Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



"Биз алардын "Арстан",
"Шакалдарынан" коркпойбуз"
Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен"
партиясынын төрагасы:
- 2005-жылы марттын аягында Оштон экс-губернатор Анвар Артыков келип, Курманбек Бакиевге кирип, "президент болдуңуз, эми эмне кылабыз?" - дептир. Анда Курманбек Бакиев "акча кекиртектен экен, баарыбызга жетет" - деди дейт. Мына алар кандай максат, баалуулук менен келишкен. Экинчиси, Курманбек Бакиев 2006-жылы парламентте "менин балам Максим таланттуу, аны көрө албагандар ушак чыгарат. Ал чоң бизнесмен" деген. Биздин парламент текшерип, "Кыргызстандын, Россиянын Салык инспекциясынан, Адилет министрлигинен Максим Бакиевге катталган ишкана барбы? Бар болсо, канча салык төлөдү?" - деп, сурады. Кыргызстандын Салык инспекциясы "бир тыйын төлөгөн эмес" десе, Адилет министрлиги " Максим Бакиевдин бир кишиге акча төлөп иштеткен бир ишканасы жок" деди. Бул эмнени билдирет? Президент Курманбек Бакиев, жакшы менен жамандын, адал менен арамдын айырмасын билбейт. Үчүнчүсү, К.Бакиев "менин бир туугандарым таланттуу, эмне үчүн мамлекеттик кызматта иштебеш керек? Алар да нан таап жеш керек. Мен аларды бакмак белем…" -деп айткан. Анда аларды эмне үчүн эл багышы керек?
Мына мамлекеттин стратегиялык маанилүү каражаты мол ишканаларынын баарысын, "мамлекет шал турук иштете албайт" деп, Гуревичке окшогон бөтөндөрдүн колуна салып берди. Аларды Мелис Эшимканов, "жаңы расса, карапайым адамдарга окшобойт, ак сөөк, Кыргызстанды жакшы жолго алып барат" деп мактады. Мактап жаткан Гуревич Италиянын мафиясынын бухгалтери болуп чыкты. Мафия - италиялыктарча үй-бүлө дегенди билдирет экен. Демек, бизди мафиялык бийлик башкарып жатат. Мындай бийликти жокко чыгарышыбыз зарыл. Биз бул бийликти жеңебиз.

Рыскелди Момбеков,
"Форум" гезитинин башкы
редактору:
Кыргыздардын жакшы сөзү бар, "ач адамды тойгузсаң болот, ач көз адамды тойгузсаң болбойт" деген. Биз бул бийликти тойгуза албай койдук. Басып жатышат, сатып жатышат, тойбоду, койбоду. 16- мартта биздин гезитти басмаканадан басылып чыгары менен милициялар басмачылык жол менен тартып алышты. Түнкү саат бирге чейин Октябрь районунун ИИБсинде сурак берип жүрдүк. 7 миң нуска менен чыккан гезитибиз азыркыга чейин камакта жатат. Алардын айтымында, биздин гезитти алардын чоңдору чогулушуп окушуп, анализдеп, анан кийин беришет имиш. Бул көрүнүш кайсы мыйзамда жазылыптыр? Алгач аларда соттун санкциясы же тергөөчүнүн токтому болуш керек болчу. Бул деген эмнени түшүндүрөт? Баягы эле Бакиев бийлигинде орун алып келе жаткан басып алуучулук саясатты билдирет. Баш мыйзамды барктай тургандар, кайра таптап жатышат.. Мыйзамды, мыйзамчылар өздөрү ушинтип бузуп жатышат. Тарых тастыктап келатат, кайсы бийлик кандай жол менен келсе, дал ошондой жол менен кетет экенин. Акаев бийликке капысынан келип калып, капысынан кетип калган. Учак менен учуп келип, учак менен учуп кеткен. Маскөөдөн келип, кайра Маскөөгө кеткен. Бакиев бийликке элдик толкундоолор менен келсе, эми дал ошондой элдик толкундоолор менен кетет. Кыргызстандын Баш мыйзамында "мамлекеттин, бийликтин ээси эл" деп бажырайып жазылып турат. Бул бийлик ошол элдин байлыгы менен кошо бийлигин дагы менчиктеп алды. Кыскасы, биз бул бийлик менен эч качан жакшылыкка жетпейбиз. Мен сиздерди бул бийлик менен эч кандай чагымдарга алдырбай, мыйзам чегинде күрөшүүгө чакырам! Бийликке татыктуулар келбесе "бовой" калды. Биз Бакиевдердин мындай элди кыйнаган катаал бийлигине каршы, "башыбызды канжыгага" байлап аттанышыбыз керек. Атадан балага бийликти өздөрү каалагандай өткөртбөшүбүз керек! Андай диктаторлукка жол бербейбиз! Мына, абакта жаткан алтымыштагы аксакал Исаковдун кайратын, эрдигин үлгү кылышыбыз керек. Исаков качса, эчак эле качып кетмек. Ал адам бизге бийлик менен күрөшүүнүн үлгүсүн көрсөтүп кетти. Исаковго жана жалпы элге боштондук!


