Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Эмилбек Каптагаев,
БЭКтин төрага-орун басары
Аксы каргашасы
(17-марттагы Элдик Курултайда сүйлөнгөн. Кыскартуулар менен берилди)
Бүгүн, 2010-жылдын 17-мартында Аксыдагы кандуу окуяга 8 жыл толду. Ооба, акыйкат үчүн, кыргыз жеринин бүтүндүгү үчүн кан төгүлгөн каргашалуу трагедиядан бери сегиз жыл өттү. Бирок, ошол мезгилде өз элине каршы ок атып, бейкүнөө 6 адамды өлтүргөн, жүздөн ашуун адамды майып кылган канкорлор эмдигиче мыйзам чегинде жазасын ала элек. Тагдырдын тамашасы ушул, колдору канга малынган кишилер азыр дагы бийлик башында жылуу жумшак отурушат.
Аксы районунун бардык айылдарынан депутат Азимбек Бекназаровдун күнөөсүз жерден саясий негизде камакка алынышына нааразы болгон эл Кербен айылын карай жөө бет алышкан. Элдин жаалынан корккон бийлик Боспиек айылынын тушуна милициянын атайын бөлүктөрүн алып келип буктурма коюшту, ар бир кызматкерге автомат жетиштүү сандагы ок менен берилген. Ошентип, Үркүнбаев Сатинбай, Сапаралиев Кадыркул, Четимбаев Эркиналы, Тагаев Советбек, Үмөталиев Элдияр, Бекмуратов Медетбек атылып өлтүрүлгөн.
Залкар инсан Дооронбек Садырбаевдин да жүрөгү ооруган, шейит кеткен же майып болгон ар бир адамдын тагдырына тагдырлаш болгон, кайгысын тең бөлүшкөн. Докем "Аксы окуясын" ийне жибине чейин иликтеп чыгып, бул окуя ".. бүткүл адамзатка каршы жасалган эң кесепеттүү, эң маскара кылмыш..." деген тыянакка келген, окуяга "Аксы каргашасы" деп аныктама берген.
2005-жылкы март революциясынан кийин Аксы окуясы боюнча 3 кылмыш иши жаңыдан козголгон. Ошол кылмыш иштерин иликтөө маалында "Тайфун" жана "Буран" пландарын ишке киргизүүдө Бакиевдин түздөн-түз катыштыгы ачыкка чыккан. Ал кездеги Баш прокурор Азимбек Бекназаровдун козголгон кылмыш иштери боюнча Курманбек Бакиевди тергөөгө чакыруу аракеттери эч натыйжа берген эмес. Ал эми 2007-жылы бул үч кылмыш иши тең кыскартылып салынган.
Тагдырдын тамашасы ушул экен, Аксы кыргынынын башкы күнөөкөрүнүн бири Курманбек Бакиев бүгүн өлкөнүн президенти, ал эми негизги күнөөлүүлөр деп табылган, ал кездеги баш прокурор Чубак Абышкаев азыр аскер сотунунун төрагасы, ал кездеги баш прокурордун орун басары Курмантай Абдиев азыр Юстиция министри. Ошондой эле окуяга түздөн түз тиешеси бар Зоотбек Кудайбергенов, Садырбек Дубанаев, Калмурат Садиев, Курманбек Осмонов жана башкалар жылуу жумшак орундарда жүрүшөт, а түгүл президенттин Ынтымак Курултайына ардактуу делегат болуп шайланып жатышат. Өлкөдө Калыстыктын, Акыйкаттыктын, Адилеттиктин туткасын кимдер кармап турганын көрүп турасыздар.





