Сандан-санга

АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ
(Cаясий роман)
- А сен айдасаң эмне болот эле? Эмне, бир жериң короп калат беле?
- Сен эмне келесоо болгонсуңбу?! Мен пияз айдачу белем. Эркек деген малын карайт, жем-чөбүн камдайт… эгер мээң жетсе. Же мени дунган болуп кетти дейсиңби.
Бекитай шылдыңдай күлдү:
- Э, келесоо, кайсы малыңды карайсың? Тиги сыртта жүргөн итиңдиби?
Сатарбек унчукпай калды. Ырас эле анын короодогу карылыгы жеткен итинен башка жандыгы жок эле. Аз жыл мурун ончакты кою, жылда туучу саан ую, отуз-кырктай чамалуу тоогу боло турган. Азыр алардын изи да жок. Огородуна толо жер-жемиш айдап да алышчу.
Бу бөтөлкөлөш эки дос ажонун кошуна айылынан. Жашы ажого теңчамалаш. Биздин жердеш ажо болду деп, бу айылдыктар бир жума бою баш көтөрбөй ичишсе, эки дос ошондон бери токтоло элек. Жердеш ажосунун ажолугу алтынчы жылга кеткенден кийин бири минтип сөгүп олтурат.
Сатарбектин ажону сөккөнүнүн жөнү бар. Анткени, шаарга тирилик кылам деп кеткен аялынын дайны жок. Жыл айланды. Андан мурун кеткен уулу Орусияга чейин кирип кетиптир. Элден укту. Энесин издеп кеткен кызы мына, төрт айдын жүзү болду, дайынсыз.
Өткөндө акыркы коюн сатып, аялы менен кызын издеп шаарга барды. Аракты айда катырганы менен, издегенин тапкан жок. Бүлөсүн жоготуп, мал-жанынан айрылганына түздөн-түз ажо күнөөлүү эмес да. Бирок ошол апкелген, түзүп алып башкарган турмушу толгон бүлөлөрдү чачыратып ит кылбадыбы. Сатарбек ушинтип ойлойт. Өзүнөн кенедей да көрбөйт.
Анын бүлөсүнүн тарыхы мындай эле. Сатарбек кеч үйлөнгөн, аялы өзүнөн он төрт жаш кичүү. Аты Салкын. Бир уул, бир кыз төрөп берип токтотту. Айылда бала бакча башчысы болчу. Тамак-аш жетпейт дегенди небак унутушкан, жалпы балдардын ырыскысы ошол жерде иштеген аялдардын бүлөсүн бакканга кеңири жетип турчу…Анан баары ойрон болгон заман келгенде Салкын шаарга кетти, соода кылам деп. Өзү орун-очок алгандан кийин кызын чакыртып алмак. Кийин арактан оозу бошобой калган Сатарбекти эсептен чыгарып койгон.
Салкын шаарга келип өзүнүн айылдашы, чогуу окуган кызы менен базардан кездешип, ал турган квартирада баш калкалап калды. Ал классташы да бүлөсүн таштап, соода кылам деп келгенине бир жыл болуптур. Базарга кадимкидей көнүп калган экен, Салкынды эртеси эле өзүнүн жанына алып, соодага каныктыра баштады.
Салкын араң эле жүргөнбү, уялбай-этпей эле алып-сатканга көндү. Жашылча сатат. Тамагын ченеп ичип, анча-мынча акча топтогонго өттү. Баары жакшы, бирок, түн киргенден аябай коркчу болду. Анткени классташ келини түн кирди болду, квартира ээсинин өзүнөн кичүү уулу менен төшөктөш болуп, таң атканча кыңшылашып чыгат. Салкындан эч уялышпайт. Эки бөлмө болсо жакшы болбойт беле… Бара-бара Салкын тиги экөөнүн төшөк мамилесине көнүп бүткөндөй болду. Анткен менен отуз бешке эми чыккан келин тигилердин төшөк окуясын тыңшай жатып, аябай убайым тартат, самап олтурат ошону. Мага да бирөө табылса, кой дебейт элем дегендей кылат…
Бул жерге жашай баштаганына үч айдай өткөндө Салкындын турмушун өзгөрткөн окуя болуп кетти.
Бир күнү таң азандан базарга баралбай калды. Эмнеден экенин ким билди, башы сынып ооруйт. Классташы кетти. Андан аз өтпөй классташынын "жигити" келип, Салкын жаткан жердеги төшөккө жанаша олтуруп сурады:
Эже, эмне ооруп калдыңызбы?
- Ооба, башым… --Салкын бу татына жигитти ичинен жактырчу, а тургай кээде анын койнунда жатканын элестетип кызарып кетер эле. Азыр болсо бөлмөдө экөө жалгыз экенин ойлоп, оңтойсузданды, классташы кирип келсе эмне дейт?!
- Башыңызды ушалап берейинби? -деген жигит жооп күтпөй эле Салкынга жыла олтуруп, чекесин ушалай баштады. Салкын чочуп кеткени менен, каршылык көрсөтө алган жок. Жумшак, ысык кол ырас эле аздан соң баш оорусун үзүп салгандай жок кылды. Жигиттин колу чекеден ылдый жылып олтуруп, мойнуна, анан эки "алманын" бирине жетип, мыкчый-мыкчый кармады…




Айлакер
Айым
"Аялдын амалы кырк эшекке жүк" дейт кыргыздар. Анын сыңары, азыркы заманда айлакер айымдар каалаган эркегин торго түшүрүп, керек болсо ыйык эсептелген үй-бүлөлүк очогун бузуп, өз жыргалы, өз бактысы, айтор, өзү үчүн күрөшкөндөр жок эмес. Ал тургай, модага айланды. Айлакер айымдардын кылтагына биздин заманда жашап жаткан бизнесмен, министр, депутат ж.б. мырзалар түшүп, тагдырдын миң түркүн сыноосуна тушугуп, бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кумардын туу чокусун багынтып, айтор, турмуш дөңгөлөгү чимирик. Мен дагы мына ушундай тагдырдын жазмышына моюн сунган бир кезде райондук аппаратта иштеп, анан депутат, анан министр, анан ... болуп тагдыр тегирменинде айланган мырзанын, эң негизгиси, ашкан айлакер, сулуу, бирок аягы суюк Заринанын турмуш-тагдырына саресеп салмакчымын. Бирге үңүлөлү... Кызыктар али алдыда...


