Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Тагдыр эй, сыздаткан

Кыянаттык кылганың
кыяматта да
кайрылат
Тирүүлүк да, турмуш да кызык, ары оор. Кадам баскан сайын кыйналган, ыйлаган, сыздаган, боздогон тагдырга тушугасың. Жылуу сөзүңдү айтып, чекесинен сылаган менен жыргал турмуш куруп бере албаган алсыздыгың бар. Айтор, кимге эмнени айтып, кантип жубатаарыңды билбейсиң. Турмуш болсо минтип оордогондон оордоп барат. Тагдыры талкаланган, тайкы болгон адамдар көчөдө азыр миң сан. Алардын бугун, муңун угуп, акылын айтаар эч ким жоктой. Кадырлуу окурман! Келгиле, сырдашалы, ичтеги муңду айталы, ак кагаз бетин толтуруп жазалы. Окурмандардан кеңеш сурап, жардам күтөлү. "Форум" гезити мындан нары тагдыры оор адамдар менен "Тагдыр эй, сыздаткан" рубрикасы аркылуу кезигишип турмакчы. Кат жазгыла, кабарлашкыла. Арманыңарды, балким, кубанычыңарды айтып, ак кагаз бетин толтуруп "Форумга" жибергиле.
Биз сиздерден кат күтөбүз

"Саясатта дос болбойт" дешет, анын сыңары жашоодо да жаныңа чырак болуп жанган достор жок, болсо да аз. Аларың да бир-бирин көрө албай, алдыртан, тымызын ор казуу менен алек. Бу астын-үстүн түшкөн, ак-карасы аралашкан, саткын-чачкын ырайымсыз дүйнөдө досун саткан, досун аткандар миңдеп саналат. Ошондой достордун бири мага келиптир. "Бир кезде эң жакын дос кызыма кыянаттык жасадым эле, эми ак жеринен күйгүзгөнүм үчүн мени кудай жазалап атат" дейт.
Убагында медицина окуу жайын бүтүргөм. Группада жалаң шагыраган кыздар. Сабактан кийин жатаканадагы жашоо өзүнчө өмүр. Билинбеген менен, кыздар бири-бирибиз менен атаандашабыз, кийимибиз, окуубуз, ары-бери басканыбыз, акырында жигиттерибиз менен. Кимдики бай, сулуу, берешен деп. Акылына, адамгерчилигине деле көңүл бурбайбыз. Кыргызда "чырайын чылап ичмек беле" деп коюшат, анын сыңары "акылын чылап ичмек белек, бизге акчасы болсо болду" деген чолок ой менен доорон сүрмөй да. Жазира экөөбүз таанышкан күндөн ынак дос болдук. Ал сабагын мыкты окуган, ачык-айрым, өң-келбети келишкен кыз эле. Ата-энесинен эрте айрылып, үч биртууганы менен таенесинин колунда чоңойгон. "Атам, апам тирүү болгондо юрист болмокмун, акчам жок өтө албадым, бирок бары бир тилегениме жетем" дечү. Ак көңүл, ишенчээк, боорукерлигинен көп запкы жеди. Ал мүнөзүнөн акыры мен да пайдаландым.
Биздин эси-дартыбыз көр турмуштун кемтиги толбос дүнүйө, чүпөрөк-сапырак, тамак маселеси болсо, Жазира күнү-түнү тынбай окуйт, бирдемелерди жазат, айтор, ыплас дүйнө менен иши жоктой өз дүйнөсү менен жашачу. Отуруш, дискотека, арак-шарап сыяктуу нерсеге көп азгырылбай, мени да урушуп, "кийин өкүнүп каласың" деп туура жолго салчу. Ал акылды угамбы, кулак сыртынан кетирем да. "Бири-бирибизсиз жашай албайбыз" деген менен мен анын ийгилик, жетишкендиктерине абдан ичим күйчү. Окуу жайда Жазиранын сүрөтү илинип, мугалимдер арасында авторитети чоң. Баары сыйлап, жардамга шашылышат. Бизди "мээси жоктор, жок дегенде ийнени туура сайганды үйрөнсөңөр" деп гана тилдешет. Канчалык кийинип, кафе, дискотекадан калбай, өзүбүздү моданын агымында жүрөбүз дегенибиз менен кадыр-барк, сый, адамгерчилик жагынан дайым Жазирага утулуп, ичибиз тызылдайт.
Балээнин баары практикадан башталды. Хирургиялык клиникага төрт кыз бөлүндүк. Барган күнү эле бөлүм башчысы Жазирага артыгыраак баа берди. Ординатурада жүргөн бойдок жигиттер да бар экен. Бир жума өтпөй мен ичимден тымызын жактырып, билгизип-билгизбей тийишип жүргөн Азим Жазираны айланчыктады да калды. Ичим туз куйгандай ачышканын айт. Азимдин атасы да мыкты врач, өзү жалгыз уул, бай үйбүлө экенинен эбак кабардар болгом. Өтө кичипейил, сыйчыл, айтор, тарбия көргөнү билинип турат. Ал турсун мага "Жазираны абдан жактырып калдым, бирок сунушумду кабыл албай атат, мен оюн кылган жокмун, макул десе күздө үйлөнөбүз" деди. Мен "ой, анын жигиттеринин саны жок, сыртынан ушундай көрүнгөнү менен, ичи былык, айтор, өзүң бил, ойлон" деп калпты ышкырттым. Азим ишендиби, ишенген жокпу, кийинчерээк Жазира экөө сүйүшкөн эки ашык болду. Китепканага барышат, бакта сейилдешет, отуруп алып бири-бирине кат жазышат, Жазира үчүн мен экинчи планда калдым. Бир жолу адаттагыдай таңга жуук отуруштан келип башым ооруп отурсам, уйкусунан ойгонгон Жазира "досум, байкасам сен көп баса баштадың, антпечи жаным, экөөбүз да мурдагыдай көп сүйлөшпөй калдык. Билесиңби, эки айдан кийин Азим экөөбүз үйлөнөбүз, дүңгүрөтүп той берем деп атат. Сен дос кызым болосуң" деди кучактап. Жиним кайнап, Азим экөөнү тең жек көрүп кеттим. Бузуунун планын ойлоп кечке жаттым. Эртеси 1-кабаттагы бир кыздардын бөлмөсүн сурадым, отуруш уюштурганга. Дасторконду жасадык да, ичип-бийлеп көңүл ачып жүргөн жигиттерди чакырдым, алар базарда иштечү, бирөөсүнө Жазираны ичирип, айтор, жигитине "бузулган кыз" кылып көрсөтөбүз деп тапшырсам, Арстан көнбөй атып көндү.
Отурушка Жазираны эптеп макулдаттым. "Азим келмек, экөөбүз дипломго даярданмакпыз" дейт, "келсе 1-кабаттан 3-кабатка көтөрүлө коесуң, ага чейин биз менен отур" дедим да, ээрчитип бардым. Кыздар план боюнча Жазиранын шампанына арак куюп коюп атышты. Мурда-кийин ичип көрбөгөн неме мас болуп калды. Мен бөлмөгө барып сабак даярдамыш болуп отурсам Азим келди. Жазираны сурады. "Сабак окуйлу десем болбой бир кыздын туулган күнүнө кеткен. Жүрү куттуктагыча кире кет, Жазира сени көрсө чыгаар" дедим. Эшикти ачып кирип барсам Арстан Жазираны уйпалап аткан экен. Азим тескери бурулду, ошо бойдон кайрылган жок. Жазира эртеси эле бөлмөдөн чыгып кетти. Мунун баарын мен уюштурганымды билген жок, болгону, "мас кылып таштап коесуң" деп күнөөлөдү. Квартирага чыгып, окуусун да мыктап бүттү, кийин кыздар Жазираны КМУУнун юридикалык факультетинде окуп атканын айтышты. Мен кылмышымды мойнума алып, кечирим сурап бара албадым. Ошентип жан досуман айрылдым да, калдым.
Андан бери канча жыл өттү зымырап. Күйөөгө тийдим, ичкүйдүлүктөн жасалган кыянаттыгыма кудай да нааразы болду окшойт, күйөөм ичет, башым токмоктон арылбайт. Эки бала төрөдүм, экөө тең оорукчан. Айтор, турмуштан жолум болгон жок, өп-чап өмүр өтүп келатат.
Сураштырсам, азыр Жазира бир чет элдик компанияда юрист болуп иштеп, тийген күйөөсү фирма башчысы дейт. Азим болсо шаардагы бирден-бир мыкты хирург, үйлөнүп ажырашыптыр. Кимдир-бирөөлөр ошо күнкү окуя уюштурулган спектакль экенин Азимге айткан экен, Азим мага тиш кайрап жүрүптүр. Билбейм, досума жасаган кыянаттыгым өзүмө кайрылып тийди. Ушунча жыл өткөн соң "актын иши ак болот" дегенди түшүндүм. Кечиргиле мени Жазира, Азим. Достукту актай албай, силердин сүйүүңөргө чыккынчылык жасап, сатып кеттим. Кечиргиле, кечире алсаңар" дейт Айым аттуу арман-күйүтү, ызасы көп, бу турмуштан адашкан келин. Тагдырына нааразы боло, жасаган кыянаттыгынын азабын тартып атканына күйүнөт.

Дилде КАМЧЫБЕКОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Роза Отунбаева:
- Мына бүгүн эле бир топ эле жогорку эшелондогу чиновниктер биз менен мамиле түзгөнгө аракеттенүүдө...

2-бет
Бастырганды билбеген жолду бузат,
башкарганды билбеген элди бузат

3-бет
Казактар Камбар-атага каршы чыкты
4-бет
САЯСИЙ "СОЙКУЛУКПУ" ЖЕ САЯСИЙ БЕЧЕЛДИКПИ?
5-бет
Асмандаган өрдөктөрдү учуруп…
6-бет
БИЙЛИК ЖОМОКТОРУ
ЖАНА АЧУУ ЧЫНДЫК

7-бет
XI Элдик Курултайдын талаптары
8-бет
"Эне катары бул күрөшкө чыгууга мажбур болуп турамын"
9-бет
2005-жылдын 24-мартындагы революция
өз максатына жеттиби?

10-бет
Кылымдын кылмышы, же криминал "жүгөндөгөн" өлкө
11-бет
Кара дуба
12-бет
"Кырчаңгы" болгон мыйзамды, билген адам тыңдайбы?..
13-бет
Курултай Бакиева отдельно,
а народ отдельно?

14-бет
Сандан - санга
15-бет
Тагдыр эй, сыздаткан
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам





Яндекс.Метрика