Сөз чынынан бузулбайт...

Эмилбек Каптагаев,
"Улуу Биримдик" улутчул-демократиялык партиясынын төрагасы:
"Эл президенттин Курултайын колдогон жок"
Ынтымак курултайы деп аталган "дүжүрлөрдүн" жыйыны элибиз үчүн ырыс кесер жыйналыш боло турганына эч кандай күмөн жок болчу. Мындай шоу-оюндун башкы максаты Бакиевдердин бийлигин легитимдештүрүү, башкача айтканда элге жакшы көрсөтүү. Чынында эле Ынтымак курултайы Өлкөнү "жаңылоо" боюнча Бакиевдин жумшап жаткан күч-аракеттери колдоого алынсын, ага "башкаруу реформасын улантуу... сунушталсын" деген чечим менен аяктады. Ошентип, тизме менен чогулган макулдар тобу Бакиевдерге жана алар алып келген Гуревич баш болгон чет элдик мафияга: мындан ары да элдин жонунан кайыш тиле бергиле, болгон байлыкты саткыла, ишке жарактуу жигиттерди кул кылгыла, кыздарды сойку-күң кылгыла - деп бата берип, тарап кетишкендей болду. Курултай максатына жетти деп саймедиреп жатышканынын башкы себеби ушул, кантсе дагы элдин атынан колдоо алымыш болуп жатышпайбы.

Бирок иш жүзүндө андай болбоду. Эл президенттин Курултайын колдогон жок. Ал жердеги айтылып жаткан жасалма, жасакер сөздөр эч кимдин деле ичин чыгарып, маанайын көтөрүп, келечекке болгон үмүтүн арттырбады. Тескерисинче кыжырлантты, Бакиевдин ырыс кесер саясатынан биротоло түңүлттү. Андан бир жума мурда өткөн Элдик Курултайдын койгон талаптарына жооп күтүп турган мекендештерибиз жер-жерлерде уюштуруу комитеттерин түзүп, элдик бийликти калыбына келтирүү максатында аракеттерди баштап калышты. Биз азыр өлкөнү чындап жаңылантууга багытталган жалпы элдик кыймылдын башталышына күбө болуп турабыз.
Ушунча көп акча каражатын сарп кылып, күнү-түнү телевизор, радио жана өкмөттүк гезиттердин бетинен түшүрбөй жарнамалап ызы-чуу кылып жаткан Курултайы минтип теңирден тескери натыйжа берип, элди кыжырлантып толкутуп калганы кокустукпу же мыйзам ченемдүү эле нерсеби? - деген суроо туулбай койбойт. Залда отурган делегаттар бүжүрөбөй, коркпой-үркпөй эле атбашылык Калыбек Арабаев, алайлык Бөдөш Мамырова, укук коргоочу Азиза Абдрасулова сыяктуу болгон чындыкты айтып чыгышса балким жыйынтык башкача болор беле, ким билет? Бирок андай болбоду. Чүйлүк "чүйгүндөр" деп аталып келе жаткан Садыкбек Аблесов, Апас Жумагулов, Жаңыл Түмөнбаевалар баш болгон, ишкер "шорочу" Табылды Эгембердиев төш болгон кур чечендер ыйманын жешти, саясий куйтулуктун үлгүсүн көрсөтүштү. Ошону менен курултайды кургуйга түшүрүп, угуп отурган кишилердин куйкасын куруштурушту.
Ошол жерде отурган жети жүздөн ашуун кишинин ичинде:
- Урук-тууганчылык байланыштар жана коррупция колу-бутубузду бууп коюуда, ...канга сиңген тууганчылык, уруучулдук же жердештик мамилелер иш жүзүндө өсүп-өнүгүүгө жолтоо болуп жаткан жокпу деген өтө татаал суроого чогуу жооп издөөгө чакырат элем" - деген Бакиевдин чакырыгына жооп кылып:
- Ооба, Курманбек Салиевич, сиздин айтканыңыз чын, колу-бутубузду бууп, өнүгүүгө жолтоо болгон баягы эле тууганчылдык, үй-бүлөлүк башкаруу жана коррупция, 5 жыл мурда ушуларды жок кылам деп ант бердиңиз эле, балдарым менен биртуугандарым эч качан бийликке аралашпайт дедиңиз эле, эмнегедир майлуу-сүттүү жердин баары эле Бакиевдер болуп кетти, өзүңүз деле туура баамдап жатыптырсыз, балдарыңыз менен биртуугандарыңызды четтетпейсизби кызматтан, өз антыңызды аткарбайсызбы, өлкөнүн колу-бутун бошотуп, өнүгүүгө жол ачпайсызбы - деп колдоп чыккан бир да киши болгон жок.
Же болбосо:
- Урматтуу Салиевич, урук-тууганчылык жана коррупция жөнүндө сөзүңүз кимдерге карата айтылып жатат? - деп суроо салган киши болбоду ошол жерде.
Чынында эле баарыбыздын башыбыз маң болуп турат азыр, кимдин тууганчылдыгы өлкөнү колу-буттан бууп, өнүктүрбөй жатканына түшүнө албай. Өзү ачык эле айтып чыгып жатканына караганда анын бул сөздөрү Бакиевдердин үй-бүлөсүнө караманча да тиешеси жок көрүнөт, алардын чырмалышкан кланы өлкөнү мында ары да "өркүндөтөт" окшойт.
Ушул эле темада Бакиев дагы төмөнкү үч суроону көтөрдү. Ачыгын айтсак үч суроосу тең сабатсыз коюлган, эч кандай оң мазмун жок, бирок азыркы саясатка мүнөздөмө бере алат.
Биринчиден: Үй-бүлөлүк жана уруучулдук дөөлөттөрдү сактап калуу менен бирге керек болсо тууганчылык мамилесине карабастан, бардыгынын мыйзам алдындагы теңчилигинин идеясына негизделген мамлекетти биз кура алабызбы? - деп сурады Бакиев.
Кыязы өзүнүн балдары менен бир туугандарынын кылык-жоруктарын көрүп туруп мыйзам алдында бардыгы тең боло тургандай мамлекет курууга мүмкүн экендигине ишене бербей калган көрүнөт. Ынтымак Курултайынын "дүжүрлөрү" да: Жок кура албайбыз, Бакиевдер мыйзамдан жогору турушат, аларга карата эч кандай суроо-сопкут болушу мүмкүн эмес - деген жоопту так беришти окшойт.
Экинчиден: А мүмкүн, адамдардын баарын жашоонун кайсы бир универсалдуу жолдоруна зордоп тартуунун ордуна аларга өз каалоосуна жараша жашоо ыңгайын тандоону сунушташ керекпи?- деп сурады Бакиев.
Бул суроого дагы өзү каалагандай жооп алды. Адамдардын баары "универсалдуу жолдо" жашоого милдеттүү, аларга карата мыйзамдык да мыйзамсыз да чектөөлөр бар, ал эми Бакиевдерге болсо "өз каалоосуна жараша жашоо ыңгайын тандоо" укугу берилген дешти Курултайдын делегаттары.
Үчүнчүдөн: Же болбосо биз жаңы технологияларды кабыл алабыз деп убара болбой, жалаң урук-тууганчылык идеологиясын тутуналыбы? - деп сурады Бакиев.
Бул жерде айтылып жаткан "жаңы технологиялар" менен "урук-тууганчылык идеологиясынын" ортосунда кандай байланыш, же кандай карама-каршылык бар экендигин бир Бакиев же ага сөз жазып берген киши эле түшүнбөсө, башка кишинин акылы жетчүдөй эмес. Бирок, суроо кандай мааниде берилсе дагы, "урук-тууганчылык идеологиясын эле тутуна бериңиз, урматтуу Курманбек Салиевич" деген жоопту алды делегаттардан, ошого ыраазы болду.
Ошентип сабатсыз берилген үч суроосуна тең кадимкидей эле "сабаттуу" жооп алган Бакиев Курултай өз максатына жетти, бул жыйын "кеңешме демократия" деп аталган жаңылыктын башаты болду деп жар салып чыкты. "Кеңешме демократия" дегени эмне деп делдейе түшкөн элге Бакиев өзү түшүндүрмө берди. Көрсө таза шайлоо системасын биротоло жок кылып, адам укуктарына, жарандык жана саясий эркиндиктерге чек коюп, сөз эркиндигин жоготуп, мамлекеттик башкарууну бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына баш ийдирген система ошентип аталат экен. Силер кеңеше бергиле, ал эми бардык маселени бул жакта биз чечебиз деген эле кеп экен анысы.
