Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Сандан - санга

Баратбай АРАКЕЕВ
АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ
(Cаясий роман)

...онбашыларды жана жүзбашыларды тандап алууга калктын өзүнө мүмкүндүк бергиле. Куралданган калктын бир бөлүгүнө ат мингизгиле. … Экинчиден, шаарларда жана бардык кыштактарда күнү-түнү тынымсыз жакынкы, алыскы күзөттөрдү уюштургула. Капысынан кол салуу мүмкүндүгүнө жол бербегиле, чабуулга өткүлө…Тополонго түшүрүү керек. Кыргыздар таштап кеткен эгиндердин түшүмүн жыйнап, казына запастарына кошкула… Тартылып алынган малды да казына мүлкүнө айландыргыла. Козголончулар менен күрөшүүдө урууларынын ортосундагы касташууларды пайдаланыңыз. Бизге берилген кыргыздар бар экени шексиз, аларды козголоңчуларга каршы пайдаоаныңыз…" дейт. Он үч бөлүктөн турган бул телеграмманы биз кыскарта чаптык . Ал эми аскер губернатору Фольбаум Куропаткингше жиберген телеграммасын минтип баштайт:"Пишпек уъезд начальниги жана Токмок участка приставы 10-август күнү ишти чечкиндүү түрдө тартипке келтиришти. 30 адамдан турган конвойлору менен козголоң чыгаргандардын жүздөйүн кырып салды, амандары камакка алынды."
Мына ушулар жөнүндө айтмак турсун ажо "ошону ойлогондон коркот. Орус аскери боюнда бар аялдын курсагын шылый чапканын, бешиктеги баланы бута кылып атканын, колго түшкөн кыргызды ок коротпой кылычтап, бычактап өлтүрүп моокумун кандырганын, келин-кызын зордуктап кумардан канып, ичин жарганын…Унутаарга алыбыз жок. Бирок өч алабыз деген сезимге да жол жок … Кыргын кандай экенин кыргыздар ошол 16- жылы көргөн !
Ошентип ажо орус президентинин "балапан" досу болуп, көбү куру убада, азы чын убада алуу менен кайтты. Ажонун бул жүрүшүн телеси менен гезиттери Чынгызхан менен Аксактемирдин жүрүштөрүнөн ашыра баалап ташташты… Теңата болгону барып , тепейип кайра келген немени жүрүшү далайга тынбай айтылды.
* * *
Ошол алгачкы саякатынан кийин ажо тыным алган жок. Нечен бир мыкты өлкөлөргө барып, учкай болсо да көпчүлүгүнүн керемет жашоосун көрүп келип жатты. Барып эле элдин турмушун оңдойм деп керемет пландарды түзөт да, келгенден кийин ишке ашпачу аракеттерин жасап, кайра эле тешик тепшини тиктеген кемпирдин кейпин кийет… Сөз болсо асманда, андн мурун элинин эсинде, үмүт болуп жанып, алоолоп…
Канайымдын чет элге сапары башкача маанайда болчу. Колуна оңбогондой акча түшө баштаган неме чет элде сокур тыйын коротчу эмес. Анткени, ажону коштой барган капчктуу министрлер менен бизнесмендер Канайым үчүн чыгым болуп коюга кезек талаша кетишчү.Далай бриллиант иймек менен шакектер, анан да опсуз акчаны чапчый жыгылган азем буюмдар Канайымдын колуна тийип, уламдан-улам сугун арттырып турду. Мурун ажо менен сапарга чыгууга эки көзү төрт болуп турчу министриң менен бизнесмениң кийин жалкып калышты. Кай бири ошол учурда "катуу ооруп" ооруканаларга жатып калган учурлар көбөйдү. Анткени, сапарга барганда Канайымдын кекиртеги керней болуп кетти да… Айласыз баргандар экинчи баргыс болуп келишет, калптан көшөкөрлөнүп "ысык өткөзүп албаңыз". "суук тийгизип албаңыз", сыяктуу сөздөрдү айтып, ичтеринен "өлүп кетер күнүң барбы" деп каргайт, үйүнө келгенде ал каргышты эки эссе күчтүү кылып аялдары улантат. Бирок Канайымды каргыш алалбай турду…
Баса, бир ирет элге белгилүү эле чимириле бийлеп жүрчү бир эл артистти көлдүн жээгиндеги кайсы бир салтанатта Канайымга жанаша олтуруп, анын жамынып олтурган плащын кымтыйт дейт: "Тизеңизге суук тийип калбасын" деп жароокерленет дейт. Атаны кокуй наалаты, эркегим ай-э!..Жайдын күнү оңой менен тизеге суук тийбейт эй!




