Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



"Кырчаңгы" болгон мыйзамды, билген адам тыңдайбы?..
"Мыйзам сакталууга тийиш" - дейбиз, бирок биз ишенип анын тизгинин тапшырган укук коргоо уюмдарынын шалаакылыгынанбы, же сабатсыздыгынанбы, айтор, мыйзамдын чындыгына жетпей жабыр жейбиз. Тоок уурдагандардын күнөөсү такталып соттолот, а миллиондорду жегендердин иши козголот да, "курамында коркунучтуу кылмыш иши жок" болгондуктан токтолот.

Көрсө, тоок алгандар тергөөчүлөр жана "акыйкат" сотторубуз менен сүйлөшүүнүн жолун таба албаса, ири байлыкка кол салгандар алар менен "учурашкандан" кийин эле "ити чөп жеп", "кылмыш жасалгандан бери мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу" жоопкерчиликтен бошотулат эмеспи. Ушундан улам, мамлекетибизде сотторубуздун жана Кыргыз Республикабыздын Кылмыш-жаза Кодексинин "адилеттүүлүгүнө" аргасыз бали-и дегенден башка арга таппайсың. Буга мисал катары Баткен облусундагы Кадамжай керек-жарак коомунун мүчөлөрү менен бул кооперативди жетектеген айыпталуучу Айымбү Жапарованын ортосунда бүтпөгөн талаш-тартыштар күчөп, бири-бири менен соттошуунун чатагы 2-3 жылдан бери бүтпөй келет. Аргасы түгөнгөн кооперативдин нааразы болгон тобу Кадамжай райондук сотуна кайрылышып, УД-6-08-Ба-2 катар санындагы иши сот өндүрүшүнө кабыл алынат да, К. А. Сыдыков төрагалык кылган соттук териштирүү 2008-жылдын 20-июнунда болуп өтөт.
Процесске прокурорлор А. Маматеминов, А. Малабаевдер катышып, А. Жапарова КРнын Кылмыш-жаза Кодексинин бир канча беренесинин негизинде кылмыш иши козголот. "Соттолуучунун, жабырлануучунун, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуп", сот "Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы 42-сандагы "Кооперативдер жөнүндөгү" мыйзамынын 21-беренесинин жана Кадамжай керек-жарак кооперативинин 5-бөлүмүнүн 48-пунктунун талаптары бузулгандыгын, "башкаруучулук ыйгарым укуктарын кооперативдин кызыкчылыктарына каршы пайдаланып", "кооперативдин жалпы чогулушунун жүрүшү тууралуу жалган" протоколдорду түзүп, "кооперативге таандык болгон бир нече объекттерди сатып жибергендигин" аныктайт. Ошентип, А. Жапарова 1997-жылдан 1999-жылга чейин мыйзамсыз сатылган "бир нече объектилердин" жалпы саны 35ке жетиптир.
Процесстин жүрүшүндө А. Жапарованын кооперативге келтирген зыяны өз-өзүнчө белгиленип, бирок жалпы суммасы көргөзүлбөгөндүгү соттун айыпкерди актоого мүмкүнчүлүк түзүүгө жасаган аракети сыяктуу сезилет. Жөнөкөй бир мисалга көңүл буралы. Балансалык баасы 1144 сом турган объект 13 миң сомго, балансалык баасы 981106 сомдук объектинин 325 000 сомго сатылышынын жашыруун сыры бар көрүнөт. Башкача айтканда, А. Жапарова эки жылдын аралыгында эле кооперативге келтирген зыяны 3 миллион 400 миң сомдон ашып түшөт. Сот тарабынан бул ири сумманын жашырганына караганда айыпкердин "таянган тоосу бийик" көрүнөт, же ишти тергеген тарап менен сот процессин алып баргандар "ишти жаап коюуга" күнөөлүү менен макулдашууга жетишкен сыяктанат. Сотко төрагалык кылган К.А.