Кимге ким окшош?
Келбетиң окшош, ал эми кыял-жоругуңчу?
Кыргыз эстрадасындабы, саясатындабы, айтор чыгармачыл адамдардын арасынан бири-бирине куюп койгондой окшош адамдарды кезиктиребиз. Бирок, ойлобогула кыял-жоругунан бери окшош экен деп, биз жөн гана тышкы келбети окшош адамдарга көз жүгүрттүк.

Оймоктой ооздору окшош
Актриса кыз Элина Абай кызы менен Анжеликаны да окшоштурушат. Көпчүлүк көз арткан бул эки перинин ботодой көздөрү жана оймоктой ооздорунун окшоштугун баамдагандардын саны өтө эле көп.

Устаты менен шакиртинин окшоштугу
Адамдар кайсы бир белгилүү инсандарды кумир тутуп, ошолордун баскан-турганын, сүйлөгөнүн туурап, айтор бардык жагынан ошол адамдарга окшошууга аракет кылышат эмеспи. Мындай мисал кыргыз шоу-дүйнөсүндө да бар экен. Ырчы айым Асел Турдалиева жана анын окуучусу Бегимай Бекбоеванын бири-бирине болгон окшоштугун өздөрү да жашырбай айтып келишет. Бегимай кичине кезинен Асел эжекесиндей белгилүү ырчы болууну кыялданып келгениненби, же алган таалим-тарбиясынанбы, айтор, кыргыз шоу-бизнесинде аты таанымал эки айымдын ырдаганы да, сахнадагы кыймыл-аракети да опокшош.

Чач жасалгалары окшош
Ырчы айым Батма Качкынова менен Каныкейдин чач жасалгаларын окшоштурабыз. Каныкей аттуу жаш ырчы кызыбыз, өзгөчө чач жасалгасынан тышкары эч кимге окшошпогон үнү менен да айырмалана алат.

Кут болсун кутман курагыңыз!
Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тил жана маданият институтунун улук окутуучусу Сардарбеков Бейманбекти 31-март туулган күнү жана эр ортону элүү жашка толгон кутман курагы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жыйырма жылдан ашык агартуу тармагында талыкпай изденген эмгегиңиздин үзүрүн көрүп, сый-урматка бөлөнүп, шакиртериңиздин, коллективдин, кесиптеш-максатташтардын арасында кадыр-баркыңыз, зоболоңуз артсын. Сизге чың ден-соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, чыгармачылык эргүү каалайбыз. Үй-бүлөңүз менен бакубат турмушта өмүр сүрүшүңүзгө тилектештигибизди билдиребиз.
Тил жана маданият иниститутунун эмгек жамааты

Комузун колдон түшүрбөгөн окшоштор
Комуздун коштоосунда обон созгон Токтобек Асаналиев менен Аскат Мусабековду да көпчүлүк окшоштуруп келишет. Бул ырчылардын тышкы келбети бири-бирине аябай окшош болбосо да, кубулжута ырдаган үндөрү жана ар дайым улуттук, фольклордук ырларга басым жасаган анан да комузун колдон түшүрбөгөн жактары менен окшоштурсак болот.

Күлгөндөрү окшош
Экс-министр Феликс Кулов менен актер Темирлан Сманбековдун окшоштугу эч кимге деле жашыруун эмес. Бири саясатта, бири чыгармачылыкта белгилүү болгон инсандардын ишмердүүлүгүн окшоштура албаганыбыз менен чач жасалгалары, күлгөндөрү куюп койгондой окшош.

Мурутчан окшоштор
Элибизге белгилүү куудул Күмөндөр Абылов менен таланттуу композитор Калыйбек Тагаевдин окшоштугун байкайбыз. Ал тургай күлгөндөрүнөн тартып, мурут койгондоруна чейин окшош. Ошондой эле бул чыгармачыл адамдарга экс-депутат Иса Токоев да окшошуп кетет.

Бири-бирин туурайбы, же чын эле окшошпу…
"Ичи тарып куураган көп, бири-бирин туураган көп" демекчи, көпчүлүк жаш ырчы жигиттер Алькамил менен Микаэлдин кийинүү стилдерин жана чач жасалгаларын окшоштуруп келишет. А түгүл "сен мени туураба"-деп бири-бирине доо артып, кайым айтышып жүргөнүн кайсы бир гезиттен окуп калган элек. Бул жигиттер бири-бирин чындап эле туурашабы, же чын эле табиятынан окшошпу, кандай болгон күндө алардын окшош экендигин күйөрмандары гана эмес, өздөрү деле моюнга алып отурушат.


Венера НАРКЕЕВА