Казино - кара дуба Жылуу сөз Марттын жыйырма жетисинде Кыргыз улуттук радиосунун (104,1 толкуну) чыгармачылык тобу даярдаган "Жылуу сөз" берүүсүнө адаттагыдай эле Рыспай манасчы экөөбүз барып катыштык. Мен эл менен телефон аркылуу баарлашып, сырткы күчтөрдүн таасири менен телепатия кереметинин жардамы аркылуу элге кеп-кеңешимди берем, Рыспай манасчы, Манастын кереметин айтат. Манас элинин бир бөлүгү эфир аркылуу бир бүтүндө, бир жылуу биримдикте болуп, жагымдуу энергетикалык толкунда болобуз. Кечээ убактыбыз аяктап баратканда бизге түз эфирге телефон аркылуу кыргыздын бир кызы кайрылып, ичтеги трагедиясын айтты. Жолдошунун казино кумарына берилип кеткенин кабарлап жардам сурады. Бул жаш үй-бүлөнүн биоталаасын карап, жүрөгүм канап, ичим эзилип, улуттук радиодон көңүлсүз кайттым. Көп жылдан бери казино кумарынын трагедиясы мага тааныш болсо да, бул үй-бүлөнүн трагедиясы катуу таасир берди, себеби, бул үй-бүлөнүн биоталаасын караганымда, алгач тунук сүйүү, таза махабаттан куралып, наристелерине болгон ата-энелик ыйык мээримди көрдүм, бул Манастын энергиясы эле. Казино кумарынын айынан мунун баары кыйрап талкаланды. Бул кара дуба. Эгиз наристелер Манас, Манас, Манас... кандай жагымдуу угулат... Манас аэропортунун кызматкерлери мени ар улуттун өкүлдөрү катышкан чакан тойго чакырышты. Дасторкондо бет маңдайымда отурган орус улутундагы келишимдүү татынакай жаш келин жана кыргыз улутунан пайда болгон киргиз бөлүгүнө тиешелүү өң- келбети жылдыздуу, жагымдуу киргиз келинчек экөө мага суроолорду жаадырып маек башталып кетти. Сизди кыргыздын Вольф Мессинги деп айтып жүрүшөт, бизге касиетиңизди көрсөтүңүз, көрсөтө албасаңыз, мунун баары жалган сөз деп мени жарга такашты. Сулуу айымдардын жарга такаганы мага да жакты, жигит катары бул айымдардын көңүл борборун өзүмө бургум келди. Орус улутундагы айымдын кунарын (аурасын) карап унчукпай отуруп калдым, ал эми эки айым мага асылганын токтото турган түрлөрү жок. Болуптур, өзүңөр баштадыңар, бизде, кыргызда, өзү тийишкен бала ыйлабайт - деген макал бар деп орус улутундагы айымга кайрылып, сенин энергетикалык кунарыңан (аурасынан) беш гробду көрдүм, сен жакынкы үч жылдын ичинде беш жакыныңдан айрылгансың, сырткы жаркылдаган сулуу келбетиң жөн эле көрүнүш, ичиңде болсо арман, күйүт, өзүңдү да өлүм аңдып тургансып, жан дүйнөңдө коркунуч күчтүү, сен жашоого кызыкчылыгыңды жоготуп алгансың, коркпо, сенин өмүрүң узун, ички коркунучту жеңбесен аракка берилип ичип кетишиң мүмкүн - дедим. Менин мындай бетке чабар ачык сөзүмө сулуу орус айым бир аз маң болуп отуруп калды да, көзүнөн жаш кетти, киргиз сулуусуна кайрылып, сен төлгө тартасың - десем, мени таңдануу менен алая карап: "Сиз жаңылып калдыңыз, мен өмүрүмдө төлгө тартып да көргөн эмесмин, тарттырып да көргөн эмесмин" - деди, а мен болсо, менин жаңылышым мүмкүн эмес, сенин кунарыңан (аураңан) карта, карта жана карта гана көрүнөт, мындай көрүнүш карта менен төлгө тарткан төлгөчүлөрдөн көрүнөт - десем көңүлдөш, сырдаш досу орус айымга ичинен жан тартып, көңүлү чөгө түшкөн киргиз айым күлүп жиберди, сизге карталар көрүнгөнү туура, мен он жыл казинодо крупье болуп иштегенмин - деп сөзүн улады. Азыр иштебеймин, эки жыл мурун сүйүүгө жолугуп, бир жыл мурун эгиз наристелүү болдум - деп кубанычтуу жылмайып койду. Эгиз наристелердин кунарын (аурасын) карап, казинонун зыяндуу энергиясын көрүп, ичим ачышып, оюмда кара дуба бул наристелерге да казино аркылуу жеткен экен деп ойлоп койдум. Наристеледин ата-энеси казинодон табышкан тура. Эки сулуу айымга кыргыздын Вольф Мессинги катары дагы кандай тамашаларды көрсөткөнүм, менде жигиттик сыр бойдон калсын. 13 - январь 13 - январь менин эң жакын адамымдын туулган күнү. Ошол себептен туулган күн камын көрүп жүрсөм, казак досторум телефон чалып, кыргыз-казак чегарасына келип калгандарын айтышты. Алар менин конокторум, кыргыз баласы меймандос, коноктун көңүлү биз үчүн бийик. Эки казак досторумдун келген максаттары, экөө тең казино кумарынын чеберлери. Жакын адамымдын туулган күнүн экинчи орунга калтырып, меймандарымды тосуп, Бишкектеги казинолорду кыдырып жөнөдүк. Мен мурун казиного барып көргөн эмесмин, ошол себептен кайсы казино мыкты экенин билбейт экенмин. Бир казиного барсак казак досторума жакпады, таң калыштуусу, ошол казинодо менин касиетимди билген кызматкери бар экен. Башка казиного жөнөдүк, жолдо бара жатканда казак досторум менин касиетим жөнүндө терең билгилери келип суроолорду жаадыра баратышты. Ал кумарчылардын мынча кызыкканы менин касиетим аркылуу казинодон акча утуп алууга мүмкүнбү? - деген эле ой. Мен мүмкүн эмес деп алардын кызыгуусун четке кактым. Белгилүү бир казиного келдик, оюн башталды, казино ичи сыйкырлуу, кооз жасалгалуу, адамды өзүнө тартат, ичинде тамак-ашы, арак-ичимдиктери бекер. Бул мен үчүн сырткы көрүнүш, мындай бир тамаша эске түшөт, бир кумарчы казино кызматкеринен сураптыр, силердин казинодо уткан киши болобу деп, албетте болот деген жооп алат, ал ким деп берки киши сурайт, казино кызматкери токтолбостон, албетте ал, казинонун кожоюну - дейт. Жакын адамымдын туулган күнү болгондуктан, мен казак досторумдан суранып, үйүмө эки саат убакытка барып келдим. Казиного кайтып келсем экөөнүн маанайы пас, акчаларын уттуруп жатышыптыр, ошол себептен мага кайрадан жабышышты. Мен казак досторумдун жанына отуруп, канча уттурдуң деп сурасам, үч миң доллар деген жооп алдым. Анда менин айтканымды аткар дедим, казино столунда карта тараткан крупьелер бат-бат алмашып турат экен, ошол крупьелердин арасында бир гана биздин улутташ кызыбыздын кунары (аурасы) таза экен, калган кызматкерлеринин кунары (аурасы) казино кара дубасына чыланып калган. Мен казак досума шыбырадым, жанагы крупье кыздын кезеги келгенде оюнуңду улант, мен ошол кезде жардам берем дедим, ал крупье кыздын колдогон периштеси күчтүү болгондуктан таза сакталып калган, казинодогу жумушун жоготуп коём деп коркпойт дагы, жүрөгүнүн тереңинде казинонун