Роза Отунбаева,
Элдик Курултайдын чечимдерин ишке ашыруу боюнча
Борбордук аткаруу комитетинин төрайымы:
"Эне катары бул күрөшкө чыгууга мажбур болуп турамын"
Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында өткөн Элдик Курултай бийликке жети талап койгонун мурдагы саныбызда жазган элек. Эл ал талаптарга жоопту К.Бакиевден, ал чогултуп жаткан "дүжүрлөрдүн" Курултайы деп аталган жыйындан күтүп калды. Ошондуктан 23-мартта Филармониянын чоң залына чогулган миңге чукул киши оппозиция койгон эң көйгөйлүү маселелерди талкуулабай койгонго аргасы жок. Талкуулап туруп, так жооп берүүгө алар мажбур. Бул шартта оппозициялык күчтөр Элдик Курултайдын туусу алдында биригип туура кадам жасашты.
Экинчи туура кадам ошол Курултайдын чечимдерин турмушка ашырууну уюштуруу максатында Борбордук аткаруу комитетинин түзүлүшү, ага Элдик Курултайдын (демек жалпы элдин) атынан аракет кылуу укугунун берилиши болду. Аткаруу комитетинин төрайымы болуп Жогорку Кеңештин депутаты Отунбаева Роза Исаковна шайланды.
Саясий эксперттердин айтымында оппозициялык күчтөрдүн бул чечими азыркы кырдаалга абдан шайкеш кабыл алынган. Роза Исаковна Кыргызстан ичинде гана эмес дүйнөлүк аренада белгилүү саясий жана дипломатиялык ишмер. Илгери, Советтер Союзу тушунда эле Кыргызстандын Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, СССРдин Элчиси, Союздук Тышкы Иштер Министрлигинин коллегиясынын мүчөсү, бөлүм башчысы болуп кызмат өтөгөн. Кийинки көз карандысыз мамлекет болгон мезгилде эле эки жолу Тышкы иштер министрлигин жетектеди, ООНдун атайын өкүлү болуп Грузияда жүрдү, Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы, Улуу Британиядагы элчиси болду, анан 2005-жылкы революциянын "локомотиви" болуп эң оор жүк аркалады. Азыр Социал-демократтар партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясын жетектеп жатат. Мына ушундай эл аларык аброю өтө жогору, артында чатак иштерге байланыштуу, жеп-ичип алды дегенден алыс, таза киши азыр оппозициялык күчтөрдүн башында болуп калышы да бекеринен эмес чыгар. Ушундан улам эл ичинде Отунбаева президент болот экен деген да сөз тарап кетти. Биз Роза эжебиздин өз оозунан жооп угалы деп кайрылып калдык.

- Роза Исаковна, Элдик Курултай тарабынан түзүлгөн Борбордук Аткаруу комитетинин негизги милдеттери кайсы?
- Азыркы шартта Бакиев башында турган бийлик элдин ишеничинен таптакыр кетти. Эл жапа тырмак нааразы болуп турат. Бул бийлик өткөн шайлоолордо элдин накта эркин тебелеп-тепсеп, жыйынтыктарын бурмалап-фальсификациялаганын жалаң биз эмес, эл аралык байкоочулардын баардыгы айткан. Шайлоодон кийин реформаларга аттанабыз деп жар салышты - башкаруу болуп көрбөгөндөй эффективдүү болот деп. Анан башталды: бул бийлик алды-артын карабай эле баары-жокту сатып, акча-каражаттарын өз билгениндей пайдаланып жатат. Камбаратанын курулушуна бюджеттен кеткен миллиарддаган сомдорду текшерген эч ким жок. "Манас" аскер базасына келген 60 миллион доллардын дайыны жок, ал жердеги бензиндин эсебин да катуу жашырышат, акчасы өкмөткө түшпөйт сыягы. Аз келгенсип чет элдик мафиялык топтордун адамдарын ичибизге киргизишти. Гуревич, Березовский, Надель, Белоконь сыяктуу шылуундар болгон байлыкты көзөмөлсүз башкарып жатышат. Гуревичин Италия бийлиги камакка алынсын, 3 миллиардга жакын уурдаган акчаны ордуна койсун деп Кыргызстанга издөө салды. Бул азыркы бизде жүргөн мафиозилердин жоруктарынын жүздөн бири эле, айтылып ачыкка чыкканы. Ак Үйдүн кожоюндары болсо биз Гуревичти билбейбиз, тааныбайбыз, аны менен эч качан эч кандай иш алып барган жокпуз деп бет тырмалык кылып жатышат. Өз калкына "өлсөң өл, тоңсон тоң" деп, тарифтерди асманга жеткизген, элдин байлыгын арзан баага саткан бийлик кайсы бети менен элдин камын көрүп жатабыз дейт? Булардын кылгылыктарын эл көрбөсүн-укпасын деп "Азаттык" радиосунун үнүн бууп, эркин гезиттер "Форумдун" нускаларын каратып туруп тартып алса, кечээ эле "Ачык саясат" менен "Назарды" жаап, бийлик кара пиарга өтүп, жүз миндеп өздөрүнүн "ылай" гезиттерин элге бекер таратып, жанталашып жаткан кези. Элдин чыдамы кетти, азыр ызырынып турган маалы. Биз Элдик Курултайда ачык эле айтпадыкпы. Эгерде бийлик элдин талаптарын аткарбай турган болсо, эл баардык жерде өз бийлигин орнотуп алууга толук укугу бар деп. Анткени Конституцияга да ылайык, жалпы адам заттын мыйзамына да ылайык - бийликтин жалгыз булагы - бул эл! Борбордук аткаруу комитети мына ушундай оор кырдаалда, мамлекетибизге коркунуч жаралган учурда, элдин камын көрүү үчүн, элдин талаптарын аткаруу үчүн жер-жерлерде өзүбүздүн бөлүмдөрдү түзүп, Бакиевдердин үйбүлөлүк бийлигине каршы күрөштү уюштуруу үчүн түзүлдү.
- Мына, Элдик Курултай койгон жети талаптын аткарууга берген мөөнөт 24-мартта бүтөт. Биз марттын 25-нен тарта жер-жерлерде уюшкандык менен нааразычылык акциялары башталат деп күтсөк болобу?
- Ирети менен жооп берейин. Биринчиден, биз зордук-зомбулукка таянбастан, бул күрөшүбүздү эл-аралык принциптерге, моралдык-руханий балуулуктардын күчүнө таянабыз. Бакиевдер элди коркутуп-үркүтүп, жаштарды сабап, лидерлерди камап, бийликти сактап калабыз деп турушат. Бакиев өзү айткандай, "бийлигимди автомат менен коргойм, Ак Үй үчүн атышабыз" деп, баардык күч органдарын ошого даярдап жатышат. Мен буларга мындай деп кайрылгым келип турат: "Отура бергиле коркпой эле, креслолоруңарды кучактап! Элдик бийлик бул силер булгаган кабинеттерде эмес! Элдик бийлик - элдин жүрөгүндө! Эл силерден эчак эле түңүлгөн. Мурун унчукпай, далысын салып, керек болсо өлкөдөн да чыгып кетип жатышты биздин жарандар. Азыр болсо- тажадык, булар качан жоголот деп ачыктан ачык чыгышты. Элдин моралдык позициясы - биз бул мыйзамды тебелеген, элдин мүлкүн мафияга талаткан,бийликти ээнчилеп, калкты малдай көргөн адамдарга баш ийбейбиз дегенде болот. Мындай позиция - ар бир адамдын укугу!
Экинчиден, Элдик Курултайда айтылгандай, биздин эң негизги максат - жалпы элдин баарын бириктирип, тарыхый түп-тамырынан өзгөртүүлөрдү жүргүзүү. Ошондуктан комитеттин бирден-бир башкы максаты - бул жакынкы келечекте мекенибизде авторитардык башкаруу эч качан кайтарылбагандай кылуу. 2005-жылы Акаевдин ыйгарым укуктарын Бакиевге толук өткөрүп берип коюп, аягы эмне болду?! Мындай катаны биз эми кайталабайбыз. Азыртадан, пункт-пункту менен тизмелеп, кандай кадамдар жасалат, кандай чечимдер кабыл алынат деген программаны даярдоодобуз.
Азыркы бийлик аягында өзү менен өзү гана калат. Мына бүгүн эле бир топ эле жогорку эшелондогу чиновниктер биз менен мамиле түзгөнгө аракеттенүүдө. Жергиликтүү органдарда андан бешбетер. Бул бийлик үчүн жерге башын сайчу деле киши жок учурда.
Борбордук аткаруу комитеттин милдети - бул жалпы коомдук-саясий күчтөрдү бириктирип, региондор менен тыгыз байланышта, элдин мүдөө-талабын аткаруу болуп эсептелет. Элдик бийликти калыбына келтирүүгө багытталган аракеттерди толук колдоого биз даярбыз. Биз эч кандай провокацияларга барбайбыз. Биз бийлик менен күч сынашпайбыз! Биз моралдык жеңишке жетиштик! Эртең-бүрсүгүнү бул факт элдин ичинде дагы, эл аралык аренада дагы ачыкка чыгат.
- Борбордук аткаруу комитетинин ишине кимдер катыша алышат, курамы кандай тартипте аныкталып жатат?
