Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



XI Элдик Курултайдын
ЧЕЧИМИ
(2010-жылдын 17-марты)
Президент К.Бакиевдин жоопкерчиликсиз ички жана тышкы саясаты өлкөбүздү толук бүлүнүү чегине жеткирди. 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын толкуну менен басып алынган бийлик өлкөнү талап-тоноого, элди карактоого толук иштетилип жатат. Байлык топтоо үчүн жасалып жаткан жанталашкан аракеттер өлкөнүн эгемендүүлүгүнө коркунуч келтирүүдө. Кыргызстандын жалпы калкынын бакубат жашоосуна негиз боло турган улуттук байлыктар талоонго түшүп, четинен сатылып жатат.
Менчиктештирүүнүн шары менен кирешелүү ишканалар каракчылык менен басылып алынып, ошону менен бирге элдин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилүүдө. Президент К. Бакиев менен баласы Максимдин кыянаттыгынын натыйжасында Кыргызстан чет элдик мафия топторунун финансылык шумпайлыгына аралашып калды. Үй-бүлөнүн акча-каражаттары боюнча кеңешчиси Евгений Гуревичке карата Италия бийлиги кылмыш ишин козгоп, эл аралык деңгээлде издөө салып отурат. Ошол эле Гуревич менен анын көп сандагы MGN Group сымал фирмалары Кыргызстандын байлыктары менен акча-каражаттарына жеке ээлик кылып, элдин көзөмөлүнөн сырткары башкарып келишпеди беле. Өлкөбүздү кандай кесепеттер күтүп турганын эч ким билбейт. Балким, ал шумпайлар Кыргызстанды эбак эле барчалап сатып жиберишкен чыгар, ал эми биз өзүбүздүн эркибизге каршы бирөөлөрдүн жеке менчигине өтүп кеткендирбиз? Бийлик бул жөнүндө ооз ачкысы келбейт. Ошол себептен улам бийлик тарабынан "Азаттык" радиосу менен көз карандысыз интернет сайттары жабылып, "Форум" сыяктуу оппозициялык гезиттер камакка алынып, сатыкка чыгарылбай жатат. Анткени бийликтеги үй-бүлө өздөрүнүн жоруктары жөнүндө чындык маалымат элге жетип калат деп коркот, элдин каарынан коркот.
Элдик Курултай "Түндүкэлектро", "Кыргызтелеком" жана "Кристалл" жана башка стратегиялык ишканаларынын сатылышын мыйзамсыз деп эсептейт. Ошону менен бирге, мындан ары канча убакыт өткөнүнө, дагы канча колдон колго өтүп сатылганына карабастан, бул ишканаларды сатуу чечимин жокко чыгарууну талап кылууга элдин толук укугу бар экендигин билдирет. Азыр сатып алгандар да, мындан кийинки сатып ала тургандар да ушуну так билиши керек, бул ишканалар жалпы улуттук менчик катары мамлекетке кайра кайтарылып алынат. Өлкөнүн жарандарынын басымдуу көпчүлүгүнүн пикири ушундай
Элдик Курултай энергетика жана суу ресурстары, кен-байлыктар жана тоо-кен иштетүүчү ишканалар жалпы элдин энчисинде болуп, ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашашына кызмат кылууга тийиш деп эсептейт.
Азыркы бийликтеги Бакиевдердин үй-бүлөлүк кланына өлкөнү ыдыратып четинен сатууга, пайда табуу максатында электр энергиясына, жылуулукка жана суу менен камсыз кылууга тарифтерди жогорулатууга, элди жакырлантуу жолу менен кыргынга учуратууга эч ким укук берген эмес.

Элдик Курултайдын талаптары:
1. Электр энергиясына, жылуулукка, жылуу жана муздак суу менен камсыз кылууга коюлган жогорулатылган тарифтер, сугат сууга жана жайыттарды пайдаланууга жогорулатып чектелген төлөмдөр жокко чыгарылсын.
2. "Түндүкэлектр" жана "Кыргызтелеком" ишканаларынын сатылышы мыйзамсыз деп табылып жокко чыгарылсын, энергетиканын башка объектилерин ("Ошэлектр", "Жалалабадэлектр", "Чыгышэлектр" ж.б.) сатуу токтотулсун.
3. Генерал Исмаил Исаков, Эркин Булекбаев, Уран Рыскулов, Сапар Аргымбаев акталып, камактан бошотулсун, Балыкчы шаарынан жана Ноокат районунан жазыксыз соттолгондор акталсын, Аликбек Жекшенкулов менен Кубанычбек Кадыровду куугунтуктоо токтотулсун. Саясый репрессиялар менен террорго жол жок!
4. Конституцияга өзгөртүүлөр кайра кайтарылып алынсын, Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик жана башка мыйзамсыз түзүлгөн мамлекеттик органдар жоюлсун.
5. Бакиевдин балдары Максим менен Марат, бир туугандары Жаныш, Адыл жана Марат ээлеп турган мамлекеттик кызматтарынан бошотулсун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишине кийлигишүүсү токтотулсун.
6. Бакиевдердин үй-бүлөсү жалдап алып келген чет элдик аферист Евгений Гуревичтин, анын шериктеринин, ага тиешелүү компаниялардын Кыргызстандагы ишмерлигин териштирүү үчүн оппозициянын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын комиссия түзүлсүн. Гуревич баш болгон шумпайлар өлкөнүн байлыктарын, акча-каражаттарын акыркы жылдарда эч көзөмөлсүз башкарып келгенинин кесепеттери аныкталсын.
7. Сөз эркиндиги жанан массалык маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгы калыбына келтирилсин, журналисттерди коркутуу, сабап кетүү токтотулсун, "Азаттык" радиосунун берүүлөрү бүтүндөй өлкөгө уктурулсун, көз карандысыз интернет сайттарга чектөөлөр токтотулсун, мамлекеттик радио жана телеканалдарда оппозициянын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө атайын убакыт бөлүнүп берилсин.
Эл өз талаптарынын аткарылышын 2010-жылдын 24-мартына -
Элдик революциянын күнүнө чейин күтөт.
Эгерде коюлган талаптар аткарылбай турган болсо ар бир аймакта эл бийлигин калыбына келтирүү маселесин чечүү максатында Элдик Курултайларды өткөрүүгө элдин конституциялык жактан толук укугу бар. Эгемендүүлүк менен бийликтин бирден бир ээси эл.





