Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Айдай бер коюң, эй чабан, түз эле коммунизмге,
Ажонун жеке жыргалы дал ошол коммунизмде!
САЯСИЙ "СОЙКУЛУКПУ" ЖЕ САЯСИЙ БЕЧЕЛДИКПИ?
Ары тартпай, бери тартпай, реалдуулуктан тайбай айтсак, бүгүнкү күнү биздин өлкөдөгү абал анча деле дурус эмес, балким, бороон болор алдындагыдай. Анткени, эл массасынын мыйзамдуу талаптарына бийлик таптакыр кулак какпай, кулак какмак турсун, элин камгак сыяктуу көрүп, шылдың кылгандай иштерди биринин артынан бирин жасап жаткандыгы. Эл канчага чейин чыдап турат деген суроо гана калды. Бийлик менен эл массасынын ортосунда туңгуюк пайда болуп, качандыр бир убакта ал туңгуюк жакшылык иштер менен толобу, үмүтү аз чоң суроо.


Аз күн мурун премьер-министр Д.Үсөнов: "Электр энергиясы небак эле көтөрүлүш керек болчу, бирок ал убактагы өкмөт ага барбай келген, элге жаман көрүнгүсү келбей, жоопкерчиликти алгысы келбей" деп кыргыз экономикасын сактап калыш үчүн өзүн Чолпонбайдай эрдик жасаган кыязында айтып жатпайбы.

Бу төш каккан премьер-минстрдин өкмөтү, электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдан 20-30 эсе кымбат кылып салышты. Эмне деген кыянаттык, башкага эмес, өз элине! Бул болуп көрбөгөндөй кара ниеттикти ойлоп табуунун өзү Кашейдик иш го. Албетте, алардын артында президент турары эси бардын баарынын эсеп-чотунда…

2002 - 2009 - жылдары бизде өндүрүлгөн электр энергиясынын 51-52%ти жоготууларга дуушар болгону эмне деген гана чарбасыздык! Буга ким күнөөлүү? Албетте, өкмөт. Өндүрүлгөн энергияны сактап алууга өкмөт милдеттүү, анан жанагынча жоготууга ким жол берди, өкмөт жол берген. Белгилүү эмеспи, кайдагы бир жоготуу дегенге жамынып алып, электр тармагынын анабашылары миллиондогон долларды өздөрүнө кириштеп жатпайбы. Өкмөттүн ал шалаакылыгын, жеп-жуткучтугун карапайым эл жон териси менен сезип, сезгени курусун, жок жерден чыгым болуп жатпайбы. Акчасы батпай жатса го бир жөн эле, анан башканы кой, нан таап жеши чоң маселе болуп турганда бу кымбатчылык кордук го бир! Карандай зордук эмеспи! Демек, бу бийликти өз элинин душманы деп айтууга негиз бар болуп жатпайбы?..

