БУК болгон кайрыктар
Болом Уулу Кыргыздын,
Баамдап Уккун Кыргызым.
Болобуз Урпактары Кыргыздын,
Билсеңер Улуу Кыргызбыз.
Бириксек Укмуш Кыйынбыз,
Биздин Улуу Калкыбыз.
Биз Улууларды, Карыны,
Биригип Угуп, Кадырлап.
Бололу Улуттун Калканы,
Баарыбыз Улутту Коргойлу.
Биздин Улут Көгөрсүн,
Биз Уят Кылбайлы.
Биз Улуулукту Каалайбыз,
Бактылуу Улуу Кыргызбыз.
Бакыт, Урмат Кыргызга,
Бай Улутсуң Кыргызым.
Билимдүү Улут Кыргызым,
Бириксек Укмуш Кыргызсың.
Биздин Уюл Кыргызстан,
Билимдүү Учур Кылымдын.
Болбогун Уят Кыргызым,
БЭКтер Учсун Кылымга,
БЭКтерди Уккун Кыргызым.
Бийик Урмат Калкыма,
Бийлик Уулусуң Кыргыздын.
Бийлик Уккуң Калкыңды,
Бийлик Уктап Калдыңбы.
Билсең Улутуң Кыйналды,
Бирикпей Урпактары Кыргыздын.
Бийлик Унутуп Калдыңбы,
Биздей Улуу Калкыңды.
Бийликте Уят Калбады,
Биздин Устат Кытайбы?
Бизден Улуу Казакпы?
Биздин Улут Калмакпы,
БиздинУруу Кашкарбы.
Бизден Узбек Кыйынбы?
Бизде Улуктар Калганбы?
Бийиктер Урап Калганбы?
Бийликтин Улуусу Курманбек,
Бийлигиң Уурулук Кылдыбы?
Билгенин Уулуң Кылдыбы,
Баки Уулдары Кыйынбы.
Бишкектен Уктук Кабарды,
Болушун Уктук Курултай.
Болсо Ушундай Кыргызда,
Болбос Уруш Кыргызда.
Болбоспуз Уят Кылымга,
Башкарса Улуу Кыргызды.
Бакубат Уулу Кыргыздын,
Болор Урмат Кылымдар.
Бааларың Укмуш Кымбаттап,
Байкуштан Уйку Качты го.
Байларың Укмуш Көптү го,
Байыркы Улуу Кыргыздын.
Байлыгын Уурдап Көркоолор,
Баарыбызга Убал Кылды го.
Батасын Улуу Карынын,
Бакиевдер Укпай Калды го.
Байкагың Уккуң Карыны,
Батасы Урат Карынын.
Билсең Ушул Курманбек,
Байлыгын Улуу Кыргыздың.
Бийлигин Улуу Кыргыздың,
Белиң да Улуу Кыргызың.
Бетиң да Улуу Кыргызың,
Баамдап Уккуң Калкыңды.
Балаңдын Укугун Кыскарткын,
Башка Укөлөрүң да Кыскарсын.
Бардык Урууларды Карактап,
Башкарсаң Ушинтип Кыргызды.
Бактыбыз Учат Көкөлөп,
Байыйбыз Укмуш Кыргызым.
Баарыбыз Уругу Кыргыздын,
Баталуу Уулу Кыргызым.
Батасын Уккуң Кылымдар,
Бакай Уулу Кыргыздын.
Байтик Уулу Кыргыздын,
Багыш Уруусу Кыргыздын.
Бакиев Уулусуңбу Кыргыздын?
Балдарыбыз Улуу Кыргыздын,
Боз үйү Укмуш Кыргыздын.
Боздотпой Уккуң Кыргызды,
Боздобой Умтул Кыргызым.
Бозоң, Уузуң, Кымызың,
Бордогон Уюң, Койлоруң.
Бийлеген Уулдарың Кылымдар,
Билсеңиз Улуу Кыргызым.
Байлыктан Уучуң Кур эмес,
Бийликтен Улут Кур эмес.
Болот Уяң Кыргызстан,
Берениң Ушул Кыргызың.
Биригип Уюп Кыргыздар,
Бийикке Умтул Уыргызым.
Бийлейлик Улуттар Кыймылын,
Билимдүү Улут Кыргызым.
Бирикпесең Уюп Кыргызым,
Байлыгын Уурдайт Кыргыздын.
Бакыртып Урат Кыргызды,
Берекең Урайт Кырылып.
Башканы Урмат Кыласың,
Башыңа Укурук Кадалып.
Бактыңды Уттуруп Кытайга,
Башыңды Уттуруп Карызга.
Балээге Ушунда Каласың,
Багалбай Уул Кыздарың.
Болосуң Улуту Кулдардын,
Биз Уурулук Кылбайлы.
Биз Ууруларды Кыйнайлы,
Биз Урпактарга Кылымга,
Биригип Укмуштарды Камдайлы.
Байыркы Улут Кыргызым,
Байысын Уул-Кыздарың.
Бактысын Узарт Кылымдар,
Батасын Угуп Калкыңдын.
Билсең Укмуш Кендериң,
Билимдүү Улут Кеңпейил.
Биригип Уюп Кыргызым,
Бололу Уюлу Кылымдын.
Биздей Улуу Калктарды,
Бириктир Улуу Кыргызым.
Биздин Ушул Калкыма,
Бере көр Улуу Кудайым.
Берсең Улуу Кудайым,
Бактыны Уулуң Кыргызга.
Барктайбыз Улап Кылымдар,
Биригип Уул Кыздарың.
Бирдей Умтулуп Калдкыбыз,
Биз Утарбыз Кыйланы.
Биз Уятка Калбаспыз,
Бириксек Улуу Кыргызым.
Болду Ушинтип Курултай,
БЭКтерди Угуп Калкыбыз.
Белсинип Уул Кыздарың,
Биригип Улуу Кыргызым.
Бийликти Уят Кылгандай,
Билсе Уят Кылганым.
Бийлик Уурулук Кылбастыр,
Билбейм Ушуну Кылбайт го.
Бийлик Уурулук Кылат го,
Билмексен Уурдап Кыргыздын.
Байлыгын Укмуш Катат го,
Баарыбыз Уктап Калбастан.
Байкайлы Ууру Кыларын,
Билинсе Ушундай Кылмышы.
Биригип Улуттар Кыймылы,
Билдирип Улуу Калкыңа.
Болбосун Ушак Калкыма,
Бийлик Укпаса Калкымды.
Биз Унчукпай Калбайлы,
Биригет Уул Кыздарың.
Билесиң Ушунда Кыргыздын,
Баркын Улуу Калкыңдын.
Барбастан Ушуга Курманбек,
Барктагың Улуу Кыргызды.
Болбостон Уят Калкыңа,
Башыңыз Улук Кыргызга.
Билсеңиз Улут Кадырын,
Билсеңиз Улуу Калкыңыз.
Баарына Улук Караңыз,
Башканы Улук Кылбаңыз.
Башкартпаң Ууру Кылганга,
Бактысын Улуу Калкыңдын.
Баркташып Урмат Кылышып,
Баарыбыз Уюп Кылымдар.
Бактылуу Улут Куралы,
Болуптур Улуу Кыргызым.
Бактылуу Уулмун Кыргыздын,
Баталуу Улуу Кыргызым.
Барабер Улап Кылымдар,
Бабабыз Улуу Кыргыздар.
БУК болгон Муратбек




Кандай талап орундалат кокуй күн,
Калганыбыз үйдө жатсак корунуп
Көздү карап, абайлап жүр "Форумум",
Көп жакшылык алып келбейт мобунуң.
Акты сүйлөп аба жарган күндө да,
Акыйкатсыз наадандардын колу узун.

Бийлик менен мамилеңди түздөгүн,
Бийлик менен кармашканың, бүткөнүң.
Эске түйгүң бир нерсени жакшылап,
Эч убакта элден жардам күтпөгүн.

Эл эзелтен оомо келет бул анык,
Эли үчүн сот алдында суралып.
Эчен мээлүү азаматтар отурса,
Эл батынып ала албады чыгарып.

Аз-маз жаран Дубовыйдан жолугуп,
Анда-санда митинг кылат чогулуп.
Кандай талап орундалат кокуй күн,
Калганыбыз үйдө жатсак корунуп.

Жарма болсо жаны тынч дейт жардынын,
Жаткандайбыз таштап салып бардыгын.
Баары бирдей кымбаттаган күндө да,
Баягы эле сокур тыйын тагдырың.

Оор күрсүнөт жүз бирдеги чал жатып,
Оору артынан ажал менен арбашып.
Мүмкүн унтуп өмүрүндө бир ирет,
Мүрт кетсе дейм чындык үчүн кармашып.

Атаганат, адам жокко карыбас,
Ажал келсе колдон келбейт дарылаш.
Уялганым кийимим эмес жупуну,
Урпактарга үлгү болор карың аз.

Уятсыздын эл башкарып көптөрү,
Уялганым кыргыз такыр өспөдү.
Тоодой баркы микроскопко илинбей,
Томолонуп кашык сууга чөккөнү.

Уялганым артык коюп акчаны,
Унчугушпай ичтен сызган жаш-кары.
Бизге жакын улуттардын кетмен чаап,
Биздин жерди менчиктештирип жатканы.

Жер сатылса кейүү менин адатым,
Жер калсын деп айта турган бар акым.
Эстүүсүнүп тил кайраган жерим жок,
Эртеңкилер биз күткөндөй жашасын.

Ташын терип, жан тынч алар жайымдын,
Таш тургузуп күнүн көрөм айылдын.
Мекенимден айланайын, а бирок,
Мен элдерге эки дүйнө кайылмын.

Өмүр, өлүм каш-кабактай жап-жакын,
Өкүмдардын түшүнбөдүм максатын.
Көңүл калып түшүнбөдүм максатын,
Көбөйүүдө минут санап ак чачым.

Адилетсиз иш арбыса оболу,
Алсыз элдин тартар ошол тозогу.
Караганда узун кулак эшекке,
Кандек итке ишеним бар жогору.

Камчы жокто эшек жылбайт акырдан,
Кандек болсо учуп келет чакырсаң.
Мамлекетке ата, бала ушинтип,
Мамилесин өзгөртүүдө азыртан.

Азыр билбейм, күлөрдү, же ыйларды,
Алдууларың бурмалашып мыйзамды.
Алаксытып тартып алган өңдөнөт,
Алсыздарың тоокчо чокуп жыйганды.

Акелешип пара берип сумкадан,
Арамзалар кызмат үчүн чуркаган.
Канын соруп, битин сыккан байларга,
Кайталангыс түш сыяктуу бул заман.

Ак жолчулар парламентте уктаган,
Адал акы таппайт ашык устадан.
Хан алдында айырмасыз аларың,
Моло ташты кудайлаган буддадан.

Акчасыздар тор жаялбайт дурустап,
Акчалуулар адам атса уруксат.
Биздин өмүр гүлдөй соолуйт капаста,
Бийлик менен сөз талашып урушсак.

Азаптардан арылгансып тойлордо,
Алаксыймын жыргап көңүл тойгонго.
Келечекти элестетсем үшкүрүп,
Кептелемин мээ ачыткан ойлорго.

Министрлер отчет берген ыйыкташ,
Мите курттуу айырмасыз уюктан.
Акмактарга какшагандан түк жетпейт,
Акылдуулар түшүнүшөт кыйытсаң.

Көпкөн басат көпкөндөрдүн орунун,
Көпкөндөрдүн көп чукуба жоругун.
Баяндамаң балдар үчүн жазылган,
"Байчечекей" эмессиң да "Форумум".

Олуттуу бол, чыкса дагы кайдан чыр,
Оюң менен окурманды ойрон кыл.
Ажо ишин түз айтпаган, мисалы,
Апендинин жоругуна айландыр.
Эдил