Самсаалы Четинбаев,
БЭКтин Улуттук Кеңешинин мүчөсү,
Аксы окуясында окко учкан Эркинаалы Четинбаевдин иниси:
"Аксы окуясы саясий баасын алган жок"
- БЭКтин мүчөсү катары жер-жерлерди кыдырып жүрөсүз, аймактарда элдин бүгүнкү бийликке болгон маанайы кандай?
- Жалпысынан акыркы эки-үч жылдын ичинде карапайым элдин соцалдык-экономикалык абалы өтө эле начарлап кетти. Мындан улам элдин да азыркы бийликке болгон нааразычылыгы өтө эле күчтүү. "Өлгөндүн үстүнө көмгөн" болуп, ансыз да жакырчылыкта күн кечирип жаткан элибизге электр энергиясына, жылуулукка, байланыш кызматтарына болгон баалардын көтөрүлүшү өтө катуу тийди. Эл мындайга даяр эмес болчу. Бийликтин өз элине карата жасалган мындай адилетсиз мамилесине кошул-ташыл болуп, "Түндүкэлектро", "Кыргызтелекомдун" сатылышы калктын кыжырын ого бетер, канын кайнатууда. Шаарда жүргөндөргө жакырчылыктын сазына баткан Кыргызстандын элеси анча байкала бербейт экен. Алыскы айыл жерлериндегилер сөздүн түз маанисинде өлбөстүн күнүн көрүп атышат. Иштейин десе иши жок, дыйканчылык кылайын десе, жер айдаганга техникасы же күйүүчү майы жок, жер семирткич себилбей, улам-улам айдала берген үлүш жерлеринин түшүмдүүлүгү жокко эсе. Айтор, эл күндөн күнгө чыңалып, жарылайын деп араң турат. Элди ойлобогон, өзү эли үчүн кам көрбөгөн, күйбөгөн мындай бийликтин келечеги жок. Буга тарых күбө.
- Тарых демекчи, мындан туура беш жыл мурун Акаевдин бийлиги кулабады беле. Ошондогу элдик революцияга чоң салым кошкон жаштардын алдыңкы сабында да жүргөн элеңиз. Эки бийликтин окшоштуктарына, айырмачылыктарына токтоло кетпейсизби?
- Эч кандай айырмасы жок деп ишенимдүү түрдө айта алам. Бай, адилеттүү мамлекетте жашайбыз деген ошондогу үмүт-тилектерибиздин бирөө да аткарылган жок. Ошол эле коррупция, ошол эле үй-бүлөлүк бийлик, ошол эле жакырчылыкта жашаган карапайым эл. Бирок, 2005-жылы элдин бийликке болгон нааразычылыгы негизинен парламенттик шайлоодогу акыйкатсыздыктан улам келип чыкпады беле? А бүгүн болсо элдин бийликке болгон нааразычылыгы, жек көрүүсү 2005 - жылдагыдан эки эсе жогору. Себеби, Бакиев бийлигинин беш эле жылдык жашоосунда акыйкатсыз, балит шайлоолордун бирөөсү эмес эки-үчөө өттү, үй-бүлөлүк бийлик Акаевдикинен да бекемирээк орноду. Конституциябыздын ышпалдасы чыгып, оппозициялык маанайдагы жарандарыбыз камалып, сабалып гана тим болбостон, айрымдары өлтүрүлдү. Кээ бирлери өмүрүн сакташ үчүн чет мамлекетке качты. Жерлерибиз, байлыгыбыз сатылып атат, башка мамлекеттерге кетип атат.
- Аксынын кулуну катары айтсаңыз, 2002-жылдагы Аксы трагедиясына тиешеси бар адамдар жоопко тартылды деп ойлойсузбу?
- Жок, бирөө да тийиштүү жазасын алган жок. Аксы окуясынын Акаев бийлигин кулатууда өтө чоң тарыхый орду бар. Эртеби-кечпи, Акаев өз жазасын алат.
Аксынын окко учкан алты азаматы кыргыз жеринин бүтүндүгү үчүн, кытайларга соодаланып кеткен Үзөңгү-Кууш үчүн, бул маселени көтөрүп чыккан кыргыздын патриот жигити, ошол кездеги Аксы элинин эл депутаты Азимбек Бекназаровдун камактан бошотууну талап кылып чыгышкан болчу. Бекназаровдун камалышы ансыз деле кандары кайнап турган аксылыктардын кыжырын ого бетер келтирип, "кыргыз жери үчүн" деп чыккан өз уулун калкалап калууга чечкиндүү түрдө чыгышкан.
Ошол кандуу окуяга катышы барлар, Акаевдин сасык саясатын жүргүзгөн атка минерлер бүгүн деле бул бийликтин коюн-колтугуна кирип, баягы эле адатынча Бакиевдин жанында жүрүшөт. Ошол эле Чубак Абышкаев, Курмантай Абдиев, ж.б бүгүнкү күнгө чейин өз жазасын алышкан жок. Кыскасы, Аксы окуясы бүгүнкү күнгө чейин саясий баасын ала элек. Бакиевдин бийлиги турганда Аксы окуясы саясий баасын албайт. Себеби, кийинчирээк 2005-жылдын 24-мартынан кийин белгилүү болгондой 2002-жылдагы Аксыдагы азаматтарды аткан "Тайфун" операциясына ошол кездеги премьер-министр, учурдагы президент Бакиев кол койгон экен.
Аксы окуясында бейкүнөө ажал тапкан алты азаматтын бирөөсү аталаш агам Четинбаев Эркинаалы деген да болгон. Алардын өлүмүнө жогоруда аты аталган атка минерлер эртеби-кечпи баары бир жооп беришет. Мен буга толук ишенем.
- Азыркы бакиевдик бийликке болгон жалпы бааңыз?
- Жакшы эмес. Тышкы да, ички да саясаты багытсыз. Башаламан десек болот. Кыргызстандын Орусия менен болгон алакасындагы эки жүздүүлүк, алдамчылык саясатын мисалга алсак болот. Бул бийлик "пулуң болсо кулуңмун" дегендей саясат жүргүзүп жатат. Америкалыктар пулун беребиз дешсе, окуу борбору деген шылтоо менен Баткенге да дагы бир база ачканы жатышат. Мындай темп менен кете берсе, Кыргызстандын ар бир областына бирден аскердик база пайда болот окшойт. Өткөн жылы "Иванов деген жараныбызды атып салышты"-деп орус президентине даттанып барып, "америкалыктарды тез арада чыгарабыз"-деп, айлакерленип атып, акчасын алышты. Анан кайра теңирден тескери иш кылып, америкалыктарды чыгармак түгүл, дагы бир базасын ачканы жатышат. Бул тышкы саясатыбыздын кейпи.
Ички саясатыбыздагы башаламандыкка мисал келтирсек, Орусиянын дарегине кескин сын пикирлерин айтып келген Мельникофф аттуу америкалык сүрөтчүнүн көргөзмөсүн уюштурганга көмөк көрсөттү деген шылтоо менен Маданият агенттигинин жетекчиси Султан Раевди кызматтан алып ыргытышты.
Аны Кубанычбек Сатиндиевичтин оозу менен айтып чыгып, парламентке барган Султан Раевди "Кыргызстан менен Орусиянын мамилесин бузасың"-деп, кудум кылмыш кылгандай ур-токмоко алышты. Бирок, мындан Орусия менен болгон мамиле оңолуп кеткен жок. Биздин өкмөттүн бул спектакли океңдерге өтпөй калды. Аны Үсөновдун Москвага болгон иш сапары көрсөттү.
Андан бир ай өтүп-өтпөй өлкөбүздө дал ошондой эле окуя кайталанды. Бул жолу Султан палвандын ордунда Өнүктүрүү агенттигинин ачендиги, Кыргызстандын президенти Курманбек Салиевичтин уулу Максим Бакиев болду. Максим "иш билги, баарын жайгарат" деп алыстан таап келген еврей досу эл аралык аферист болуп чыкты. Баарын саттырып алып каалаган жагына кетип калды. Бул жөнүндө унчуккан эч ким жок. Максим жетектеген Өнүктүрүү фонду Гуревич менен болгон келишимди жокко чыгарып, Гуревич сылык сыпаа жумуштан кетти. Бакиевдин парламенти адаттагысындай эле бул тууралуу "лам" деген да жок. Раевге кыйкырган Кубанычбек мырза да үн каткан жок. Ага духу да жетпейт. Мына биздин ички саясат.
Маектешкен
Эрнис Балбаков





