Максим "мойсогон" миллиондор калкып чыгууда
"Кыргызыңды уруп ойнобойм"-деп, ачык эле айтып келген Максим Бакиев беш жылдан бери "ай деген ажосу жок, кой деген кожосу жок" Кыргызстанды каалагандай талап-тоногон кылмыштуу иштеринин бети күн санап ачылууда. Кечээ жакында эле Транспорт прокуратурасынын кызматкерлери тээ алыскы Лондон менен Гибралтардагы Максим Бакиевге тиешелүү компаниялар Манас аэропортундагы Транзиттик борборго реактивдүү күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келгендигин аныкташты. Максимдин мындай көмүскө бизнеси ага беш жылдын ичинде баш аягы 2 миллион долларга жакын таза киреше алып келген.


Чарк айланган чагымчылар
Кудум Ислам акасындай кылып кыргыз элин башка-көзгө койгулап башкарып алууну максат кылган бакиевдердин тилеги бир заматта таш каап, күтүлбөгөн жерден күйүткө батышты. Курманбек бийликтен куулганы Жалал-Абадга барып алып, буркан-шаркан түшүп, "түндүк-түштүк чатагы биякта эле калат, мен буларга кыргыз-орус, кыргыз-өзбек жаңжалын баштап, көргүлүктү көрсөтүп кетем"-деп катуу жаалданган дешет көргөн-билгендер. Мурдараак болуп өткөн Маевка айылындагы жаңжалды кыргыздар менен түрктөрдүн, кыргыздар менен орустардын ортосуна от жагып, чагымчылык уюштурууну каалагандар да дал ошол бакиевдердин куйруктары экендиги айтылып жүрөт. Кечээ жакында эле Ош облусунда да кыргыз-өзбек жаңжалын баштоо аракети болду. Бул окуянын учу да айланып келип мурунку бийликтин чиновниктерине такалып жаткандыгын облус жетекчиси Сооронбай Жээнбеков "Ошто тополоң чыгарып, сырттан бизге жардам демиш болуп башка күчтөрдү киргизүүнү каалаган, кайра бийликке келем деген бийлигинен, байлыгынан ажыраган адамдар тынчыбай жатышат. Кыргыздар менен өзбектердин ортосунда эч кандай кармашуу, тирешүү жок"-деп билдирген. Кандай болгон күндө да элибиздин түндүк-түштүк, кыргыз-орус, кыргыз-өзбек дебей кылымдардан бери ширелишкен достугу, бекем ынтымагы бакиевчилердин арам оюн орундатпай келет. Ошентсе да бакиевчи-чагымчыларды кармалган жеринен жок кылып, катуу чара көрүп, тизгинин тартып коюш керек.


100 миң доллар алгың келеби?
Убактылуу өкмөт оор жана өтө оор кылмыш кылган Бакиев режиминин бир канча чиновниктерине издөө жарыялап, аларды кармоого көмөк көрсөткөн жарандарга ири суммадагы акчалай сыйлык убада кылды.
Издөө салынган кылмышкерлер:
Бакиев Жаныбек Салиевич,
Бакиев Максим Курманбекович,
Бакиев Ахматбек Салиевич,
Бакиев Каныбек Салиевич,
Үсөнов Данияр Токтогулович,
Чудинов Игорь Витальевич,
Елисеев Алексей Александрович,
Ширшов Алексей Юрьевич,
Балкыбеков Сапарбек Эсенович,
Муйбиллаев Акимжан Муйбиллаевич,
Темирбаев Курманбек Токтосунович,
Темирбаев Нурлан Токтосунович.
Кимде-ким жогоруда аты аталган кылмышкерлер жөнүндө маанилүү маалымат бере алса, 20 миңден 100 миң долларга чейинки акчалай сыйлык алуу менен аты-жөнү сыр бойдон калуусуна кепилдик берилет.
Байланыш телефондору: УКМК (0 312) 62 11 71
КР ИИМ (0312) 62 38 74, 66-30-29, (0-555) 30-46-83 ГУУРдун начальниги


"Кандуу шейшембинин" баатырларына үй берилет
Кыргыз элинин келечеги, эркиндиги үчүн шейит кеткен баатырларыбыздын тууган-уруктарына жана ошол кандуу күнү жарат алган мекендештерибизге көрсөтүлгөн жардам бир жолку компенсациялар менен эле чектелбестигин Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев билдирди. Кудай буйруса, каза тапкан мекендештерибиздин жакындарына жана Бакиевдин огунан майып болгондорго Бишкек шаарынын Жал кичи районунан үй салып берүүгө каражат табылгандыгын утурумдук бийликтин атынан Алмаз Атамбаев жарыя кылды.


Рыскелди менен Топчуке топ жарышты
Бакиевдин огунан да, сотунан да коркпой-үркпөй, кыргызым деп күйүп-бышкан, ошол кездин алдыңкы оппозиция өкүлдөрү Топчубек Тургуналиев менен Рыскелди Момбеков чын эле кыргыз үчүн кызмат кыларын кызматка келгени иштери менен далилдей башташты. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Топчуке 1-майдан баштап, агенттиктин бардык кызматкери жалаң кыргыз тилинде сүйлөйт деген жарлыгын чыгарса, Маданият агенттигин министрликке айлантып салган министрдин милдетин аткаруучу Рыскелди Момбеков министрликтеги мамлекеттик иш кагаздардын баарын кыргыз тилине котортуп, Ак үй, Көк үйдөн келген орус тилдүү расмий иш кагаздардын баарын "которуп келгиле"-деп артка кайтарып атыптыр. Коркпой-үркпөй өз тилине өзгөчө мамиле кыла башташкан эки жетекчиден калгандары да сабак алып, 20 жылдан бери жакшы эле тебеленип-тепселген тилибизди кор кылбай көкөлөтүп алышса экен.


...Дыйкандар сурап жатат
Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары телекөрсөтүү аркылуу Кыргызстандын эли менен болгон түз байланыш учурунда "дыйкан чарбаларга, айылдык кооперативдерге 1-майдан баштап 12 пайыз үстөк менен кредит берилет" деп айткан эле. 4 күндөн бери Сокулук, Аламүдүн райондорунун дыйкандары редакциябызга чалып, аталган кредитти бир дагы банк бербей жатканын, "Айылбанктын" кызматкерлери андай акча жок экендигин билдиришкенин айтып, Өкмөттөн жооп алып берсеңер деген суранычын айтышты. Бул боюнча кандай аракеттер бар, Алмаз мырза?


Арча-Бешиктин жолун саткан акимдер жооп бериши керек!
Бишкектин Арча-Бешик конушу менен 4-оорукананы байланыштырып турган Криваносов көчөсү генплан боюнча эки тараптуу чоң жол болуп, түштүк магистрал менен аталган оорукананы байланыштырып турмак. Бирок, экс-мэр Түлеев менен Ленин районун кийинки, мурунку акимдери Түштүк магистралды Бах көчөсү менен кайрып салуу чечимине келишет да, Арча-Бешиктин жолу каралбай калат. Каралмак тургай анын бир тарабын кадимки транспорт каттап аткан жолду камчыга ченеп бөлүп, сатып жиберишкен. Кудая тобо, кыргыз качан жол сатчу эле? Эки жылдан бери арчабешиктиктер ушул мыйзамсыз иш боюнча айтып, жазып жатып чарчашкан. Себеби эски бийликте андайларга көз жумду мамиле жасалчу. "Азыр жалгыз үмүт Убактылуу өкмөттө калды, бул маселени чечип, ошол саткын, кызылкулактарды кылмыш жообуна тарткыла" деп жатышат. Тиешелүү органдар көз жүгүртүп койсоңорчу…



"Жегендин кусмайы бар"
Акыркы күндөрү бозуп алып энесин коркуткандар көбөйдү. Калкыбыздын канын кактабай соруп, элибизди тентитип, жерибизди ар кимге тепселетип, Акаевдан эптеп алып калган мамлекетибизди түп орду менен сатып ие жаздаган экс-бийликтин экс-чиновниктери колу менен кылган ишин мойну менен тартаар учуру келгенде тууган-уругу менен айыл-апасын алдап-соолап митинге чыгарып, арачы кыла башташты.
Ошондойлордун бири экс - президенттин аппарат жетекчиси, бир катар ичип-жеген былыктары үчүн күнөөлөнүп камакка алынган Каныбек Жороев. Кечээ жакында анын "тарапкерлери" деген атка жамынган туугандары алыскы Баткенде митинг уюштуруп, кыргыз-тажик чек арасын жабабыз деп коркутуп-үркүтүп тим болушту. Албетте, Каныбек Жороевдун канчалык деңгээлде элдин эсебинен капчыгын кампайтканын сот аныктайт деңизчи, бирок камалар замат ач - айкырык салып, "тигинтебиз, минтебиз"-деп догурунуп киргендин өзү эле анын арты таза эмес экендигин айгинелеп турат.


Карыбеков кайра баштайт…
Тагдырдын тамашасын карабайсыздарбы, мындан бир-эки эле ай мурун бакиевдерге жагынуунун айласын кылып, "оппозициянын дымагынан майнап чыкпайт"-деген мааниде көзү ачыктык кылып ийген Бегалы Наргозуев бүгүн минтип "майнап чыкпаган" ошол оппозиция өкүлдөрүнөн жан соога сурап отурат. Оппозициянын келечегин алдын ала билип койгон Бегалы мырзанын ошондогу көзү ачыктык касиетине биз дагы таң берип, кадимки парапсихолог, көзү ачык Мелис Карыбеков менен "Экстрасенстердин таймашына" чакырсакпы деп ойлоп койдук элек. Ал аңгыча болбой эле 7-апрель окуясы болуп, Наргозуевдин көзү чала ачылып калгандыгы аныкталып калбадыбы. Кудай буйруса, кийинки сандарыбыздан баштап Мелис Карыбековдун улуттук рухубузга, кыргыз калкына гана тийиштүү миң түркүн сырларына, Манас дүйнөсүнөн келген маалыматтарга байланышкан кызыктуу макала-маектерине, ойлоруна орун бермекчибиз.