Уурусу күчтүү болсо...

Боордош элдеги бороон...
Кечээ жакында Алма-Атага ал жактагы мигрант кыргыздардын чакыруусу менен барып келдик. Кыргыз мигранттарынын козгогон негизги көйгөйлөрүн гезитибиздин өткөн саныбызда кыскача жазган элек. Бирок, Алма- Ата шаарында андан башка да көрүп-угуп билген, зээниңди кейитип, "жүрөк кылдарын черткен" бир катар көйгөйлүү маселелерди да жалпыга жарыя кылып коюу биздин милдетибиз.

Генадий Павлюктун өлүмү чоң себепкер болду
Алма-Ата шаарында ушу тапта биздин мамлекетке (айрыкча бийликке) түздөн-түз тиешелүү бир катар маселелер кызуу талкууга алынып жаткан кези. Мен ал маселелерди ал жактагы кыргыз мигранттарынан да жана бизди өз үйүндө коноктогон Алма-Ата шаарынын Айна-Булак районунун ИИБдө тергөөчү болуп иштеген, (Кыргызстандын түштүгүнө күйөө бала болот экен) Мамыржан аттуу орто жаштагы адамдан да уктум. Мамыржан өзү жалпысынан 9 жыл чет мамлекеттерде илимий жана диний билим алган абдан билимдүү адам. Башкасын айтпаганда да кыргыз-казак алакалары тууралуу маалыматы кенен экен.
Мамыржан өз сөзүндө баарынан да казак бийлигинин аброюна Кыргызстандык белгилүү журналист Генадий Павлюктун өлүмү чоң шек келтиргенин баса белгилеп, казак күч структураларынын бардыгында, ошол учурда атайы жогорку жактын көрсөтмөсү менен (ич ара) чукул жыйындар өткөнүн айтты. Жыйында кыргыз тарапка көптөгөн сөздөр айтылыптыр. Албетте, ал мага баарын айтып берген жок. Ошол чуулгандуу окуядан тарта казак бийлиги кыргыз бийлигине "тиш кайрап", ачыктан-ачык эле ар кандай кадамдарга бара баштаган. Казак бийлигинин андай биринчи кадамы Казакстанда иштешкен кыргыз мигранттар биздин бийлик эсептеп айткандай 80 миңге чукул мигрант (бул цифра чындыгында азайтылып айтылган) эмес, тагыраагы 120 миңге чукул мигранттарга көргөзүп жаткан ар кандай кысымдары болуп эсептелет. Учурда казак бийлиги кыргыз мигранттарын Казакстандан сүрүп чыгаруунун ар кандай айла амалдарын көрүү менен алек боло баштаптыр. Казак бийлиги кыргыз мигранттарын (айрыкча жаштарын) көргөн жерде эле баса калып, ойдон чыгарылган документтерди талап кылып, камакка алышууда. Камактан чыгуунун баасы 10 миң теңге (3000 сом) же акча бербегендер үчүн депортация. Мисалы: казактар азыр айына 400гө жакын кыргыз мигранттарын өз мекендерине кайтарып жатат. Ошол учурда казак өлкөсүндө жүрүшкөн башка улуттардын мигранттарына мынчалык кысым жок экени айтылууда. Астанада да дал ушундай көрүнүш орун алууда. Казак жергесинде мыйзамдын чегинде иштей берүүгө кеңири уруксат берилген. Казак полициясы алардын артынан кууп, тапкан-ташыганын да тартып албайт экен. Мигранттарды "ой, казак-кыргыз эли силер бир тууган элсиңер го, казактар кыргыздарды эмне мынча кордошот "- деп чыны менен жакасын кармап таң калышат. Ал эми Астанадагы Жаныш Рустамбеков жетектеген кыргыз элчилиги бул маселеге келгенде эшектин тушагын да чече албастыгы көрүнүп эле турат. Алма - Атадагы кыргыз консулдугунун дагы бир мигранттын арасынан "жардам алдым" деп айткан адамды табуу кыйын. Мамыржан да: "Павлюктун өлүмүнө Кыргызтандын чалгындоо кызматкерлеринин тиешеси бар экендиги айтылгандан бери, казак бийлиги кыргыз мигранттарын ушинтип "эркелете" баштады"- дейт. Ошентип шордуу Генадий Павлюктун өлүмү миңдеген кыргыз мигранттарына терс таасирин тийгизүүдө. Күнөөлүү ким? Акыры жоопко тартыла турган күн да келер? Балким жакындап деле калгандыр?
"24 миң сом да кеппи…"
Казактар биздин Ысык-Көлдө жайгашкан төрт пансионаттын өздөрүнө өтүшүн кадыресе көрүнүш катары кабылдашыптыр. Казактар Генадий Павлюктун табышмактуу өлүмүнүн сырын "сокур ит бок жалаганча" эле жандырышып коюшканда, кыргыз бийлиги, казак бийлигинин астында "жалпактай" башташканы чын экен. "Павлюкту биз өлтүргөн жокпуз"-деп тике айтып, алардын дооматын да четке кага алышкан жок. Күнөөсүн мойнуна алышкандай, унчукпай "тултуюп" келатышат. Ошондой ыңгайлуу учурдан пайдаланып, казак бийлиги, кыргыз бийлигинен мурда-кийин козголуп келаткан Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын башын биротоло бошотуп да алышты. "Биротоло" дегенибиз, төрт пансионат жайгашкан 59 гектар жер казактарга 49 жылга ижарага берилди. Гектарына болгону 24 миң сом төлөө маселеси каралды. 24 миң сом бай казактарга акчабы? Керек болсо, колдорунда көтөргөн уюлдук телефондорунун (көпчүлүгүнүн) баасы ошол сумманы чапчыйт. Бул пикирди маектешим Мамыржан да тастыктады. "Бул маселе Нурсултан Назарбаевдин эле жеңиши эмес, бүткүл казак элинин жеңиши. Ысык-Көлдөн жер алуу ар бир казак үчүн өтө маанилүү жана сыймыктуу! Бирок, Павлюктун өлүмү болбосо деле, кыргыз бийлиги ал пансонаттарды берүүгө куштар болчу, тек гана Павлюктун өлүмү бул маселени ыкчамдатып гана койду" - дейт. Мен Мамыржандын бул кашкайган чын сөзүнө эч кандай жооп айта алган жокмун. Негизги чындык ал тарапта болуп жатса, кайсы каадалуу жоопту айтмак элем?
Айтматовдон башканы билбеген кыргыз окуучулары...
Мамыржандын экинчи класста окуган Диана аттуу тыкылдаган өтө тың кызы бар экен. Жуп жөнөрүбүздө ал биз менен кыскача маектешип калды. Чындыгында өзүнүн энеси Айгүл кыргыздын кызы да. Ал эми атасы Мамыржан накта казак. Ал өзүн эч качан кыргызга жээнмин деп ойлобойт дагы, ата-энеси айт десе дагы айтпайт. "Мен нукура казакмын! Эч кандай кыргызга жээн эмесмин. Бирок, кыргыз тили биздин тилге окшош эле, мен кыргызча билем"- деп ал мени менен кыргызча сүйлөштү. Маңдайыма олтуруп алып, (ага бирөө атайы айттырып койгондой) түз эле: "Байке, силерде жер сатканга боло берет, ал эми бизде жок. Такыр болбойт!"- деп суроолуу сүйлөп баштады. Чынын айтайын кичинекей казак кызынан бул сөздү угуп алып, кызарып- татарып жаман болуп кеттим. Уккан кулагыма ишене албагандай болуп, ага тигиле карап: "Сага бул сөздү ким айтты?"- деп сурадым. "Биздин эжей мектепте ушинтип айткан, көп эле туура эмес окуяларды кыргыздарга салыштырып айтып берет"- деп тыкылдады. Муну угуп алып, оозумдан сөзүм ыргып кетти. Экинчи кичинекей Дианага суроо берген жокмун. Бешиктен бели чыга элек казактын мындай кичинекей кыздарынын эмитен мекенчил болуп өсүп жатканына бир чети суктандым, бир чети ардандым. Таякелерин тааныбаган жээндерибизге шылдың болуп, шылынып бүткөн экенбиз да, кайран кыргыз! Биздин мугалимдер биздин балдарды ошондой мекенчил кылып тарбиялоого дарамети жетеби? Же баягы эле көнүп калган көнүмүштөрүнө салып жүрө беришеби?