Сыдыковдун тарабынан объектилердеги айырмачылыктар оркоюп көрүнүп турганына карабастан, айыпкерге коюлган КРнын Кылмыш-жаза Кодекстеринин бир канча беренелеринин кыскартылышы жана "күнөөлүү" деп таап, жазадан куткарышы логикалык жактан башкача жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Ушул жерден дагы бир эске алынуучу нерсе. Сот бул маселени кароодо деги эмне максат койгону табышмактуу болуп жатат. А. Жапарованын үстүнөн козголгон кылмыш иши 1997-2006-жылдарда жасалгандыгы анык. Райондук сот өзүнүн аныктамасында А. Жапарованын иш-аракетинде кылмыштын курамы барын-жогун ачык белгилебегендиги да күмөндүү ойго түртөт. Аныктамада айыпкердин кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган, кылмыштын "квалификация белгиси болуп өзүм билемдик, б. а. белгиленген тартипке каршы, укукка башка адам, же болбосо мамлекеттик, же коомдук ишкана, мекеме тарабынан талаш туудурган аракеттерди өз билгенинче жасаган, эгер мындай аракеттерден улам граждандардын мыйзам тарабынан корголгон укуктарына жана кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирген болорун" белгилейт. А. Жапарованын иш-аракетинде кылмыш курамы бар экендигин сот да танбайт. Бизде "Мыйзам буйлаланган төө" эмеспи, сот КРнын Кылмыш-жаза Кодексинин 221 беренесинин 1 бөлүгүн, 353 берененин 1 бөлүгүн жетекчиликке алып, айыпкерди "күнөөлүү" деп табат жана "жаза колдонулбасын" деген өкүмүн угузат. Баары мыйзамга ылайык, юридикалык жактан чечим адилеттүү сыяктуу сезилет, бирок анын көшөгөсүндө жашырылган бир нерсе бар сыяктанат.
Буга айрым түшүнүксүз маселелерге кайрылып көрөлү. Сот процессине айыптоочу катары прокуратуранын эки кызматкери катышкан экен. Мында А. Жапарованын аракетинде кылмыш курамы бары-жогун ушул мамлекеттик укук коргоо мекемеси тарабынан аныкталса керек. Демек, тергөө жүргүзүлгөн деген жыйынтык чыгарсак болот. Алар да юридикалык билимге ээ экендиги талашсыз. Тергөөнүн жүрүшүндө алар кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенин (срок давности) неге билбей калышты экен? - деген суроо өзүнөн-өзү пайда болот.
Иш сотко өткөрүлөт. Албетте, сот процессине чейин буга төрагалык кылган К. А. Сыдыков иш менен таанышып чыккан чыгар, адаттагыдай бул соттук териштирүү бир нече күнгө, же айга создуктурулса да керек. Айыпкер, анын жактоочулары, каршы күбөлөрү канча кымбат убакыттарын коротуп, райондук соттун босогосун сагалап жүрүштү болду экен? Аяк-башы 20дан ашык адамдарды убаракерчиликке салуунун эмне зарылдыгы бар эле? Кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу бул маселе боюнча арызды сот өндүрүшүнө албай коюуга мыйзамдык укугу жокпу?
Сот айыпталуучуну "күнөөлүү" - деп тапты, "жаза берилбесин" - деген өкүмүн чыгарды. Бирок, бул жерде кылмыштын көлөмүнүн баасы да жеңил эмес эле. Сатылган имараттар анын жеке менчиги эмес, жалпы кооперативдин мүчөлөрүнө таандык экенине соттун кайдыгыр мамилеси өкүмдөн ачык көрүнүп жаткансыйт. Болбосо, А. Жапарованын объектилерди саткандагы 3 миллиондон ашкан акчанын түшкөнүн, объектилердин сатуу баасындагы айырмачылыгы эсепке неге алынбаган жана анын 500 миң сомду сиңирип алгандыгы эске алынып, бул ири суммадагы каражаттарды кооперативге кайрып берүү маселеси козголгон эмес. Мына ушундан улам, А. Жапарова тергөө учурунда да, сот процессинин жүрүшүндө да "белгилүү жолдор менен сүйлөшкөн" көрүнөт деген шектенүүнү гана күчөтүүдө.
