Кубат Касейинов,
Айыл-чарба министринин милдетин аткаруучу:
"Элиме, дыйкандарга ак, таза иштеп берем"
Учурда жазгы талаа иштери күчөп турган маал. Дыйкандар жер айдоо иштери менен алек. Мына ушул жазгы талаа иштери туурасында, жалпы эле айыл чарба тармагындагы оош-кыйыш маселелердин тегерегинде Айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Кубат Касейиновду сөзгө тарттык.

- Кубат Усөнкулович, алгач, министрликке кантип келип калганыңызга токтолуп кетсеңиз?
- "Кудайдын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт" дегендей, бул кызматка келип калышымдын, биринчиден, Кудайдын буйругу, экинчиден, элимдин батасы, бирге иштешкен жамаатымдын колдоосу болду окшойт. Убактылуу министрликтин жамааты каршылык көрсөтпөй баары тең колдошту. Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү, эркиндиги, кыргыз элинин келечеги деп октон жалтанбай жанын кыйган патриот баатыр уулдарыбыздын ишенич-тилегин актоого, элиме, дыйкандарга ак, таза иштеп берем деп убада берем. Мына ошол 7-апрелде министрликтин имаратын туу көтөрүп кайтарып жүрдүк. Туунун касиетин ошондо сездик. Имаратка киребиз дегендерге, биз эл менен экенибизди айтсак, түшүнүп кетип жатышты. Анан дагы мени Дөөтү колдоду. Эч нерсе сынган, бүлүнгөн жок. Мисалы, биздин имаратка жайгашкан "Б" корпусун талкалап кетишти.
7-апрелдин эртеси ошол учурдагы министр Искендербек Айдаралиев Таластан келди, биздин жамаат чогулуп, координациялык кеңешмеде министрибизди ордуна калтыруу чечимин колдогонбуз. Бирок Убактылуу өкмөттүн өкүлү келип, "Кубат Касейинов" деген ким деп сурап калды, анан министрибиз "менин орун басарым болот" деп мени көрсөттү, ал киши мени координатор болосуң деген.. Анан мен Убактылуу өкмөттүн өкүлүнө биздин жамаат Искендербек Рыспековичти министр кылып калтыруу чечимин кабыл алганыбызды айтып, ыраазычылыгымды билдирдим. Эки күндөн кийин Убактылуу өкмөттүн буйругун алып келип, коллективдин алдында мени дайындады.
Эми Убактылуу өкмөт ишеним артып бул кызматка дайындаган кийин, айыл чарба тармагын жакшыртууга колумдан келишинче аракет кылам. Буга менин тажрыйбам, билимим жетишет. Үч дипломдун ээсимин. Биринчиси, Киршёлкдогу техникумду бүтүргөм, кесибим агроном. Андан кийин ушул эле кесипти улантып, айыл чарба институтун аяктагам. Кийин учурдун талабына ылайык юридикалык билим алып, дипломго ээ болдум. Азыркы учурда кандидаттык диссертациямды жактаганы турам.
- Мына бүгүнкү күндө жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Күйүүчү-майлоочу май маселесин кандай чечип жатасыздар?
- Азыркы учурда күйүүчү майдын маселеси орчундуу көйгөйлөрдөн болуп жатат. Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Алмаз Шаршенович Казакстандын Өкмөтү менен сүйлөшүп, 3 миң тонна күйүүчү май жардам иретинде алынып келинип, дыйкандарга 24 сомдон мамлекеттик колдоо катары жер-жерлерге керектөөсүнө жараша бөлүнүп берилди. Мен райондун, айыл өкмөттүн жетекчилерине күйүүчү майлардын максаттуу жеткени боюнча текшерүү болорун айтып жатам. Бизге жеткен маалыматтар боюнча коррупциялык элементтер жок.
- Таратып берилген күйүүчү майдын көлөмү жалпы республика боюнча жетиштүү дегенге болобу?
- Албетте, жетиштүү эмес. Калган кем-карчын мүмкүнчүлүгү бар дыйкандар базар баасында 32 сомдон сатып алып жатышат. Эми бул да болсо, азыркы оор кырдаалдан өз алдынча чыгуунун аракети.
