Жаштарга айтаар бир сабак
Бул жалган дүйнөдө үч түрдүү күнөө жасаган адамдын күнөөсү кечирилбейт деп окуганым бар:
1. Кудайга акаарат келтиргендер (жок дегендер);
2. Жетим-жесирдин акысын жегендер;
3. Жалаа жаап, жалган күбө өткөндөр.
Жетим-жесирден баштап бүткүл кыргыз элинин ырыскысын жеген бакиевдердин үй-бүлөсүн, Д.Үсөнов, А.Ширшов, Елисеев ж.б. баш болгон ири комитеттер, министрлер, губернатор-акимдердин жазасын сот чечээр, күнөөлөрүн кудай таразалар. Ал эми Форум гезитинин жабылышына сугалак сот Суталинованын эмгеги чоң. Жалган жалаа, жалган күбө менен газетанын эмгек жамаатына караниеттик кылып, Бакиев бийлигине чоң кызмат өтөгөнүн сот эске алаар, бирок каардуу кудай сотунан кутула албасы анык. Сүйүнгөнүм "Форумдун" кайра чыга баштаганы болду.
Кыргызстан эгемендикти алган 20 жылдын ичинде таза иштейт деген бир да министр, губернатор, акимдерди укпаптырмын, бардыгы эле ичип-жеп калайын деп иштейт окшойт. Мисалы, М.Султанов, А. Келдибеков, М.Алапаев, И. Раимкуловдорду таза иштеди, жеп-ичпейт десе ким ишенет. Буга окшоп жооптуу кызматтарда иштегендердин канчасы бар дейсиң. Жеп-ичкендердин бардыгын түрмөгө камай берсек орун жетпейт болуш керек.
Анын үстүнө аларды мамлекет багыш керек, тамак-ашка ж.б. мамлекеттик чыгымдарга акча көп кетет. Ошондуктан менин сунушум оор кылмыш жасаганга катышкандардан башкасын б.а., мамлекетти каалашынча мойсогондорду, элдин ырыскысын жеген кызматкерлерге банктардан атайын эсеп ачып, аларга үч ай мөөнөт берүү керек. Эгер ошол үч айдын ичинде жеп-ичкендерин үстөгү менен төгүп, курун мойнуна салып, жаңылдым, ит болуптурмун деп кечирим сураса, аларды кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу зарыл. Ал үчүн бейөкмөт уюмдардан, аудиттик компаниялардан, сот органдардан атайын комиссия түзүлүп, дыкат текшерип чыгуу керек, төктүбү же дагы калып калдыбы деп. Андан кийин аларды экинчи ирет жооптуу кызматтарга такыр албоо керек, ошентсе мамлекеттин капчыгына көп эле тыгын болор эле.
"Сокур көргөнүн, дүлөй укканын койбойт", - дегендей, "Вечерний Бишкек" гезитине И.Масалиев менен Г.Скрипкина деген комунисттер интервью бериптир, Убактылуу өкмөткө Акжолчулар менен бирге укук талаасын түзүп берели деген. Беш жыл бою ак жолдун атасы Бакиев баш болуп, укук талаасына түкүрүп, тебелеп, баш-көтөргөндөрдү атып, соттоп жатканда, аларга "укук талаасынан"чыгып кеттиңер деп эмнеге бир ооз айтканга жараган жок.
"Көсөөнүн акылы түштөн кийин",-дегендей, силердин акылыңарсыз эле Убактылуу өкмөт укуктук талаада иштеп жатат. Элдин мүдөөсүнөн, ишениминен өткөн "укуктук талаа" жок.
Бүткүл кыргыз эли бул өкмөткө ишеним артып турат, Конституцияда болсо, бийлик ээси - эл. Ошондой эле БУУ, ЭКК, ШКУ ж.б. эл аралык уюмдар менен бирге Россия, Туркия сыяктуу дөө-шаа өлкөлөр колдоп, жардамын аябай, Бакиевди тааныбайбыз деп жатышат.
