Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Элдик бийликти эңсеген
Элдик курултайдагы элдин арманы
Нурбүбү Кененбаева,
Ысык- Көл облусунан келген делегат:
- Бүгүнкү кыйын кырдаалдан Ысык-Көл эли да сыртта калган жок. Көлдө көп эле элдин кыжырын кайнаткан өкүнүчтүү окуялар, жексур бийликтин колу менен ишке ашырылып келатканы жашыруун эмес. Башкасын айтпаганда да, Каркыранын сатылышы, кыргыз тарыхына кара тамга менен өчпөс болуп жазылып калды. Бул бийлик жердин соорусу Каркыраны сатуу менен, ал жерде жаткан ата- бабаларыбыздын арбагын кошо сатышты. Кечээ жакында төрт пансионатты, казактарга карматып жиберди, Балыкчы окуясы менен 18 адам айыпталып, төрт адам кесилип кетти. Биздин мамлекетти бүт дүйнөгө таанытып, өзүнө тартып турган бул Ысык - Көлүбүз эмеспи. Бийлик көл айланасынан жерлерди сатканды токтотсун! Көлдүн касиетинен коркушубуз керек. Арабдарга Мекке - Медина шаары кандай ыйык, кандай касиеттүү болсо, Ысык- Көл бизге, ар бирибизге, ошондой ыйык болушу керек.


Элүүбай Отунчиев,
Талас облусунан келген делегат:
- Урматтуу элим, азыр чынында кыргыз элинин көпчүлүк басымдуу бөлүгү кыйын ахыбалга туш болду. Жашоо болуп көрбөгөндөй оорлоп кетти. Бул бийлик элге жакшылык кылып бербес болду. Анткени бийликте, жалаң окшошкон шылуундар өз билгенин кылып жатышат. Илгери, кыргыз чачылып, эптеп күн көрүп жаткан кезде, Манас баатыр гана бүт кыргыздын башын бириктирип, кыйын абалдан чыгарып, жоголуп кетүү коркунучунан алып чыккан. Бизге ошондой Манас бабабыздай баатыр керек. Арабызда Манас барбы? Албетте, бар! Биз ошондой азаматтарга мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын карматышыбыз керек. Бүгүн Бакиев Акаевдин жолун улап, үй-бүлөлүк бийликти болуп көрбөгөндөй күчөтүп, өз билгенин кылып жатат. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, балдарына, туугандарына майлуу кызматтарды берди. Бакиев бийликке келгенде, эмне деп айтып, эмне деп ант берди эле? Ошол сөзүнө турбагандыгы үчүн, сөзү ишине шайкеш келбегендиги үчүн, жоопко тартышыбыз керек. Сотко беришибиз керек? Жооп берсин!


Имаров Бакир,
Баткен облусунан келген делегат:
- Урматтуу мекендештер, асман тиреген чынарды кармап турган, анын - терең тамыры. Заңкайган кабат үйдү кулатпай кармап турган, анын - бекем пайдубалы, ал эми мамлекетти, мамлекет кылып кармап турган, анын - бекем мыйзамы. Мамлекетибиз бекем болуш үчүн, мыйзамыбыз бекем болушу керек эле. Тилекке каршы, бизде ошол бекем мыйзам азыр жок. Азыркы мыйзам-бир үй- бүлөгө иштеген мыйзам. Эң оболу, биз ушул Баш мыйзам жагын колго алышыбыз керек. Мен Баткенден бери бул жакка чейин 1050 чакырымды жыргаганымдан басып келген жокмун. Баткенден Бишкекке манты жейин деп келген жокмун! Баткенден Бишкекке аянтка чыгып алып, май-куйругумду титиретип, бийлейин деп келген жокмун! Баткенден Бишкекке элимдин жашоосу оңолуп, акыйкатты даңазалаган, адилеттүү бийлик келер бекен деген, асыл үмүт менен келдим. Ушул аруу тилек баарыбызга тиешелүү. Эмесе, ошол асыл тилекке жетели.



Уулболсун Аргынбаева,
Петровка окуясы боюнча камакта жаткан Сапар Аргынбаевдин апасы:
- Айланайын эли - журтум! Мен бир жылга жакын убакыттан бери ак жеринен камакта жатышкан үч азаматтын бири-Сапардын энеси болом. Петровка окуясы кандай өңүттө болгонун жалпы эл абдан жакшы билет. Акыйкаттан, чындыктан корккон бийлик ошол күнү, кыргыз элин бүт дүйнөгө шерменде кылган. Баламдын актыгына күйүп, биз көп тобокел иштерге бардык. Карылыктын чайын ичип, төрдө балпайып олтурар кезде, айласыздан ачарчылык жарыяладым. Ден-соолугум начарлап, ооруканага да жатып калдым. Тынымсыз нааразычылык акцияларына чыгып турдук. Ошол көп акциялардын биринде бизди (үч энени) милициялар зордук-зомбулук менен камашып, колубузду кайрышты. Колубуз жарат алып, тытылып, кан жаладык. Ал аз келгенсип, миң сомдон айып салды. Президенттин өзүнө кат жаздык, гезиттер аркылуу талабыбызды айтып турдук. Бирок, бул бийлик такыр эле дөдөй же маңкурт болуп калганбы, ушу күнгө чейин бизди бир угуп койгон жок. Ажону да мага окшогон эне тогуз ай омурткасы сыздап, төрөгөн да. Эненин кадырын түшүнбөгөн ажо, элинин кадырын эч качан түшүнө албайт. Бул бийликтен кутулбасак болбойт, кадырлуу элим! Айланайын акыйкатты издеген элим, ар дайым ынтымакта болгула, эгерим чачылбагыла. Акыйкат үчүн жалпы билек түрүнө күрөшө турган убак келди. Бул азыркы учурдун - уулу талабы!


