XI Элдик Курултайдын талаптары
(2010-жылдын 17-марты)
1. Электр энергиясына, жылуулукка, жылуу жана муздак суу менен камсыз кылууга коюлган жогорулатылган тарифтер, сугат сууга жана жайыттарды пайдаланууга жогорулатып чектелген төлөмдөр жокко чыгарылсын.
2. "Түндүкэлектро" жана "Кыргызтелеком" ишканаларынын сатылышы мыйзамсыз деп табылып жокко чыгарылсын, энергетиканын башка объектилерин ("Ошэлектр", "Жалалабадэлектр", "Чыгышэлектр" ж.б.) сатуу токтотулсун.
3. Генерал Исмаил Исаков, Эркин Булекбаев, Уран Рыскулов, Сапар Аргымбаев акталып, камактан бошотулсун, Балыкчы шаарынан жана Ноокат районунан жазыксыз соттолгондор акталсын, Аликбек Жекшенкулов менен Кубанычбек Кадыровду куугунтуктоо токтотулсун. Саясый репрессиялар менен террорго жол жок!
4. Конституцияга өзгөртүүлөр кайра кайтарылып алынсын, Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик жана башка мыйзамсыз түзүлгөн мамлекеттик органдар жоюлсун.
5. Бакиевдин балдары Максим менен Марат, бир туугандары Жаныш, Адыл жана Марат ээлеп турган мамлекеттик кызматтарынан бошотулсун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишине кийлигишүүсү токтотулсун.
6. Бакиевдердин үй-бүлөсү жалдап алып келген чет элдик аферист Евгений Гуревичтин, анын шериктеринин, ага тиешелүү компаниялардын Кыргызстандагы ишмерлигин териштирүү үчүн оппозициянын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын комиссия түзүлсүн. Гуревич баш болгон шумпайлар өлкөнүн байлыктарын, акча-каражаттарын акыркы жылдарда эч көзөмөлсүз башкарып келгенинин кесепеттери аныкталсын.
7. Сөз эркиндиги жанан массалык маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгы калыбына келтирилсин, журналисттерди коркутуу, сабап кетүү токтотулсун, "Азаттык" радиосунун берүүлөрү бүтүндөй өлкөгө уктурулсун, көз карандысыз интернет сайттарга чектөөлөр токтотулсун, мамлекеттик радио жана телеканалдарда оппозициянын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнө атайын убакыт бөлүнүп берилсин.
Эл өз талаптарынын аткарылышын 2010-жылдын 24-мартына -
Элдик революциянын күнүнө чейин күтөт.
Эгерде коюлган талаптар аткарылбай турган болсо ар бир аймакта эл бийлигин калыбына келтирүү маселесин чечүү максатында Элдик Курултайларды өткөрүүгө элдин конституциялык жактан толук укугу бар. Эгемендүүлүк менен бийликтин бирден бир ээси эл.




Унутта калган
улуу акын
Кыргыз элинин жазма адабиятында омоктуу орун ээлеген, адабиятыбыздын тарыхында жаңычыл (новатор) акын катары калкыбыз кастарлаган Алыкул Осмонов мындан 95 жыл мурда 21-мартта жарык дүйнөгө келген. Аттиң, азыркы бийлик аты-жыты белгисиз нечендердин мааракесин өткөрүп келгенине көбүбүз күбө болуп келдик. А улуу акынды унуттукпу?..

Ал эми калкыбызга аттын кашкасындай таанымал улуу акынды сасык саясат менен алп урушкан бийлик эмес, маданият агентчилигинин башчысы И. Жунусовдун жана Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзунда төрагалык мансапты талашкан "аттуу-баштуулардын" эң кур дегенде эскерүү кечесин өткөрүп коюуну эске албаганы азыркы "ак сөөктөрдүн" рухий жан дүйнөсүнүн канчалык жакырланганын көргөзүп жатпасын? Саясат өз жолу менен, ал эми элибиздин жан дүйнөсүн тазалаган залкар акындын чыгармалары духовный байлыгыбыздын башаты болгонун ойлобогондугубуз биздин маңкуртчулукка дагы бир кадам жасагандыгыбыз болуп жүрбөсүн?
Чексиз бийлик, мансап, байлык үчүн жан үрөшкөндөн улам көздөрүн май баскандардын, же түбөлүк "киргизге" айлангандардын акындын "ооруп жатып ыр жазганын" мындай коёлу, Алыкул Осмонов ким экенин кайдан билсин, атаганат! Болбосо, залкар акынды унутка калтырмак эмес. Ызы-чуулуу "Ынтымак Курултайына караганда акындын эскерүү кечесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүшсө, элибиздин сөөгү агарып, акындын окурмандарынын бийликке ишеними жогоруламак. Маданий тармактын ишмердүүлүгү жөнгө салынып келе жатканынын айкын мисалына айланмак. Улуу акынга жасалган кайдыгер мамиле, тетирисинче, азыркы бийликтин камырабастыгы эмес, анын табиятынын сокурдугун дагы бир ирет тастыктап койду көрүнөт.
"Азаттыкта" белгилегендей А. Осмоновдун Совет доорунда диний ишенимдерге байланыштуу алынып салынган, эч жерде жарыяланбаган чыгармалары да, түп нускадагы кол жазмалары да оңдоосуз түрдө Бишкектеги "Бийиктик" басмасында үч томдук көлөмдө басууга даярдалган экен. Эң кур дегенде акындын ушул томдуктарын 95 жылдыгына карата жарыкка чыгарып, окурмандарга тартууласа бул дагы бийликтин бир зор утушу болмок.
Мамлекеттик жана коомдук уюмдар А. Осмоновдун 95 жылдыгына атайын иш-чараларды, же поэзия кечелерин өткөрбөдү. Ал эми "Калемгер" адабий клубунун мүчөлөрүнүн Алыкул тууралуу даректүү тасма тартууга, "Алыкул көркөм сүрөттө" сүрөт сынагын өткөрүүгө, "Алыкулдун ак боз ат" поэзия фестивалын өткөрүүгө демилгеси материалдык жактан да, моралдык жактан да колдоого алынган эмес. Чынында, мындай кечелерди кандайдыр бир адабий клуб эмес, маданият агентчилиги жана КРнын Жазуучулар Союзу уюштурушу керек эмес беле? Атактуу акынга жасалган ушул кайдыгерлик алардын идириктүү иш аткарбай турганын көргөзүп жаткан жокпу? Деги эле өз ишин аткара албаган мындай мекеме-уюмдардын зарылдыгы барбы? Бул көрө албастыктан эмес, күйгөндөн кийинки чыккан сөзүбүз болуп отурат.
Учурунда Алыкул Осмонов атындагы сыйлык уюштурулган, ал дагы унутта калды. Акындын чыгармалары 1986-жылдан бери басылып чыгарылган жок. А акындын чыгармалары мектеп жана жогорку окуу жайларынын окутуу программасына киргизилген менен 24 жылдан бери басмадан китептери чыкпаса, кайран акын агабыздын ким экенин азыркы "киргиздер" гана эмес, жалпы кыргыз билбей калуу коркунучу пайда болууда десек жаңылыштык болбос.
Кудайга шүгүр, бийлик жана анын бутактары, маданият агентчилиги жана Жазуучулар Союзу А. Осмоновду унутса да, акындын талантына таазим кылган жаштарыбыздан уучубуз кур эмес экен. Алар өз демилгелери менен акындын 95 жылдыгына карата 21-мартта акындын Ала-Арчадагы кабырына барып, ал жердин тегерек-четин тазалап, А. Осмоновдун арбагына атап куран түшүрүшүп, ага арнашкан ырларын окуп кайтышкан.
"Калемгердин" жетекчиси Мирлан Самыйкожонун пикирине таянсак, өлкөнүн маданият А. Осмоновго мындай көңүл кош мамилеси элибиздин көңүлүн оорутат. Абдан өкүнүчтүүсү - залкар таланттарга жасалган кайдыгерлик акыры маңкуртчулукка алып барат. Бул өтө коркунучтуу, анткени өз адабиятын билбей калган элдин жан дүйнөсү жакырланат, анын аягы адамдардын эне тилин да, дилин да жоготуусуна алып келет.
Бийликтин мындай терс мамилесинин алып келер зыянын башкача баалоо да мүмкүн эмес. Көрсө, А. Осмонов: "Мен сыяктуу жакшылыкка март эмес,
Адам деген өзүм дейт тура, бечара!" - деген ыр саптары биздин азыркы мезгилдин оор илдетине алдын-ала берген баасы көрүнбөйбү?..

Эртабылды АТТОКУРОВ