Акылдуу, Ак Үйчүлөрдү азанаттык, амнистияга казан астык...
Мүйүз эңсеп, кулактан айрылдыкпы?
Ак Үй бийлигинин акылмандары ары кызыктуу, ары күлкүлүү оюндун көшөгөсүн жапты. Жөн жаппай, алакандар айрылгыча кол чабышты. Кошомат айтып, коридорго төшөлүүгө даярлар да болбой койгон жок. Ал оюндун азан чакырылып коюлган аты "Ынтымак курултайы". Ынтымакчылардан 5 талапка ырайым күткөн "Ак шумкарчыларды" "бөрк ордуна баш алчулар" колдорунан сүйрөп, бөйрөккө нукуп, уруп-согуп алып кетип атканда "Ынтымак курултайы" көшөгөсүн көтөрүп аткан. Бакиев башын ийкеп баарын укту. Мунусу менен ашкан айкөлдүгүгн, адилеттигин көргөзгүсү келди. Бирок, чындык кээ бир делегаттардын оозунда чыркырап кеткенде кабагын чытый калганын КТР таамай көрсөтүп турду. Мойнунан байлаган ит ууга жарабасын далилдеп, ал тургай ажосун укпай мемиреп уктап аткандарды, чалпылдап сагыз чайнагандарды, комедия көрүп аткансып жамажайы айрылгыча жалжайгандарды да жазбай көргөзүштү. Аягында курултайды жыйынтыктоо үчүн алакандай барак менен алдыга чыкты ажобуз. Барак караганда башкача баатырсынган менен бараксыз баарыбыздын үмүтүбүзгө суу септи. Ойлору чар жайыт. Эл алдында чачырап, төгүлүп сүйлөп, "жыланды ийинден чыгара", токсон кыялдуу элдин тилин торгойдой таба албады. Мүйүздүү болобуз деп кулагыбыздан айрылган абалда калдык. Сөздү барктап, бапестеп кадырлагандар уялгандан эки колу менен экранды да жаап жиберишти. Президент эмес илгери эсил кайран СССРдин тушунда башкарма да минтип сүйлөгөнгө этикет жол берген эмес. Албетте араңардан "ажонун амирине каяша айткыдай сен кимсиң?" дегендер да чыгышы мүмкүн. Бирок бирөөбүз айтып турбасак болбойт. Ошентсе да ал күнү бийик трибунада ажо турганына көргөн көзүм, уккан кулагым да ишенген жок. Вальдис байкемдин "Розыгрышы" го дедим. Жөн гана ачык асман астында, жайлоодо Акылбек байкем койлорго паспорт берип аткандагы түшүндүрмө сөзү го деп түкшүмүлдөдүм. Сиздер деле ошентип түшүнгүлө.
Ошентип, бийлик билермандарынын билишинче ынтымак курултайдан кийин кыргыз турмушунда жаңы барактар ачылды. Жаңы жашоого, болуп көрбөгөндөй өзгөрүштөргө багыт алдык. Аны Ак Үйдүн айдакчы үгүтчүлөрү барабан, керней, сурнай менен "керең" элге жеткизмекчи кербези. Эми кой үстүнө торгой жумурткалаганын ураалап жар салабыз. КТР аркылуу, өкмөттүк басылмалар аркылуу. Кулагыбызга кыт куйгандай куюуга аракеттенишет. Ал хорго эки жүздүү интеллигенция менен бийлик эпчилдери чогуу кошулуп ырдап, элдин башын айлантуу амалдарынын миң түркүнүн ойлоп табышат.
Бирок торгой кайсы кой үстүнө жумурткасын уялайт? Кача-ан? Акылбек байкем элдин чөнтөгүнөн акчасын "шыпырып" анан койлорго паспорт бергендеби? Ооба, ажобуз айтмакчы Ынтымак курултайы максатына жетти. Анткени элдин кокуй күн турмушуна күнөөлөнүп, жалгыз гана байкуш Данияр байкем "тепкиленди". Ажобузга тике суроону мындай кой, кыйын кыргыз кыйытып бир нерсе деп айтууга даай да алышпады. Эми КТР аркылуу "Ынтымак курултайы максатына жетти" деп маңкайып аткандар баары бир баатыр боло албаганын мойнуна алышпайт. Эмнеге бир да делегат ажого "сиз урук - тууганчылык, коррупция бутубузду тушап атат" деп атасыз, бирок сиздин бир туугандарыңызды эсепке кошпогондо, андан бөлөк сансыз тууган-уруктарыңызды кантесиз?" деп айтканга алы келбеди. Себеби шибегени капка ката албаган сыяктуу, бул фактыларды кайда ката алабыз? Италиялык мафия менен байланышы бар, кыргыздын кирешесин калпып, каймагына семирип аткан Гуревич жөнүндө гүр да дебеди кокуй бир кыргыз. Көз чукуганды мындай кой, курултай делегаттары чылпак алганга да даашпай, дабдырашты.

Атасы минген атты баласы минет,
Атасы салган кушту баласы да салат
демекчи, байкагандырсыз, Бакиев мырза баш-аягы жок болсо да, баштан-аяк жакшы бакылдады. Бардык идеянын баарын керт башынын же жакындарынын гана пайдасы үчүн иштетүүгө уста экенин далилдеди. Демек, "Конституция өзгөрөт, өзгөрбөйт" деген өлөңгө "өзгөрөт!" деп майлуу илеп белгини коюу кажет. Ага далил, ажо "шайлоонун кадыры кетти, кеңешме демократияны орнотуу керек" деп үстөлдү тарс бир муштады. Ошентип оппозициянын "президент ЖКга "өзгөртүп, түзөткүлө" деп жөнөткөн Конституциясын кайра артка алсын" деген талабы орунсуз. Конституция дагы бир ирет жамаачыланса, президенттин милдетин аткаруучуну Президенттик кеңешме "кеңешип кескен бармак оорубайт" жолу менен тандайт. Ошондуктан ашканасында отуруп алып, акыл үйрөткөнгө маш кыргыздар мураскер издеп убара болбой ак коюңуздар. Мураскер даяр, ал ким экени азыр кыргыздын эмчектеги баласына да дайын. Бирок, аттын баары тулпар эмес, куштун баары шумкар эмес экенин унутпасак болду. Кыргыздар атты мыкты баксаң тулпар, кушту жакшы бапестесең шумкар болорун жүдаа жакшы түшүнөт. Азыркы бийлик кыргыздын кыбыра-чөбөрөсүнүн кабыргасына чейин карызга батырып атса, атын тулпар кылып, кушун шумкар кылары курулай кыял. Карыз, кайгы-кападан арылбаган эл кашаң болбогондо кантет? "Атты баксаң ар жерде, жоого бербес тар жерде" дегендей жок дегенде өзү көп мисал тарткан Чыңгызхан сыяктуу элин душмандан мындай кой, оттон, шамалдан төшүн дзотко тоскондой коргосо, ажобуз минтип өз элинде өгөйлөнбөйт эле да. Анын ордуна калкын карызга белчеден батырып, сырттан келип, мыйыгынан жылмая күлүп, талап-тоногондордун талоонуна салып берип коюп эч нерсе билмексен. "Жалпы калкты койдой жуушаттык, жайгардык да, жайладык!" деп санаасыз уйку абалында. Азыр бу бийликке бардыгы аздай. Акча, кызмат, байлык, мансап, дөөлөт, көз жаш, кайгы, каргыш. "Качан тоюнушаар экен?" деп эл күтө берип чарчады. Качан төөнүн куйругу жерге тийгендеби?

Ачуулунун баары кас эмес,
Күлгөндүн баары дос эмес
Ооба, азыр Ак Үй, Көк үйгө тишин кайрап, азуусун жанып, ачуулангандар кекиртектен. Ага бийлик өзү күнөөлүү. Кыргызды кургуйга түртүп, бир ууч адамдарды тоюнтуу үчүн, абадан ойлоп тапкан кымбаттатуу амалдарына кыжыры кайнап, акыйкаттык талап кылып, адилет сөз айткандын баарын душман, мокочо көрүп, күнөөлөгөнү да акылга сыйбаган жорук. Ал тургай тышкы саясат үчүн да оппозиция күнөөлүү, алар атайы "ушакчылар институтун" иштетишет имиш. Эми тышкы саясаттагы тактикабыз азыр элге кой, Ак үйдөгүлөргө да түшүнүксүз экени бакчадагы балага деле дайын. Бүгүн бирди айтып, эртең экини болжогондор, өздөрү алыскы жана жакынкы коңшуларыбызга жеңил-желпи мамиле жасай коем деп жем болуп атканын түшүнбөгөнүнө тоба-а!
Тышкы саясаттагы "тонький механизмди" да токко урунткандар өздөрү. "Эч качан бир мамлекеттин алдында чөгөлөбөйбүз" дегени кулакка жагымдуу угулганы менен, чөгөлөгөндү мындай кой, кокобуздан бери карызга батып, муунтулуп-кыкынган абалда чөк түшүп турганыбызга кантип көз жумуп кое алабыз?! "Башкалар менен тең салмактуу сүйлөшөбүз" деп темингени менен эч ким бизди теңине албай, президент эч бир өлкөгө чакырылбай, ал тургай Орусияга опулдап барган премьер-министрибизди кашайтып карапайым министри кабыл алып, аз убакыт гана суз, салкын сүйлөшүп, теңине албай, тээп чыгарганын кантип жаап жашырабыз? Айтор, ажобуздун курултайдагы сөзү айрым адамдарды жектеп, керек болсо табалаган ушак деңгээлинен көтөрүлө албаганын кыргыздын түшүн жоруган биз эмес, башка улуттагыларды да таң калычка бөлөй, оозду ачыра осол абалда калдык. Албетте, баатырлык билекте эмес, жүрөктө экени талашсыз дечи, бирок кыргыздын маңдайына баатыр падыша жазбаган соң, падышанын таажысы болсо да, калыстыгы жок экени талашсыз экенин моюнга алуудан бөлөк аргабыз калбады. Себеби ажобуз "дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат" деген кыргыздын улуу философиясын түшүнбөй, акыйкаттык туусун желбиреткендерди жерип, "өзгөлөрдүн" таасиринен чыга албаганы жыйынтыктоочу сөзүндө сокурга да дайын болду.
"Ынтымак курултайы менен элдин ыр-чырын басабыз" деген Ак Үйчүлөр абийирин жаба алышпады. Саясий упай топтогонго жанталашып, бийлик айрым Ак Үйчүл делегаттардын оозун азанатып, амнистияга казан асып тарады. Амнистия шылтоосу менен Алай, Балыкчы, Чүйлүктөрдүн тихий бунттарын жабуу үчүн, Исаков, Балыкчы, Петровка иштери ырайым берилген өңүткө бурулуп, айтор саясий "күнөөкөрлөр" акталмакчы. Бийлик кышта үшүгөн элди ушинетип жибитебиз деп шымаланып турган кербездери. Ажобузду эл алдында боорукер, мээримдүү көргөзүү аракеттеринин акыбети кайтаар бекен десең. А муз болуп тоңгон көңүлдөрүн, жүк баскан жүрөктөрүн, үмүттөрүн кантип жибитер экен? Тактикасын өзгөртүмүш болуп тактекелерин такылдаткан менен ажонун стратегиялык жүрүшү "темир тор" ичинде камакта. Ит жандуу кыргызым, дагы чыдагыла, ажонун стратегиялык багытынын да сыртка калкып чыгышына аз калды. Конституция өзгөртүлүп, Максим Бакиев мыжыгып, каалагандай калчап турган финансылык булактар аман бойдон колунда калса анан көрөбүз. Себеби эл жана оппозиция Конституцияга дал келбеген, үй-бүлөнүн гана кызычылыгын ойлогон кээ бир жасалма органдарды жоюу керек экендигин какылдап какшап айтып келет. Президент баласына энчилеп, белекке берген ЦАРИИни жойгонго кудурети жетеби? Антсе өзү биринчи төш болуп урук-тууганчылык чырмоокту үзүп, коррупцияга бөгөт койгон элдик баатырга айланмак. Ага эрки жетеби десең? Же сөзү менен иши айкалышпаган эки жүздүү саясаттын эзүүсүндө кала беребизби?
Ал эми ооматы келип турган оппозиция кыргыздын жерин, элин, байлыгын башкаларга таратып, аңкайып карап отура бербей, бийликти эл алышы керек деген чечимге келип, эл аралаганга кетти. "Кел-кели" келип турган оппозицияны башка өлкөлөр да колдой баштаганы жакшы жышаан. Демек, күттүргөн жаз да келди...

Жылдыз МУСАБЕКОВА