Сапарбек Сыдыков,
Нарын облусунан келген делегат:
- Урматтуу калкым! Азыр биз эмне деген жашоону көрүп жатабыз? Кыргыз эли ушунчалык мүмкүнчүлүктөрү, толгон шарттары бар туруп, ушундай оор турмушта жашап жатканына ким күнөөлүү? Бийлик эл үчүн иштеген жок. Өздөрү үчүн гана иштеп жатышат. Элдин байлыгын уурдап, ата- бабабыздан калган асыл жерлерди сатып, айтор, элдин мүдөөсүнө туура келбеген накта сасык саясат жүргүзүп, көздөрүн туман басып турат. Бирок, бүткүл дүйнөнүн тарыхында мындай зордукчул бийликтин көргөн күнү узак болгон эмес жана аягы жакшылык менен бүткөн эмес. Бул бийликтин дагы аягы жакшылык менен бүтүшү күмөн? Эми элим, биз жалпыбыз менен жаңы, татыктуу заманга умтулушубуз керек. Ал үчүн эң оболу биз ишенип, колдоо көрсөтүп жаткан оппозициянын лидерлери тазалануусу, биримдикте болуусу, айтор, уруу лидери эмес, жалпы улуттук лидер деңгээлиндеги сапаттарга умтулуп, өз ара аябай бышуусу зарыл. Бири-бирибизди чукушмайды, көралбастыкты кан буугандай токтотпосок, анда алдыга жылышыбыз бир топ оор болуп калат. Пейилди да оңдойлу! Айланайын элим! Ар дайым ынтымактуу бололу, ынтымакта, биримдикте болсок, бул жексур бийликке татыктуу күрөш жүргүзө алабыз.


Жээналиев Айтбай,
Алайдагы Исаковду коргоо
комтетинин жетекчиси:
- Жалпыңыздар жакшы билесиздер, биз үч айдан бери Исаковдун бошотулушун талап кылып, кыштын кыраан чилдесине карабай ар түрдүү нааразычылык акцияларын улантып келатабыз. Бирок, ушу күнгө чейин бийлик бир да жолу чындыкка тике карай алган жок. Демек, бул бийликтин утулганы, акыйкатты издеген элден коркуп турганын бир далили. Мына 15- мартта биз Сопу-Коргондон Гүлчөгө чейин 20 чакырымча жолду 200дөй адам тоо кыялай жөө басып өтүп, жөө жүрүш акциясын баштадык. Бүгүн 17синде 300дөй адам жөө жүрүш акциясын улантып чыгышты. Биз мындай акцияларды Исаковду бошотмоюн токтотпойбуз. Эгер түрмөдөн Исаковго кысым көрсөтүлүп, бир тал чачы түшө турган болсо, анда ага түздөн-түз Бакиев жооп берет. Мен ойлойм, Исаковду коргоого Алай элинин кудурети жетет. Биз азыр сабырдуу болуп турабыз, болбосо Алай элинин талабын укпай жаткан Алайдын жергиликтүү бийлигин толугу менен алып коюуга, 15 мүнөт гана убакыт жумшасак жетиштүү болот.


Даярдаган Айбек Шамшыкеев







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ЭМНЕ КЕП?
2-бет
XI Элдик Курултайдын
ЧЕЧИМИ

3-бет
Атамбаев кайрадан аттанып кетти
4-бет
Унутулгус "кандуу күн" эстен кетпес!
5-бет
Аксы каргашасы
6-бет
Нарындыктардын сериалы, же Д.Үсөновдун семинары
7-бет
Эркинбек Жумалиев,
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:

8-бет
"Биз алардын "Арстан",
"Шакалдарынан" коркпойбуз"

9-бет
Элдик бийликти эңсеген
Элдик курултайдагы элдин арманы

10-бет
"Курултай согласия" чем-то напоминает "пир во время чумы"
11-бет
Манастын атом бомбасы
12-бет
Бийлик "Азаттык" айткан
чындыктан коркобу?

13-бет
Panorama: Европадагы
ири финансылык чуулгандын
жандырмагы Бишкекте

14-бет
Адвокатская контора Медетбекова:
"Лица, приобретающие имущество, реализованное или переданное в рамках процесса банкротства
ОсОО "Ареопаг-Бишкек", не являются добросовестными приобретателями"

15-бет
Баратбай АРАКЕЕВ
АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ

16-бет
Назик ИСРАИЛОВА,
"Назик" бий тобунун жетекчиси:
"Санжар мас болуп келип мени сабап…"






Яндекс.Метрика