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ЭМНЕ КЕП?
2-бет
XI Элдик Курултайдын
ЧЕЧИМИ

3-бет
Атамбаев кайрадан аттанып кетти
4-бет
Унутулгус "кандуу күн" эстен кетпес!
5-бет
Аксы каргашасы
6-бет
Нарындыктардын сериалы, же Д.Үсөновдун семинары
7-бет
Эркинбек Жумалиев,
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:

8-бет
"Биз алардын "Арстан",
"Шакалдарынан" коркпойбуз"

9-бет
Элдик бийликти эңсеген
Элдик курултайдагы элдин арманы

10-бет
"Курултай согласия" чем-то напоминает "пир во время чумы"
11-бет
Манастын атом бомбасы
12-бет
Бийлик "Азаттык" айткан
чындыктан коркобу?

13-бет
Panorama: Европадагы
ири финансылык чуулгандын
жандырмагы Бишкекте

14-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
"Лица, приобретающие имущество, реализованное или переданное в рамках процесса банкротства
ОсОО "Ареопаг-Бишкек", не являются добросовестными приобретателями"

15-бет
Баратбай АРАКЕЕВ
АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ

16-бет
Назик ИСРАИЛОВА,
"Назик" бий тобунун жетекчиси:
"Санжар мас болуп келип мени сабап…"