  ТОБОЛ ӨРӨМКАН

Айлакер айым
"Аялдын амалы кырк эшекке жүк" дейт кыргыздар. Анын сыңары азыркы заманда айлакер айымдар каалаган эркегин торго түшүрүп, керек болсо ыйык эсептелген үйбүлөлүк очогун бузуп, өз жыргалы, өз бактысы, айтор өзү үчүн күрөшкөндөр жок эмес. Ал тургай модага айланды. Айлакер айымдардын кылтагына биздин заманда жашап аткан бизнесмен, министр, депутат ж.б. мырзалар түшүп, тагдырдын миң түркүн сыноосуна тушугуп, бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кумардын туу чокусун багынтып, айтор турмуш дөңгөлөгү чимирик. Мен дагы мына ушундай тагдырдын жазмышына моюн сунган бир кезде райондук аппаратта иштеп, анан депутат, анан министр, анан ... болуп тагдыр тегирменинде айланган мырзанын, эң негизгиси ашкан айлакер, сулуу, бирок аягы суюк Заринанын турмуш-тагдырына саресеп салмакчымын. Бирге үңүлөлү... Кызыктар али алдыда...


Зарина айылда үй тойго келип, апасына куран окутуп, бир туугандарына кам көрүп жүргөн маалда Сапардан уйку качты. Заринанын же телефонун, же жашаган жерин билбей, көчөдөн издеп, жинди боло сактады. Бир түндө эле арбап алыптыр. Түн уйкусу качканын айт. Аялы жаш, сулуу болуп турса деле жанына жаткысы келбей, шылтоо издеп, "ооруп атам" деп айласы түгөндү. Эртеси кечке маал өзүн-өзү алаксытыш үчүн Зарина экөө отурган кафеге барды, кокус баш багып калабы деп. Тамак заказ берип, арактан рюмкага куйуп өзүнө-өзү көңүл айта, маанайы ит өлгөн абалда отурганда, кафеге бир топ кишилер менен Канат Темирбекович кирип калса болобу. Сапар менен Канат бир-бирине аялдары жактан бажа болуп кетет. Салыйканын таэжесинин кызы Сапардын аялы. Экөө кучакташып, кызуу учурашкан соң, Канат Сапардын столуна көчүк баса олтурду да, дасторкон үстүндө узун сөзгө киришти.
- Сапар, кеч күүгүмдө жалгыз келип, арак ичип отурганың кандай? Эмне жумуштан проблема барбы? Мен тез эле жайгара коем. Билесиң да...
- Жумуш нормалек. Жан дүйнө, жүрөк жаман болуп туру. Үйгө отура албай.
- Анча сени үйдөн тентиткен эмне себеп? Же балдызым дагы бир нерсе дедиби, өзүң жөн жүрбөй атасың да, аялыңды жылуу ордунан козгоп. Канча айтам, аял деген ажыдаар, уктап жаткан ажыдаарды ойготпо деп.
- Жашырганда эмне? Эркекпиз да, үч күн мурун бир сулуу менен таанышып, ушу кафеде эзилише сүйлөшүп, анан түндү бирге өткөргөнбүз. Ошондон бери жүрөктө тыным жок, ал кыз мени арбап алды да эй.
- Ким ал? Айдан түшкөн периби? Же жомоктон келген шайтан азгырыкпы?
- Ошо ким экенин биле албай башым маң. Атынан башка эч нерсе билбейм, Зарина деп таанышкан, эми керемет, чүрөк.
- Зарина, Зарина дейсиңби? Канат Темирбековичтин денеси чыйрыга түштү. Ал кандай кыз эле?
- Шаардык кыз, ата-энеси университетте иштейт, жигити менен урушуп кетип, анысы жолго таштап коюптур, мен айылдан келе жатып, машинама сала келгем.
Канат Темирбекович "ата-энеси бар, жигити менен урушуптур" дегенди угуп "аа окшош ысым турбайбы" деп жайлана түштү. Болбосо ичи туз куйгандай ачышып, Заринасын Сапарга тарттырып ийгенсип, көөдөнү буркан-шаркан түшүп кирген эле. Демин ичине тарта стаканга арак куюп, бастырып ийди да:
- Давай, биз менен отур. Ак Үйдө иштеген күркүлдөр менен таанышасың, мени сыйлайлы деп чакырышыптыр. Ал кызды болсо табасың, кайда качмак эле, телефонуңу билеби? Аа, билсе анда бир күн болбосо, бир күн сөзсүз телефон чалат. Ошондо акчаңды айабай, кымбат баалуу буюмдарды белек этип, арбап албай эмне болупсуң? Сага акча кеппи? Жаш кызды акча анан алтын менен алдаш кажет. Байка, балдызым билип калып башың кетпесин.
Зарина айылда туура бир жума жүрдү. Бир жумада Канат Темирбековичи кайра-кайра телефон чалып, сагынганын айтып тажатты. Күйөөсү дагы үй пааналап калганын байкаган Салыйка айдоочу Азаттан пайда жок экенин түшүндүбү, айтор детективдик агентствого барды да күйөөсүнүн сүрөтү менен дайын-дарегин берди. Орустар иштеген бул агентство аял заказ кылган клиент депутат, болгондо да президенттин эң жакын кишиси экенин билип коюппу, ишти дароо колго алып, "бир жумада баарын билип беребиз" деп Салыйкадан оңой эмес акча шыпырып калышты.
Ошентип Заринанын үстүнөн кара булут айланып, шаарда суук кабар күтүп турган эле. Айнура Зарина машинасын майлаган күндүн эртеси Акын менен атайы чатакташа кетти.
- Бүттү, мындан нары мени эзбе, болбосо аялың менен ажырашып, мыйзамдуу түрдө катын кыл, же мени жайыма кой. Мен да өз бактымды табышым керек.
- Ой, энең с... тим эле бакыт издеп калганын көр. Сенин бактың менде, этегимди кармап жүрө берсең, пландарым көп, жакында үстүңдө үйүң болот. Заринаны шантаждоонун жаңы планын ойлоп таптым.
- Аны шантаждабай эле оокат кылсаң болбойбу? Ансыз деле жардам берип атат го. Беш жылдан бери тил эмизип эле келатасың, же колуңдан эчтеке келбейт. Бүгүн акыркы жолу кафеге баралы да, бүтүшөлү, эми мен сенин бир да сөзүңө ишенбейм.
Кафе дегенди укканда Акын кым деди. Арак ичирип, бир аз акча берип Айнураны алдап албай жаны жокпу? Экөө кайрадан шаар сыртындагы көнгөн кафесине келишти. Тамак, арак ичип, түн бир оокумга чейин отурган менен экөө кыжылдашып, баары бир кепке сөзгө келбей, арак менен ачууга алдырган Акын сөгүнүп-сагынып, Айнураны кордоп, кемсинтип, "жалап" деп жарлык тага баштады. Мунусу менен өзүнө-өзү өкүм чыгарып атканын сезген жок. Айнура болсо Акынды тикирейе карап "эми өлсөң таптакыр өкүнбөйм, курган өмүрдү сени менен кор кылган турбаймбы" деп ичинен сызып, планын кантип ишке ашырууну ойлоп, айласы алты кетүүдө. Ал үчүн арактан аянбай Акынга баса-баса куюп, өзү болсо ичимиш болуп арагын сууга, чайга төгөт. Акын кыйла мас эле, Айнуранын бул жоругун байкабады. Арманын айтып, сүйөөрүн айтып, кечирим сурап, ыйлап, кайра сөгүнүп, миң алакеттен өттү. Официантка акчаны төлөгөн Айнура "Акын, жакшы кал, мени издебе, бул акыркы жолугушуубуз болсун" деди да түптүз басып сыртка чыгып, таксиге отурду. Араң басып турса да, жинденген Акын Айнуранын артынан чыгып, "Аудисин" от алдырды да, таксинин артынан кууду. Тез эле жетип келип, "Мерседес" таксиге "токто" деп сигнал берди. Айнура болсо рулдагы улгайып калган айдоочуну "айдаңыз эле, айдаңыз, мунун колуна тийсем өлтүрөт" деп жалдырап, шаштысын алып болбойт. Кан жолдо өтө чоң ылдамдыкта эки машина куушуп келатты. Аңгыча алды жактан "түнкүсүн чоң жол ээн болот" дегенби, катуу ылдамдыкта келаткан КаМАЗ машинасы чыгып, андан буйтайм деген "Мерседести" артынан "Ауди" сүзүп, айтор КаМаздын алдына эки машина ээрчише кирип, кудай анын бетин көргөзбөсүн, эки машина тең тандырдан жаңы чыккан нандай жапжалпак болуп, кан, май, түтүн жыты айлананы каптады.