Бу жосунсуз бийликтин ички сясаты элине каршы болуп турганда, тышкы саясаты алгылыктуудур. Кара балээнинби! Кыргызстан деген кенедей мамлекеттин дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркы мурун эле өлчөлүү болсо, тышкы саясаттагы Бакиевдин кийинки жүрүштөрүндөгү кош стандарттуулук, эки жүздүүлүк, ошол өлчөлүү кадыр-баркты нөлгө алып келип такап салды көрүнөт. Баары менен бирдей жакшы болгусу келип, эки тоонун башын самаган, туругу жок, ойкуштаган саясаттын финалы башкача болмок эмес. Азыр айтылчу аргументтерге баам салып көрүңүз да, Бакиевдин тышкы саясаттагы "чыгаандыгына" өз байкоо-баамыңызды берип көрүңүз: жыл мурун Москвага барган расмий сапарында Бакиев оозу-мурду кыйшайбай туруп, "Манас" аэропортундагы Американын базасын чыгарам" деп Медведевди тикчийе карап туруп сөз берген. Анан эмне болду? Анан Бакиев каадасынча калп айтканын айкындап, бу база белгисиз мөөнөткө калып тынды. Мейли, Бакиев элине калп айтып көнүп алган дейлик, бирок, дүйнөдөгү кубаттуу мамлекетке, биз таянчы бирден бир мамлекетке эки жүздүү оюн көрсөтүп, өзүнүн да, мамлекетибиздин да кадырын аябагандай түшүрүп салды го. Ошондон кийин орус тарап бизди көзгө илбей калды. Беребиз деген 1млрд. 700 миллион доллардын берилбей турушу, желөпкөлөнүп жетип барган премьер-министрибиз Д. Үсөновду Путинди кой, анын толгон орун басарлары кабыл албай, энергетика министринин кабыл алышы - бизди кыкка теңебей калганынын белгиси эмеспи. "Россия 1млрд. 700 миллион долларды бербей жатат" деп көп айтып, анын кайтарымы болорун таптакыр эске албай жатабыз. Аны кайтарар убактысы келгенде кийинки муундун териси тескери сыйрылар… Турмуш тастыктап салган, кредит деген желмогуз алган адамга же мамлекетке ондон бир учурда гана пайда алып келет, калган учурда тентитип салат! Орустардын "сууп" турушуна Конституцияда жазылбаган кызматына таянып М. Бакиевдин Кытайга болгон мыйзамсыз расмий сапары да таасир берди көрүнөт.

Ооба, орустар бизди басып алган, Россия падышачылыгы Пржевальский, Семенов сыяктуу шпион-чалгынчыларын Россия академиясынын Географиялык коомунун "окумуштуу" терисин жамынтып, жерибизди узун-туурасынан изилдетип туруп, басып алып, анан мыкты жерлердин баарына орус мужуктарын көчүрүп келген эмеспи. Экинчиден, биздин жер стратегиялык мааниге ээ, ал артыкчылыгын бүгүнкү күнгө чейин жогото элек…

Ошол көчүп келген ач-жылаңач орустар бат эле ирденип-тирденип, көзүнө эч нерсе көрүнбөй көөп, кыргыз элин эл деп санабай, бизге жапайы эл катары мамиле кылып келгенин кантип жашырдык. Жанагы Түкөбүздүн чоң сакал Метрейи жомок го бир. Мындай ойдон чыгарылып, орустун шовинисттик саясатына төп келген, жакшы жагына аябай шөкөттөлгөн каармандарыбыз Баялиновдун, Абдукаримовдун, Касымбековдун, Акматовдун ж.б. чыгармаларында жетишерлик. Анан ошол орустар өткөн кылымдын 16-жылындагы кыргызды кырып-жойгонун тарыхтын кай жерине катабыз?!

Ал, ал болуп турсун. Анткен менен Социалистик революция бизге жакшылыктарды көп алып келди. Кыргыз деген кылымдар кыйын эл болуп келген дегенибиз менен ошол ХХ кылымдын башында караңгы эл эмес беле. Бу да жашырылгыс тарых. Ошол революциянын арты менен элибиз аз гана убакытта илим-билимдүү элдин катарынан орун алды… Эми бүгүн БУУга мүчө болгон эки жүз чамалуу мамлекеттердин бирдей укуктагы мүчөсүбүз.

Ошентип, биз орустар менен болгон мамилебизди бузууга кенедей да акыбыз жок. Бирок, аларга бел бүгүп, алардын "маданияттуу" колониясы болууга огобетер акыбыз жок. Теңата мамиле менен достугубузду өнүктүрүшүбүз керек.

