Өкмөт башчыны өз жолуна салышты Кече өкмөт башчыбыз Данияр Токтогулович Нарынга иш сапары менен барган. Жалгыз эмес, Ильяз Давыдов, Искендер Айдаралиев, Капар Курманалиев сыякту өкмөт мүчөлөрүн ээрчитип. Нааразычылыктары күндөн-күнгө күч алган нарындыктар бул жолугушууга дагы арбын чогулушту. Алты миңге чукул адамдар өкмөт башчыдан өз өтүнүчтөрүнө жооп угууга барып, аягында тажагандан таркап кетишкен. "Ата мекен" партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Эсенбеков Адылбектин айтымында, өкмөт башчыбыз алар буга чейин коюп келген талаптардын бирисин дагы аткара албасын ачык айткандан кийин, ал жолугушууга катышкан нарындыктар 7-апрель күнү болуп көрбөгөндөй чоң митинг өткөрө тургандыктарын билдиришкен. Орой сүйлөп, жергиликтүү элдин жемесин уккан өкмөт башчыга 5 бөлүмдөн турган талаптарын таңып беришкен. Алар төмөнкүчө; - Электр энергиясынын баасын мурунку 70 тыйынга жеткирүү, - Жетим-Тоодогу чалгындоо иштерин токтотуу, - "Кыргызтелеком", "Түндүкэлектро" ишканаларын кайра мамлекетке кайтаруу, - Жергиликтүү жетекчилерди кызматтарынан кетирүү - Нарындыктардын буга чейинки талаптарын ишке ашыруу Мына ушул беш талапты бийлик бир жума ичинде аткарбаса, нарындыктар 7-апрель күнү өз бийлигин өздөрү орноторун өкмөт башчыга кулак кагыш кылышкан. Ага болбой эле, өкмөттүк маалымат каражаттары адаттагысындай апыртып киришти, "нарындыктар нааразычылыктарын токтотту, өкмөт башчы аларды ишендирип кайтты" кыязында. Ал эми, намыстуу нарындыктар өкмөт башчыны мындай кой, өлкө башчынын бийлигин токтотууга бел байлашканын эч ким айткысы келбейт. Кыскасы, өрт өчүргөнү барган өкмөт башчыбыз кайра суу ордуна солярка чачып келди десек болчудай. Таласта митинг 7де болот Өткөн жумада Бириккен Элдик Кыймылынын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров Нарын жана Талас облустарында болуп кайткан. Нааразычылыктары күчөп турган Нарындагы иш сапары ийгиликтүү болгону менен, Азикени Таластын так кире беришинен милиция кызматкерлери тосуп алышкан. Оппозиция лидерлеринин айдоочулары жол эрежесин бузуп койгон имиш, иши кылса Азикеңди Ички иштер башкармалыгына алып барышкан. Облустук милиция башчысы менен аяк-быягы он мүнөттөй сүйлөшкөн оппозиционер саясатчы андан кийин "Ата мекен" партиясынын кеңсесинде оппозициянын облустук жетекчилери менен жолугушуу өткөргөн. Бийлик жетегине баспаган жергиликтүү жетекчилер Бекназаров менен болгон жолугушуудан кийин, 7-апрелде нарындыктардын нааразычылык акциясын колдоо иретинде Талас шаарында митинг өткөрө турганын билдиришкен. Бекназаров менен бирге Таласка БЭКтин мүчөлөрү Оморбай Нарбеков, Дөөлөтбек Шадыбековдор барышкан. Элдик генералдын эрки сынбаптыр Сокулуктун Жаңы-Жер айылындагы № 19 абагында жаткан экс-коргоо министри Исмаил Исаковго абакта жаткандар тарабынан кысым болуп жатканын бир топ гезиттер жазып чыгышты эле. Акыркы маалыматтарга караганда, алтымыштагы алайлык генералдын акыбалы азырынча дурус эле экен. Кайратынан кайтпаган генералга кирип чыккандардын айтымында, экс-министрдин эрки майтарылмак турсун, кайра курчуп жатыптыр. Өзүнүн акыл-насаатын айтып, баргандарга Бакиев бийлигине каршы күрөштө бекем болуусун сураныптыр. Кыргызстандагы саясий кырдаалды барган гезиттер аркылуу талдап, өлкөбүз өтө коркунучтуу жол менен бара жатканын баамдаптыр. Айтор, акыйкат үчүн күрөшүүгө үлгү көрсөткөн генералдын, Ак үй тарабынан даярдалып жаткан