Элди эзүү - бизнеске айландыбы?
Электр энергиясына болгон баалардын кымбатташы менен энергетиктерибизге эптеп-септеп жан сактаган элден мурункудан да эки эсе көп акча жыйноого ыңгайлуу шарт түзүлдү. Айдан-айга зарыгып күткөн айлыгы убагында тийбей калып, электр жарыгына акчасын өз учурунда төлөй албагандардын электр зымын кесип салып, кайра кошуп берген кызматы үчүн бир топ эле акча "сындырып" келишет. Энергетиктердин мындай жосунсуз жоруктары Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда адаттагы эле көрүнүшкө айланган. Ушул сыяктуу жок шылтоолор менен элди эки эсе эзген энергетиктердин мындай кыянатчылык иштери акыры барып жетчү жерине жеткен белем, борборубуздун жаңы конуштарындагы элдин аркасы менен бийликке аралашып калган "Үй куруучулар" партиясынын мурдагы башчысы, "акжолчу" депутат Бейшенбек Абдырасаков ЖКнын кезектеги отурумунда "Электр төлөмдөрү убагында төлөнбөй калып, электр зымдарын кесип, кайра туташтыруу үчүн 478 сом төлөтүп, бул иш кадимки бизнеске айланып баратат"-деп агынан жарылды.
"Элдин жонунан кайыш тилген заман болду"-деп какшап аткан оппозицияны каралап келген баш министрибиз баш болгон бийликтеги бизнесмен чиновниктерибиз ушул сыяктуу жосунсуз жоруктардын жолун тоспойбу десең... Же алар да өздөрүнө тийиштүү "чотурун" алып атышабы?

Үсөнов элибизди дагы үркүттү
Кышы бою үшүп чыккан, бул бийликке болгон үмүтү калбай калган элибизди Өкмөт башчы Данияр Үсөнов дагы үркүттү. Тарифтерди көтөрүүнүн экинчи баскычы июль айында башталып, бир киловатт электр энергиясы 1 сом 90 тыйын, бир гикакалорий жылуулук 2500 сом болоорун "сүйүнчүлөдү". Албетте, электр энергиясына жана жылуулукка болгон баалар эки баскыч менен кымбаттарын Данияр мырза өткөн жылы эле "сүйүнчүлөгөн". Бирок, 18-февралда Бишкектеги бала бакчалардын биринин ачылышында журт башчыбыз "Электр энергиясына болгон баалар туура эмес кымбаттатылган болсо, жооптуу кызматкерлер тийиштүү жазасын алышат. Кымбаттоолордун экинчи баскычы болбой калышы мүмкүн"-деп айтканы бар. Демек, Үсөновдун кечээки сөзү ажобуздун ошондогу сөзүн толугу менен жокко чыгарды деп ишенимдүү түрдө айта берсек болот.

Окуу борборубу же аскердик базабы?
Бири-бирине болгон эзелки өчү эмдигиче сууй элек, дүйнөлүк ири ядердик державалар болгон Орусия менен АКШнын аскердик базаларын бирдей батырып алган Кыргызстан өтө опурталдуу оюнга "байкабай" аралашып алды. Эми минтип түбөлүк кызыкчылыгы үчүн бизге окшогон майда-барат өлкөлөрдү түп орду менен жок кылып ийүүдөн кайра тартпаган америкалыктар өлкөбүзгө дагы бир базасын ачуу ниети бар экендигин ачык эле билдиришүүдө. Кыргызстандын түштүгүндө ачылмакчы болгон америкалыктардын бул "окуу борбору" катары сыпатталып жаткан аскердик мекемеси тууралуу өлкөбүздүн коргоо министри Бакыт Калыев "бул база эмес, бул окуу борбору. Америкалыктар жөн гана каржылайт"-деген пикирин "Азаттыкка" билдирди. Бирок, аты башка заты ошол эле бойдон калган "Манас" аба майданындагы америкалыктардын Транзиттик борборун эске алсак, америкалыктардын түздөн-түз жардамы менен курулмакчы болгон окуу борбору кадимки эле аскердик базанын милдетин аткарып калышы мүмкүн. Түштүктөгү окуу борбору аскердик базага айланарын парламенттеги Коммунисттер менен КСДП фракцияларынын лидерлери да бир ооздон айтып чыгышты. Анын үстүнө түбөлүк достуктан, түбөлүк кызыкчылыгын жогору койгон АКШ олчойгон акчасын жөн эле чача бербесе керек.

Гуревич менен Үсөновдун кандай байланышы бар?
Кыргызстандыктарды гана эмес, дүйнө элин дүрбөлөңгө салган атактуу алдамчы Евгений Гуревичке байланышкан чыр-чатактан кийин, жоон топ чиновниктерибиз "мен аны тааныбайт экенмин" деп чыгышпады беле. Кечээ эле бир бийликте иштешип жүрүп, бүгүн "таанымаксанга" салгандардын бири, Гуревичке Өкмөттүн эч кандай тиешеси жок экендигин билдирип келген премьер-министр Данияр Үсөновго атактуу оппозициячыл айым Роза Отунбаева "Евгений Гуревич менен Данияр Үсөновдун түздөн-түз байланышы бар. Дал ошол Д.Үсөнөвдун тушунда Евгений Гуревичтин компаниясы Өнүктүрүү фондунун каражаттарын башкаруу үчүн тендерди утуп алган. Бул болгон факт. Ошондуктан бул олуттуу саясий баа берүүгө укуктуу", - деген жообун берди. Мамлекетибиздин ички да, тышкы да саясатына бир топ эле сокку урган Евгений Гуревич, Кыргызстанды канчалык деңгээлде сызга отургузуп, канча байлыгыбызды каңтарып кеткенин азыркы бийлик жаап-жашырып, бул окуяны эртерээк унутууга канчалык аракет кылганы менен, эртеби-кечпи чыркыраган чындыктар сөзсүз ачыкка чыгат. Бирок, айрым чиновниктерибиздин эмитен эле эски кесиптешин тааныбайбыз деп четке чыга калгандары көпчүлүктүн кыжырын кайнатууда.

Элибиз баатырларын унутпайт!
Мындан беш жыл илгери Бакиевди бийликке алып келгендердин көбү бүгүнкү күндө атылып, камалып, же башка өлкөгө качып кетишти. Ошолордун бири-Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигин алып ыргытууда эбегейсиз эмгеги бар кыргыздын чыгаан жигити, КСДП фракциясынын депутаты, маркум Руслан Шаботоев эле.
2005-жылдын март окуяларынан кийин Акаев бийлигине жаалдангандардан мамлекетибиздин башкы имараты-Ак үйдү "аман-эсен" алып калгандардын алдыңкы сабында жүргөн, ошол күндөрү Ак үйдүн коменданты болуп шайланган Руслан Шаботоевдин жакын санаалаштары, күйөрмандары, тууган-уруктары чогулуп, 24-март күнү Кант шаарында эскерүү иш-чарасын өткөрүштү. КСДП фракциясынын депутаты Сагынбек Абдырахманов ж.б жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан бул эскерүү иш чарасы Русланды бир мүнөт үнсүз эскерүү менен башталды. Мекенин чексиз сүйгөн Русландын калемине таандык "Мекен жөнүндөгү" ырларын уулу Тимур окуп берип, чогулгандардын көзүнө жаш алдырса, көпчүлүк "Руслан, биз мененсиң", "Руслан, биз сени жакшы көрөбүз", "Биз сени эч качан унутпайбыз" деген жазууларды көтөрүп турушту.

Атбашылыктардын да үмүтү үзүлдү
Бул бийликтен биротоло түңүлгөн эл жер - жерлерде элдик кыймылдарды түзө башташты. Ошондой кыймылдардын бири кечээ жакында эле алыскы Ат-Башы жергесинде да пайда болду. Мындай кыймылдар буга чейин Алайда, Нарында, Таласта, Кара-Кулжада, Аксыда уюшулган. Ат-Башыдагы элдик кыймылдын активдүү мүчөлөрүнүн бири Айгүл Капарованын айтымында, азыркы бийликке болгон элдин эң акыркы үмүтү 23-мартта болуп өткөн Ынтымак курултайында эле.
Бирок, "барган делегаттардын 2 - 3 мүчөсү гана чындыкты айтпаса, элдин көйгөйү айтылбады. Электр тарифтерин арзандатуу жана кен байлыктарды чалгындоо иштери боюнча көйгөйлөр чечилген жок"-деген атбашылыктар 7-апрелден баштап тынч митингдерге чыгаарын белгилешти.