Дүйнөдөгү теңтайлашкан эки килейген мамлекеттин согуштук базасын бирдей батырган биздей мамлекетти эстей албадым. Бул мамлекеттик деңгээлдеги "сойкулукка" алпарып такабайбы?! Тарых небак ташка тамга баскандай тастыктап салган, бул эки мамлекет - Россия менен Америка бир барган жеринен чыкпайт, чыкса да ошол мамлекетке далай азап-тозокторду тартуулап туруп чыгат, өзгөчө Америка. Бу Америка деген ойронуң өз жеринен он миңдеген чакырым алыс турган жерде чыр чыкса деле, биздин коопсуздукка шек келтирип жатат деп жетип барып көнүп алган. Ал "коопсуздук" барып келип эле экономикалык кызыкчылыкка, бирөөлөрдүн байлыгын тартып алууга, кешиктеш болууга такалат эмеспи. Ушул мезгилге чейин Америка аралап, көргүлүктү көрсөтүп кеткен ондогон мамлекет бар: Вьетнам, Корея, Япония, Куба, Панама, Гренада, Никарагуа, Египет, Гаити, Афганистан, Ирак, ж.б. Американын өз жеринде мындан эки кылымдан көп мурун Түндүк менен Түштүгүнүн граждандык согушунан кийин чарбасын бүлүнтчү жаңжал болуп көргөн эмес. Дурус саясат жүргүзгөн журт башчылары өткөн тарыхты кылчая карап иш жүргүзөт. А биздин президент болсо, эки саат мурункуну унутуп коюп жатпайбы.

Азырынча "Манастагы" американын базасы залакасын толук көрсөтө элек, анын аренда акчасы кесепет көрсөтпөгөн көшөгө болгонсуп турат. Анан аз жыл өтсө, бу базанын залакасы экологиябызга орду толгус жоготууларды алып келет, эмитен эле ошол тегеректе төгүлгөн керосиндин айынан өсүмдүктөр өспөй жатпайбы…

Эмне, "Кумтөрдүн" азабы жетишпей жатабы?! Дале болсо азырынча билинбеген Кой-Сарыдагы торпедо сыноо полигонунун азабын тартчу күн да алыс эмес. Эми булардын баары аз келгенсип, Баткенде Американын дагы бир согуштук базасын ачканы жатканын карабайсыңбы! "Жамандын коногу билет" деген макалды илгерки ата-бабалар сезе билип, дал Акаев бийлигине, өзгөчө бүгүнкү Бакиев бийлигине багыштап чыгарган сымал… "Эсиң барда, этегиңди жап!" деген макал да ушул Бакиев бийлигине арналгандай болуп турат. Акаев Кыргызстанды "жалпынын үйү" кылды эле, Бакиеви "дүйнөнүн бут чечип, курал сактоо босогосуна" айландырмай болду. Азыр ажобуз жыргал жолунда магдырай барат, жеке оюнда эли менен кошо… "Этегин жабар" бекен?

Баратбай АРАКЕЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Роза Отунбаева:
- Мына бүгүн эле бир топ эле жогорку эшелондогу чиновниктер биз менен мамиле түзгөнгө аракеттенүүдө...

2-бет
Бастырганды билбеген жолду бузат,
башкарганды билбеген элди бузат

3-бет
Казактар Камбар-атага каршы чыкты
4-бет
САЯСИЙ "СОЙКУЛУКПУ" ЖЕ САЯСИЙ БЕЧЕЛДИКПИ?
5-бет
Асмандаган өрдөктөрдү учуруп…
6-бет
БИЙЛИК ЖОМОКТОРУ
ЖАНА АЧУУ ЧЫНДЫК

7-бет
XI Элдик Курултайдын талаптары
8-бет
"Эне катары бул күрөшкө чыгууга мажбур болуп турамын"
9-бет
2005-жылдын 24-мартындагы революция
өз максатына жеттиби?

10-бет
Кылымдын кылмышы, же криминал "жүгөндөгөн" өлкө
11-бет
Кара дуба
12-бет
"Кырчаңгы" болгон мыйзамды, билген адам тыңдайбы?..
13-бет
Курултай Бакиева отдельно,
а народ отдельно?

14-бет
Сандан - санга
15-бет
Тагдыр эй, сыздаткан
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам