Сандан - санга Баратбай АРАКЕЕВ АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ (Cаясий роман) - Эртең ишиңди ошондон башта… Анан жанагы премьер-министриңди алмаштырбасаң болбойт. элди тескери үндөп: "Жалкоолор менен келесоолор эле уурдабайт" дегени эмнеси, а сен келесоосуң. Элдин баары уурдаса, экөөбүзгө эмне калат? Алмаштыр аны, уктуңбу?! - Аракети бар анын, бир аз иштесин, анан… Канайым ажонун сөзүн бүтүргөн жок: - Эмне анан?! Мындай иште анандын кереги жок, түшүндүңбү, азыры керек! - Түшүндүм, бирок… Бирок, жанагы сен айткан алтындын иши бүткөн соң болсун. - Анын кандай тийешеси болмок? - Ошол кол коет закон боюнча. - Кайдагы закон?! Закон деген мына сенсиң, сенин мээң жетпесе, мына менмин! Ажо сөздү ырбаткысы келген жок, жөн гана: - Макул - деп гезитин барактаган болуп, жанагы жан койбогон ырчыны апкелди бетмаңдайга… Жан койбойт го, ал карасулуу… * * * Эртеси ажо кабинетине кирип эле Теңирбердини чакырды. Анткени, аялы эртең менен да такалап жиберген. Теңирберди келгенде ажо "алтын сөздү" кантип айтарды билбей отурган, анан анын саламына колун кармай алик алып, орун көрсөттү. Экөө сизиң-бизиң жок сүйлөшчү. - Ишиң дуруспу?-деди ажо. - Дурус. Ажонун окумуш башы компьютердей иштеп кетти да, аялынын ыкмасы менен кыскарта чаап улады сөздү: - Дурус болсо, көрсөтпөйсүңбү ал-тыныңан. - Каалаган күнү көр - деди Теңирберди, түшүнүп туруп, түшүнбөй. - Сен түшүнбөй калдың, ырымдабайсыңбы алтыныңдан дебатам. - Аа…-деди Теңрберди кепти эми түшүнгөнсүп. Ажо эмнене чакыртканын небак эле билип турган.,- эгер премьер-министр кошулса, алтын эч жакка качпайт. Бир ооз сөзүңдү айтып кой аныңа. Алекизаматта бүтүрөм. - Чуу чыкпагандай болсун,- деди ажо кабатыр. Журналисттериң бат эле шимшип таап салат экен. - Падышага каршы чууну ким чыгарат эле, өзүбүз кыргыз болсок,- деп күлдү Теңирберди. Чын эле кыргызың падышаларына тике карап сүйлөй элек болчу. Теңиберди минтип кошумчлап койду,-Алтынсыз падыша болмок беле. -Бу сөз ажого айда жакты. Ошону менен сөз бүтүп, эбегейсиз алтындуу болуп тынды ажо менен Канайым. * * * Жогорку окуядан бир жылбы, же эки жылбы өткөндөн кийин Канайым Теңирбердинин алтын жыттанган кеңсесине келди. Анын келеринен капарсыз олтурган Теңирберди ордунан шамдагай туруп: - Кел, кел,- деди мамык креслону көрсөтө орун берип. Канайым көрсөткөн креслодон орун алды: - Кандай, ишиң жакшыбы? - Рахмат, жаман эмес. - Бу айттырбай эмнеге келди дебатасыңбы? - Келгениң жакшы,-деди алтын ээси суроого түз жооп бербей. - Тиричилик адамды жөн жаткырбайт турбайбы, айла жоктон келдим. -Кийинки сөзү Канайымга таптакыр эле жарашпай калды. Азыр ал эч жерге айла жоктон барбайт, айласын кетирип барат. "Бу энеңдурайын мастандын айласынын кетип калганын… эмнеге келди экен?" деп ойлонгуча болбой, Канайым ток этер жерин айтты: - Балдар четте окубатышат. Каражат көп керек экен, сенден жардам сурап келдим. - Берели, берели… Канча? - Бир миллион доллар. ТОБОЛ ӨРӨМКАН Айлакер айым "Аялдын амалы кырк эшекке жүк" дейт кыргыздар. Анын сыңары азыркы заманда айлакер айымдар каалаган эркегин торго түшүрүп, керек болсо ыйык эсептелген үйбүлөлүк очогун бузуп, өз жыргалы, өз бактысы, айтор өзү үчүн күрөшкөндөр жок эмес. Ал тургай модага айланды. Айлакер айымдардын кылтагына биздин заманда жашап аткан бизнесмен, министр, депутат ж.