"Биз биргелешип мамлекетти башкаруунун жолдорун жана анын маани-мазмунун кайрадан калчап чыгууга тийишпиз... Буга чейинки мамлекетти башкаруу ыкмасы менен аталган стратегиялык максаттарга жетүү мүмкүн болбой калды" - деди Бакиев. Ошондой эле ал: "... улуттук таламдарды, өнүгүүнүн негизги багыттарын так аныктай албай келатабыз" - деп моюнга алды. Минтип Бакиев өзү ачык айтып жаткан нерсени ошол эле жерде Данияр Үсөнов жокко чыгарды, кыязы президенттин сөзүн жакшы тыңдаган эмес окшойт. Анын айтымында өлкөнүн өнүгүү багыттары так аныкталган, башкаруу системасы өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп жатат. Далил катары бюджеттин өскөнүн, ар бир тармак боюнча бөлүнгөн акча каражаттарынын санынын көбөйгөнүн саймедиреп кетти. Бакиев айтмакчы, жакаңды карманып "то-ба-аа" дейт экенсиң. Президент өнүгүүнүн багыттарын так аныктай албай, көзү жетпей турса, мурунтугу жок торпоктой эдиреңдеген Үсөнов баары жокту даана көрүп, даана билип турат экен да. Бирок Үсөнов ошончо цифра менен делегаттарды башка-көзгө койгулап жатканда бир нерсени так айткан жок. Ал асмандаган сандарды айтаардан мурда акыркы беш жылда инфляциянын деңгээли канча болду, баалар канча эсе өстү деген суроого жооп бериши керек болучу. Ооба, беш жыл мурда бюджеттин көлөмү 30 млрд. сомдун тегерегинде болсо, азыр 60 млрд. сомдун тегерегинде болуп жатат. Бирок мурда 30 сомго бүтүүчү жумуш азыр 60 сомго бүтөбү же жокпу? Ойлоп көргүлөчү, беш жыл мурда көмүрдүн тоннасы 800 сом болсо, азыр 3500 сом, электр энергиясынын баасы 45 тыйын болсо, азыр 1 сом 50 тыйын, бир кило шекер 20 сом болсо азыр 55 сом, дагы ушул сыяктуу эле башка күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы асмандап кетти. Ошентип инфляциянын деңгээли 200 пайыздан ашты. Ошол эле себеп менен акчанын саны көбөйдү, наркы түштү. Үсөнов анча кыйын болсо өндүрүштүн көлөмүн айтпайбы - көмүр өндүрүү канчага түшкөнүн, кийим тигүү канчага азайганын, цемент, шифер жана башка курулуш материалдарын чыгаруу да канчага кыскарганын. "Кумтөр" алтын кенин өндүрүшүн эске албаганда акыркы беш жылда бизде эч кандай экономикалык өнүгүү болгон жок. Алтынды өндүрүү деле килограмдап алганда азайды, бирок алтынга болгон баанын жогорулашы менен сом менен эсептегенде көлөм өстү. Ошондуктан мен Үсөнов мырзага деле айтат элем, самандай сапырылган акчанын саны курсакты тойгузбайт, кийимди бүтөбөйт. Эл жакырлангандан жакырланып бара жатат, көпчүлүктүн жону жукарды, мурда тапкан-ташынгандары түгөндү. Көптөгөн үй-бүлөлөр карайлап калган убагы азыр, эртең эмне кылып оокат кылабыз деп айлаларын таппай турат.
Ынтымак Курултайы деп аталган жыйында Бакиев дагы, Үсөнов дагы энергетика боюнча карандай калп айтышты. "Форум" гезитинин өткөн сандарында мен үч жылдан бери карайлап тезек терип, кышы менен тоңуп, чырак жагып караңгыда...
отурганыбыздын башкы себеби уурулук экенин, Токтогул суу сактагычынан бери дегенде 6 млрд. куб суу уурдалгандыгын ачык жазган элем. Ошондой эле адистердин айтымы боюнча жабдыктардын эскириши анчалык деле коркунучтуу эмес. Мисалы, Шамалды-Сай ГЭСи 1992-1996-жылдары курулуп бүткөрүлүп, 2002-жылы гана проектилик кубаттуулугуна жеткирилген, Таш-Көмүр ГЭСи да өзүнүн проектилик кубаттуулугуна 2001-2002-жылдары гана жеткирилген. Токтогул ГЭСи 2002-2007-жылдары толук капиталдык оңдоодон өткөн, 2007-жылы ал жерге энергосистеманы коргоп туруучу жаңы 500 киловаттык реактор орнотулган. Токтогул ГЭСинин турбиналары жылына 152 күн гана иштегенин эске алсак, бийлик айтып жаткандай 35 жыл эмес, болгону 14-15 жыл эле иштеген, эскирип ишбалдасы чыгып кете элек, иштөө мөөнөтүнүн болгону 50 пайызын гана пайдаланылды. Ошондой эле, Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча 1994-2008-жылдары энергетика секторуна 380 млн. доллар инвестиция жасалган.Бул акча энергетиканы толугу менен кайра оңдоп чыкканга жетмек. Ошондой эле 2000-2003-жылдарда эле энергетикага кошумча 54.2 млрд. сом акча каражаты жумшалган. Ошонтип, инвестиция болгон эмес, негизги жабдуулар эскирген деген сөздөр чындыкка коошпойт. Карандай калпты шыпырта айтып жатышканынын бирден бир эле себеби, энергетиканы эптеп сатып жиберип пайдасын өз чөнтөктөрүнө солоп алуу болуп турат. Бул айдан ачык эле маселе.
Курултайы 2005-жылдагы март революциясынын 5 жылдыгына туура келип жаткандан кийин Бакиев бир-эки ооз сөз кошпой койсо болбойт эле. Ошол жерде оозу мурду кыйшайбай, залда революциянын алдыңкы катарында жүргөн ондогон "соратниктерим" отурат, мен алар менен сыймыктанам деп айтты. Ошол жерде Бөдөш Мамырова туура айтты: "Кана, айтыңызчы Курманбек Салиевич, залда революционерлерден ким отурат, көрсөтүңүзчү?" - дебедиби. Азамат Бөдөш, Датка энеңдин арбагы ыраазы болду сага. Акаевдин режимин кулатып, Бакиевди манту жеп отурган жеринен жетелеп келип президент кылган Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Дүйшөн Чотонов, Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков, Эркин Булекбаев, Уран Рыскулов, Сагын Аргымбаев, Анвар Артыков, Болот Шерниязов, Топчубек Тургуналиев, Эдил Байсалов, Равшан Жеенбековдор кайда? Ал эми Баяман Эркинбаев менен Руслан Шаботоевди өлтүрүп тынышкан. Бүгүнкү күнү Акаевдин үй-бүлөлүк режимин Бакиев андан ары өстүрүп, өркүндөтүп, тири укмуштай жети баштуу желмогузга айлантканы жалганбы? Мына ушул себептен: "Революция мындан беш жыл мурда башталган, аягына чыга элек, үй-бүлөлүк башкаруу менен коррупцияны жок кылмайынча күрөшкөнүм күрөшкөн" - деп Роза Отунбаеванын дагы да болсо туу түбүндө турганына эл ыраазы, "Жаша, Роза эже!" - деп жатышат.
Ошентип 17-мартта өткөн Элдик Курултайдын талаптары жоопсуз калды, жүйөөлүү коюлган маселелер чечилген жок. Мындан ары карай чет элдик мафиялардан кутулуу, үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүү, элдик бийликти калыбына келтирүү үчүн ачык күрөшкө чыгуу ар бирибиздин жарандык милдетибиз деп түшүнөм.
"Улуу Биримдик" партиясы Элдик Курултайдын чечими менен түзүлгөн Борбордук Аткаруу Комитетинин ушул багыттагы иш-аракеттерин толук колдойт.