Канат Темирбекович чач-тарачканга барып, кебетесин оңдоду. ЦУМга кирип 1000 долларга сувенир алды. Президентке кур кирмек беле. Колун карап калсачы. Уят болбойбу. Анын үстүнө президентти чиновниктин баары көндүрүп койгон. Сөзсүз түрдө белек-бечкек менен саламдашышат. "Кимибиз кымбат, кимибиз баалуусун алабыз" деп атып соцмелдеш кылып да ийишти. Канат Темирбекович сувенирди кооздото оротуп портфелине салды да, ЦУМдан чыгып, "Алтынга"кирди да, кабылдамада отурган кызга да чынжырча алды. Ал ойсоке жөн ойсоке эмес, президенттин ойношу. Көп нерсени кулагына шыбырап, көп маселелерди чечип кое турган жайы бар. Аны да колго албаса болбойт. Машинасын Ак үйдү көздөй айдап баратып "ушунун баарынан чарчадым, жай турмушта жашагым келет" деп ойлонуп, ичинен үшкүрүп да алды.
Ак үйдүн лифтине отуруп 7-кабатка кантип жеткенин да билбей калыптыр. Алдынан шыпылдап, президенттин жардамчысы тосуп алды. Кабылдамада көпкө күткөн жок, секретаршага белек-бечкегин бергенге араң үлгүрдү, "сизди күтүп аткан" деп тез эле киргизишти. Президенттин маанайы жакшы белем, карсылдап күлүп, жаадырап-жайнап тосту. Эс алуучу бөлмөгө титирете дасторкон жасашыптыр, ичкиликтин түрү жайнайт. Негедир президентти чарк көпөлөк айланып жүрчү чай куйчу жигиттер да көрүнбөйт. Канат Темирбекович демилгени колго алып чайды куйду да, арактын оозун ачты. Чай үстүндө оголе көп сөздөр козголду.
- Канат Темирбекович, сени чакырганымдын жөнү мындай. Кечке эле депутат болуп жүрө бермек белең. Давай, менин командама кошул, министр бол. Өкмөттө да өздөй кишилер керек болуп атат. Болбосо жанагы премьер-министрге түк ишенбейм. Ал келгени иштер да жакшы эмес. Иштин көзүн билген мыкый үкү да, ар бир министр, ведомствонун ишине кийлигишип, ак, таза иштеп атканы эч кимге жакпай турат. Ошондуктан акырындан анын кишилерин айдап чыгып, өз адамдарымдан команда түзөйүн деп атам. Жакшы иштеп берсеңер, колу-буту буулганын түшүнгөн өкмөт башым өзү эле кетип калат. Ошону тездетиш керек болуп атат. Кандай дейсиң?
- Сиз не десеңиз баарына макулмун, каршылык жок.
- Анда мындай, маммүлк министрлигин сага ыраа көрүп турам. Эртең аппарат жетекчим коллективине жаңы министрди тааныштырат, барып иштей бер.
- Шеф, ал жерде менин эң жакын досум Искен Асанбекович отурат да, кандай десем, менин бул кадамым чыккынчылык да. Кызматтан кетерин ал билет беле.
- Эми мен ар кимин эркелетип, чакырып,"сен кызматтан кетесиң" деп эскертип турмак белем, эртең менен билет да. Кызмат анын менчиги беле, унчукпай кетет, "кетпейм" деп тырышып, бир нерсе кыла турган болсо, бир былыгын таап, жоопко тартабыз.
- Искен Асанбековичтин ордунан бөлөк министрлик болсо жакшы болмок...
- Канатик, сен көп баш оорутпа, Искениңди баары бир кызматтан алмакмын, сен барбасаң, сенден башкасы барат да, досуңа компромат казып баштайт. Андан көрө өзүң бар, уялып атсаң досуңду орун басар кылып ал, же кеңешчиби, айтор, өзүң бил. Анын "крышасы" инимдин жолун тороп коюптур. Албасам болбойт, иниме сөз бергем, анан а жерге сени ылайыктадым.
Канат Темирбекович башын шылкыйтып, жер карады. Макул болбоско аргасы жок. Бирок, эми Искенге кантип айтат? Жана эле келечек пландарын бакылдап, көңүлдүү отурбады беле. Атайы ордун тартып алгандай болуп, досунун көңүлүн оорутат турбайбы. Министрликке макул болгон соң, президент экөө бир сааттай бакылдашып отуруп кызып да калышты. Президентке депутат болуп кирип, министр болуп чыккан Канат Темирбекович кабылдамадан коштошуп чыгып баратып, дароо Искенге телефон чалды.

P.S. "Айлакер айым" сериалынын башталышын окубай арманда калдык, качан китеп болуп чыгат?" деп телефон чалган көптөгөн окурмандардын суроосун эске алып, автордун уруксаты менен "Айлакер айым" сериалы "Айат пресс" газетасында кайра башынан басылып башталмакчы. "Эл сөзүндө" сериалдын окуялары уламдан-улам курчуп, бүйүр кызытып, жарык көрө бермекчи.