Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Энергетика:

БИЙЛИК ЖОМОКТОРУ
ЖАНА АЧУУ ЧЫНДЫК
Өткөн жылдын 12-ноябрында Өкмөт электр энергиясынын баасын эки эсеге, жылуулукка жана ысык сууга болгон тарифти төрт эсеге көтөрө турганын жарыя кылды. Ага удаа эле "Түндүкэлектро" ишканасын текейден арзан сатып жиберишти, эми калгандарын да сатабыз деп жатышат. Мындай чечимге негизги жүйөө катары энергетика системасынын техникалык абалынын начарлыгы, жабдыктардын эскилиги жана тармактын чыгашалуу болуп жатканы айтылып, бааны мындай чукул көтөрүп акча топтобосо энергетика системасында техногендик катастрофа болуп, биз таптакыр жарысыз калышыбыз ыктымал деп коркутуу аракети болууда.

Бакиев башында турган бийликтеги куйтулардын энергетика боюнча минтип айтып жаткандарында реалдуу фактыларга караганда жөө жомок көп экенин адистер айтып эле келе жатышат. Бирок аларга кулак салып уккан деле киши жок.
- Урматтуу Президент, өлкөңөрдүн суу-энергетикалык потенциалы ошончолук чоң болсо, анда энергетикалык кризис кайдан чыга калды? - деп "Свободная пресса" басмасынын корреспонденти Александр Бушев сураганда, Курманбек Бакиев минтип жооп берген:
- ... Бүгүнкү күнү республикада электр энергиясынын өчүрүлүп жатышынын башкы себеби - суунун тартыштыгы. Бул климаттын жылуу болуп кетишине байланыштуу болууда. Анын натыйжасында Токтогул суу сактагычында суунун топтолушу төмөн болуп жатат. Үстүбүздөгү жылы биз светти өчүрбөгөндө суу сактагычтагы суунун көлөмү түбүнө чейин түшүп кетмек. Анда суунун агымында жайгашкан биздин төрт ГЭС токтоп калмак. Буга жол берүүгө болбойт! Ошондуктан, биз үчүн азыр суу сактагычтагы сууну сактап калуу, ГЭСтердин толук туруп калышына жол бербөө башкы маселе. Ошондой эле биз жазында Фергана өрөөнүндөгү коңшуларга сугат суу беришибиз керек. Биз суу бербей койсок ал жакта эмне болот? Катастрофа!...( "Свободная пресса", 2009-жылдын 3-февралы).
Ошентип, Нарын дайрасында суу тартыш болду, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып кетти, светти өчүрүп сууну сарамжалдуу пайдаланбасак таптакыр куруйбуз деген жомок чыкты.
Бул маселе боюнча окумуштуу-адистер эмне дейт:
Академик Дүйшөн Маматканов, Суу проблемалары жана ирригация Институтунун директору:
"Нарын дайрасында суунун тартыштыгы жок. Токтогул суу сактагычындагы сууну иштетип салышкан..." ( 15/10-2008 11:45 , Бишкек , ИА "24.kg") .
Бажан Лариса Васильевна, гидролог, Суу проблемалары жана ирригация Институтунун жетектөөчү адиси:
"... Сделав анализ водности реки Нарын и других рек, впадающих в Токтогульское водохранилище, мы можем однозначно сказать, что ни в 2008 г., ни в предшествующие годы (после 1989 г.) никакого маловодья на реках Нарынского бассейна не отмечалось. За период эксплуатации водохранилища отмечались действительно маловодные года: 1982, 1986, 1989 гг., когда приток составлял лишь 65- 75 % нормы, а объем годового притока чуть более 8. 0 млрд. куб.м. Но даже в эти годы никакой речи не шло об отключении электричества! ... За три года ( 2005- 2007г.г.), которые были далеко не маловодные, из водохранилища помимо ежегодного притока, который составил суммарно 38. 0 млрд. м куб было сработано почти 6.0 млрд. м. куб из запасов водохранилища. Вот и началось безводье..."
Пофессор В. А. Духовный, Суу-чарба маселелери боюнча Эларалык илимий-маалымат борборунун жетекчиси:
" …мы неоднократно предупреждали руководителей энергетического ведомства Кыргызстана, что ежегодная сработка Токтогула не должна превышать величину среднемноголетнего стока ( 12 млрд м. куб) даже в многоводные годы… , переработка водохранилища в период многоводных лет на 5. 0 млрд. м. куб практически ликвидирует возможности его многолетнего регулирования …".
