Абайлагыла…

Бир көзүң, бир көзүңө жоо болот…
Элдин "сүймөнчүгүнө" айланган азыркы парламент "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" жана "Электр, почта байланыштары жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө. Мындай мыйзам долбоорун "Ак жол" фракциясынын мүчөсү Турдукан Жумабекова көтөрүп чыкты. Аталган мыйзам деп бир добуштан кабыл алынды.

Жогорку Кеңеш кабыл алган "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" жана "Электр, почта байланыштары жөнүндө" мыйзамдарына ылайык эми УКК баш болгон күч органдары бардык байланыш каражаттарын эркин, тыкыр көзөмөлгө алганга мыйзамдуу мүмкүнчүлүк алышат. Мындай жагдайды мыйзам долбоорунун демилгечиси, "Ак жол" фракциясынын депутаты Турдукан Жумабекова, Кыргызстандагы оперативдүү чалгындоого укугу бар күч органдары байланыш каналдары аркылуу кылмыштардын изин суутпай ачууга өбөлгө болчу жакшы көрүнүш катары сыпаттады. Анын айтуусуна караганда террорчулар, кылмышкерлер күчөп аткан шартта мындай мыйзам зарыл. Анткени, кайсы бир шектүүлөрдүн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн тыңшоо, электрондук байланыштарын көзөмөлдөө, мурун Башкы прокуратуранын уруксаты менен жүргүзүлүп келген болсо, эми оперативдүү чалгындоого укугу бар күч органдары, байланыш кызматтарын каалагандай эле тыңшоо аркылуу кылмыштуулуктун изин суутпай, тез арада ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондуктан, кылмыштардын изин суутпай издөө иштеринин жакшы жолго коюлушу үчүн, мыйзам базасынын алкагында байланыштардын заманбап техникалык тутумдарын кеңири киргизүү керек. Ошондо гана изин суутпай издөө иштеринин жакшы жолго коюлушуна чоң шарт түзүлөт имиш. Турдукан айымдын "экстремисттик жагдайды алдын-алууга, кылмыштуулуктун санын азайтууга" багытталаган мындай мыйзам долбоорун колдогон демилгечи топтун пикиринде, аталган мыйзам ишке кирсе, тартип коргоочулардын иштери жеңилдеп, террорчулардын, экстремисттик уюмдардын телефондон сүйлөшүүлөрүн, электрондук маалымат алмашууларын көзөмөлдөө жеңил болуп, коопсуздук маселеси жолго коюлмак. Баракелде, дебештен башка арга жок.
Буга чейин деле УУК баш болгон күч органдары Баш прокуратуранын уруксааты жок эле, байланыш тармактарын көзөмөлгө алып, тыңшап келишкени коомчулукта кеңири сөз болуп келатат. Өзгөчө, оппозициялык маанайдагы айрым саясий ишмерлердин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн тыңшоо күч экенин, бийликке ачуу сын айтып жүргөндөр кеп кылып жүрүшөт. Буга мындан бир аз жыл мурунку Жогорку Кеңештеги тыңшоо маселесине байланыштуу, айрым депутаттардын кабинетинен чыккан тыңшоочу апараттын айынан чыккан чырды айтпаганда да, жакынкы эле 24-март күнү Ынтымак Курултайында Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин - Темир Сариев ИИБнин ичинде Таласка, Нарынга, Көлгө, Жалал-Абадга, Ошко телефон чалып, "Бишкектин борбордук аянтында 10 миң киши чогулуп, митинг өтүп жатат, мени камап салышты" деп жалган маалымат таратты - деген сөздөрү эле эмнени каңкуулайт. Башкача айтканда, эгер Темир Сариевдин телефонун тыңшоого алышпаса, анын айткандарын министр Молдомуса Конгантиев кайдан билип жүрөт деген суроо туулат. Ушун өзү байланыш каражаты (телефон, электрондук почта) менен болгон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо, Баш прокуратуранын уруксаты жок эле жүргүзүлөрүнөн кабар берип тургандай? Анткени, Темир Сариев жогорудагыдай сөздөрдү айткан же айтпаган күндө да министр Молдомуса мырзанын сөздөрү, телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн тыңшоого алынганын туюндуруп жаткан жокпу?..
Мына ушул жагдайды, "Изин суутпай издөө иши жөнүндөгү" жана "Электр, почта байланыштары жөнүндө" мыйзам, оперативдүү чалгындоого укугу бар УУК баш болгон күч органдарынын, бардык байланыш каражаттарын тыкыр көзөмөлдөп, эркин тыңшоолоруна мыйзамдуу укук берип, легалдаштырат. Муну менен катар атайын техникалык каражаттарды ишке киргизүү жагы да каралган. Албетте, мындай көрүнүш алардын чектен аша чаап, саясий себептерге байланыштырып, кайсы бир адамдардын телефондорун тыңшоого алышына жана жарандардын жеке турмушуна сүңгүп кирүүлөрүн күчөтүшү толук мүмкүн. Ошондуктан, аталган мыйзамдын кабыл алынышына саясий ишмерлер, укук коргоочулар бекер жеринен тынчсызданып жатышкан жок. Себеби, байланыштын бардык түрлөрүн көзөмөлдөй турган күчкө ээ болгон укук коргоо органдары, атайын техникалык каражаттарды ишке киргизүү менен эми оппозициядагы саясатчылардын бардык байланыштары баштагыдан да тыкыр көзөмөлдөнүп калат (электрондук почталарын кароо, телефондон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо) деген чочулоолор арбын. Андыктан, депутат айымыбыз айткандай, аталган мыйзамды укук коргоо органдары кылмыштуулуктун изин суутпай бетин ачууга, террористтер менен экстремисттик уюмдардын ишин алдын-ала көзөмөлдөп чара көрүү максатында гана пайдаланат, башка жарандарга карта колдонулбайт деп кепилдик берүү кыйын. Ырасында, аталган мыйзам долбоорунда бир топ так эместиктер бар экенин айтышкан айрым серепчилер, "кемчиликтери бар бул мыйзамды жакшылап оңдоп-түзөө зарылдыгын" жөн жеринен белгилеп жатышкан жок. Бирок, Баш мыйзам "буйлаланган төөгө" айланган шартта мындай көз караштар эске алынган жок