Азимбек Бекназаров,
БЭКтин штаб жетекчиси:
- Бүгүнкү курултайды биз чоң казатка аттанчу курултай атадык. Анткени, азыркы бийликти биз ичинен да, сыртынан да жакшы билебиз. Ошондуктан, биз чоң казатка аттангандай аттанышыбыз зарыл. Ырас, бийликте акча, күч, байлык бар. Бизде намыс бар. Намыс бар жерде жеңиш болот. Бирок, сөзсүз ынтымак, биримдик керек. Бул сапар биз - өлкө үчүн, улут үчүн, келекчек үчүн күрөшөбүз. Эгерде кудай колдоп, 2005-жылдагыдай жеңишке жетсек, анда бийликке эч ким шашылбайт. Биз адегенде мамлекеттик машинаны оңдойбуз. Жыйырма жылдан бери элди кыйнап, кор кылгандар жана өлкөнү тоноп, уурдагандар менен эсептешебиз. Андан кийин гана таза шайлоонун негизинде, эл шайлаган адам бийликке келет. Ал эч качан мамлекеттик машинаны оңдойм, тетигин алмаштырам, бул жерге баламды, бул жерге тууганымды отургузам дебейт. Ал милдетин аткарат, элге кызмат кылат, кетет. Биз ушуга аракет кылабыз. Бул жолу жаңылбайбыз. Намыс бар, күч бар.


Роза Отунбаева,
Элдик Курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы:
- Азыркы бийликтин кыргыз элинин байлыгын талап-тоноп, түбүнө түшүп жатышы. Мунун баарын Максим Бакиевдин командасы башкарып жатат. Командасы Италиянын мафиясында иштеп тажрыйба топтогон, эл аралык аферист Евгений Гуревич сыяктуулардан турат. Европанын чок ортосунда турган Италиядан миллиарддаган долларды сууруп чыгып жаткан мафияга биздин бийлик жардам берип жатса, өлкөнүн канчалаган каражатын кагып кеткенин өзүңөр элестетип көргүлө. Акыркы эле менчиктештирилген "Түндүкэлектро", "Кыргызтелекомду" алсак, өлкөнү кеминде 500 миллиондон ашык долларга сызга отургузуп кетишти. Болгон элдин байлыгын булар бир долларга да сатып жиберүүгө даяр. Бакиевдердин буйругу менен мамлекеттин, элдин бүт болгон акчасы "Азияуниверсал" банкы аркылуу жүгүртүлүүдө. Мына ошол элдин өзүнүн акчасын жана Россиядан 6 пайыз менен келген каражатты, кайра элге олчойгон 23 пайыз менен берип, уялбай элге кам көрүп жатабыз дешүүдө. Жүз адамга 100 миң долларды кредит катары тамчылатып койгон андай акчаны, Бакиевдер тартып алган "Кыргызкурулуш" банкы деле берип турчу. Акаев тоноп жетишпей калгандарды, Бакиевдер болуп көрбөгөндөй талкалап бүтүштү. Кен байлыктарыбызды чет өлкөгө сатып түгөтмөй болушту. Коңшуларга жерибизди ижарага деген шылтоо менен берип жатышат. Элибиздин канын кактабай соргон эл аралык аферисттерди өлкөбүзгө ээн-эркин киргизип жойлотуп коюшту. Кыргызстандын эли чындап келсе жылаңач калды. Жакында элибиз мекени жок каңгып кала турган болду. Ушулбу биздин жетишкенибиз?! Элдин байлгын тоноп, жок кылып жатышса, биз кандай көз карашта болушубуз керек?!
Данияр Үсөнов "экономика өсүп жатса, эл жаңы тарифтер менен төлөгүсү келбей жатыптыр" - деп айтууда. Үсөнов мырза экономиканын өсүшү сиздин чөнтөгүңүздө болуп, сиздин тегерегиңиздегилер семирип жаткандыр. Элдин жашоосу, жылдан-жылга начарлап баратат. Сиз айтып жаткан тарифтерди, эркелеп эмес, колунда жок үчүн төйлөй албай жатышат.
Мына ушул маселелерге кандай аракеттерди көрүшүбүз зарыл? Өлкөнү кантип сактайбыз? Элди бүгүнкү жырткыч замандан кантип куткарабыз? Жакын арада эмне кылышыбыз керек? Эл эмнени каалайт? Ушул жагдайдан чыгуу үчүн конкреттүү ой-пикирлерибизди Элдик курултайда чечип алышыбыз абзел. Ырас, бийликти алмаштырып коюу элибиздин колунан келет. Бирок, биз 2005-жылдан каталарын кайталап, жаңылбашыбыз керек. Мен силерди токтоосуз өзгөрүүгө чакырам. Анткени, биз системаны гана эмес, өзүбүздү да өзгөртүшүбүз кажет. Биз бул жерге бийликке суусап келген жокпуз. Биз акыйкаттык менен эркиндик өкүм сүргөн демократиялуу, мыйзамдуу мамлекет кургубуз келет. Ошондуктан, мен сиздерди өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабай, активдүү болууга чакырам.


Алмазбек Атамбаев,
БЭКтин жетекчиси:
- Мен ачык айтайын, силер курултай өткөрө берип, биз курултайга келе берип чарчадык деп жатасыңар. Ырас, биз деле чарчадык. Бирок, бизге демди силер берип атасыңар. Бизди атып, сабап, камап жатабы биз эч качан сынбайбыз. Баса белгилей кетчү жагдай, бул бийликтин доору бүтөөрүнө аз калды, чыдайлы. Бүгүнкү күндө элибиз өз жерине, байлыгына, укугуна ээ болбой калды. Мына 8 тыйындан өндүрүлгөн электр энергиясын, 80 тыйындан саткандарына ыраазы болбой, 1 сом 50 тыйындан сатып, элдин канын соруп жатышат. Президентти, депутаттарды эл шайлабай калышты. Конституция тебеленип жатат.
Учурда мамлекетибизди эл аралык Гуревич сыяктуу аферисттер башкарып жатышат. Алар элди тоноп, талап бүтмөй болушту. Азыр бул бийлик "элди атып, камап, сындырып" коёбуз деп ойлоп жатат. Бирок, биз коркпойбуз, аягына чейин барабыз. Бул жер - Гуревич-Суревичдин жери эмес. Кыргыз элинин - жери. Ошондуктан, мындай көрүнүшкө жол бербейбиз, бийликти эл алыш керек деген чечим кабыл алып, бир күчкө биригип, анан бир план менен кетебиз. Конституция боюнча, мамлекеттин ээси - эл. Бийлик элдики болуш керек. Ал үчүн эл да ойгонуп аракет кылыш абзел. Нарын, Алай сыяктуу эл, өз талаптарын бийликке коюу зарыл. Он күнбү, же андан ашабы биз жеңебиз.

Топчубек Тургуналиев ,
саясий ишмер:
- А.Акаев Үзөңгү-Куушту сатса, бүгүнкү бийлик Каркыраны сатты, азыр Жетим-Тоо, Аксай, Арпаны Кытайга берип жатат. Коңшуларга таратып жаткан жерлерди алышыбыз керек. Кыргызстанды уурулар, жүүттөр башкарууда. Кыргыздын Исмаил Исаковго окшогон чыгаан жигиттерин, куугунтуктап, камап, өлкөбүздүн стратегиялык ири ишканаларын сатып жатышат. Бийлик алмашса, алардын баарын кайра мамлекетке токтоосуз кайтаруу зарыл. Жеп-ичкендерди качырбай кустуруп, жазаларын беришибиз абзел. Бул бийликти оодарабыз. Биз алардын "Арстан", "Шакалдарынан" коркпойбуз. Бүгүн бийликти оодаруу үчүн: Нарын, Алай, Аксы, Талас, Бишкек даяр. Бийлик өз элин азапка салып жатса, жерлерди сатып, башкаларга берип жатса, кыргыздын чыгаан азаматтарын куугунтуктап жатса, анда эл Баш мыйзамдын 1-беренесинде жазылган "эл -мамлекеттин ээси" деген укугунан пайдаланып, бүгүнкү бийликти кетирүүгө мыйзамдуу укугу бар.


Алмаз ТЕМИРБЕК уулу




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ЭМНЕ КЕП?
2-бет
XI Элдик Курултайдын
ЧЕЧИМИ

3-бет
Атамбаев кайрадан аттанып кетти
4-бет
Унутулгус "кандуу күн" эстен кетпес!
5-бет
Аксы каргашасы
6-бет
Нарындыктардын сериалы, же Д.Үсөновдун семинары
7-бет
Эркинбек Жумалиев,
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:

8-бет
"Биз алардын "Арстан",
"Шакалдарынан" коркпойбуз"

9-бет
Элдик бийликти эңсеген
Элдик курултайдагы элдин арманы

10-бет
"Курултай согласия" чем-то напоминает "пир во время чумы"
11-бет
Манастын атом бомбасы
12-бет
Бийлик "Азаттык" айткан
чындыктан коркобу?

13-бет
Panorama: Европадагы
ири финансылык чуулгандын
жандырмагы Бишкекте

14-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
"Лица, приобретающие имущество, реализованное или переданное в рамках процесса банкротства
ОсОО "Ареопаг-Бишкек", не являются добросовестными приобретателями"

15-бет
Баратбай АРАКЕЕВ
АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ

16-бет
Назик ИСРАИЛОВА,
"Назик" бий тобунун жетекчиси:
"Санжар мас болуп келип мени сабап…"