Энергетика боюнча белгилүү адис, академик Карыпбек Алымкулов баш болгон көз каранды эмес адистер даядаган отчетто мында айтылат: "2003- жылы суу мол болду. 2004-2006-жылдары суунун көлөмү 18,8 млрд. метр кубдан түшкөн жок. Ал эми 2007-жылга карай суу сактагычтагы суу кандайдыр себептер менен агызып жиберилген. Ошентип 2008-жылдын 1-апрелине карата 6.5 млрд. метр куб суу калган. Демек бир жарым жыл ичинде (2006-жылдын октябрь айынын 2008-жылдын апрелине чейин) Нарын дайрасынын табигый агымынан сырткары 12 млрд. метр куб суу коё берилген. Демек, электр энергиянын тартыштыгынын себеби суунун аздыгында эмес, ошол суу ресурстарын башкарууда...".
Мына ачуу чындык! Үч жылдан бери карайлап тезек терип, кышы менен тоңуп, чырак жагып караңгыда отурганыбыздын башкы себеби уурулук. Ооба, уурулук. Токтогул суу сактагычынан бери дегенде 6 млрд. куб суу уурдалгандыгы кашкайып көрүнүп турбайбы. Териштирип, күнөөлүлөрдү жазага тарткандын ордуна "тезек тергиле" деп элди кыйноого салып, "климат өзгөрүп кетти" деп асмандын башына шылтап, оозу-мурду кыйшайбай, карандай калп айткандай Бакиевдин жанына эмне күч келди? Мунун себеби эмнеде?
Энергетикадагы экинчи жомок: Кыргызстандын энергетика тармагы эскирди, акыркы он-онбеш жылда эч кандай каражат жумшалган эмес, азыр тарифтерди көтөрүп акча чогултуп оңдобосок, бир-эки жылда таптакыр токтоп калат, баары кыйрайт деп К.Бакиев менен Д.,Үсөнов баш болгон бийлик төбөлдөрүнүн шыпыртып жаткандары.
Президент Курманбек Бакиев айтат: "Ооба, өтө эле оор. Ооба, кыйын. Эми өзүңөр деле карап көргүлөчү. Мурдагы жетекчиликтин жоопкерсиз саясатынан улам биздин өлкө электр энергиясынын өтө тартыштыгына дуушар болуп калдык. 90-жылдардын башынан бери жаңы кубаттуулук ишке киргизилген эмес, бардык объектилер электрге өткөрүлгөн. ... Жабдыктардын 70 пайызы эскирди. Бааны азыр жогорулатпасак биздин балдарга, неберелеге карата адилетсиздик болуп калат. Дагы бир нече жылдан кийин техногендик катастрофага кабылышыбыз мүмкүн..." (18/02/10 16:36, Бишкек - ИА "24.kg")
Бул айтылгандар дагы карандай эле калп экендигин адистер далилдеп жатпайбы.
- Жабдыктардын эскириши анчалык деле коркунучтуу эмес. Мисалы, Шамалды-Сай ГЭСи 1992-1996-жылдары курулуп бүткөрүлүп, 2002-жылы гана долбоорлук кубаттуулугуна жеткирилген, Таш-Көмүр ГЭСи да өзүнүн долбоорлук кубаттуулугуна 2001-2002-жылдары гана жеткирилген. Токтогул ГЭСи 2002-2007-жылдары толук капиталдык оңдоодон өткөн, 2007-жылы ал жерге энергосистеманы коргоп туруучу жаңы 500 киловаттык реактор орнотулган. Токтогул ГЭСинин турбиналары жылына 152 күн гана иштегенин эске алсак, бийлик айтып жаткандай 35 жыл эмес, болгону 14-15 жыл эле иштеген, эскирип ишбалдасы чыгып кете элек. Ошентип, эң эски деген Токтогул ГЭСинин жабдуулары иштөө мөөнөтүнүн болгону 50 пайызын гана пайдаланды, ал эми калган ГЭСтердин генераторлору болсо кубаттуулугунун 100 пайызын али күнгө иштете элек. Ошондой эле, Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча 1994-2008-жылдары энергетика секторуна 380 млн. доллар инвестиция жасалган. Салыштырсак, бүтүндөй энергокомплекс бүгүн 385.5 млн. долларга бааланып жатат. "Кыргызстан энергетикасына инвестициялар" деген таблицадан көрүнүп тургандай 2000-2003-жылдарда эле энергетикага 54.2 млрд. сом акча каражаты жумшалган. Ошентип, инвестиция жок болгон, негизги жабдуулар эскирген деген шылтоолор туура эмес... ("Кыргызстандагы энергетика проблемасы: расмий жана көз каранды эмес пикир" деген темада 2010-жылдын 4-мартында өткөн Тегерек үстөлдө курамына академик К.Алымкулов, Ш.Бактыгулов, Г.Искакова жана Н.Кравцов кирген эксперттер тобунун жасаган баяндамасынан).
