"Эсиң барда…" Өчкөн үмүт, бүтпөс күйүт Кандай айтсак да мындан беш жыл мурда болуп өткөн түстүү "жоогасын төңкөрүшү" алгач карапайым калктын колдоосуна ээ болгон менен, учур өткөндө ал сарай төңкөрүшүнө гана айланганын эл жон териси менен сезди. Бийлик муну канчалык "элдик революция" деп кан какшаса да, коомчулук Кыргызстан "дем аралчасынан" диктатордук-тоталитардык режимге өткөндүгүнө, эми монархиялык-хандык түзүлүштүн орнотулушуна шек санабай калышты. Ошентип, революция дегенибиз сарай төңкөрүшү экендигин мезгил өзү тактап койду. Бул төңкөрүш өзүнүн "ишенимдүү кадрларын" өз колу менен муунтуп жок кылды да, натыйжада бийлик мунарасы "элди алгачкы мезгилдей башкара албай калды". Үмүттөр аткарылбай, бийликке калктын ишеними өчтү. Беш жыл… Бийликтин алмашканы беш жыл өтсө да, өлкөдө көзгө көрүнөрлүк эч нерсе жасалбады. Тетирисинче, ички жана тышкы саясатта Кыргызстандын эл аралык масштабда кадыр-баркы жок болду. Мамлекет башчысынын чет элге визити кан буугандай токтогондугуна күбө болуп калдык. Мунун себебин Regnum маалымат агентчилиги 2005-жылдын 24-мартында Акүйдүн басылып алынышы, өлкөдөгү башаламандык, борбор калаабыздагы карактап-тоноолор жана экс-президенттин качышы менен тыгыз байланыштырат. Массалык толкун түштүктө башталып, пикетчилер Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын имаратын басып алышып, элдин толкуну Ош шаарында уланат. Ушул жерде дагы бир терс көрүнүш - бийликке каршы негизги күч катары пайдаланууга түрмөдө камалгандарды бошотушкандыгы белгиленген. Бийлик козголгон элге каршылык кылууга алсыз болчу. Негизги жолдорду тосуп салууга күч жетиштүү болгону менен, чечкиндүү аракет жасоого мүмкүн болбоду, анткени аскер күчтөрүн жана курал-жарактарды колдонбоого Вашингтон жана Москва катуу талап койгондугу ачык көргөзүлгөн. Натыйжада, ошол кездеги кырдаалды оппозиция толук көзөмөлгө алууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Бирок криминал аралашкандыктан, алар өздөрүнүн "демократиясын орнотуп", алар түзгөн сценарий боюнча алгач Акүйдүн өзү таланып-тонолуп, а түнкүсүн дүкөндөр менен базарларды карактоо менен улантылгандыгын эл деле унутпаса керек. Бул эстен кеткис кылмыштуу иш-чараларды ишке ашыргандар калктын кедей катмары эмес, колдоруна байлыгы жана мансабы барлар болгондугу тууралуу "жоогазын төңкөрүшүнүн" мааракесин белгилөө учурунда Оруссиянын массалык маалымат каражаты ачык белгиледи. "Түстүү төңкөрүш" АКШнын да, Оруссиянын да үмүтүн актаган жок, бийлик мунарасына мурдагы премьер-министр К. Бакиевдин келишин алар бир тараптын мансабын жана бийлигин жеңил-желпи ээлеп алышы катары санашат жана оппозициянын кетирген зор катачылыгы катары эсептешет. Ошону менен катар Кыргызстанда ислам фундаментализмдин күчөшүнө жана бул "азиаттын" туруктуу ички жана тышкы саясатынын жоктугунан улам ишеним көргөзүшпөй тургандыгын жашырышпайт. Азыркы учурда Кыргызстан Оруссиянын бүтүндөй басма сөз каражаттарынын такай катуу сынына дуушар болууда, ага айкын мисалдын бири - РТРдин "Кабар" (Вести) берүүсүндө эле 5 минутага жакын аралыкта сын материалдын көргөзүлүшүн белгилесек болот. Regnum маалымат агентчилиги мамлекет башчысы К. Бакиевдин америкалык согуш базасынын өлкөбүздөн чыгарылбагандыгы жана Оруссиянын грант жана кредит катарында берген акча каражаттарынын максатсыз пайдаланышы чоң жаңылыштык экендигин белгилейт. Ошол себептен жеңилдетилген 