Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам

Бактыгүл БАДЫЕВА,
ырчы:
"…апам мени
катуу
урушчу"
Сүйүүдө ар кандай кырдаал болот да... ...сүйүү үчүн ыйлап, сүйүүнүн арманын, азабын тарткан...

Өзүм
Ар бир адамдын кемчилиги жана артыкчылыгы болот эмеспи, менин кемчилигим - жинимдин тез келгени жана боорукерлигим. Боорукерлигимди кемчилик катары караганым, "боору ооруса боорго тебет" - демекчи, дал ушул сапатымдын азабын тартып калган учурлар бир нече жолу болду.

Чыгармачылыкта
Жакын арада чыгармачылыктагы кесиптештерим менен бирге Франция, Германия, Англиядагы кыргыз мекендештерибизге ыр белек тартуулаганы сапар алганы турабыз. Андан тышкары репертуарымды жаңыртып, чыгармачылыктын үстүндө эмгектенүүдөмүн. Буйруса, күркүрөгөн күздө жеке концертимди тартуулайм.

Мода
Негизи, ар кандай стилде кийинем, бир гана стилде кийинип жүрүүдөн бат тажап, тез-тезден кийимдеримди өзгөртүп турам. Албетте, модадан артта калбай, өзүмө жарашыктуу, тыкан кийинип жүрүүнү каалайм.

Сулуулук
Бул жашоого жаралган ар бир адам, өзгөчө аялзаты сулуу, назик, мээримдүү деп эсептейм. Кандай гана аялзаты болбосун өзүн карап, боенуп, келбетине кам көрүүсү керек. Ал эми өзүмдүн келбетиме өзгөчө деле кам көрбөйм, бирок ар дайым боенуп жүрөм.

Достук
"Досум үчүн өлөм" - деген ураанды бекем сактайм. Достукка абдан туруктуумун, бир да досум менен жаман-жакшы айтышып, катачылык кетирген эмесмин. Курбуларымдын кандай гана сырлары болбосун жүрөктүн түпкүрүнө сактайм. Ал эми өзүмдүн эч кимге айтпаган, жашыруун сырым деле жок.

Сүйүү
Сүйүп, урматтаган адамымдын көзүнө эч качан чөп салбайм, ошол эле убакта сүйүүгө туруктуумун. Сүйүүдө ар кандай кырдаал болот да, бирок сүйүү үчүн ыйлап, сүйүүнүн арманын, азабын тарткан эмесмин. Негизи кандай кыйынчылык башка түшпөсүн, кайгырып, ыйлабастан, тескерисинче кыйынчылыктарды жеңүү үчүн болгон күчүмдү жумушайм. Ал эми учурда жигитим бар, бирок менин жеке жашоом болгондуктан эч нерсе айткым келбейт.

Кызганыч
Кызганчаактардын катарында эмесмин, өзүмө ишенем. Өзүнө анча ишенбеген адамдар гана кызганып, уруш чыгарса керек. Жигитим да кызганып, чатак чыгаруудан алыс, чыгармачылыкты түшүнгөн, эл көргөн, жер көргөн, бардык нерсени түшүнгөн мырза.

Ашканада
Өзүмө ашканада "беш" - деген баа берем. Ал эми эң жакшы жасаган тамагым манты, лагман, негизи камыр тамактарын жакшы жасайм.

Көз жаш жана күлкү
Кандай кыйынчылыктар болбосун жогоруда айтып кеткендей көз жаш аркылуу эмес, өзүмдүн аракетим менен жеңип чыгам. Көз жаш төгүп эч ким олуттуу маселе чечкен эмес, ошондуктан кээде гана ыйлайм. Ал эми күлкүчүлөрдүн санын толуктайм. "Канча көп күлсөң, ошончо жашарасың" - дегендей, досторум менен тамашалашып сүйлөшүп чер жазам.

Күтүү
Башка нерсеге чыдамдуу болсом да, күтүүгө эч чыдамым жок. Жашоодо эң жаман көргөнүм-күтүү. Бирок, жигитимди күттүрүү мен үчүн адат болуп калган.

Эс алуу
Көпчүлүк убакта эс алууну үйдө дасторкон даярдап, жакшы тамактарды жасап апамды жана бир туугандарымды чакырып, өткөн-кеткендерди маектешип чер жазабыз. Бош убактым болуп калганда келбетиме кам көрөм, сулуулук салондоруна барам, же жакшы кинолорду көрүп үйдө эс алам.

Таарыныч
Көңүлүмдү калтырган адамдар менен эч убакта сүйлөшпөйм. Негизи, болбогон нерсеге кыр көрсөтүп, таарынчактардын катарын толуктабайм. Ошол эле убакта кимдир бирөөлөр менен урушсам таарынып, өч алуу аракетин кылып, алардын деңгээлине түшпөйм.

Байлык
Бала кезден эч нерседен кем болгон эмесмин, ошондон уламбы "байлык колдун кири" - дегендей байлыкты эңсебейм. Иштесең тиштейсиң демекчи, бай болуу ар бир адамдын колунда. Бизди кудай жылаңач кылып жерге жараткан, ошол жерде алтын да бар, бардык байлыкты жерден издесе болот. Ошондуктан, байлыктын жеңил түрүн издебей, ак эмгек менен жетүү керек.

Балалык
Бала кезимдеги шоктугум, кыял-жоругум ошол бойдон эле калды десем болот. Апам бизди аябай катуу кармаган. Мектепке кетип баратканда күндөлүгүмдү текшерип, канча сабак болоорун карап, саат канчада келеримди эсептеп койчу. Эгер ошол эсептеген сааттан жарым саат кечигип калсам катуу уруш жечүмүн. Ошондуктан, үйгө кечигип келгенден аябай коркчумун.

Венера НАРКЕЕВА