Жогорудагы маселелерге көңүлдөрү тынчыбаган, арзан баадагы объектилерди кымбат баага сатып алгандардын нааразылыгы жана ал каражаттарды кайрып берүүгө талап кылгандардын мыйзамдык укуктары айыпкер тарабынан басмырлангандыгы талашсыз далил эмеспи. Натыйжада, райондук соттун өкүмүнө нааразы болгон тараптагылар Баткен облустук сотунун кылмыш иштери жана администативдик укук бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясына кооперативдердин атынан М. Абдугапаров апелляциялык арызын тапшырат. Ошол эле учурда райондук прокуратура тарабынан ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүү сунушу менен кайрылат. 2008-жылдын 19-августунда А-Ба-49-08-УД санындагы иш козголуп, "арызда көрсөтүлгөн жүйөөлөрдү канааттандырууга негиз жок…" деген жыйынтык чыгарат да, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырат.
Мыйзамга ылайык даттануучу КРнын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча Соттук коллегиясына көзөмөл иретинде кайрылган. Жогорку Сот №4-0350-УД санындагы иш козгоп, бул тарап дагы өкүмдү күчүндө калтырган.
Элибизде: "-Эшегине жараша тушагы" - дегени бекеринен айтылган эмес. Мыйзамыбыздын "адилеттүүлгүн", "гумандуулугун кара. Колдон келсе кызмат абалыңды пайдалан да, кызарган жер болсо, жулуп жегин. Эл ойгонгончо жыл да өтөт. Андан кийин сага адамдардын эмес, кудайдын да алы жетпейт. Бардыгы барып сотко такалат. Башка мыйзамды билип, башыңа урасыңбы? Бар болгону жасаган кылмышыңдын мөөнөтү өтүп кеткенин бетиңе карма. Мыйзам сен тарапта болот. Сот да сенин таламыңды талашат эмеспи.
Илгери, бир аз убакытка премьер-министр болгон Т. Чынгышев: "-Азыркы учурда уурдабагандар ашынган жалкоолор, же ашынган келесоолор" - деген сөзү доорубуздун "учкул" сөзүнө айланбадыбы? Көрсө бул адам "көрөгөчтүк" кылып, ар түрдүү кылмыш иштерин жабылышына "срок давности" шылтоо болорун баарынан мурда түшүнгөн экен. Сот адилеттигинен мурда, мыйзам адилеттиги орнобосо, миллиондорду жегендер боштондукта тайраңдап, ичегиси майышканда, бир нанды уурдоого аргасыз болгондордун "күнөөсү" тез эле аныкталып, түрмөгө түшүп калышы бекеринен эмес тура.
Уурдасаң уурдагандай уурда. Жегениң ири суммада болсо, анын жарымын күнүң түшкөн адамга берсең акталып чыгат экенсиң. А тоок уурдасаң, сотторду кантип тойгузасың деген сөз бекеринен айтылбаган экен. Демек, чындыкты издесең, ага жетүү кыйын экендиги жогоруда биз жобурагандардан көрүнүп отурбайбы? Адилеттикти мыйзамдан издөө бизде мүмкүн эмес, анан кантип соттор адилет өкүм чыгарсын. "Чындык - асманда, анын шатысы - акча", демек, анын жолун тапкандардын бири - А. Жапарова… болот көрүнбөйбү?..
Эртабылды АТТОКУРОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Роза Отунбаева:
- Мына бүгүн эле бир топ эле жогорку эшелондогу чиновниктер биз менен мамиле түзгөнгө аракеттенүүдө...

2-бет
Бастырганды билбеген жолду бузат,
башкарганды билбеген элди бузат

3-бет
Казактар Камбар-атага каршы чыкты
4-бет
САЯСИЙ "СОЙКУЛУКПУ" ЖЕ САЯСИЙ БЕЧЕЛДИКПИ?
5-бет
Асмандаган өрдөктөрдү учуруп…
6-бет
БИЙЛИК ЖОМОКТОРУ
ЖАНА АЧУУ ЧЫНДЫК

7-бет
XI Элдик Курултайдын талаптары
8-бет
"Эне катары бул күрөшкө чыгууга мажбур болуп турамын"
9-бет
2005-жылдын 24-мартындагы революция
өз максатына жеттиби?

10-бет
Кылымдын кылмышы, же криминал "жүгөндөгөн" өлкө
11-бет
Кара дуба
12-бет
"Кырчаңгы" болгон мыйзамды, билген адам тыңдайбы?..
13-бет
Курултай Бакиева отдельно,
а народ отдельно?

14-бет
Сандан - санга
15-бет
Тагдыр эй, сыздаткан
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам