Орус менен дос болсоң, Америкадан алыс жүр... Ата-журтта азайып, кайын-журтта кашайып… Ошентип, ыр менен баштала турган бийликтин Ынтымак курултайы чыр менен башталып, чыр менен чыгып кетти. Ойрон болгон ошол Курултайды Орусиянын маалымат каражаттары ушунчалык төө бастыга алды дейсиң, ушу туштагы оппозициябыз унчуга турган эч нерсе деле калбай калды. Азыркы бийлик мындай "атака" болорун алдын ала сезбегендиктен, алапайын таппай калышты. Алакандарын жайып, ачылган ооздорун жаба албай калышты. Кантсин анан байкуштар, кыргыз оппозициясы кыла турган иштерди орустар ашыгы менен аткарып жатышса. Бардык басма сөз каражаттары Бакиев бийлигин башынан ылдый шыбады дейсиң, тимеле, башыңды батыра турган жерди араң табасың. Алардын айткан ар бир сын сөзүнө жооп таба албайсың. Анткени, аргументтер менен урушту го, чиркин! Бирок, ажобуз жооп тапты. Айтты, "мына кечээ эле Орусиянын ММКларына чыгып атыптыр, "Бишкекте миңдеген кишилер көчөгө чыкты, митинг, бийлик эч кандай аракети жок" деп. Орусия менен Кыргызстандын ортосунда абдан жакшы алакабыз бар. Демек Орусияда да ошондой саясатчылар бар экен да, ортого от койгонго аракет кылгандар"-деп. Мунун өзүнөн эле, Орусия менен мамилебиз оорлоп кеткенин ажобуз мойнуна алганын баамдасак болчудай. Ажобуз андан ары сөзүн минтип улаптыр; "мен ойлойм, Кыргызстанда атайын жашыруун институт болсо керек ушак таратканга, башкача жооп таппайм. Мен мамлекеттик коопсуздук комитетке да тапшыргам, карасаңарчы силер, мурун илгери КГБ системасында мындайды эки күндө эле алып жетекчиге коюп койчу эле. Мен ойлойм, ушак тараткан орган бар Бишкекте, Кыргызстанда"-деп. Ажобуздун ушул айткан сөзүн угуп алып мен ойлоп калдым, "байкуш ажобузга бардык маалыматтар жетпей жаткан турбайбы" кыязында. Ушунча болгондон кийин, "жашыруун институт" дебей эле ачыгын айтса болмок, "ушу туштагы оппозиция ушак таркатып жатат" деп. Ушул жерден дагы ойлонот экенсиң, "ажобуз орус басылмаларынын маалыматын өз кулагы менен укканбы?" деп. Антпейин десең, "ушак" дегени эмнеси? Көкүрөк күчүгү Максимдин өнөктөшү Евгений Гуревичке Италия соту санкция бергени кантип эле ушак сөз болсун! Орусия берген 450 миллион долларлык жардамдын орду табылбай жатканы кантип эле жалган болсун! Анан калса, Камбарата ГЭСтерине бериле турган 1 миллиард 700 миллион долларлык каражаттын кашайып токтоп калганы, өкмөт башчыбыз Үсөновду Орусиянын бир эле министри кабыл алганы кантип эле калп болуп калсын! Демек, ажобуз орус басылмаларынын чоң чабуулунун чоо-жайын билбейт окшобойбу. Эл башчыбыз эрке уулу жана анын достору тууралуу узун-узун ушактар эмес, узун-узун кулактар чыгып жатканын уккан эмес шөкүлдү. Ал эми, жанагы айткан "жашыруун институту" тууралуу кепке келсек. Чын эле ажобузда ачык, так маалымат жок экенине ишенип кетесиң. Кыргызстанда түзүлгөн азыркы саясий кырдаалыбызды орустар он манжасындай эле көрүп турушат. Ал үчүн абалыбызга атайын анализ жасоонун деле кереги жок. Эл аралык террорист биздин Бишкеке учуп жатса, эл аралык "аферист" биздин Бишкектен чыгып жатса, эл ичинде эмне кеп болуп жатканын элчиликте иштегендери айтып жатса, бийликти бир үй-бүлө башкарып жатса, кымбат баалуу стратегиялык багыттагы ишканалар кыкка турбаган акчага сатылып жатса, алардын баары ачыкка чыгып жатса, орустар анализ жасап эмне кылмак эле! Ага болбой эле ажобуз актанып жатат, "абдан жакшы алакабыз" бар деп. Анда эмне? Орус басылмаларынын баарысын биздин оппозиция лидерлерибиз оптомунан сатып алганбы? Апта сайын ал жакка каттап калган Атамбаев орус саясатчыларын жалдап алганбы? Мейли, ким кандай тантырабасын, алакабыз алсырабасын дейли. Ооба, орус бийлиги кыргыз оппозициясына оңой жерден ортоктош боло калмак эмес, эгерде эл башындагылар эки жүздүү саясат жүргүзбөгөндө. Буга чейин орус басылмалары кыргыз бийлигин мынчалык бутага алышпаганын эске алсак, азыркы бийлик алардын чыдамын түгөткөнү ачыкка чыгып калат. Ошентип, Орусиядан билим алган, орус кызын аялдыкка алган ажобуздун ата-журтка болгон атагы төмөндөп, кайын-журтка болгон кадыры "бөжөңдөп" турган кези. Рыскелди МОМБЕКОВ Бириккен Элдик Кыймылдын Билдирүүсү 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын 5 жылдык мараакесин К.Бакиев Ынтымак Курултайы деп аталган кайдыгерлердин жана баш ийкеп макул болгондордун жыйынына жамынып өткөрдү. Жалпы элдик майрам уюштурууга бийлик батына албады, анткени калктын көпчүлүк бөлүгүндө жыргап тамаша кура тургандай себеп деле жок. Жакырдыктын сазына батып, четинен кырылып жок боло баштаган карапайым калк бийликке ызырынып турган кези, жер-жерлерде миңдеген киши катышкан нааразычылык митингдери өтүп жатат. 24-марттагы революцияны Бакиевдер уурдап алып, элдин келечекке болгон үмүтүн тебелеп салганы бүгүн айдан ачык болуп калды. Филармониянын жаркыраган залында баркыт орундуктарда 2005-жылдын март айында революционерлерди, анын ичинде Бакиевди дагы атып салууга даяр тургандар, Ак үйдүн жанында элди ташбараңга алган кишилер койкойуп отурушат. Ошол эле М.Суталинов менен Н. Түлеевди карап туруп Бакиев "мына ушул залда менин революциядагы ондогон үзөнгүлөштөрүм отурушат" деп ооз көптүрүп айтып жатпайбы. Ал эми эл толкунунун алдында жүрүшкөн генерал Исмаил Исаков, Эркин Булекбаев, Уран Рыскулов, Сагын Аргымбаевдер бүгүн түрмөдө отурушат; Алмаз Атамбаев, Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Топчубек Тургуналиев, Болот Шерниязов, Рыскелди Момбеков, Анвар Артыков жана башкалар бүгүн март революциясынын максаттары үчүн күрөштү улантып жатышат, Равшан Жеенбеков, Эдил Байсалов сыяктуу кай бирлери өмүрлөрүнө коркунуч туулганына байланыштуу чет өлкөлөргө кетүүгө мажбур болушту, Баяман Эркинбаев менен Руслан Шаботоев болсо өлтүрүлдү. Бийлик Курултайынын жыйынтыгы - бул шоу, Бакиевдердин бийлигин легитимдештирүү үчүн гана уюшулганын көрсөттү. Анын трибунасынан азыркы режимдин идеологиясы жарыя кылынды. Ал идеология таза жана демократиялык шайлоолорду, адам укуктарын, жарандык жана саясий эркиндиктерди, анын ичинде сөз эркиндиктерин дагы четке кага турганы ачык айтылды. Ал эми Ички иштер министри М.Конгантиевдин эгерде мыйзамдуулукту сактоо керек деген чектөө болбогондо, оппозициянын лидерлерин эбак эле тынчытып коймокпуз деп Курултайда айтканы - өлкөбүз диктатуранын босогосунда турганынын айкын далили. Бийлик Курултайынын жыйынтыгы К.Бакиев 2005-жылы мартта өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу менен коррупцияны жок кылам деп эл алдында берген антын аткарууга ниети жок экендигин көрсөттү. Ал түгүл ушул Курултайды жамынып алып, өлкөнү башкаруудагы коррупциялык түзүмүн актоого, улуттук байлыктардын туш келди сатылып, уурдалып жатканын туура деп аныктоого аракеттер жасалды. Кыргызстанды бүгүн Гуревич, Белоконь, Надель, Елисеев, Ширшов, Никитин, Каганер сыяктуу президенттин баласы Максимдин жакын достору деп эсептелген шойкомдуу кишилер, алардын MGN сыяктуу чет жактагы мафиялык топторго катышы бар ишканалары башкарып жатканы жөнүндө Курултайда бир ооз да сөз айтылган жок. 2010-жылдын 17-мартында өткөн Элдик Курултай жалпы элдин атынан Бакиевге жети талап койгон эле, алар аткарылбады. Ошондуктан, Бириккен Элдик Кыймыл бүгүн К.Бакиевдин өлкөнү башкарууга эч кандай моралдык укугу жок деп эсептейт. Үй-бүлөлүк топ тарабынан ээленип алынган бийлик кайрадан элге өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Эгемендүүлүк менен бийликтин бирден бир ээси катары ар бир аймакта Элдик Курултай өткөрүү менен элдик бийликти калыбана келтирүү маселесин талкууга коюуга Кыргызстан калкынын толук конституциялык укугу бар. БЭКтин Саясий бюросу |