Азыркы бийлик
Адахандын "акылына" муктажбы?
Жүзгө жакын мекендештерибиздин канын төккөн, жүз миң деген жарандарыбыздын жашын төккөн Бакиев бийлигинин камчысын катыра чапкандар, эми элдин камын ойлгон "патриоттордон" болуп чыга келишти. "Башканы коюп Манасты айт" демекчи, башкаларын айтпасак да, экс-мамлекеттик катчы Мадумаровду айтсак болчудай. Хан Манастын Каркырасын кайын журту казактарга карматып жибергенин айткысы келбеген ал жигит, акыркы кезде аябай эле "мекенчил" боло баштаптыр. Апта сайын "Азаттыкка" чыгып, эки күндүн биринде ЭлТРге чыгып, улутчулдардын улутчулу болуп алыптыр. Айткан акылын уксаң, тимеле уйкуң каччудай. Андан көрө ошол Адахан ШОСтун саммити алдында Улуттук филармониябыздын имаратын оңдоого канча каражат бөлдүрткөнүн, канчасын ким менен бөлүшкөнүн, Ак үйдүн алдындагы фонтанды оңдоого канча каражат алдыртканын, анын аягы эмне менен аяктаганын айтса болмок го? Аларды айтканга "духу" жетпесе, качып кетип кайра келген Клара Кабилованын арызын Исмаил Исаковго жеткиргенин, кандайча Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына секиргенин айтканга кудурети жетер бекен? "Айта берсе арман көп" демекчи, "теле жылдызга" айланып бара жаткан Адаханга азыркы өкмөттүн айта турган сөзү али алдыда болгону менен, эл айтып жатат, "эмнеге бул эргулду ушунча эркелетишти" дешип. Анын сыңарындай, бул экс-чиновниктин элге тийгизген "пайдаларын" эртелетпесе дагы, эркелетпей турса жакшы болмок.


Лукашенко "Бакиевди бербейм" дейт...
Издешпей табышкан Лукашенко менен Бакиевге бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугу бир ооздон "диктатор башчылар" деген баасын беришүүдө. Кечээ жакында беларус башчысы Александр Лукашенко "Reuters" маалымат агенттигине берген маегинде "Бакиевди кайрып берүү тууралуу мага эч кимден расмий кат түшкөн жок. Түшкөн күндө деле мен ага терс жообумду берем. Бакиев бүгүнкү күндө беларус элинин жана жеке менин коргоомдо" - деп жооп берди. Бирок кечээ күнү Минскиде "Диктаторго орун жок", "Бакиевди бергиле" деген сыяктуу ураандар менен Белорусиянын бир нече жаштар уюму нааразычылык акция өткөргөн. Кыргыз элине тилектештигин билдирген карапайым беларус жаштарын кайран Лукашенко Курманбек досуна окшоп, алеки саатта ОМОНу менен оозун басканга жетишти.

Ислам ака, карызды качан бересиң?
Ар качандан бир качан көгүлтүр оту менен көкүтүп, кааласа өчүрүп, кааласа күйгүзүп коюп, өзгөчө кыштын кыраан чилдесинде кыргызстандыктарды жакшы эле жалдыратып келген Өзбекстан Кыргызстанга 10 миллион доллар карыз. Бул тууралуу Баткен облусттук адмнистрациясынын кезектеги жыйынында сөз болду.
Илгери СССР убагында өзбек тарап Кыргызстандан мунай затын бургулоого жана газ ташып өтүүгө 1270 гектар жерди ижарага алып, акысы бүгүнкү күндө 10 миллион долларга жеткен. "Карызыбызды кайтаргыла"-деп катар-катары менен жиберилген каттарыбыз да жоопсуз калып, коңшуларыбыз эмнегедир али күнгө чейин ак же көк деп ачык жообун бербей келишет. Балким, эл үчүн деп, элдин аркасы менен "эрге" отурган Убактылуу бийлигибиз да убакыт таап, бул маселени оң жагына чечишээр…