- Курултайдын чечимине ылайык биздин максаттарды колдогон бардык партиялар же коомдук уюмдар өз өкүлдөрүн сунуш кыла алышат, ошондой эле иш планыбызга сунуштарын берүүгө акылуу. Жеке адамдар, жамааттар, махаллалар кошулса - эшик ачык. Биз заманды оңдойлу деген бардык күчтөр менен иштешүүгө даярбыз.
- Эл ичинде кийинки президент Отунбаева болот экен деген сөз да айтыла баштады. Буга сиз кандай карайсыз?
- Азыркы күрөш - бул жөн эле койкоюп сахнага чыгып, менин артыкчылыгым мында, же тигинде деп тайраңдай турган заман эмес. Азыр биринчиликке талапкерлердин ат-чабышы болуп жаткан жери жок. Элдин келечеги бүдөмүк болуп турган кезде, "эй, туугандар, президенттике аттанбай, элди сактап калалы! Кудай бизге энчилеп берген жерлерибизди, мамлекетибизди жоготуп албайлы" дегендердин баарын бизди сынабай, үйдө эле үшкүрүп, бийликти жамандап коюп олтурбай, биздин катарга кошулууга чакырам! Мен иштечү жердин баарында иштедим, супердержава болуп турган СССРде да, Бириккен Улуттар Уюмунда да. Азыр бир да киши мени көзгө чукуп "ошол кезде антип койдуң, минтип койдуң" деп айта албайт. Мен оппозицияда бийлик үчүн, же байлык үчүн жүргөн жокмун: Мен өзүмдүн гана жеке кызыкчылыгым үчүн мындай опурталдуу ишке бара жаткан жокмун. Үйдө отуруп, конокко барып, тойдө отуруп, сиз-биз деп сый-урмат көрүп жүрсөм - мага деле жарашат эле. Эне катары бул күрөшкө чыгууга мажбур болуп турамын. Ушундай катаал шартта эл мага ишенип, менин уюштуруу иштерин жетектөөдө сапат-мүмкүнчүлүктөрүмдү эске алуу менен Аткаруу комитетинин төрайымы кылып шайлаганы - мен үчүн чоң жоопкерчилик деп сезем. Азыр сөз президенттик же башка кызмат жөнүндө эмес, азыр сөз Кыргызстанды мафиянын чеңгелинен куткарып калуу жөнүндө болуп жатат.
- Борбордук аткаруу комитетинин алгачкы кадамдары кандай багытта болмокчу, Курултайдан кийин эл сиздерден чечкиндүү иштерди күтүп жатат да.
- Биз бардык аймактарда өзүбүздүн комитеттерди түзүп, өкүлдөрүбүздү дайындайбыз. Ар бир облуста, керек болсо ар бир айылда өз алдынча башкаруунун элдик органдары түзүлүп, жергиликтүү маселелер толугу менен ошол жерде чечилгени туура болот деп ойлойм. Баардык булуң-бурчта эмне болуп жатканы, өлкөнүн жалпы турумун билүү, ар кандай саясий-коомдук күчтөрдүн аракеттерин координациялоо үчүн абдан көп аракет жумшалат. Бул биздин жумушубуздун өзөгү. Ошол эле учурда биз эмки кадамдарыбызды ойлоп, негизги саясий күчтөр макул болгон планды иштеп чыгабыз. Макулдашылган программа элге ачык жарыяланат. Ал программада элдик бийликтин негизги максаттары эмнеде экени, кайсы баалуулук-принциптердин негизинде иш алып бара турганыбыз, мындан тышкары, бийликти демократиялык нукта түптөө, мыйзамдын күчүн, элдин бийлигин калыбына келтирүү боюнча 10-15 конкреттүү кадамдарыбызды так жана ачык билдиребиз. Биз үчүн бул абдан маанилүү кадам, анткени биз азыр сүйлөшүп, жалпы элдин батасын алышыбыз керек. Кеп, дагы бир жолу кайталап койоюн, бул бийликти кетирүүдө гана эмес. Кеп биз мамлекетти кайсы багытта, кандай жол менен алып барабыз деген суроолордун тегерегинде бир болушубузда. Биз бир үйбүлөө же башка кандайдыр бир клан кайрадан бийликти басып, ээлеп ала албай тургандай механизмдерди жасашыбыз керек. Калыс, акыйкат жана адилет бийлик орнотууну, байлыктарыбыз бир кишинин чөнтөгүнө эмес, жалпы элге, ар бир үйбүлөөгө иштей тургандай тартипти калыптандырууну көздөөгө тийишпиз. Максатыбыз ушул.
Маектешкен
Эрнис Балбаков