Сариевдин
"Ак Шумкары" митингге чакырат!
"Оппозицияны 3-4кө бөлүп, бирин-бирине кайраштырам" дегендердин тилеги таш капты. Ага 17-мартта өткөн Элдик Курултай-күбө. Атамбаев, Сариев, Текебаев, Бекназаров, Тургуналиев, Каптагаев, Отунбаева, Шерниязов, Чотонов ж.б. эл уулдары бир жакадан баш чыгарып, курултайды бийик деңгээлде өткөрүп, бийлик башындагыларга сес көрсөттү. "Коркконго кош көрүнөт" бийлик а күнү Элдик Курултай өткөн аймакка Кыргызстандагы милиция, үч тамганын баарын жайып, катуу күйгүлтүккө түшүштү. Ал учурда Темир мырза кыраакы саясатчы эмеспи, кырдаалды байкады окшойт, кылкылдаган эл алдында катуу сүйлөп, бийликтин кемчилик, баскынчылыктарын далилдеп айтып, 23-марттагы митингге чакырды эле, баары ураалап, макул болушту. Ошондон бери бийлик акелеринде уйку жок. Филармониянын тегерегин кантип коруп, кантип оттосок кыязында.
Калың элге белгилүү болгондой, 23-мартта ажобуз Ынтымак Курултайын өткөрөт. Ал күнү "Ак шумкар" партиясы Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган, кымбаттолорго чөнтөгү түтпөгөн, пенсиясы эт менен майга жетпеген, айтор, адилеттик, калыстык, акыйкаттык талап кылган жаш-улан кыздарды, агай-эже, апа-аталардын баарын филармониянын алдына чакырат. Митинг өткөрөт. Митингде "Ак Шумкарчылар" Ынтымак Курултайынын делегаттарынын колуна 5 талап коюлган баракчаларды карматат. Эч кандай ызы-чуусу жок эле, "ушу 5 талапты күн тартибине киргизип, анан чечим чыгаргыла" деп. Бирок Ак үйдөгү суу жүрөктөр Сариевдин айласын таба албай, ар түркүн амал ойлоп жаткан чактары. Демек, жүрөгүндө Манас жашаган ар бир кыргыз 23-мартта 9.00дө филармониянын алдына келгиле!


Марат мырза канча жыл алат?
Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон Баткен облусунун мурдагы губернатору Марат Жумабеков 9 жыл 6 ай абакта отуруп калышы мүмкүн. Анткени, ага айып таккан прокуратура кызматкерлери соттон ушунча мөөнөт сурашкан. Ал аздык кылып жаткансып, үй-мүлкүнүн баарысын конфискациялоону өтүнүп жатышат. Эске сала кетчү жагдай, экс-губернатор ажобуздун туулган күнүнө белек камдоо үчүн Кызыл-Кыя шаарынын экс-мэринен 1 миң доллар пара алган имиш. Ошондой эле Кадамжайдын экс-акиминин үйүнө экинчи жубайын киргизип, акысын төлөбөй койгон имиш. Бул боюнча соттун өкүмү 25-мартта угузулмакчы.






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ЭМНЕ КЕП?
2-бет
XI Элдик Курултайдын
ЧЕЧИМИ

3-бет
Атамбаев кайрадан аттанып кетти
4-бет
Унутулгус "кандуу күн" эстен кетпес!
5-бет
Аксы каргашасы
6-бет
Нарындыктардын сериалы, же Д.Үсөновдун семинары
7-бет
Эркинбек Жумалиев,
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:

8-бет
"Биз алардын "Арстан",
"Шакалдарынан" коркпойбуз"

9-бет
Элдик бийликти эңсеген
Элдик курултайдагы элдин арманы

10-бет
"Курултай согласия" чем-то напоминает "пир во время чумы"
11-бет
Манастын атом бомбасы
12-бет
Бийлик "Азаттык" айткан
чындыктан коркобу?

13-бет
Panorama: Европадагы
ири финансылык чуулгандын
жандырмагы Бишкекте

14-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
"Лица, приобретающие имущество, реализованное или переданное в рамках процесса банкротства
ОсОО "Ареопаг-Бишкек", не являются добросовестными приобретателями"

15-бет
Баратбай АРАКЕЕВ
АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ

16-бет
Назик ИСРАИЛОВА,
"Назик" бий тобунун жетекчиси:
"Санжар мас болуп келип мени сабап…"