АТА ЖУРТ КЫЙЫН КҮНГӨ КАБЫЛГАНДА,
АЙЛАНСЫН АР БИР УУЛУ ЧАГЫЛГАНГА!
Урматтуу замандаш курбулар, бүгүн Ата-Журт кыйын күнгө туш келип, сен экөөбүзгө окшогон азаматтарга суусап турган мезгили. Эгерде элибиздин, жерибиздин эркиндиги үчүн, чындык үчүн, бейпил, жетиштүү жашоо үчүн бу мыйзамды көзгө илбеген бийликке каршы төшүбүздү тосуп күрөш жүргүзбөсөк, анда сен экөөбүз кимбиз?!

Курсакты мал да тойгузат, көлөкөлөп оттогонду уй да билет. А сен экөөбүз антип кара курсак үчүн, жанга тынч турмуш үчүн жашабайлы. Биз адамбыз. Улуу сөздө уят жок, "көрбөсөм көчүгүмдү бөрү жесин" деген принцип менен жашап жүрүп ушул күнгө келдик. Ким элек, ким болдук, мындан ары ким болобуз, ойлонуп көрдүңөрбү?! Айдаган жакка баскан, жаса дегенди жасаган маңкурт болгонго аз калган жокпузбу?! Кыз-келиндерибизден сойку көбөйдү, кырчындай жаштарыбыз бөтөн элде кул болуп жүрөт. Ар бир мекендешибизден карызым жок, кредитим жок деген адамды таппайсың! Бийлик айткан өнүгүүнү кой, карыздан кутула албай, курсакты тойгуза албай элдин калың катмары куурап турат. Жыйырма жылдан бери Акаев менен Бакиевдин шалаакы, чала сабат, өз чөнтөгүнөн алысты көрбөгөн саясатынын жыйынтыгын жана алардын тегерегинде шыйпактаган эки жүздүү, өзүмчүл, ач көз, ант бузар, журт бузар губернатор, аким, "дүжүр" чалдар менен балдардын, башка "шакалдардын" кылгандарынын акыры ушул күндү көрсөттү. Калыс сөзүн айтып жол көрсөтчү аталарыбыздын бир тобу бир "кусок" этке алданып, "дүжүр" болгонуна не дедик?!
Замандаш, бүгүнкү абалды айтып жолдошуң менен, кошунаң менен, жакшы санаалашың менен кеңеш, учурга туура баам салгыла, бийликке каршы мыйзамдуу күрөшкө чык! А балким, бул иште сенин үнүң, сенин аракетиң жетишпей жаткандыр.
Бул абалда Бакиев иштегенди эмес, биз талап кылганды билбей жатабыз. "Мен чыксам эле бир нерсе өзгөрүп кетмек беле?" деген жоопту берерсиз. Бир жомок мисалдатайын: токой өрттөнө баштайт. Ошондо арстан жан-жаныбарлардын баарын чогултуп, "эмне кылсаңар да өрттү өчүргүлө" деп буйрук берет. Ар кимиси оозуна суу ууртап келип отко чачып жатышат. Ошондо бир чоң куш өзү менен кошо суу ууртап отко чачып келаткан кенедей чымчыкты шылдыңдайт, "ушу сенин оозуңа баткан суу эмнени өчүрүп кыйратат эле" деп. Чымчык айтат: "ооба, менин кенедей суум өрттү өчүрөт деп айта албайм, бирок мен парзымды аткарып жатам"-деп. Көрдүңбү, замандаш, ар кимибиз парзыбызды сезе билип, аны аткарсак, биримдикте болсок, анда жакшылык биз тарапта болбойбу.
Быйыл оппозиция бир катар акцияларды өткөзөт: митингдер, пикеттер, жөө жүрүштөр ж.б. Мына ошолордун баарына тартынбай, коркпой-үркпөй катышкыла деп чакырам. Чөгөлөп жашаганча, өлгөнүбүз жакшы деп түз эле айтам. Корккондорду согуш учурунда эл-жерин душманга саткан чыккынчыга окшоштурам. "Чыкса чыгайын, камалып калсам Атамбаевдер, Текебаевдер, Сариевдер чыгарып алат" деген да ой болбош керек. Сен өз күч-дараметиңе жараша күрөш, эч кимге күч кылбай күрөш, өз намысың үчүн күрөш. Ошондо гана сен элиңдин чыныгы патриоту болосуң! "Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулу чагылганга" деген теманы да бекер койгон жокмун.
Өзүн кыргыз элинин чыныгы уулу деп эсептеген жана да эли үчүн жанын берүүдөн кайра тартпаган замандашыңар
Салават ИМАШЕВ,
Ысык-Көл областы, Ак-Суу району, Кайырма-Арык айылы.




Кургак учук
Кургак учук эзелтеден бери белгилүү жугуштуу оору. Ал жөнүндө Гиппократтын учурунан бери жугуштуу оору экенин билишкен, ооруп калган кишилерди бөлүп коюшкан. Бул ооруну козгогуч микробду 1992-жылы немец окумуштуусу Кох аныктаган. Кургак учук микробу сырткы чөйрөдө өтө чыдамдуу, аларга кислоталар щелочтор да таасир этпейт.

Чаңда китептин баракчаларында 3-4 жылга чейин сакталат. Төмөнкү температурага да өтө чыдамдуу -26 градуста, андан төмөнкү температурада да тирүү калышат. Ысыткан учурда 80-90 градуста 30 мүнөт чыдай алат. Топуракта, агын сууларда көптөгөн айлар бою жашай алат. Катуу тийген күндүн нуру аларды 1-2 сааттын ичинде өлтүрөт. Кварц (ултра көгүш) нуруна кактоо микробду бир нече мүнөттүн ичинде өлтүрөт. Хлор акиташынын кургагы, чыланганы да кургак учуктун микробуна катуу таасир эткен дезинфекциялоочу каражаттардан болуп эсептелет. Кургак учук оорусу менен бир гана адамдар оорубай, үй жаныбарлары да (уй, ит, мышык, чочко) оорушат, кээ бир учурларда үй жаныбарлары ооруну таратуучу булак болуп калышат. Өпкө кургак учугу шартуу эки түргө бөлүнөт: ачык жана жабык түрү. Ачык түрү менен ооруган кишиде микроб өпкө кургак учугунда какырык менен, шилекейдин чачырандысы менен сүйлөгөндө, чүчкүргөндө аба аркылуу таркалат. Бир тамчы какырыкта 2-3 миллионго чейин микроб бар. Ошондуктан бир гана ачык түрү менен ооруган киши бир жылда 20-25 кишиге оору жугузат, микроб түздөн-түз дем алуу органдарына жугуштуу какырык аркылуу аба менен берилет. Өпкөгө кирген мезгилде да оору козголбойт. Кургак учук өпкөнү гана эмес башка органдарды да жабыркатат: сөөк, муун, тери, бөйрөк, ичеги-карын, жыныстык органдар, нерв системасы, көз жана башка органдарды дагы. Бөйрөк учук оорусунда заара менен бөлүнөт. Сөөктүн, муундун, бездин кургак учугунда сары суу пайда болуп топтолгон жерден ден соолуккка, анан жашоо шартына, тамактануусуна жараша болот. Ошондой эле оорунун тарашы көбүнчө социалдык, экономикалык шартка жараша, санитардык, гигиеналык шартты толук сактабоо, нервдик-психикалык тынчсыздануу, араккечтик, тамеки тартуу, баңгилик да бул илдеттин очогу болот. Кээ бир оорулар: кант диабети, өнөкөт бронхит, кош бойлуулук адамдардын организмин кургак учукка каршылыгын төмөндөтүп оорунун пайда болушуна шарт түзөт. Жашына, жынысына жана социалдык ал-абалына карабастан, кандай адам болсо да, кургак учукту жугузуп алуусу мүмкүн. Азыркы тапта жаштар, өспүрүмдөр, жаш балдар арасында кургак учуктун ачык түрү менен жана дарыга туруктуу түрү менен ооруганына чоң адамдардын түздөн-түз байланышы бар, анткени алардын ичинде дарыларды үзгүлтүксүз толук аягына чейин ичпей, же такыр эле дарыланбай жүргөндөр көп. Ошол адамдар ачык түрдүү оорунун жана дарыга туруктуу түрүнүн таркалышынын булагы болот.
Өпкө кургак учугунун белгилери төмөнкүлөр:
- узак убакытта (3 жумадан ашуун) жөтөлүүсү
- дене-боюнун ысышы
- алдын кетүүсү, жалпы алсыздык
- түнкүсүн тердөө
- табитти жана салмакты жоготуу
- кээде көкүрөктүн оорушу, кан түкүрүү.
Көпчүлүк учурда кургак учук оорусу акырындык менен байкалбай кадимки эле суук тийгендей, же сасык тумоодой башталат, ошол себептен оорулар убагында дарыгерге кайрылышпайт. Айрым адамдар оорунун алгачкы белгилерине көңүл бурбай жумуштан чарчагандыктан, суук тийгендиктен, жөтөлдү болсо чылым чеккенден деп ойлошот. Көп учурда оорулу адамдар бүбү-бакшыга түшүп, же өзүнчү кашкулак, суур, иттин эт-майын дары катарында колдонуп оорусу кабылдап кетет. Өпкө кургак учугунун ачык түрүн аныктоо эң негизги маанилүү шарт болуп саналат. Эгер сизде жогоруда көрсөтүлгөн оорунун белгилери болсо токтоосуз үй-бүлөлүк дарыгерге барышыңыз, ошону менен бирге рентгендик изилдөөдөн өтүшүңүз керек. Оорулу канчалык эрте дарыгерге кайрылса, дарылануу мөөнөтү кыска болуп жана толук айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Кургак учук менен ооруп калуунун алдын алуу үчүн төмөнкү шарттар керек:
- Ачык түрү менен ооруган оорулууну убагында таап, толук айыктыруу.
- Көпчүлүк топтолгон жерлерде бөлмөнү бат - баттан шамалдатып туруу.
- Сергек жашоону колдонуу.
- Ар бир адам өз гигиенасын сактоосу.
- тамактанууну өз убагында жасап, күчтүү тамактаныш керек
Өз ден соолугуңуздар өз колуңуздарда!
М. М. Мойдунова
БШКУКБнын директору