Алмаз Атамбаев, БЭКтин төрагасы: "Элдик Курултайдын талаптары эл аралап жүрөт" - Алмаз Шаршенович, Ынтымак Курултайынын ачылышында жана жыйынтыгында ажобуз Курманбек Салиевич кайрылуу жасап жиберди. Дегеле, ушул Курултай Сиздин купулуңузга толдубу? - Эми ал Курултайдын кандай өткөнүн эл өзү өз кулагы менен угуп, өз көзү менен көрбөдүбү. Бүгүнкү күндө эл эмнеге каршы болуп жатат? Албетте, энергетикага жана жылуулукка болгон жаңы тарифтерге, экономикабыздын эң кирешелүү тармактары болгон энергетикалык ишканалардын сатылышына, саясий куугунтуктардын курчушуна, Баш мыйзамдын өзгөртүлүшүнө, ж.б.у.с. маселелерге, туурабы? Анан ушул маселелер Курултайда айтылбагандан кийин, кантип анан купулума толду деп айта алабыз? Бакиев айтпаса да, башка делегаттар айтса болот эле го! Мына, биз уюштурган Элдик Курултайда эркин микрофон болуп, ар бир чыгып сүйлөгөн адам ачуу чындыгын айтканга үлгүрдү. Курултайда курсак тойгузган кургак сөздөр эмес, курч маселелер каралышы керек да. Биз Элдик Курултайда кабыл алган 7 талаптын бирине дагы бийлик жооп бере алган жок. Элдик Курултайда аткаруу комитети түзүлүп, анын төрайымдыгына Роза Отунбаева эжекебиз дайындалган болчу. Ал киши аткаруу комитетини атынан билдирүү жасады, биз баарыбыз аны колдойбуз. - Сиздер ошол Элдик Курултайда айттыңыздар эле, "эгер бийлик биздин талаптарды аткарбаса, анда Элдик Курултайдын экинчи этабын баштайбыз" деп. Эртеңдери эмне иш аракеттерди көргөнү жатасыздар? - Биз күткөн күн ошол бийликтин Курултайы бүткөн күнү болду. Ошол күнү кечинде биз аткаруу комитетинин алкагында чогулуп, андан аркы иш-аракеттерибизди талкууга алганбыз. Мына үч күндөн бери БЭКтин лидерлери ар бир аймакты кыдырып, активисттер менен жолугушууларды өткөрүп, алардын сунуш-талаптарын эске алып, уюштуруу иштерин жүргүзүп жүрүшөт. Анан калганын эл өзү чечет да. Элдин байлыгына Елисеев, Гуревичтер ээлик кылышы керекпи же жокпу, элге өзүнүн конституциялык укуктары керекпи же жокпу, ушул маселелердин тегерегинде уюштуруу иштери жүрүп жатат. Мен муну ачык эле айтып коёюн. Жанагы сен айткан экинчи этабыбыз башталып калган. Элдик Курултайдын талаптарын аткаруу боюнча иш аракеттер эл аралап жүрөт десек болот. Буйруса 7-апрелде жер-жерлерде Элдик Курултайлар өткөрүлүп, эл өзүнүн конституцияда уруксат берилген бийлигин орнотууга аракеттерин башташат. - Акыркы күндөрү Орусиянын басма сөз каражаттары биздин бийликти бир ыңтай "шыбап" киришти. Буга Сиздин пикириңиз кандай? - Эми алар кандай сындаса дагы жарашат дечи. Бирок алардын мындай чабуул жасаганы, Орусия менен болгон мамилебиздин өтө эле салкындап кеткенинен кабар берет. Алар Кыргызстандагы кырдаалды дыкат изилдеп чыккандан кийин ушундай пикирге келсе керек го дейм. - Бул чабуулдун залакасы тийиши мүмкүнбү? - Мына, ошол эле Орусиянын "Экспресс" гезити кечеги санында "Дом без хозяина" деген макаласын басып, анда аягына "Последствия ссоры с Москвой можно просчитать быстро - от полного блокирования китайских товаров, идущих транзитом через Киргизию в Россию, до депортации нелегальных киргизских мигрантов из России обратно на родину. А их у нас сейчас обитает около миллиона человек. Вернувшись домой, они быстро разберутся с зарвавшейся семейкой" деген божомолун келтириптир. Мен деле ушул орус аналитиктеринин божомолуна кошулат элем. Анткени, жакында эле Москва шаарынан 50 кыргыз жараны мыйзамсыз жашап жатканын, аларды миграция кызматкерлери кармаганын бардык эле басылмалар жазып чыгышпадыбы. Бул башталышы болсо керек да. - Рахмат маегиңизге Алмаз Темирбек уулу |