Көйгөй

Аксаган мыйзам,
азапка түшкөн жаран
Замананын тардыгыбы, же азаптуу турмуштун жардыгыбы, айтор, азыркы күндө адамдардын ортосунда бири-бирин алдамай амалы менен акча жасамай адатка айланган. Айрыкча, кыймылсыз мүлктү сатып алууда чыр-чатактар күн санап күч алууда. Мамлекет тарабынан мындай талаштарды чечүүгө мыйзам иштелип чыккан менен, андагы карама-каршылыктар маселени адилеттүү чечүүгө тоскоолдуктарды жаратат да, сот адилеттүүлүгү даттанган тараптардын "капчыгынын" калыңдыгына жараша чечилип каларына калкыбыз өзү күбө болуп келет. Мына ушундай кырдаалга туш болгон Кызжибек Эшеналиева да биздин редакцияга келип, ички муңун төгүп кетти. Анда окуянын жүрүшүн окурмандардын ортосуна салып, ага болгон айрым пикирлерди айта кетсек айып болбос.

Бишкек шаарынын Термечиков көчөсүндө 67-үйдө жашаган Венера Сейтахунова Сокулук районундагы Күнтуу айылындагы Больничный көчөсүндөгү квартираны Суусамыр Боскеевден 14 000 сомго сатып алганга макулдашкан экен. Ошентип, 1997-жылдын 30-июлунда үйдү баалаш үчүн комиссия түзүлүп, алар бул квартираны 20 000 сомго баалашат. С. Боскеевдин электроэнергиясына 1500 сом карызы бар болгондуктан үй ошол күнү В. Сейтахунованын наамына катталбай калат да, сатып алуучу бул карызды төлөгөнгө С. Боскеевге 1500 сомду карматыптыр. Акчаны алган С. Боскеев үйдүн сатылганына карабастан, качып жүргөн экен.
В. Сейтахунова 2002-жылы К. Эшеналиеваны квартирант катары киргизиптир. Ал эми С. Боскеев бул үйдү 2005-жылы 15-апрелде К. Эшеналиевага сатып, мыйзамдаштырып берет. Ошентип, бул маселе боюнча В. Сейтахунова доо арыз менен Сокулук райондук сотко кайрылат. Доогердин айтымында үйдү каттоодон өт-көрүүгө андан С.Боскеев дагы 1000 доллар сураган. Ошону менен катар доогер кошумча арызында С. Боскеев менен К. Эшеналиеванын ортосундагы сатуу-сатып алуу келишимин В. Сейтахунова менен К. Эшеналиеванын ортосунда акчасыз болгондуктан, бүтүмдөрдү жараксыз деп таап берүүнү өтүнөт. (Арыздын негизинде алынды).
Ал эми бул доо арызды караган ошол кездеги Сокулук райондук соту Г. М. Мамбеткалиева 2009-жылдын 14-апрелде В. Сейтахунованын доосун толук канааттандырган токтомун токуйт. Калыстыкпы, же калпыстыкпы, ага жыйынтык чыгаруу биздин милдетибизге жатпайт, бирок процесстин жүрүшүндө КРнын ГПКсы бузулгандай таасир калтырат. Буга айрым контраргументтерди коюп көрөлү.
Сот процессинин жүрүшүндө доогердин үй ээси С. Боскеев менен расмий келишими кайсы негизде сот тарабынан аныкталганы табышмак боюнча калып отурат. Ошол эле учурда доогер В. Сейтахунованын арызында белгиленген "үйдү баалаш үчүн комиссия…" мүчөлөрү күбө катары сотко катышпагандыгы эмнени билдирет? Ошол эле учурда үйдү каттоого алууга үйдүн мурдагы ээсинин 1500 электроэнергияга карызы да куру шылтоо сыяктанат. Себеби, түрдүү шартка жараша коммуналдык тейлөөгө, электро жана жылуулук энергияларына, сууга жана башка карыздарын төлөп берүүгө кепилдик берип, сатып алуучу үйдү каттоодон өткөрүп алууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги сот тарабынан эске алынбагандыгы да күмөн ойду жаратат.
Доогердин арызында үйдү 1997-жылы сатып алгандыгы көргөзүлсө, анын доо арызы 2006-жылы берилиши жана доо коюу мөөнөтү өтүп кеткендиги (срок давности) сот тарабынан эске алынган эмес. Ырас, мында доогердин укугу басмырланмак деши мүмкүн. Бирок, бул ишти өндүрүшкө өткөрүүгө доогер Венера Сейтахунованын даттануу мөөнөтүн узартууга арызы тапшырылды болду бекен?
В. Сейтахунова бул үйдү сатып алганда үйдүн баасын комиссия аныктагандыгын эске алсак, ага Күнтууу айыл өкмөтүнөн кимдир-бирөө мүчө болушу керек эле. Демек, үйдүн сатылгандыгы тууралуу жергиликтүү бийликтин аныктамасы сот тарабынан суралышы керек эмес беле? Окуя болгон жердеги бийлик тарабынан доогердин дооматына ылайык тийиштүү тактамалар (справка) алынганбы? Деги, сот доогердин пайдасына кайсы расмий документациялардын негизинде чыгарганы белгисиз калып отурат. Жогорудагы суроолорго К. Эшеналиева жооп ала албагандыгын зар какшайт. Ал эми Сокулук райондук соту тарабынан кызыкдар тарап болгон К. Эшеналиеванын процесске катышпай калган учурда чечимди чыгарышында бир сыр бар көрүнөт. Буга чейин К. Эшеналиева сот процесстерине такай барып туруптур. Анын сөзүнө караганда чечим чыгарыларында В. Сейтахунова ага жолугуп, сот болбой калды деген экен.
Албетте, бул жерде биз дагы К. Эшеналиеванын сөзүн келтирип отурабыз. Сот чечимди кайсы документациялардын негизинде чыгарганы белгиленбестен, эки күбөнүн сөзүнө таянса, биз дагы К. Эшеналиеванын Чүй облустук сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясына жазган кассациялык арызынан белгилеп көргөзсөк күнөө болбос.
Ушул кассациялык арызда үйдүн мурдагы анык ээси С. Боскеев 15 000 сом соода бүтүмүн түзүүгө макулдашканын танбайт. Ошол учурда ал үйдө калган "10 устунду, 300 даана кымбат баадагы кирпичти, 10 метр арматураны, бир нече ДВП, ДСПны, 20 даана (рейка) курулуш жыгачын, сервантты, чоюн ваннаны" (жалпы баасы 30 000 сомдук деп баалаган) кийин алып кеткенге макулдашышат. Макулдашкан мөөнөтүндө С. Боскеев В. Сейтахунованы издеп көп жолу келип, таппайт. Аргасы түгөнгөндө ал участкалык милицияга да кайрылганын белгилептир. Демек, В. Сейтахунова үй ээсин эмес, үй ээси сатып алуучуну издегендиги аныкталып калып жатпайбы? Анын үстүнө акчасын төлөгөн В. Сейтахунова С. Боскеев чындап качып жүрсө, неге айыл өкмөтүнө, участкалык милицияга (бул жерде чоң айылдык милиция бөлүмү бар) кайрылган эмес? Натыйжада, КРнын ГКПсынын (2000-жыл) 133-беренесинин 4-пункту, 136 жана 223-беренелеринин 3-пункттары бузулгандыгы жогорудагы маалыматтардан ачык көрүнүп отурат.
Кайрадан С. Боскеевдин арызына кайрылалы, анда айрым юридикалык кызматтагыларга кайрылганда, В. Сейтахунова менен расмий келишими болбогон соң, үйдү сата берүүгө мыйзам уруксат берерин түшүндүрүшкөн экен. Ошентип, В. Сейтахунова жоготкон буюмдарын жана курулуш материалдарын К. Эшеналиева калыбына келтирип бергенинен кийин (аларды сатып берүүгө акча каражаттары жумшалат да, талаада бекер чачылып жаткан эч нерсе жок эмеспи) үйдүн соода-сатык бүтүмүнө келишим түзгөнүн көргөзүп отурат. Натыйжада, В. Сейтахунова менен С. Боскеевдин расмий келишими жок экендигине карабастан, Сокулук райондук сот доогердин таламын гана коргогондугу далилдөөнү талап деле кылбаса керек.
Чүй облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы бул ишти кассациялык тартипте карап, В. Сейтахунова менен С. Боскеевдин келишими ооз эки түзүлгөндүктөн, В. Сейтахунова тарабынан жоготулган аманат буюмдардын эсебине ылайык 14 000 миң сомдон айына 200 сомдон 8 жылга чегерген сыяктанат. Ал эми бул акчаны В. Сейтахунованын С. Боскеевдин аялына бериши да шек жаратат. Турак-жай сатылганда, ошол үйдүн ээси менен катар анын карамагындагы жашы 18ге толгон үй-бүлөнүн ар биринин макулдугу болмоюнча сатып алуу-сатуу келишими мыйзамга туура келеби деген суроо туулат. Облустук сот С. Боскеевдин аялы күйөөсүнүн менчик үйүн сатканга мыйзамдык укугу жок деген тыянак чыгарганында эч кандай жаңылыштык жоктугу көрүнүп турбайбы? Ошентип, Чүй облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы Сокулук райондук чечимин жокко чыгарып, доогер В. Сейтахунованын арызын канааттандыруусуз калтырууга 2008-жылдын 29-апрелинде токтом токуйт.
Эске алынуучу нерсе, С. Боскеев менен К. Эшеналиева турак-жайды сатып алуу-сатуу боюнча типтүү келишимди Сокулук районундагы мамлекеттик нотариус тарабынан 2005-жылдын 19-апрелинде түзүшөт. Ал эми аманат калтырган буюмдарын калыбына келтирүү талабын С. Боскеев койгон учурда, В. Сейтахунова үйдүн документтери үй өрттөнгөндө күйүп кеткен деген жоопту айтыптыр. Качан райондук сот доогердин пайдасына чечилгенде, "өрттөнгөн" документ табылат да, В. Сейтахунова Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнөн үйдү өз наамына которткон экен.
Эми бул маселе боюнча В. Сейтахунова КРнын Жогорку Сотуна даттанат. КРнын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы "көзөмөл даттануунун жүйөөлөрүн талкуулап, тараптардын иш боюнча берген көрсөтмөлөрүн угуп", Сокулук райондук сотунун мамлекеттик алымы жөнүндөгү өкүмү бузулат да, В.Сейтахунованын даттануу арызын канааттандырган токтомун чыгарат. Ал эми кызыкдар тарап болгон К. Эшенкулова Жогорку Соттогу 2009-жылдын 30-ноябрындагы соттук териштирүүгө катышпагандыгын, бул тууралуу качан сот аткаруучулар үйдү бошотууга талап коюп барганда гана билгенин зар какшайт. Кызык, анда бул процессте соттун курамы кайсы тараптардын көрсөтмөлөрүн укту болду экен? Ошондой эле С. Боскеев К. Эшеналиевадан акча алган эмес экендигин Жогорку Сот "эске алып", "сатуу-сатып алуу келишимдин талаптары аткарылган эместигин" аныктаптыр. Маселе жалаң гана акчалай бааланса, анда К. Эшеналиеванын бартердик формадагы соодалашуусу мыйзамсыз болуп саналабы? Анда эгемендүүлүккө ээ болгондон бери миңдеген үй-бүлөлөрдүн мындай соодалашууларын мыйзамсыз катары таанып, мурдагы мамлекеттик чарбалардын иш-аракеттерин, жеке адамдардын сатып алуу-сатуу келишимдерин дээрлик бүтүндөй жокко чыгарууга эмне үчүн болбосун? Демек, бул чечимден кийин акчасыз соодалашкан тараптар мындан он-он беш жыл мурдагы иштер боюнча кайрылууга мүмкүн экендигин "адилеттүү сотторубуз" тастыктап отурат. Анткени, мындай соодадан алдангандар жергебизде эсепсиз экендигин тануу мүмкүн эмес.
Азыркы күндө Жогорку Соттун токтомуна нааразы болгон тарап дагы бул иш тууралуу Жогорку Сотко, КонСотко көзөмөл тартибиндеги арызын тапшырмакчы. Ал гана эмес эл аралык адам укугун коргоочу уюмдарга чейин кайрылууга чейин барышарын жашырган жок. Өкүнүчтүүсү, карапайым адамдардын мыйзамдык сабатсыздыгынан улам мындай чыр-чатактардын күчөп, соттордун бир иш боюнча чыгарган чечимдеринин жана өкүмдөрүнүн карама-каршы болушу эле биздин юридикалык мыйзамдарыбыздын, ал гана эмес Башкы мыйзамыбыздын сабатсыз жазылганын тастыктап жатпасын?
Эртабылды АТТОКУРОВ