кожоюнун жек көрөт экен. А казинонун кожоюндары качан болсо, башка башка улуттун өкүлдөрү. Казак досум менин айтканымды аткарды, биз тандаган крупье кыздын эки-үч жолу кезеги келгенде оюн тобокелине салып акчасынын баарын кумар столуна салып жатты. Утуп жаттык. Сырткы күчтөр мага жетишет, оюнду токтот - деп белги бергенде, казак досторумду сыртка алып чыгып кеттим. Утушубуз он миң доллар болду. Казак-кыргыз чегарасына узатып бардым, экөөнүн көңүлү көтөрүлүп кубанычтары ичине батпайт, утушубузду үчкө бөлөлү дешти, мен каршы болдум, бул каршылыгымды ал экөө менин меймандостугум деп түшүнүштү, "анда шотал ал" - дешти, (кыргызча чотур) чотурга уруксат. Эки жүз долларды чөнтөкө урдум да, жакын адамыма белек алганы Бишкекке кайттым. Казино кара дубасы Жаш кезимде мен аракеч болгонмун, ошол себептен аракечтиктен дарылаганды билем. Аракечтиктен да коркунучтуу оору бул баңгичиликке (наркомания) берилгендик. Бул оорунун да сырын жандырдым, аракечтиктен да баңгичиликтен да коркунучтуу трагедиялык оору, казино кумары, же казино кара дубасы. Ушул оорунун сырын жандыруу үчүн бир ирет казиного бардым, бир ай автомат оюндарын ойнодум, бул өтө коркунучтуу трагедия. Биздин улуттун оорусу, бул ар бир үй-бүлөнү аңдып турган азгырык шайтан. Энелердин, жубайлардын көз жашы, ажырашкан үй-бүлө, жетим калчу балдар. Казинонун кожоюндары башка улуттун өкүлдөрү, аларга Манас элинин келечеги, улуттун тагдыры кызык эмес. Казино кумарын терең изилдеп бир чечимге келдим, бул - кара дуба. Башка сөз жок. Биздин мыкты чыкма жигиттерибизди атайлап казино кумарына азгырып, алдап киргизип коёт экен. Болду, ошону менен биздин мыкты чыкма жигиттерибиз, мырзаларыбыз казино кумарынын жана казинонун кожоюндарынын кулу болот да, үй-бүлөсүн да, жакындарын да, мекенин да казинонун айлампа сыйкырына салып берет... Сын алгыдан мамлекетибиздин кыйынчылыктарын айтып жаткан кээ бир белгилүү мырзаларыбыздын мээсинен казинонун кумарлуу чимирик айлампасын көрүп, мыйыгыман күлүп тим болом, себеби, мамлекетибиз да, дүйнөдөгү башка мамлекеттер да, казинонун чимирик айлампасына айланып бараткандай. Мени ойлондурганы, дүйнөлүк казинонун кожоюну ким болду экен? Бул коркунучтуу кара дубадан биздин элди Манастын энергиясы сактап калат. Биздин азыркы жашообуздун өзү - казино! Сыйкырлайт сыйкырлуу айлампасы, Маңкурттун Маңкуртбеги - айланпашы, Сен үчүн азапта атакеңдин кайран башы, Сен үчүн канга айланды энекеңдин кайран жашы, Төгүлөт жаш, ыйлайт таш, Томсорот бабалардын балбал ташы, Кара дуба мекениңди багындырган, Өзүңдү өзгөлөргө жагындырган, Жубайыңдын жүрөгүн күйүттүү жалын кылган, Өзгөлөр мекениңди, кызына калың кылган, Энекең кепин кылат элечегин, Өлгөнсүң жоголуп келечегиң, Ызгаардуу шамал урат азгырыктуу, Сыныгынан, терезеңдин, Атасынын кунундай сурап турат, Канча экенин билбейсин карызыңдын, Аласа-бересеңдин. Башкалар өзүңдү арбап турат, Унутпа, сени да, башканы да арбак урат. (Уландысы бар) Мелис КАРЫБЕК АСАН теги, ойчул |