Өмүрбек ТЕКЕбаев,
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Казак тергөөчүлөрҮ Алдаяр
Исманкулов ким, ал жөнүндө эмне
билесиз деген суроолорду берди..."
26-мартта "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Казакстандын Кордой шаарына барып, өткөн жыл этегинде Алматыда киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюктун өлүмүн иликтөө-тескөө иштери боюнча сурак берип келди. Ө.Текебаев казак тергөөчүлөрү көрсөткөн беш сүрөттүн ичинен Улуттук Коопсуздук кызматынын офицери Алдаяр Исманкуловдун сүрөтүн тааныгандыгын "Азаттыкка" билдирди.

- Сизде бул иш боюнча кыргызстандык үч жаран Казакстандын укук коргоо органдарында кылмышка шектүү деп кармалып турат деген божомол барбы?
- Сүрөттөрдүн өзгөчөлүгүнө карап, алар полицияда тартылган деп түшүндүм. Биздин үч жаран Павлюктун иши боюнча казак кызматтары тарабынан кармалган. Төрт сүрөттө тең мен тааныбаган жаш балдар, мага бешинчи сүрөттөгү бирөө гана тааныш көрүндү.
Ал Алдаяр Исманкулов - Улуттук Коопсуздук кызматында техникалык бөлүмдүн жетекчисинин сүрөтү гана мага тааныш көрүндү. Казак тергөөчүлөрү Алдаяр Исманкулов ким, ал жөнүндө эмне билесиз деген суроолорду мага берди.
- Сиз Алдаяр Исманкулов деп бир жарандын атын атап, мен аны тааныдым деп жатасыз. Канчалык далил менен ишенимдүү түрдө бул сиз атаган адамдын сүрөтү деп айта аласыз. Балким окшош бирөөдүр?...
- Биринчинден, тергөөчүлөр Алдаяр Исманкулов ким деген суроону беришти. Экинчиден, мен Алдаяр Исманкулов менен жеке тааныш эмесмин. Бирок 2006-жылы январда абдан чоң чатак чыгып, парламенттик иликтөө жүрүп, төрт күн өзүнүн жыйынын ушул жигитке арнаган. Ошондуктан парламенттик иликтөөнүн чегинде Исманкуловду жакшы билем.
А. Исманкулов 1996-жылы раматылык Рысбек Акматбаевдин жээни Нурлан Коноев менен каракчылык-тоноо беренеси боюнча айыпталып, ага кылмыш иши козголгон. Кийинчерек ошол кездеги ички иштер министри Суталиновдун айтышы боюнча 2005-жылы Алдаяров казак ишкерин алдап-тоноого катышкан.
Ал эми Раатбек Санатбаев өлтүрүлгөндөн кийин бир жума өтпөстөн Алдаяр Исманкулов эки мыйзамсыз тапанча алып жүргөн жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бирок прокуратура аны камаганга уруксат бербей койгон. Ошондо парламент карап, текшерип Исманкулов тезинен камакка алынсын деген чечим чыгарган.
Бирок Курманбек Бакиев эл адында ачык Исманкуловду колдоп чыккан. Андан кийин эртеси анын атасы жетектеген Дене-тарбия институтуна барып сөз сүйлөп, бул үй - бүлөнү ачык колдоорун жашырбастан көргөзгөн.
Ошентип, үч кылмыш ишине аралашкан Исманкулов 2005-жылы кызматынан көтөрүлүп, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы болсо, азыр техникалык бөлүмдүн башчысы.
Казак тергөөчүлөрү Коопсуз-дук кызматынын техникалык бөлүмү эмне иш кылат деп абдан кызыгышты. Мен аны билбейм, бирок бул телефондук сүйлөшүүлөрдү угат, электрондук почтанын мазмунун текшерет жана башка ушуга окшогон бүгүнкү техникалык каражаттардын жардамы менен адамдарды аңдуу жана башка тергөө амалдарын жүргүзө турган бөлүм деп шек санайм.
- Өмүрбек мырза айтсаңыз, казак укук коргоо органдары Сизге көрсөткөн материалдардын, иликтөө-тескөө иштеринин негизинде кылмыш жасагандардын атын жарыялайт деп ишенесизби?
- Павлюктун ишин иликтөө солгундап токтоп калгандай болгон. Күтүүсүздөн ал жанданып, казак тергөөчүлөр активдеше баштады. Россиянын "Регнум" деген маалымат агенствосунун аналитиги "Россиянын олуттуу маалымат каражаттарынын баары кыргыз президенти Бакиевге 23-марттан баштап оппозицияга өттү" - деп жазды.
Россияда бийликтен көз каранды болгон массалык маалымат каражаттары жөн эле дос мамлекеттин бийлигин сындабайт. Россия бийлиги Грузияны, Украинаны сындаганга уруксат берген, уруксат гана эмес ага ишарат берген. Эми Украина ал тизмеден чыгып, Грузиядан кийин Кыргызстан бул тизмеге кошулду.
Мына ушул убакта казак туугандар да жыландын башын чыгарып, Павлюктун иши жабыла элек, ал биз иштин аягына чыгабыз деп мени суракка чакыруу аркылуу билдирди. Билдирмек турсун кыргыз жарандарынын бешөөнүн сүрөтүн мага көргөздү. Ошентип алардын үчөө колго түшкөндүгүн, бирөө учурда Коопсуздук кызматынын офицери экендигин кыргызстандыктарга даана билдирди.
- Сиз өзүңүз казак тергөөчүлөрүнөн иш качан аягына чыгарын, дагы канча иликтөө амалдарын жүргүзүү зарыл экендигин сурап көрдүңүзбү?
- Өзүңүзгө белгилүү, бул иш Казак Ички иштер министринин орун басарынын түз көзөмөлү алдында. Казак тергөөчүлөрү тергөө сырларын балыктай болуп айтышкан жок. Менин айткан байкоолорум алардын берген суроолорунан жана мага көрсөтүлгөн материалдардан улам гана болуп жатат.
Мен жана айтпадымбы, алар өздөрүнүн Коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнөн качып жүрүштү деп. Мындан улам казак бийлиги бул ишти аягына чыгарганга абдан ынтызар деп ойлойм.
P.S.УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Рысбек Быкын уулу "Азаттыкка" казак укук коргоо органдарынан эч кандай расмий кайрылуу болбогондугун тастыктап, бул тууралуу маалыматы жоктугун билдирди.

Гүлайым Ашакеева
"Азаттык"




Иса Өмүркулов,
ЖК депутаты:
Бүгүн парламентте өкмөттүн 2009-жылдагы отчету угулуп, көпчүлүк депутаттар аны канааттандырарлык деп баалады. Бирок СДП фракциясы мындай баага каршы. Бул боюнча фракция мүчөсү Иса Өмүркуловду сөзгө тарттык.

"СДПК өкмөт ишине канааттанбайт"
- Иса мырза, бүгүн өкмөттүн өткөн жылдагы отчетун талкуулап парламент кабыл алды. Ал эми СДПК фракциясы буга каршы чыгып, канаттандырарлык эмес деп таптыңыздар. Анын себеби эмнеде?
- Парламент өкмөттүн 2009-жылкы ишмердүүлүгү боюнча Конституцияга ылайык отчетун угушубуз керек. Ошол маселе боюнча бүгүн күн тартибинде карадык. Албетте премьер-министр өзүнүн отчетунда "баары жакшы, киреше да көп, социалдык маселелерди да чечип атабыз, пенсияны көтөрүп атабыз" деген жоопту айтты. Бирок биз ага өз мамилебизди айттык. Себеби өткөн жылкы экономикабыздын абалы өтө оор болду. Себеби экспорттун азайганы 22 пайыздан ашты, импорт 25 пайыздан ашты. Ошону менен бирге өндүрүш 6,4 пайызга төмөндөдү. Ал эми бир гана Кумтөр ишканасы жалпы өндүрүштүн көлөмүндө 50 пайызга чыкты. Мындайча айтканда, республикадагы бүт өндүрүштүн 50 пайызы бир гана комбинатка байланышып калды.
Бул өтө начар, перспективасыз көрүнүш. Себеби өндүрүштүн бүгүнкү күндө азайып жана экономикалык жактан өнүкпөй жатканын айгинелеп турат. Ошону менен бирге өндүрүштүн ичиндеги кийим тигүү тармагы 30,1 пайызга төмөндөдү. Бул дагы бүгүнкү күндө 3,1 тигүүчү жумушу жок калды деген сөз. 3,1 көлөмү сатууга жөнөтүлбөй калды деп атабыз. Мунун баары тең товар айлантуунун төмөндөгөнүн, соода балансынын айырмасы көбөйгөндүгүн айгинелеп турат.
Мындан тышкары, ушул көрүнүшкө бүгүнкү күндө Кыргызстандын бажы союзуна кирбей калганы экономикага мындан ары да терс таасирин, албетте, берет. Себеби бүгүнкү күндө негизги биздин товар жүгүртүү - бул Кытайдан алып келип, коңшу мамлекеттерге Дордой, Кара-Суу базарлары аркылуу сатуу жана Орусияга жөнөтүү болчу. Бул 1-январдан баштап катуу көзөмөлгө алынды. Ал эми экинчи жарым жылдыктан баштап бул нерсенин баары токтойт дегенге толук көз жетип турат. Себеби бажы союзунун келишиминде ошондой маселеси бар.
- Иса мырза, Орусия бере турган кредит - 1 млрд. 700 млн. доллар акча келет дедик эле. Ошол канчалык реалдуу?
- Бүгүн премьер-министр аны жакынкы арада келет деп айтты. Биздин көз караш боюнча, ал акча келе турган түрү жок. Себеби жакынкы күндөрдө Орусиянын ММКлары аркылуу биздин өкмөт терең сынга алынды. Ал жерде мурунку берилген кредит - 300 млн. доллар кайда кетти деген суроону коюп атышат. Эгерде биздин өкмөт ага толук ачык жооп бербесе, албетте кийинки транш, же болбосо 1 млрд.700 млн. долларды берүү чектелет. Ал акча келишине менин көзүм жетпейт.
- Жогоруда айтылган маселелер боюнча СДПК фракциясы өкмөттүн отчетун канааттандырарлык эмес деп таптыбы?
- Албетте, мындан тышкары бүгүн көйгөйлү маселенин бири - айыл чарба багыты. Айыл чарба азыктары ички дүң продукциянын 3,1 көлөмүн түзөт. Ошонун көбөйгөн темпи 7,4 деп айтылып жатат өкмөт тараптан. Бирок өткөн жылкы айыл чарбадагы продукциянын өнүгүшү 2008-жылга салыштырмалуу бүт багыттар боюнча төмөндөдү. Мисалы, сүт боюнча, бул өкмөттүн өзүнүн отчетунда жүрөт, жумуртка, жүн, эт, өсүмдүктөр боюнча. Мисалы, пахта аянты эгерде 2009-жылы 16,9 миң гектар боло турган болсо, 2008-жылда болсо 33,7 миң гектар эгилген экен, 15 миңге аз. Тамеки миң гектарга чейин аз эгилди. Мисалы, 2009-жылы кант кызылчасы Чүй өрөөнүндө эгилген деле жок. Анан айыл чарбада кандай өсүш болот? Ошон үчүн бул багытта дагы көп мүчүлүштүк бар, ошонун баарын айттык, ошонун баарын камтыганда өкмөттүн былтыркы ишмердүүлүгүнө бир сөз менен бүгүн биз канаттандыраарлык эмес деген баа бердик.
Аманбек Жапаров
"Азаттык"