Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси



Эркинбек Жумалиев,
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:
- Биз премьер-министрге элдин көйгөйүн жеткизип келип, жакшылыктуу жооп алалган жокпуз. Нарында 8 ай кыш болот, электр энергиясынын, көмүрдүн баасы кымбат.Элдин жашоолору оорлоп, ун алганга чамалары келбей, айрымдары кебек жегенге аргасыз болгон абалга жетти. Мына ушул жагдайды Данияр Үсөновго айттык, бирок, жардам кылалы дегенге жараган жок. "Аксай, Арпа, Жетим-Тоонун сатылганы тууралуу документ барбы? Кана мага көрсөткүлөчү? Биз ал жерди изилдетип жатабыз, кен чыкса пайда көрүшүбүз керек" - деп ороңдойт. Элдин, жердин ууланганы алар үчүн бир тыйынга арзыбайт экен. Айтор, элдин камын көрөйүн деген түрү көрүнбөйт. Эгер, биздин талаптар орундалбаса, жалпы Нарын эли көтөрүлөт.

Зыйнагүл Сагындыкова,
Демилгелүү топтун мүчөсү:
- Өкмөт башчыга жолуксак, койгон талаптарбызга жооп алабыз го деген үмүтүбүзгө суу себилип, томсоруп кайттык. Данияр Үсөнов биздин көйгөйлөрүбүздү угуп, жооп бергендин орудуна - телеберүүгө түз эфирге чыкмакмын, мен эч кимден коркпойм, ал түгүл элден да коркпойм - деп ар кандай сөздөрдү айтты. КТРден түз эфирге чыгып алып, кайра биз тууралуу тескери маалымат таратып, калп айтып отурат. Кызыгы, Аксай, Арпа, Жетим-Тоо сатылган жок деген сөздү айтат да, ошол эле учурда - башка өлкөлөр байып жатышат, биз дагы өзүбүздүн кен байлыктарыбызды сатып байышыбыз керек да - деп, өз сөзүнө өзү каршы чыгып, эмне айтканын өзү билбей, ар кайсыны айттып, башыбызды оорутту.

Айбек Байбеков,
Демилгелүү топтун мүчөсү:
- Биз Нарындагы элдин атынан, көйгөйлөрүбүздү бийликке жеткиргени келген элек, тилекке каршы койгон талаптарыбыз аткарылган жок. Бизди кабыл алган Данияр Үсөнов саат төрттөн баштап, сегизге чейин бизге семинар өттү. Кайдагы таблицаларды, диаграммаларды көргөзүп, миллиарддаган суммаларды айтып, мээбизди чакты. Деги бир сөзүнө түшүнгөн жокпуз. "Электр энергиясына тарифти көтөрбөсөк, 4-5 жылдан кийин нарындыктар таптакыр жарыксыз калмаксыңар. Ошондуктан арзандатууга болбойт, тескерисинче, дагы кымбаттайт. Канча болсо ошончо төлөйсүңөр - деп так кесе айтты. Ошондой эле, "Түндүкэлектрону" чыгашалуу болгондуктан сатышканын сыймыктануу менен белгилеп, "Кыргызтелекомду" болсо, уюлдук байланыштар көбөйгөндүктөн пайда алып келүү мүмкүнчүлүктөрү азайып жаткандыктан, биз учурунда жакшы баага "удачна" сатып жибердик деп кубануу менен билдирди. Ошол уюлдук байланыш тармагы "Кыргызтелеком" аркылуу иштейт да. Ал тууралуу айткысы жок. Сыягы элди маңыроо ойлойт окшойт. Ал эми; Жетим-Тоо, Аксай, Арпа сатылган жок" деген сөздөрдү сүйлөдү. Бирок, буга биз ишенбейбиз. Анткени, аталган жерлер Кытайга берилбесе, эмнеге анда айыл өкмөттөрү барып, Таш-Башат, Дөбөлүү, Ири-Суу айылдарын көчкүлө дешет. Бул - факт.


Салтанат
Жусупбекова,
Демилгелүү топтун мүчөсү:
- Нарын эли көтөргөн 10 талап боюнча, көйгөйлөрүбүздү чечип берер деп, Өкмөт башчыга жакшы үмүт менен келген элек. Бирок, эч кандай тыңгылыктуу жооп берген жок. Данияр Үсөнов "артка жол жок, арзандатуу да, жеңилдиктер да болбойт" - деп так кесе айтты. Ал эми Исмаил Исаковдун жана Балыкчы, Петровка окуясы боюнча бейкүнөө түрмөдө отургандарды бошотуу тууралуу Теңир-Тоолук энелердин атынан кайрылган сурообузга "аларды сот чечет, мен билбейм" деп, уккусу келген жок. Эртеңки Кыргызстандын, балдарыбыздын келечеги кандай болот, көзүбүз жетпей калды? Бийликтегилер болсо, өнүгүп-өсүп жатабыздан башканы айтпайт. Анда неге элдин жашоосу артка кетип жатат? Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын ойлогон эч ким жок. Бийликке келгенче элге убаданы үстөккө-босток беришип, гүлдөтүп ташташат, бийликке жеткен соң өлкөнүн, элдин байлыктарын тоноп, кантип байысам деп оорушат.


Бактыгүл Жумаева,
Демилгелүү топтун мүчөсү:
- Биз жашоо-шартын оорлоп кеткенинен митингге чыгууга аргасыз болуп жатабыз да. Мына Данияр Үсөновго жолуктук, майнап чыкпады. Өкмөт башчы Данияр мырза "Электр тармагындагы жоготууларды, чыгашаларды жөнгө салсын деп, "Түндүкэлектрону" келесоолорго саттык" дейт. Анан мен айттым, "келесоолор жыргата турган болсо, элди деле ошол келесоолорго сатпайсыңарбы?" деп.
Президенттик шайлоо учурунда мен Курманбек Бакиевге иштегем. Ошондо Ат-Башылыктар мени "Аксай, Арпа, Жетим-Тоону сатып жатса, кайсы бетиң менен кагаздарын таратып, элди үгүттөп жүрөсүң" - деп итке талатып, жаалашып жаман көрүшкөн. Ошондо кан басымым көтөрүлүп, эки-үч саат жатып араң эсиме келгем. Анда Бакиев шайланбай калса эле, Акаев кайра келип отуруп алчудай болуп коркком. Көрсө эл ошондо эле бул бийликтен жадап бүтүптүр. Мына келин-кыздарыбыз ит өлгөн суукта базарларда соода кылышып, бөйрөктөрүнө суук тийип, эне болуу бактысынан ажырап, төрөй албай турган абалга жетип жатат. Эркектердин деле көздөрүн шишик басып, бөйрөктөрү ооруп, балалуу боло албай турган ал-абалды баштарынан кечиришүүдө.
Бир кезде президент Курманбек Бакиев айтты эле: "эл менен болуш керек, бир кишиби, беш кишиби, митингге чыкса мен барып жолугушам" - деп. Азыр бүтүндөй эл көтөрүлүп жатса да үн катпайт. Кыргызстандагы ички маселени чече албагандан кийин, сырткы алака-катыш тууралуу унчукпай койсок деле жарашат. "Камбар-Атаны" кайра-кайра рекламалап көрсөтүп жатты эле, ал бүтсө эле байпагыбыз манаттан болуп калчудай болуп. Айткан ГЭСинен дайын жок. Эл болсо өлгөнү калды. Жанагы "Түндүкэлектрону" сатып алган келесоолор, бизди деле сатып алса, мен ошолорго кетет элем…


Ишенбүбү Мундузова,
Элдик кыймылдын мүчөсү:
- Биз он талап менен Данияр Үсөновго кирген элек, бирок, элдин мүдөөсүн көздөгөн жакшылыктуу жооп алалган жокпуз. Нарында элдин абалы өтө оор. Пенсия алгандар араң 1-2 миң сомдун тегерегинде гана акча алышат. Анысын, электр энергиясына төлөйбү, же тамак-ашына жеткиреби? Кайсынысына жеткирет? Айлык, пенсия албагандар толтура. Алар эмне кылат? Буга чейин электр энергиясына 70 тыйындан төлөй албай карыз болуп араң кутулчу элек, эми 1 сом 50 тыйындан кантип төйлөйбүз? Жеңилдиктерди да алып салган. Нарында 8 ай кыш болот. Элдин жашоосу оорлоп, оокат кыла албай калдык. Эми жапа-тырмак туруп көтөрүлбөсөк, башка арга жок. Бийликтин биздин үндү уга турган түрү көрүнбөйт.


Таалайгүл Жумабекова,
Демилгелүү топтун мүчөсү:
- Мен жакыр жашаган энелердин, жетимдердин атынан келдим. Пенсия, пособия, айлык алгандарга 200 сом компенсация берилгенин колко кылып жатышкандарына түшүнгөн жокмун. 200 сом эмнеге жетет? Таптакыр эч нарсе албагандар эмне кылышат? Буга дейре 70 тыйындан араң төлөп жаттык эле, 1сом 50 тыйындан кантип төлөмөк элек? Карызга ансыз деле батып бүттүк. Данияр Үсөнов эч бир тыңгылыктуу жооп берген жок. Жашоо-турмуштун оордугунан карыган ата-энелерибиз "жашарын жашадык, мындай турмуштан көрө бизди Бакиев отурган Ак үйдүн астына алып барсаңар, бийликти кыйнатпай эле, өзүбүз бензин чачып, өлүп береличи" дешүүдө. Биз койгон талаптарыбызга жооп алалган жокпуз. Булар качанка чейин эле элди алдай беришет?.. Мындан ары митингге чыкканды улантабыз.


Алымбек
Кудайбергенов,
Демилгелүү топтун мүчөсү:
- Мен Нарындагы мугалимдердин атынан келгем. Өкмөт башчы Данияр Үсөновго электр энергиясын арзандатуу тууралуу айтсак, "200 сомдон кошумча каражат берип жатпайбызбы, ошол жетет" -дейт. "Ошол эки жүз сомду жалпы калкка чачыратканда канча сом болот экен?" -деген суроо берилди эле, Каржы министри Марат Султанов "7 миллиард, 482 миллион сом болот" - деп жооп берди. Биз "ошол акчаны силер айтып жаткан электр тармагындагы эскирген подстанцияларга, кабелдерге ж.б. оңдоого которуп, электр энергиясын кымбаттатпай эле койбойсуңарбы" десек, Данияр Үсөнов "жок аны электр энергиясын элге саткан ишкана өзү жасаш керек" - деп тескери сөздү сүйлөп туруп алды. Биз мындай супсак сөздөргө такыр канааттанган жокпуз. Айтор, Өкмөткө, Президентке да ишенбей калдык. Келечегибиз туңгуюк болуп баратат. Митингге чыккандан башка жол жок калды окшойт…






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ЭМНЕ КЕП?
2-бет
XI Элдик Курултайдын
ЧЕЧИМИ

3-бет
Атамбаев кайрадан аттанып кетти
4-бет
Унутулгус "кандуу күн" эстен кетпес!
5-бет
Аксы каргашасы
6-бет
Нарындыктардын сериалы, же Д.Үсөновдун семинары
7-бет
Эркинбек Жумалиев,
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:

8-бет
"Биз алардын "Арстан",
"Шакалдарынан" коркпойбуз"

9-бет
Элдик бийликти эңсеген
Элдик курултайдагы элдин арманы

10-бет
"Курултай согласия" чем-то напоминает "пир во время чумы"
11-бет
Манастын атом бомбасы
12-бет
Бийлик "Азаттык" айткан
чындыктан коркобу?

13-бет
Panorama: Европадагы
ири финансылык чуулгандын
жандырмагы Бишкекте

14-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
"Лица, приобретающие имущество, реализованное или переданное в рамках процесса банкротства
ОсОО "Ареопаг-Бишкек", не являются добросовестными приобретателями"

15-бет
Баратбай АРАКЕЕВ
АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ

16-бет
Назик ИСРАИЛОВА,
"Назик" бий тобунун жетекчиси:
"Санжар мас болуп келип мени сабап…"






Яндекс.Метрика