Мына ачуу чындык. Бакиев өзү айтып жүргөндөй "то-баа" деп жакаңды карманат экенсиң. Көрсө акыркы 14 жыл ичинде бүтүндөй энергетика канча баада турса ошончо суммадагы каражат аны оңдоого жумшалыптыр, азыр ызы-чуу кылып мактанып жатышкан Камбар-Ата "биринчи улуттук проекти" эмес экен, 1992 - 1996 - жылдары ошол оор заманда деле Шамалды-Сай ГЭСи курулуп бүткөрүлүтүр, Токтогул ГЭСи толук капиталдык оңдолуптур, энергетика жабдуулары эскирип-чирип деле кетпептир, бир-эки эмес жакынкы он жылда дагы эч кандай катастрофа болушу мүмкүн эмес экен. Анан эмне себептен улам Бакиев ушунча жанын жеп, кашкайган фактыларды чычайа танып, карандай калп айтууга мажбур болуп жатат? Жообун билген киши барбы?
Энергетикага байланыштуу үчүнчү жомок: Энергетика тармагы чыгашалуу, кошумча көп каражатты талап кылат, мамлекет начар кожоюн, ошондуктан бир сомго болсо да сатып жибериш керек, жеке менчикке алган адамдар оңдоп-түзөп, Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз калышат деп ошол эле К.Бакиев, Д.Үсөнов баш болгондор саймедиреп жүрүшөт.
Бул жөө жомогу дагы суу кечпеген калп. Биринчиден, мамлекет начар кожоюн эмес, ошол мамлекетти башкаргандар начар. Экинчиден, энергетика Кыргызстанда эч качан чыгашалуу болбойт. Ошол эле академик Карыпбек Алымкулов баш болгон адистердин айтымында энергетика тармагы 2002-жылга чейин "Кыргыз энерго" деген бир эле ишкана болуп турган, 1998-2001-жылдардын ичинде 3.3 млрд. сом таза пайда тапкан. Ал эми ишкана менчиктештирилип, ар башка жети ишканага бөлүнгөндөн тарта 2002-2005-жылдары 3 млрд. сомго жакын чыгаша болгон.
Энергетика тармагы боюнча белгилүү эксперт Николай Кравцов мындай дейт:
- В 2006 году я в составе правительственной комиссии участвовал в проверке АО "Электрические станции" Результаты интересные: данные АО и энергетической таможни о поставках электроэнергии за рубеж не сходятся. Разница - несколько десятков миллионов киловатт-часов. Таможня потом свои данные подкорректировала, но 2,24 миллиона кВт/часов все равно "повисли". Мы еще тогда заподозрили, что есть несанкционированный экспорт электроэнергии. По моим оценкам, он составляет около 5 миллиардов кВт/часов в год на сумму около 100 миллионов долларов.
Эксперттердин айтымында мына ушундай уурдап сатуунун көлөмүн жабуу максатында бизди карайлатып караңгыда жашатып, үч жылдан бери кыйнап жатышат энергетиканы тейлеген шылуундар. Өздөрү болсо миллиондогон долларларды чөнтөккө солоп жатышат.
Мына кашкайган чындык. Өздүк баасы 7 тыйын болгон электр энергиясын мурда 75 тыйындан, азыр 1 сом 50 тыйындан сатып элдин жонунан кайыш тилип жатышпайбы. Анан кайдагы чыгаша, баа он эсе, жыйырма эсе жогору болуп турса? Дагы кандай товар бар, кызыл кулактык менен мындай баада сатылган? Бүгүнкү күнү кандай жол менен, кайсы ыкма менен тарифти эсептеп чыктыңар деген суроого бирөө да жооп бере албайт. Чет жакка күркүрөтүп сатып жаткан, ички тармактан дагы кудайдан коркпой уурдап жаткан энергиянын баасын жалган жерден элге шылтап, эл төлөбөй жатат дешип жыл сайын миллиарддаган сомду "списание" кылып жатышат.
Кандай карабайлы, биздин шартта электр энергиясынын баасы эл үчүн ашып кетсе 45 тыйын болушу керек. Азыр 1 сом кылалы, анан бир-жыл мораторий кыла туралы дегендей пикир таратканы жатышат, айласы кетип калган бийлик. Ачык айтуу керек, мындай чечим эптеп элди алдап, бийликти сактап калууга карата кылынган митайым амал.
Энергетика тармагын ууру - кескилерден тазалап, бирдиктүү бир ишканага айлантып, башкарууну жакшыртуу менен эле иштетип кетүүгө боло турганы айдан ачык.
Урматтуу мекендештер! Жомок айтканды койгула, жалпы улуттук байлык болгон энергетика тармагынан суук колуңарды тарткыла, асмандатып койгон тарифтериңерди жокко чыгаргыла, энергетика ишканаларын сатууну токтоткула, келечекке карата кыянаттык кылбагыла! - деп Курманбек Бакиевке жана анын шылуундарына ачык айтууга мезгил келди.
Эмилбек Каптагаев
"Улуу Биримдик" улутчул-демократиялык партиясынын лидери,
БЭКтин төрагасынын орун басары








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Роза Отунбаева:
- Мына бүгүн эле бир топ эле жогорку эшелондогу чиновниктер биз менен мамиле түзгөнгө аракеттенүүдө...

2-бет
Бастырганды билбеген жолду бузат,
башкарганды билбеген элди бузат

3-бет
Казактар Камбар-атага каршы чыкты
4-бет
САЯСИЙ "СОЙКУЛУКПУ" ЖЕ САЯСИЙ БЕЧЕЛДИКПИ?
5-бет
Асмандаган өрдөктөрдү учуруп…
6-бет
БИЙЛИК ЖОМОКТОРУ
ЖАНА АЧУУ ЧЫНДЫК

7-бет
XI Элдик Курултайдын талаптары
8-бет
"Эне катары бул күрөшкө чыгууга мажбур болуп турамын"
9-бет
2005-жылдын 24-мартындагы революция
өз максатына жеттиби?

10-бет
Кылымдын кылмышы, же криминал "жүгөндөгөн" өлкө
11-бет
Кара дуба
12-бет
"Кырчаңгы" болгон мыйзамды, билген адам тыңдайбы?..
13-бет
Курултай Бакиева отдельно,
а народ отдельно?

14-бет
Сандан - санга
15-бет
Тагдыр эй, сыздаткан
16-бет
Мен өзүмдү таш күзгүдөн карасам