б. мырзалар түшүп, тагдырдын миң түркүн сыноосуна тушугуп, бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кумардын туу чокусун багынтып, айтор турмуш дөңгөлөгү чимирик. Мен дагы мына ушундай тагдырдын жазмышына моюн сунган бир кезде райондук аппаратта иштеп, анан депутат, анан министр, анан ... болуп тагдыр тегирменинде айланган мырзанын, эң негизгиси ашкан айлакер, сулуу, бирок аягы суюк Заринанын турмуш-тагдырына саресеп салмакчымын. Бирге үңүлөлү... Кызыктар али алдыда... Зарина сагынычын артынып шаарга келсе Канат Темирбековичи Германияга сызыптыр. 5 күндөн кийин келет экен. Муздаткычка азык-түлүк толтуруп, уктоочу бөлмөдгү камодго акча таштап, кат жазып коюптур. Бөлмөлөрдүн баарын гүлгө толтурган. Сүйгөнүнүн мындай камкордугуна эреркеп кетти. Айылда жүрүп чарчап калгангабы, эч жакка чыкпай жатты. Үч күндөн кийин Айнуранын жатаканасына жөнөдү. Бөлмөгө кирсе чоочун кыздар. Кычырай кийинген Заринаны баштан-аяк сыдыра таң кала карап, элейишти. - Кыздар, мага Айнура керек эле. - Айнура дейсизби, ал таптакыр жок. - Каякка кетти? Эки кыз биринен-бири өтө чурулдап-чуркурап каргашалуу түндү, Айнура менен Акындын тагдырын тез эле божурай салышты. Шаардан тапкан жакын курбусунун кейиштүү өлүмүн укканына шал боло турган жеринде катты. - Анан Айнураны айылга алып кетиштиби? - Жок, эч ким келбептир, туугандары келсе берели деп кийимдерин чогултуп койгонбуз. А сиз ким болосуз? - Досу болом. Ммм... Агам эптеп жашайт деп айтчу эле. Эми Айнурага эч ким келбейт го, силер кийимдерин карап көрүп, ылайыктууларын кийип, калганын өрттөп жибергиле. Альбому бар бекен, болсо мага бергилечи. Анан... Анан Айнураны эстей, куран окута жүргүлө, жакшы кыз болчу, жакшы кыз. Туттугуп ыйлап жиберди, Айнуранын альбомун мыкчыган бойдон эчкире ыйлап сыртка жүгүрдү. Машинасын от алдырып кандай адыраңдатып айдаганын билбейт. Айнура экөө көп келчү кафенин алдына токтоду. Окчун жерге отуруп тамак, арак заказ кылды. Ойлору миң-сан. Бир чети Акын менен Айнурадан оңой кутулганына сүйүнсө, Айнуранын акылга сыйбаган өлүмүнө күйүнүп, жан-дүйнөсү эзилди. Шыпылдап келип, тез эле адамдын ич-койнуна кирип, бирок андан пайда чыкмайын колдон чыгарбаган, ачкөз, өзүмчүл Акынды ойлогондо "ырас болуптур, дүйнө бир шүмшүктөн азайды" деп табалап, өзүнүн абийири төгүлбөй калганына бир чети абдан корстон болду. Бирок Айнуранын бир жумадан бери өлүкканада жатканын эстегенде ичи ачышып, көөдөнү сызыла ыйлап отуруп, жалгыз эле жарым бөтөлкө аракты түгөткөнүн байкабай калыптыр. Отурган жеринен тургусу, үйүнө да баргысы келбей, бир чекитти тиктеп үнсүз. Кыйкырып-бакырып ыйлайын десе үнү буулуп, көздөн жаш акпайт. Бирок жүрөгү канталап, Айнура экөөнүн жалган жашоо үчүн кандай күндөрдү башынан өткөрүп, ачка-ток калган күндөрүн тизмектеп алып, көкүрөгүндө букулдап ыйлап жатты. "Каа-ап, айылга ала кеткенимде өлбөйт эле" деп өзүн жемелейт. Канча саат отурганы белгисиз, бир убакта: - Оо, сулуу, акыры издегенимдин акыбети кайтып сени таптымбы? Шунча да жашынасыңбы, мен жинди болуп кете жаздадым. - "Тынчымды алып, сулуулугумду баса белгилеп аткан ким болду?" экен деп башын көтөрүп караса, Сапар. Ыңгайсыздана түштү. Тиги жакта Канат Темирбекович карап аткансып элеңдегенин айт. - Аа, байке, жашынган деле эмесмин. Просто сабактарым көп, кол бошобой. Сапар Зарина менен бирге өткөргөн түндөн кийин кызды издеп жан-алакетке түшүп, күнүгө бир маал "балким баш багып калаар, ушу кафеге көп келем" деп айтпады беле" деп дайыма келгенди адат кылган. Бирөөлөр менен жолугушууну да ушу кафеге белгилеп, эбактан-эбак жүрөк оорулуу болуп, сүйүүгө чалдыккан эле. Официантты чакырып, дасторконго жер-жемиштен баштап, таттууга чейин заказ кылды. Заринанын көңүлү жок экенин байкап, 100 граммдан дагы куйду. Айтор, чарк көпөлөк айланып, алапайын таппай убара. Делебеси козголуп, үлбүрөгөн кызды басып жыгылып эзгилегиси келип, напсисин араң тыят десең. Түн бир оокумга чейин отурушса да Зарина ачылып сүйлөбөдү, ал ортодо Сапар ажатканага кеткенден пайдаланып, тааныш официантын чакырып, "машинамды короого киргизип койчу, эртең айдап кетем" деп колуна 200 сом карматты. - Сапар байке, мен кетейин. Апамдар урушат. - Жок, кетпечи, мен сени кандай гана издебедим. Ишенсең арбап алдың, түшүмө да киресиң, кетпечи. Бүгүн калчы жаныма, баягы үйүбүзгө барабыз. - Байке, мен кетейин, эртең жолугалы, ага чейин өзүмө келип калам, чыны бүгүн маанайым жок, кыйнабаңызчы. Эртең сөзсүз келем, саат 6да ушу столдон күтөм сизди. - Алдабайсыңбы, телефонуңду берчи, дарегиңди ташта, өзүм алып кетем. - Жок келем дедимби келем, күтүңүз. Кыз өктөм сүйлөй сыртка чыгып, шарт таксиге отурду. Сапар үйүнө келген менен уйкусу качып, эртеңки жолугушууну ойлоп, кубанганын айт. Алгачкы сүйүүгө жолуккан жаш жигит бул жакта калсын? Таттуу ойлордун кучагынан чыга албай уктап калганын сезбептир. Эртең менен адаттагыдан шайдоот ойгонду, кыңылдап ырдап, душка жуунуп, жаңы көйнөк, костюм-шымын кийип, күйөөгө тийчү кыздай жасанды да, жумушка келди. Түшкө чейин кагаз-кугаз кармаламыш болуп отуруп, түштөнүү маалы болгондо "Алтын" дүкөнүнө жөнөдү. Алтынга чулганган дүкөнгө кирип, эмне алаарын билбей калдастады. Жардамга сатуучу кыз келди. - Жаш, сулуу, өтө сулуу анан аябай акылдуу кызга кандай белек берсем? - Бизден каалаганыңызды табасыз, бирок ал капчыгыңызга жараша. - Аа, акчабы, акча кара жерге кирсин. Акчам кудайга шүгүр жетет, кам санаба. Менин белегимди көргөндө сүйлөгөн сөзүн жоготуп, мага биротоло башын ийгидей болсун. Жаш кызды "шок" кыла тургандай нерсе керек. - Анда сиз комплект алыңыз? Же бриллиант чөгөрүлгөн алтын. - Жок, алтын эле, бриллиантка али эрте. Ошентип Сапар дүкөндө бир сааттай жүрдү, "тааныштар көрүп калбасын" деп корккон да жок. Жаш баладай толкунданып, сөйкө, шакекти кооз кутучага оротту. Сыртка чыкса саат 13.30 болуптур. Жумушуна келди, кагаздарын аңтарды, кол алдындагыларга тапшырма берди, айтор, убакыт өтпөй, айласы кеткенин айт. |