Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Атамбаев кайрадан аттанып кетти
Бириккен Элдик Кыймылынын жетекчиси Алмазбек Атамбаев кечээ күнү кайрадан Маскөө шаарына учуп кетти. "Эми бардыгын эл өзү чечет" деп, Элдик Курултайдын этегинде сүйлөгөн экс-премьер эки-үч күн бою Орусиядагы "достору" менен жолугушмакчы. Эмне себеп менен кеткени, эмне сүйлөшүүлөргө жеткени, эмдиги жумада билинет дечи. Бирок, "азыркы бийликтин ооматы бүтөрүнө ашып кетсе он күн калды" дегенине караганда, оңой эмес досторуна жолугат окшобойбу. Он күн мурун эле ошол жактан келди эле, эми кайра аттанып калды, жарга такалганыбыз жалган эмес окшойт. Беш жыл мурун Осмонакун одураңдап кеткенде Акаевдин ооматы кетти эле, акыркы кездерде Данияр мырза өтө эле дардаңдап кетти, ажосу аласалып кетпегей эле.

Аликбекти акыры соттошту
Өткөн жуманын өзгөчө окуясы катары, экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун 5 жылга кесилишин келтирсек болот. Айыптоочулар Аликбекти 4 жылга эркинен ажыратууну сураса, Биринчи май райондук сотунун судьясы Азиз Турдалиев "ак көңүлдүгүн" көрсөтүп, 5 жылга эркинен ажыратып салды. Балким буга Аликбектин акыркы сөзүндө, "..мен бул принциптерди буга чейин эле карманып келгем жана мындан ары дагы элдин кызыкчылыгы үчүн, акыйкатты аркалап, Кыргызстандын келечеги үчүн дагы да күрөшө берем" деген сөзү себеп болсо керек. Эсиңиздердеби, экс-коргоо министри Исмаил Исаков да акыркы сөзүндө, "элимдин эртеңки келечеги үчүн күрөшүмдү уланта берем" дегенден кийин, 8 жылга эркинен ажыратылган. Ошентип, азыркы бийликтин убагында эң жакшы министрлеринин бири болгон экинчи министр соттолуп кетти. Эмне кылалы, "эл деген" министрлер соттолуп, "эл жеген" министрлер топтолуп жатса? "Ак ийилет, бирок сынбайт" дечү элек, анысы качан келер экен.

Карабууралыктар кайтарышат
Башкы редакторубуз Рыскелди Момбеков Бакиев бийлигинин балээсине кабылганбы, айтор, дүйшөмбү күнү басмадан чыккан "Форум" гезитибизге кол салып, дүңүнөн тартып алышты эле, эми өзүнө кол салып, өмүрүн тартып алгылары келип жатышат окшойт. Эки күндөн бери башкы редакторубуздун жашаган үйүнүн эшик алдында эмне себептен экени белгисиз, мамлекеттик номери 33 - 61 ED күмүш түстөгү автоунаа күнү-түнү кайтарып калыптыр. Ал автоунаа башкы редакторубуз кайсы жакка барбасын артынан түшүп, ар бир кадамын аңдып жүрүптүр. Кыязы, кол салууга ыңгайлуу учурду камдап жатышкан окшобойбу. Ал ортодо, башкы редакторубузду кайтарууга карабууралык жердештери жетип келишти. Багытынан баш тартпаган башкы редакторубузга балакет иштер башталып кетсе, "караңгы үйдө каман күркүрөйт" демекчи, каардуу карабууралыктар дүрт этип кетпегей эле.

Текебаевге кол салынды
"Ата Мекен" партиясынын лидери Текебаевге аңчылык күчөдү. Өзүн кой, эми тууган-уругуна да асыла баштады. 15-март түнү Алайдагы жөө жүрүштү видеого тартып келатышкан "атамекенчилерге" Өзгөндөн БМВ тепкен белгисиз адамдар кол салышты. "атамекенчилерге" отурган машинаны моокумдары канганча талкалашып, видеокамераны, фотоаппарат, диктофондорду тартып алышып, Асылбек Текебаевди, "Пресс кg" гезитинин башкы редактору Абдувахаб Мониевди эзелки кеги бардай сабашкан. Натыйжада Текебаевдин эки кабыргасы сынып, Мониевдин чекеси, башы жарылып, денеси көгала. А жергиликтүү милиция болсо эч нерсе билбеген, көрбөгөн келесоо абалында. Ортодон эки күн өтпөй "курал жарак бар" деген шылтоо менен Өмүрбек Текебаевдин машинасын тинтишти. Шимшилегендерге Өмүрбек мырза сыйлыкка берилген тапанчасынын документтерин көргөзүп, сылык-сыпаа жолго салды. Мурдуна эч нерсе илинбей калгандары үчүн милиция акелер капа. "Бөрк ал десе, баш алгандар" эми дагы кандай амалдарды колдонушаар экен? Күтө туралы...

Италия мафиясы Кыргызстандабы?
Парламенттеги "Ак Жолчуларга" айла жок. Ажосу "аа" деп ооз ача электе эле колдон-буттан жула кубаттап, баа деп баса калып, жантыгынан жата калып, жагына берип, жалаякча да баркы калбады. Эми "президенттин уулу жетелеп келген, Италияны сызга отургузган Гуревичтин Кыргызстанда эмне иш менен алек болуп жүргөнүн текшерели" деп, калп да болсо үн сала алышпады. Суу жүрөктөр. Анан да уялбай-этпей эл атынан сүйлөп койгондорун кантесиң. Элден айланып, садага кеткирлер. А биздин угушубузча Гуревич эч кайда кетпептир. Кыргыздын тоолорунда эле жашынып жаткан имиш, керек болсо лыжаны бутка илип, чартаңбай тээп жүрөт. Белгилүү бир саясий аналитиктин айтымында Гуревич жана башкалардын артынан Италия мафиясы сары издерине түшкөн. Аларды издеп Италия мафиясы Кыргызстанга келиши мүмкүн. Нак ошондо Гуревич менен табакташ болгондордун шору шорподой кайнайт имиш.


Сатыбалдиевдин салмагына кимдер кызыкдар?
"Азаттык" үналгысынын интернет сайтынын ачылбай жатканы, "Ата мекен" партиясынын интернет гезитине жакшы эле болду. Акыйкатты издегендер ал сайтка арбын кирип калышты. Аталган интернет гезит бир имишти илиптир. Шаар ичинде өздөрүн көз карандысыз агенттиктин өкүлдөрү катары тааныштырган адамдар "Эртең президенттик шайлоо болсо, кимге добуш берет элеңиз?" деген сурамжылоо жүргүзүптүр. Алардын тизмесинде К.Бакиевдин да, анын мураскерлигине аты аталып аткандардын да тизмеси жок экен. Эң кызыгы, оппозициялык лидерлердин арасына экс-башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин тизмеси кошулуптур. Демек, азыркы бийлик нейтралдуу мураскердигин эл арасындагы салмагын байкайын деп жатса керек. Ачыгын айтышыбыз керек, Сатыбалдиевдин салмагы оппозиция лидерлеринен аша албайт дечи. Бирок, баардык Бакиевдерден алдыда турары ажеп эмес. Түрткүлөп эле койбосо, түпкүлүгү түз эле жигит дешет.

Качканга камданыштыбы, же?
Бийлик канчалык элди мал катары эсептеп, өз билгенин жасабасын, азыр эл арасында чындык, адилеттик, калыстык туусун желбиреткендер көп. Кечээ редакциябызга "Азия Универсал банк" менен Улуттук банктын кызматкерлери чалып, "бул окуя силерге кызык болуш керек, айтор, жума күндөн бери атайын акча ташыган машиналар менен банктын акчаларын жүктөп, белгисиз тарапка, белгисиз адамдар алып кетип атат. Биз буга тынчсыздануудабыз" деп телефон чалышты. Ошол эле маалда "Алайдан Бишкекке жөө жүрүш жасайбыз" деген алайлыктардын үшүн алыш үчүн, Бишкектен бир нече машиналарга жүктөлгөн милицияларды, ОМОН тобун десант кылып түшүрүшүүдө. "Коркконго кош көрүнөт" деген ушу, булар минтип отурса, Аксы окуясын кайрадан кайталап, кан төгүүдөн качпайт окшоп калды. Тигинтип кыргыздын акчаларын жүктөп кетип аткандарына караганда бир билгендери бар. Дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок, демек акчанын, байлык, бийликтин түбүнө да жетип бүтө албайсың. Ач көздүк менен арамдык акыры абийириңди ачат. Мейли, качкандар качып, тоногондор тоноп жыргай берсин, бирок, эң негизгиси "кыргыздын кеги кырк жылда" дегенди эзели унутушпаса болду.


"Дүжүр делегат" болушпайт экен, бирок…
Кече күнү "Акипресс" маалымат агенттигинде бийликтин Ынтымак Курултайынын делегаттары Алмамбет Матубраимов, Дастан Сарыгулов жана Кеңешбек Дүйшөбаевдер журналисттерге маалымат беришип, "эртеңки курултайдын күн тартибине биз 8 маселени киригизгенге аракет кылабыз" деп күпүлдөп алышты. Алар айткан маселелерди аралап көрсөң, дээрлик бардыгы Элдик Курултайдын бийликке койгон талаптары болуп чыгат. "Манас" эпосунан башкасынын барысын Элдик курултайдын куржунунан алышыптыр. Анан да, "биз элдер айтып жаткан "дүжүр делегаттардан" болбойбуз" дегендерине аргасыз күлөт экенсиң. "Дүжүр делегаттар" болбой эле коюшсун дечи. Бирок, ушул Ынтымак Курултайында "дүжүр оппозиция" түзүлө турганын Сергей Масаулов айтып чыкпады беле, анысын кайда катабыз? Бир кездеги "күзүрлөр", кандайча "дүжүрлөр" болгону жатканын, Эсенгулдун Ак үйгө кирип чыкканын, эмки санда чечмелеп берели.





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ЭМНЕ КЕП?
2-бет
XI Элдик Курултайдын
ЧЕЧИМИ

3-бет
Атамбаев кайрадан аттанып кетти
4-бет
Унутулгус "кандуу күн" эстен кетпес!
5-бет
Аксы каргашасы
6-бет
Нарындыктардын сериалы, же Д.Үсөновдун семинары
7-бет
Эркинбек Жумалиев,
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:

8-бет
"Биз алардын "Арстан",
"Шакалдарынан" коркпойбуз"

9-бет
Элдик бийликти эңсеген
Элдик курултайдагы элдин арманы

10-бет
"Курултай согласия" чем-то напоминает "пир во время чумы"
11-бет
Манастын атом бомбасы
12-бет
Бийлик "Азаттык" айткан
чындыктан коркобу?

13-бет
Panorama: Европадагы
ири финансылык чуулгандын
жандырмагы Бишкекте

14-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
"Лица, приобретающие имущество, реализованное или переданное в рамках процесса банкротства
ОсОО "Ареопаг-Бишкек", не являются добросовестными приобретателями"

15-бет
Баратбай АРАКЕЕВ
АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ

16-бет
Назик ИСРАИЛОВА,
"Назик" бий тобунун жетекчиси:
"Санжар мас болуп келип мени сабап…"






Яндекс.Метрика