Түнкүсүн бакиевдерге тамак ташыган кимдер?
Кыргыз мамлекетин талап-тономой "операциясына" опол-тоодой эмгеги бар Президенттик катчылыктын "кожойкеси" Оксана Малеваная аттуу айым 6-апрель күнү "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" - деген кине менен УКМКнын СИЗОсуна камалган. УКМКнын башчысынын милдетин аткарып аткан Кеңешбек Дүйшебаевдин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Малеванная баш болгон бакиевчилердин активдүү 20 адамы сурак беришүүдө. Ал эми бакиевдердин өздөрүн камакка алуу учурдун маселеси экендигин айтып: "Айрым күч органдарынын кызматкерлери күндүзү бакиевдерди издемиш болуп коюп, түндөсү аларга тамак ташыгандай болууда. Тартип коргоо органдарындагы мурдагы бийликтин куйруктарын бир айда тазалоо мүмкүн эмес, бирок учуру келгенде алардын баары сот алдында жооп берет"-деди. Бирок ошол учур качан келет жана Кеңешбек мырза жетектеген кыраакы чекисттерибиз "бакиевдерге тамак ташытып коюп каякты карап отурат?" деген суроо көпчүлүктүн көңүл чордонунда турат.




"Неудачниктерге" жетеленген Саке
Эзилген элдин арманын, Акаев менен Бакиевдин заманындагы кыргыздын шорун ырдап, эл арасында эчак эле "Эл акыны" атка конгон Сагынбек Момбековду кимдер билбесин. Ар качандан бир качан "Эл үчүн, жер үчүн, калыс бололу, акыйкат бололу" деп кан какшап ырдаганы үчүн эл жакшы сыйлаар эле. Анан эле Сакебиз ошо сыйды көтөрө албай кеттиби же башка себеп барбы "жылкы теппей, жылан чакпай" эле тетирленип, учурдагы Өкмөткө колун кезеп калса болобу? "6-апрелдеги Таластагы толкун атайын Бакиевдин тапшырмасы менен болгон. Болот Шернияз атайын провакация уюштурганы барган, учурдагы бийлик мурдагы бийлик менен сүйлөшүп алган" сыяктуу логикага сыйбаган кынтыктардын башын кылтыйтып. Кызыгы, өзү деле Мукар Чолпонбаевдин алдына - ала даярдалган сценарийи боюнча ар жерде бакылдап, "93-жылдагы Конституцияны кайра ордуна койобуз" деген куру кыйкырыктуу ураандын алдында жетеленип жүрөт. Бир нерсени кылдат талдап, кечээ кимди ээрчип жүрдүм элем, бүгүн каякка баратам деп ой токтотуп отурбай эле митингге чыгып ырдагандай шарт чыга калганы жаман болду. Ал тургай, ошо 7-апрелде нары жакта жигиттер окко учуп атса, ортодон чыга калып ырдай коюуга кылган аракети анын өтө шашмалыгын далилдеп тургансыйт. Бирок ошо "93тү" кимдер туура деп таап, кимдер колдоп чыгаары белгисиз. Айтмакчы, ишенген кожосу Мукар Шалтакович бир туруп бу жээкти удургутуп, бир тиги уруучул Дастан Сарыгуловдун тобун козгоп, эки жээкти эрмектеп атыр. Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки эмне болчу эле?...




Ишенбайга ишенүүнүн кереги барбы?
"Ишенбай Кадырбеков деген сөз, демек, мыйзам бар деген сөз",-деп айтчу кечээ Акаев заманында өзү тууралуу. Анан эле Бакиев келгени ошол сөзү 180 градуска бурулуп, бийлик менен байлыктын кумарына батып, манчыркап, муруту чыйралып, мурду асмандап кеткен. Көрсө, Мамкурулуш жана архитектура агенттигинде Ишекенин түшүнө кирбеген акчалар сапырылып, тиги деле, бу деле курулуш долбоорун көтөрүп, "эптеп уруксат берип койсоңуз, биз кайсы кызматыңызга болбосун даярбыз" деп ийилип турушат экен. Өзү туу тутуп келген мыйзамды буйладан алды да каалаган жагына жетелеп алды. Мыйзамды эле эмес, мамлекет башчысын дагы жетелеп алгысы келди эле, анысы ишке ашпады. Казынага түшчү акчаларды кайрып келип, чөнтөгүнө салганы билинип, сурактан суракка сүйрөлдү. Ак болсо анчалык болбойт эле, бир топ кылмыш иштери мойнуна илинди. Камакта жатканда Бакиевдин бийлигине каршы эки ооз сөз айта алган жок, ден соолугун шылтоо кылып, өзү менен өзү болду.
Кызыгы, 7-апрелдеги элдик революциядан кийин Ишенбай Кадырбеков ишенимдүү түрдө Убактылуу өкмөткө келип, кол-кабыш кылууга аракет кылганы болду. Башка баш табылбай калгансып, аны дароо Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча топко кошо салышты. Буга карата "бир карын майды бир кумалак чиритет" демекчи, коррупциянын кыныгын татып, арам акчаларды уучтап калгандар Башмыйзамды жазып калса, анын элге кабыл алынышы кандай болоор экен деп санааркагандардын саны арбын.




Мелис Мырзакматов эмне "ак каргабы"?
Курманбек Бакиевдин эң ишенимдүү нөкөрү, кошомат кылуу жагынан астына ат салдырбаган Мелис Мырзакматовдун дале болсо Ош шаарынын мэри болуп отурганына таң калгандар оголе көп. Бул эргул "Ак жол" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, анан ажосу К.Бакиевдин ишенимдүү кишиси катары Ош шаарына мэр болуп дайындалган. Азыркы Убактылуу өкмөткө таптакыр чоочун адам. Кырдаалды байкай билген куулугунун аркасы менен Убактылуу өкмөттүн көзүн жазгырып, кызматын сактап калган. Дегеним, Курманбек Бакиев 7-апрелде өз элине ок атып, кырчындай өмүрлөр кыйлып жатканда, эч ким эч нерсе кыла алышпайт деген өңдүү кебелбей жаткан эргул, качан гана абал оорлошуп баратканда Оштогу жакындарына, туугандарына, жоро-жолдошторуна акча таратып, "мени колдоп эртең площадга чыккыла, мен биз эл мененбиз, силер эл менен болсуңарбы деп, губераторго талап коебуз. Силер ошондо мени Мелис Мырзакматов ордунда калсын деп кыйкырып колдоп бергиле" деп куулук жол менен кызматын сактап калганы тууралуу ошол учурда сөз жүргөн. Ошондон бери, элдик киши болуп кызмат ордунан жылбай отурат. Кызыгы, Бакиев Ошко качып барганда коркуп кетип алдынан чуркап тосуп чыккан да жайы бар экен. Анан ушундай "шылуундун" кызматта отурууга моралдык укугу барбы? Мындай адамдар барында Убактылуу өкмөткө сөз тие берет. Ошондуктан мындай "эл бузарлардан" эртерээк кутулуу жагын Убактылуу өкмөт жетекчилери эске алышса…




Максим менен Нурланды Интерпол издөөдө
Кечээ күнү эл аралык кылмышкерлерди кылтакка илүүчү кадимки Интерпол Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбаевге издөө салган маалыматын расмий сайтына чыгарды. Мындан тышкары Убактылуу өкмөт тарабынан Данияр Үсөнов, Мурат Суталинов, Курманбек Темирбаев, Марат Бакиев, Игорь Чудинов ж.б. издөө жарыяланган. Эми Интерпол издөөгө алган Максим Бакиевди кармоо канчалык деңгээлде ишке ашат аны убакыт көрсөтөт. Эгер издөө чындап жүрсө кыргыз элине чыккынчылык кылган кылмышкерлер кармалып, өз жазаларын алып калышы ажеп эмес. Кандай болгон күндө да кыргызга кыянаттык менен чыккынчылык жасагандар эртеби-кечпи сөзсүз жазаланышы керек. Элдин тилеги, талабы да ушул. Андыктан, чыккынчыларды жердин түбүнө кирип кетсе да кармап келип жазалаш Убактылуу өкмөттүн милдети. Айтмакчы, Интерпол издөөгө алган Максим Бакиев 6-апрелде эле Россиянын ФСБсы тарабынан кармалып, азырынча жашыруун кармалып турганы тууралуу сөздөр жүрүп кеткен. Эми бул сөздөрдүн калпы-чынын мезгил ачыкка чыгарар.