1,7 миллиард доллар кредитти берүү токтотулуп, Орусия ачык кысым жасагандыгын жарыялап жатса, Кыргызстандын мамлекеттик маалымат каражаттары буга үн катпай, оозуна талкан куюп алып отурушат. Маалыматка кайрылылалы. Учурда Орусия кредит берүү маселесин оңуна чечүүнү мындай коёлу, Кыргызстандын премьер-министри Д. Үсөнов командасы менен Москвага барганда, РФнын премьери В. Путиндин сүйлөшүүгө "убакыты болбой калышы" биздин бийликтин алар менен тең ата сүйлөшө албай тургандыгын тастыктап койду. Постсоветтик өлклөрдүн ортосунда өлкөбүз өз ордун таба албагандыктан, Бажы Союзуна жол жабык боюнча калды. Ошол эле учурда Орусиянын мындай мамилесинен коңшу мамлекеттеринин мамилелери да өзгөрдү. Өз ара мамилелердин начарлашы соода-сатык менен жан сактаган жарандарыбызды орду толгус чыгашага дуушар кылууда. Көчөбүзгө жаз келсе да, эл аралык мамиледе ызгаардуу сууктун илеби күчтүү бойдон калып отурат. Кыргызстанга тез арада саясатыңарды өзгөрткүлө деген кысым ачык эле жасалууда. Мамлекетибиз Орусиянын таасиринен чыккан күндө да, батыштын демократиясынын кыртышы биздин элибиздин менталитетине туура келбеси анык. Акаевдин режими алмашылгандагы үмүттөр кыйрап, бакиевдик режим монархиялык - хандык башкарууну киргизүүгө мүмкүнчүлүк алды, бирок "Независимая газетадагы" экс-президент А. Акаевдин маегинде көргөзүлгөндөй, "хандык бийликти орнотууга жасалган аракеттер коомду кыйратуучу" күчтү жаратарын азыркы бийликтин эске албаганы өкүнүчтүү. Мындан беш жыл мурдагы окуялардын өлкөбүздө кайталанып жатышы кайрадан жаңы төңкөрүшкө алып келип жүрбөсүн? "Эсиң барда этегиңди жап" - деген сөздү бийлик эсинен чыгарбаса болмок… Сырттан чыгарылган өкүм Борбордук Азиядагы миллион калкы бар Кыргызстанга Москванын күчтүү өктө таарынычынын күчөгөндүгү жалпыга маалим болуп калды. Орусиянын Кыргызстанга кырын салып, салкын мамиле жасашы 2009-жылдын июнь айынан кийин башталганын бардык адамдар биле бербесе керек. Мамлекет башчысы К. Бакиев ушул мезгилде Москвага барып, жолугушуу учурунда өлкөдөн америкалык согуш базасын чыгарарын жар салган. Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна ири суммада кредит алууга жетишилгенин кыргыз президентинин тең ата сүйлөшө билгендиги катарында даңазалангандыгын эч ким унута элек. Ошол визитте Орусиядан 300 миллион жеңилдетилген кредит, 150 миллион грант акча алып, кредит акча "шектүү колго" өткөндүгүнөн, ал эми грант акча президенттикке экинчи мөөнөткө шайланууга пайдаланылгандыктан өлкөбүз ишенимсиз өнөк катары таанылгандыгын орус бийлиги ачык эле айтып жатат. Президент К. Бакиевдин кош саясаты жана карманган позициясы орус басылмаларында катуу сынга дуушар болгон. Натыйжада орус жана кыргыз окурмандарына таанымал журналист Г. Павлюктун 2009-жылдын 19-декабрында алтынчы этаждан ыргытылып, 22-декабрда көз жумушу да эки өлкөнүн ортосундагы терс мамилени ого бетер курчутту. Кылмышкерлер ушул күнгө чейин табылган жок. Ал эми журналист Г. Павлюк азыркы бийликтин саясий, экономикалык-социалдык маселелер боюнча ишмердүүлүгүн катуу сынга алып келгенин эске алып, табышмактуу бул өлүмгө кыргызстандык атайын кызматтын катышы бар деп эсептешет. "Сегодня. Рунун" маалыматына таянсак, Кыргызстан жакынкы аралыкта Орусиядан бир тыйын ала албай турганы премьер-министр Д. Үсөновго ачык айтылыптыр. Орусиянын премьер-министри В. Путин кыргыз өкмөтүнүн башчысын кабыл алууга "убактысы жок" болсо, ошол учурда Казакстандын премьери К. Масимов менен ыракаттана маектешет. Ал эми Орусиянын президенти Д. Медведев Бажы Союзуна кирүүгө Кыргызстан менен Тажикстан даяр эместигин жана айрым маселелер боюнча курч сүйлөшүү зарылдыгын баса көргөзөт. Орусиянын бул аракетин кимдир-бирөөлөр прагматикалык мүнөздө баалашы мүмкүн, бирок орус чиновниктери Бишкек сатып алган нефти продукцияларын ички керектөөсүнө жумшабастан, башка тарапка сатып (реэкспорт) жаткандыгы тууралуу чуу салууда, тактап айтканда, чайкоочулуктан нефти барондору жылына 36 миллион пайда көрүүдө деп айып коюшууда. Кыргыз бийлигинин финансылык жактан ыплас аракеттери оппозиция жана көз каранды эмес эксперттер тарабынан катуу сынга дуушар болду. Айрыкча, "Түндүкэлектронун", "Кыргызтелекомдун" сырдуу сатылышы да дүйнөлүк масштабда зор шектенүүнү күчөтүүдө. Бул сатууга чейинки аралыкта алгач хандык бийликти бекемдөө, бүтүндөй акча каражаттарын үй-бүлөнүн колуна өткөрүү үчүн күрөш жүрүп келген. Алгач менчик "АзияУниверсалБанкка" бүтүндөй акча каражаттары которулунуп берилген. Анын директору ошол кезде Е. Гуревич экендигин эске сала кетели. Көрсө, бийлик ишенген бул италиялык полиция тарабынан издөөгө алынган адам экен да, мафиоза ыкмасын терең өздөштүрүп, "акча жууган" жактан астына пенде салбаган касиетке ээ болуптур. Ал биздин мамлекеттик активдерди бөлүштүрүп, "чоң жардам" көргөзүп, өлкөбүздөгү кирешелүү ири компаниялардын бир канчасынын директорлор кеңешинин курамында көрүнүктүү орундарга да ээ болуптур. Албетте, жогорку жакта таасири күчтүү адамдын катышуусусуз анын мындай даражага жетишүүсү мүмкүн эмес эле. Е. Гуревичтин артындагы ызы-чуу тууралуу маалымат пайда болор менен Кыргызстанда "Фергана. Ру", "Центразия. Ру", "Париж кж. Инфо" сыяктуу орус тилиндеги сайттар жабылды. "Азаттык" радио уктуруусун эфирге чыгарууга тыюу салынды, "Форум" гезитинин ошол күндөгү тиражы толугу менен тартылып алынды. Андан аз өтпөй эки гезит жабылды. Кыргызстандын атайын кызматы оппозициялык маанайдагы гезиттерге кысымын күчөттү. Орусия Кыргызстандагы кырдаалды көз жаздымынан кетирген жок, ошентип, 2010-жылдын 23-мартынан баштап орусиялык массалык маалымат каражаттары кыргыз бийлигине оппозициялык маанайга өттү. Тактап айтканда, РТР мамлекеттик телеканал, баарыбызга белгилүү болгондой бул каналда орус бийлигин мындай коёлу, мурдагы КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилери тууралуу бийликтин макулдугусуз сын макалалар, маалыматтар, сюжеттер өткөрүлбөйт. Демек, бул каналдагы "Вестиде" кыргыз бийлигине айтылган күчтүү сын-пикир "саясатыңды өзгөрт" деген Орусиянын Бишкекке официалдуу түрдө эскертүүсү катары санасак болот. Бакиевдердин саясатына акыркы мезгилде курсагы тойбогон Москванын тымызын саясий шоу уюштуруп, оппозицияны колдоп коюуга мүмкүнчүлүгү бар. Баамдап карасак, алмаштыруучу талапкерди тандоого талдоо жасалып жаткан да сыяктанат. Ошону менен катар бул тирешүүнүн артында Кыргызстан экономикалык жактан курчоого (блокадага) алынып, орус жергесиндеги кыргыз мигранттарынын басымдуу бөлүгү депортацияга (өлкөдөн чыгарып жиберүү) дуушар болуу коркунучунда турушат. Бул өлкөбүздө күчтүү социалдык жарылууну алып келиши мүмкүн. Бул сырттан чыгарылган өкүмгө тышкы жана ички саясатыбыздын аксагандыгы себеп болгондугун моюнубузга алууга эркибиз жетер бекен? Бетти даярдаган Эртабылды АТТОКУРОВ |