Бирок Апсамат акенин уулунун да 7-апрелде болгон революцияда өтөгөн эмгегин да эске алуу керек. Себеби Конституцияны көзгө илбей, элге аянтка пикетке чыгып өз оюн билдирүүгө каршы чыккан токтомун токубаганда, эл топтолушуп, аянтка чыгып, "Бакиев кетсин" деп кыйкырып, ачуусун чыгарып, тажаганда кетип калмак. 7-апрель окуясы балким болмок эмес. Элдин кыжырдануусу, жек көрүүсү топтолуп отуруп бир жарылганда, бакиевдер беш болуп, шымын булгап алып, көбү качпадыбы. Ошондуктан Убактылуу өкмөттөн суранаарым бул эки экс-депутатты "сыйлыкка" көрсөтүп, же бирден майлуу кызмат берсеңер, силерге да кошоматтанып бир пайдасын тийгизер.
Эсимде жок, качан экени, телевизорду койсом, юстиция министри М.Кайыпов менен М.Чолпонбаевдин теледебаты болуп жатыптыр. М. Чолпонбаев айтып жатат: "Силер Бишкектен жер беребиз деп элдин баарын чогултуп алдыңар, ошол эле убакта жерлерибизди өзбек, тажиктер басып алды", - десе, М.Кайыпов: "Ушул сөзүң үчүн соттолуп кетпе",-деп коркутуп кирди. Кийин өзү соттолуп кете жаздап, эбин таап кутулду.
Анын сыңарындай,бардыгы эле Бишкектегилер жыргап аткансып, үйлөрүн бекитип салып, бул жакка баса бергендей. Бирок аларды да түшүнсө болот дечи айылда жумуш жок, бирок ошол эле учурда алардын көбүнүн айылда жер үлүштөрү бар, тер төгүп, жер чийип эмгектенсе болот да.
Ал эми жер басып алгандардын көпчүлүгү айылдан келгендер, ошол эле учурда үй-жайы барлар да жүрөт. Алардын арасында менин да 3-4 кошунам жүрдү. Бардыгынын үй-жайы, бир-экиден уул-кызы бар (аттарын атабоону чечтим). 9-апрелде жумуштан келсем, "Көк-Жар" жаңы конушунан жерлерди ээлеп, бөлүштүрүп киришиптир. Кошуналарыма барып: "Уялсаңар боло, 86 азаматтын денеси сууй электе бул эмне кылганыңар, үйүңөр жок болсо бир жөн", - десем, алып койсок зыяны тиймек беле, сен деле басып албайсыңбы дейт. Айтканга сөз жетпейт. Кийин патриоттук кыймылдын мүчөлөрү менен милициялар келип таратып, түшүргөн таш-кумдарын жүктөп кетишти.
Ошондуктан жаштарга айтаарым: "Адам баласында эч кимге, эч бир сотко баш ийбеген абийир соту деген бар. Ошол абийир сотунун алдында таза болсоңор, бардыгына жетишесиңер. Мамлекетибиз аз-аздан бутуна туруп телчигээр. Бул биздин чоң жеңишибиз. Демократиялуу, адам укугун сыйлаган, Орто Азиядагы бирден-бир өнүккөн бай мамлекет болуусуна бизге уникалдуу сонун шарт түзүлдү. Мындай шартка, мындай жагдайга канчалаган элдердин эки көзү төрт болуп жетпей келет.
7-апрелдеги революцияда силердин эмгегиңер зор. Убактылуу өкмөт да туура түшүнүп, жаштар министрлигин түзгөнү жатат. Анан 5-6 кишинин башын кошуп, бир уюм түзө калып, бизге да өкмөттөн орун бергиле деген туура эмес иш болуп калат. Убактылуу өкмөткө кол-кабыш кылгыла, патриот болгула.
Илгери эсил-кайран ССРдин убагында бир жакшы традиция бар эле. Жаштар комсомолдук, партиялык уюмдарда иштеп, такшалып, тепкич боюнча көтөрүлүп отуруп, комсомолдун секретары, партиянын секретары анан барып жооптуу кызматка дайындалчу.
Силер да коомдук иштерге активдүү катышып, иштеп, эл көзүнө көрүнгүлө, элге жаккыла, эмгегиңерди баалап, ошого жараша кызмат аласыңар.
Акырында айтарым: 86 азаматты жерге бергенде Абдышүкүр ажы айткандай: "Кепиндин чөнтөгү жок!"экенин унутпасак, боордош кыргыздарым.
Жолдош Акунов,
Бишкек шаары





КАЙРЫЛУУ
Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р.ОТУНБАЕВАГА,
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары А.АТАМБАЕВГЕ,
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, каржы министринин милдетин аткаруучу Т. САРИЕВГЕ.
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Э. ИСАКОВГО

Урматтуу Роза Исаковна,
Урматтуу Алмаз Шаршенович,
Урматтуу Темир Аргенбаевич,
Урматтуу Эркин Абдыкасиевич!
Биз, Түп районунун жашоочулары элине каршы саясат жүргүзгөн Бакиев бийлигинин кулашын болуп көрбөгөндөй кубаныч менен тосуп алдык. Элин эл деп эсептебеген, жерин жер деп сактабаган, бүткүл мамлекетти коррупцияга батырган, эл байлыгын талап-тоногон Бакиев бийлигин кулатып, эркин мамлекет орнотконуңуздар үчүн Сиздерге, бардык өкмөт мүчөлөрүнө ыраазычылыгыбызды билдиребиз, Биз Cиздердин саясатты колдойбуз жана аны турмушка ашыруу үчүн болгон күч-кубатыбызды аябайбыз!
2008-жылы Ысык-Көл облусуна гана эмес, Республикалык да мааниге ээ болгон Түп-Кеген жолунун капиталдык курулушу башталган. Бул жолдун курулушу облусттун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө эбегейсиз салымын кошоруна шек жок. Анткени дүйнөдөгү эс алуучу саналуу керемет жайлардын бири болгон Ысык-Көлгө Казакстандан миңдеген эс алуучулар, туристтер мына ушул кыска жол менен каттаганы каражат жагынан да, убакыт жагынан да ыңгайлуу. Анын натыйжасында туристтердин саны эки эселеп өсөт. Ошону менен бирге бул кыска жол менен эки өлкөнүн соода алакасы да өнүгөт. Көп убакта далай түйшүк менен өстүргөн көлдүктөрдүн-биздин айыл чарба түшүмдөрүбүз рынок жоктугунан сатылбай, чыгымга учурайбыз. Эгерде бул жол курулуп бүтсө, көлдүк миңдеген дыйкандар азап менен өстүргөн түшүмүн казак туугандарга сатып, жашоо-турмушубуз жакшырат, казак тарапка да пайдалуу болот эле.
Аталган жолду курууну кыргыз-болгардык ОсОО "Терра Эмплоймент Групп" жеңип алган. Проект боюнча бул 76 чакырым жол 2010-жылы пайдаланууга берилмек. Аталган курулуш компаниясы эки жылдын ичинде 28 чакырым жолду мыкты сапат менен куруп бүткөн. Бул иште облусттун 300дөн ашуун тургуну эмгектенип, иш менен камсыз болуп, жогорку айлыктарды алышчу.
Тилекке каршы, 2009-жылы сентябрь айында аталган курулушту каржылоо токтотулгандыктан, иш да токтоду. Андан аз мурун август айында ошол кездеги премьер-министрдин буйругу менен бул курулушка кошумча бөлүнгөн 200млн. сом финансы минстрлиги тарабына берилген жок. Анын натыйжасында жумушчуларга эки айлык акысы төлөнбөй калды. Бүгүнкү күнү жолдо иштеп келген 300дөн ашуун адам жумушсуздардын катарын толуктап турат.
Убактылуу өкмөт бул стратегиялык мааниге ээ жолдун курулушуна тез арада каражат бөлүп берип, жолдун курулуп бүтүшүн чыдамсыздана күткөн миңдеген адамдардын ишенимин актайт деген үмүтүбүз чоң.
Төмөндөгүнү айта кеткенибиз ашыкча болбос. Жол курулушунун токтоп калышынын себеби: Максим Бакиев Караколдо куруп жаткан лыжа базасына жолго бөлүнгөн бүтүндөй техниканы жана каражатты алып кеткен деген азырынча тактала эле маалымат бар. Убактылуу өкмөт бул жагын да кылдат текшерет го деп ойлойбуз.
Биз, Сиздерге жогорудагы өтүнүч менен кайрылган адамдар, ишиңиздерге ийгилик каалайбыз жана Жеңиш эл тарапта болоруна ишенебиз.
Түп районунда жашаган
элдин атынан:
С.Чортонов. Т.Ашырбаев,
Т.Керимов, Т.Табышев,
С.Кадырова, З.Абдылдаев ж.б.