Алма-Ата шаарында эле болжол менен 20 миңден ашуун кыргыздар жашайт. Алардын көбү соода-сатык иштеринин кыныгын алышкандар, алды 10, 15 жыл мурун эле Алма-Атаны экинчи мекени катары санап калышкан. Бир тобу казак жарандыгын да алып, турмушу жакшы экенин сыймыктануу менен айтып, биротоло калышаарын жашырышкан жок. Ошондойлордун катарындагы Алмаз аттуу 35 жаштардагы жигитти кепке тарттым. "Бул жерде иштеп жатканыма, 10 жылдан ашып кетти. Жашообуз Кудайга шүгүр! Өзүм бир чоң фирмада электро-монтажник болуп иштейм. Айлыгым жетиштүү эле, Оштогу атамдарга жана бир туугандарыма дагы колдон келишинче жардам берип турам. Бул жакта мектепте эки кызым окуп жатат. Кыздарым мыкты окушат. Бул жакта биздикине салыштырмалуу билимди жакшы беришет. Улуусу 8-класс. Жылына (ата-энелер фондуна жана ремонтко) 5 миң тенге төлөйбүз. Бирок, мени өкүндүргөнү кыздарым өз өлкөлөрүнө көп тартылбай калышты. Анча деле кызыга беришпейт. Мисалы: кыздарымдын экөөсү тең, Айтматовдон башка кыргыздын атактуу адамдарынын бирин да билбей калышты."-дейт. Көрдүңүзбү, урматтуу мекендеш! Ушундай көрүнүштөргө кантип зээн кейибесин? Ушул темп менен өсүп олтурса, казак өлкөсүндө окушкан жүздөгөн кыргыз балдары акыры -түбү кыргыз болуп жыргатып беришеби деген суроо туулбай койбойт.
Беш миллион долларга өткөн туулган күн...
Маектешим Мамыржандын айтуусуна караганда казак элине 2012 жана 2013- жылдары кыйын болушу мүмкүн. Анткени ошол жылдар казактардын мындан он жыл илгери алышкан олчойгон насыяларды төлөө убактысынын акыркы мөөнөтү экен. Көбү алигиче төлөй элек имиш. Ал эми президент Назарбаевдин калк ичиндеги кадыры бир калыпта болгону менен, акыркы убактарда казак оппозициясы да акырындап күч ала баштаптыр. Башкы оппозиционер Ж. Туякбайдын катарына М. Шаханов өңдүү бир катар кадырлуу адамдар кошула баштаганы буга далил экендигин айтышат. Айрыкча "оппозициянын жылдызы казак бийлиги кытайларга миллион (балким мындан аздыр) гектар жерди ижарага беребиз деп чыкканда, ага чечкиндүү каршылык көрсөткөндүгү үчүн элге таанылды" -дейт. Ушул эле окуяга удаалаш казак оппозициясы: жакында эле Назарбаевдин кичүү кызы Алиянын (Айдардын экс-келинчеги) туулган күнүн 5 миллион долларга өткөзгөндүгү тууралуу жазылган атайын баракчаларды элге таратышкан. Алияны куттуктоо үчүн дүйнөлүк жылдыздар Ж. Лопес, Б. Спирс келгендиги дуу болуп айтылууда. Өздөрү жөнүндөгү негизги кеп ушундай. Ал эми биз жөнүндөгүсүн жогоруда айттык. Кыскасы, казактар азыр бизди теңине албай, тескери карап турат. Буга ким күнөөлүү? Албетте, бийик чокуда олтурган бийликтин билерман адамдары деңизчи.
Айбек Шамшыкеев