амнистия менен иши дагы жок экен. Атаңгөрү, беш жыл мурун Акаев режимине күрөшүүдө далай белдерди ашып, далай элдерди ээрчитип чыккан генерал, эми минтип беш жылдан кийин абакта отуруп каларын кайдан сезиптир. Бул күндөр да өтөр. Ак ийилет, бирок сынбайт эмеспи. Бала Бакиев Вашингтонго барат "Атадан уул туулат, атагы далай угулат" демекчи, ажобуздун уулу Максим мырза Америка мамлекетине 7-апрелде жөнөгөнү жатат. Жөн эле эс алууга эмес, АКШнын соода департаменти уюштуруп жаткан чоң форумга катышканы камданып жатат. Айрым маалыматтарга караганда, Максим Курманбековичти өлкөбүздүн өтө таасирлүү адамдары коштоп барат имиш. Эгер биз буга чейин Максим мырзанын Кытай мамлекетине жасаган иш сапарын, аны Кытайдын чоң даражадагы өкмөт мүчөлөрү кабыл алгандыгын, өкмөт башчыбыз Данияр Токтогуловичтин Кремлге болгон иш сапарын, аны болгону энергетика министри кабыл алганын айтсак, өлкөбүздүн өзгөчө адамы ким экени табышмак болбой калат. 8-апрелде өтө турган бул форум алкагында бала Бакиев эгемен мамлекетибиздин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү менен бирге, өлкөбүздү өнүктүрүү боюнча инвестиция тартууга аракет кылат. "Акчанын майдасы тыйын болот, атасынан баласы кыйын болот" демекчи, бала Бакиев азыр атасынан ашып турган чагы. Атагы боюнча дагы, чатагы боюнча дагы. Эркинди экс-коргоо министрине кошобу? Бириккен Элдик Кыймылынын мүчөсү, экс - депутат Эркин Булекбаев менен бирге айыпталып жатышкан укук коргоочулар Сапар Аргынбаев, Уран Рыскуловдорго мамлекеттик айыптоочулар баарысын 8 жылдан эркинен ажыратууну сурашты. Мындан бир жыл мурун Петровкадагы чыккан чатак боюнча айыпталып абакта жатышкан оппозиция мүчөлөрү мамлекеттик айыптоочулардын мындай сунушуна макул эмес, алар сот алдындагы акыркы сөздөрүн бүгүн айтмакчы. Баса, алардын коомдук коргоочусу болгон кадимки Топчубек Тургуналиев жарыш сөзгө чыгып сүйлөп, ишти иликтеп жаткан судья Марлеске алардын болгон күнөөсү Бакиев бийлигине оппозицияда болгонун эскертип, алардын тагдырын акыл менен карап, акыйкат өкүм чыгаруусун өтүнгөн. Экс-коргоо министри Исмаил Исаковго мамлекеттик айыптоочулар дал ушунча мөөнөттү сураганда, анын ишин караган судья айтканын аткарып берген эле, эми Эркиндин эркиндигин канчага кыскартат болду экен? Чоң-Алайдагы чоң чатак Нооруз майрамы алдында Чоң-Алайда чоң чатак чыкканын эч ким деле билбей калмак экен, эгер "МСН" гезити жазып жибербегенде. Андагы маалыматтарга таянсак, 20-март күнү райондук коопсуздук кызматынын эки офицери Жаш-Тилек айылынын төрт тургунун мас абалында төпөштөп салышат. Чекисттерден тепки жеген төрт адам райондук прокуратурага арызданып барышат. Ал жерден тез эле оперативдик топ түзүлүп, курамына жергиликтүү прокуратура, милиция, сот кызматкерлери киргизилет. Арыздангандар айткан жерге оперативдүү топ барганда, баягы эки офицер аларга баш ийгендин ордуна кайра каршылык көргөзүшөт. Алтургай, бирөөсү чуркап барып Калашников автоматы менен пистолетин алып келип, асманга ок атып кирет. Эстерине келе албай калган милиция кызматкерлери эптеп отуруп анын ок атуучу куралдарын тартып алууга үлгүрөт. Чектен чыккан чекист иштеген имаратына качып барып бекингени менен, аягында өз ыктыяры менен колго түшүп берет. Ошентип, ойдо жок жерден ок аткан чекисттерге кылмыш иши козголуп, жумуштарынан кетирилиптир. Азыр алардын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жаткан кези. |