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Роза Отунбаева:
- Мына бүгүн эле бир топ эле жогорку эшелондогу чиновниктер биз менен мамиле түзгөнгө аракеттенүүдө...

2-бет
Бастырганды билбеген жолду бузат,
башкарганды билбеген элди бузат

3-бет
Казактар Камбар-атага каршы чыкты
4-бет
САЯСИЙ "СОЙКУЛУКПУ" ЖЕ САЯСИЙ БЕЧЕЛДИКПИ?
5-бет
Асмандаган өрдөктөрдү учуруп…
6-бет
БИЙЛИК ЖОМОКТОРУ
ЖАНА АЧУУ ЧЫНДЫК

7-бет
XI Элдик Курултайдын талаптары
8-бет
"Эне катары бул күрөшкө чыгууга мажбур болуп турамын"
9-бет
2005-жылдын 24-мартындагы революция
өз максатына жеттиби?

10-бет
Кылымдын кылмышы, же криминал "жүгөндөгөн" өлкө
11-бет
Кара дуба
12-бет
"Кырчаңгы" болгон мыйзамды, билген адам тыңдайбы?..
13-бет
Курултай Бакиева отдельно,
а народ отдельно?

14-бет
Сандан - санга
15-бет
Тагдыр эй, сыздаткан
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам