кызганычтын айынан чыр-чатактар арбын болот. Ошондуктан жөнү жок чыр чыгаруудан сактанып кызганбайм, бирок кызганычка кырдаал түзөм. Эмнегедир мени кимдир бирөө кызганып турса, ошондон да эргүү алам. Жумушум менен тойлорго, чет өлкөлөргө кетесиң, эл алдына бийлесең ар кандай ойлошот, дегеле кызганычтын айынан сүйүктүү адамым менен сүйлөшпөй калган учурларым болот.

Ашканада
Ашканада "аябай мыктымын" - деп мактанбайм, бирок бардык тамактарды жасаганды билем. Ата-энем менен бирге жашаганда камыр тамактардын түрүн жасачумун. Учурда убакыттын тардыгына байланыштуу 7-8 жылдан бери тамак жасап, үй жумуштарын жасабай калдым. Бирок, эң негизгиси убактым болгондо ашкана жумуштарын ойдогудай жасаган колдон келет.
Көз жаш
Сүйүнсө да, күйүнсө да жүрөгү менен кабыл алып, бардык нерсени көз жаш менен чагыргандардын катарында эмесмин. Негизи кайгырып, капаланып ыйлап, алсыздыгымды көрсөткүм келбейт, анын үстүнө мерезмин. Бирок, адам болгон соң кимдир бирөөгө нааразы болгондо эч кимге көргөзбөй ыйлап, бугумду чыгарып алам.

Кинодо
Буга чейин "Шыңгырак" жана Рысбек Жабировдун "Талак" аттуу кинолордо башкы ролду аткардым.
Көлдө улуу эжемдин үлпөт тоюнда жүрсөм, Рысбек Жабиров телефон чалып калды. "Назик сен кайдасың? Эки-үч күндүн аралыгында кино баштаганы атабыз, тезирек кел" - деди. "Мен түшүнбөй, силер кино тартсаңар менин жумушум кандай, эжемдин тоюндамын, бара албайм" - десем, Рысбек байке: "сага карьера керекпи же, той керепи? Кийин өкүнүп каласың, келчи анан сүйлөшөбүз" - деп койду. Эжемдин тою түнкү 12де бүтөрү менен шаарга келип, Рысбек байкеге жолуксам, кинонун сценарийин колума карматып, "өзүңдүн ролуңду окуп чык" - деди. Сценирийди окуп алып, киного тартылаарыма ишене албай, эч нерсе түшүнбөй туруп калдым. Токтогул районунун Терек-Суу айылында тартылган, качан Токтогулга жетип, үйгө киргенде гана киного тартыла баштаганыма ишендим. Андагы кыйынчылыгы турмушка чыкпасам. Күйөөмөн төкмөк жеп көрбөсөм, ошол кырдаал мага абдан оор болду. Санжар Бердибековдун аялынын ролун аткардым, Санжар мас болуп келип мени сабап, мен жыгылып калышым керек эле. Санжар болсо, мени аяп аста чаап коет, жыгылып койбостон күлкүм келет. Акырында Санжар "Назик, мен чарчап калдым, мени деле аяп койчу" - деп, жини келип кетти окшойт, чындап катуу чапканда жыгылып калдым, ошол эпизодду кечки саат 7ден түнкү 1ге чейин араң тартканбыз.
Венера НАРКЕЕВА








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ЭМНЕ КЕП?
2-бет
XI Элдик Курултайдын
ЧЕЧИМИ

3-бет
Атамбаев кайрадан аттанып кетти
4-бет
Унутулгус "кандуу күн" эстен кетпес!
5-бет
Аксы каргашасы
6-бет
Нарындыктардын сериалы, же Д.Үсөновдун семинары
7-бет
Эркинбек Жумалиев,
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:

8-бет
"Биз алардын "Арстан",
"Шакалдарынан" коркпойбуз"

9-бет
Элдик бийликти эңсеген
Элдик курултайдагы элдин арманы

10-бет
"Курултай согласия" чем-то напоминает "пир во время чумы"
11-бет
Манастын атом бомбасы
12-бет
Бийлик "Азаттык" айткан
чындыктан коркобу?

13-бет
Panorama: Европадагы
ири финансылык чуулгандын
жандырмагы Бишкекте

14-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
"Лица, приобретающие имущество, реализованное или переданное в рамках процесса банкротства
ОсОО "Ареопаг-Бишкек", не являются добросовестными приобретателями"

15-бет
Баратбай АРАКЕЕВ
АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ

16-бет
Назик ИСРАИЛОВА,
"Назик" бий тобунун жетекчиси:
"Санжар мас болуп келип мени сабап…"






Яндекс.Метрика