Мирослав Ниязов, коомдук ишмер:
- Албетте, ар бир укук коргоо органдарына мыйзамдуу түрдө шарт түзүп берип жаткандары туура эмес. Мындай жагдай полициялык мамлекетке айлантат. Андыктан укук коргоо органдарына мынчалык кеңири укук бербеш керек. Эми мыйзам ишке кирсе байланыш каражаттарын эркин тыңшоо укугуна ээ болушкан булардын курмандыгына ар бир жаран чалынышы толук мүмкүн. Анткени, алар өзүм билемдикти жасабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мындай мыйзам түздөн-түз адамдардын эркиндигине кол салуу болуп саналат. Бул - өтө туура эмес мыйзам. Мындай элдин кызыкчылыгына каршы келген мыйзамдарды кабыл алган азыркы Жогорку Кеңеш, калктын мүдөөсүнө караганда, бийликтин кызыкчылыгын коргоп иш жүргүзгөн, зыяндарынан башка пайдасы жок тарыхта эң начар парламент катары кала турган болду.


Турсунбек Акун, Акыйкатчы:
- Негизинен байланыш каражаттары эркин болуш керек. Мыйзам жагынан көзөмөлгө алуу туура болбой калат. Байланыш каражаттарын угуп, тыңшоо кылмышкерлерге, экстремисттерге карата даректүү жүргүзүлүшү керек. Бирок, шылтоого - шыноо болуп, жалпы элдин укугун бузуп, укук коргоо органдары кызматынан аша чаап кетиши мүмкүн. Антпейт деп, буга кепилдик берүү кыйын.


Динара Молдошева,
"Ак жол" фракциясынын депутаты:
- Чындыгында мыйзам долбоорунун маанисин колдосо болот. Бирок, күч органдары бүт уюлдук байланышты камсыз кылган компанияларга сүйлөшүүлөрдү тыңшоочу баасы 2.5 миллион доллардан ашык "Форум" деген апаратураларды өздөрүнүн эсебинен орнотууну талап кылууда. Башкача айтканда каражат жагында кайчы пикирлер болууда. Анткени, сүйлөшүүлөрдү, байланыш каражаттарын көзөмөлдөөчү апаратураны мамлекеттин эсебинен орнотпой, жеке компанияларга жүктөп коюу туура эмес. Мындай жагдай аларга тарифтерди дагы көтөрүүгө түрткү берет. Мына ушул маселе оңуна чечилсе, негизинен мыйзам - актуалдуу. Себеби, тероррдук, экстремисттик уюмдардын ишин алдын-ала көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бетти даярдаган Алмаз ТЕМИРБЕК уулу