- Азыркы учурда айдап-себүү канча пайызга аяктап калды. Канча гектар жерге буудай эгилди?
- Күздүк буудай 277 миң гектар жерге айдалган. Ал эми бүгүнкү күндө жалпы айдалып бүткөн жерлер 62 пайызды, айдап-себүү 60 пайыздын тегерегин түзүүдө. Быйыл жаз кеч келгенине байланыштуу, жазгы талаа иштери кечирээк башталып, бир аз программадан артта калып жатабыз. Буга күйүүчү майлардын тартыштыгы да кедергисин тийгизип жатканын танууга болбойт. Ошондой болсо да белди бекем бууп, жаз жарышта айдап-себүүнү жакшы бүтүрүп алсак, күзгү оруп-жыюуда кудай буюрса, берекелүү түшүм алганга мүмкүнчүлүк жаралмак. Ал үчүн мамлекетти гана карап отурбастан, жапатырмак өз алдыбызча да аракет кылып, жазгы талаа иштерин тезирээк бүткөрүп алышыбыз керек.
- Жалпы канча гектар жер айдалды?
- Программа боюнча жазгы жалпы айдоо аянты 529 миң гектарды түзөт. Анын 277 миң гектар жерине күздүк эгилди, жазгы кылкандуу дан эгин 245 миң гектарга себилет. Анын 134 миң гектарына буудай, 111 миңине арпа айдалат. 76 миң гектарга жүгөрү отургузмак, азыркы күндө 23 миң гектары айдалып бүттү. Буюрса, күз берекесин берсе буудай менен элибиз камсыз болот деген ишенич бар.
- Акыркы жылдарда кант кызылчасын өстүрүү дээрлик колго алынбай калды. Ушул тармакка көңүл буруп жатасыздарбы?
- Мен Айыл чарба министри болгондон кийин дыйкандардын таламын талашышым керек. Мурда кант кызылчасын иштетүүчү (Кайыңды кант заводу) эки чоң заводдун ээлери эки башка болгондуктан, дыйкандардын артынан өздөрү чуркап, кызылча аянтын көбөйтүүнү суранышчу. Кийин экөө биригип алышып, дыйкандарга, өкмөткө "кант, шекер менен өлкөнү камсыз кылыш үчүн бизге квота бергиле" деп, өздөрүнүн шарт-талабын коюшуп, бул тармакта маселе жаратышууда. Эми бул тармакты жакшыртыш максатында Убактылуу өкмөткө Кант заводдорун кооператив кылып, мурунку бийликке тиешелүү үлүштөрдү дыйкандарга бөлүштүрүп берүү тууралуу сунуш киргизилип жатат. Ошондо акыйкаттык болмок. Анткени үлүш ээлери бирин-бири көзөмөлдөп, иштин илгери жылышына чоң шарт түзүлмөк.
- Сиз айтып жаткан үлүштөрдү чоңдор өздөрү эле бөлүштүрүп алышпайбы?
- Учурда андай терс көрүнүштөргө жол бербөө үчүн бул маселенин үстүндө иш жүрүп жатат.
- Былтыр Коррупцияга каршы агенттик Айыл чарба министрлигин эң коррупциялашкан мекеме катары алдыңкы тизмеге киргизген эле. Сиз коррупцияга кандай чара көрөсүз?
- Мен сиздин сурооңузга кайчы пикиримди айтат элем. Дыйкандар жер иштетүү менен алек болуп жатышса, айыл чарбасынын кайсыл тармагында коррупция болот. Албетте, сиз Ветеринария департаментинде, ушул тармакта өткөн тендерлерге тиешелүү базарларда коррупция болушу ыктымал дегенди айтып жаткан чыгарсыз. Арийне, бул жааттагы кемчиликти дагы жоюуга чара көрөбүз. Буюрса, жакында бизде коррупция каршы комиссия иштейт. Ишеним телефондору иштейт, номери 66 35 85. Эгер кимде-ким айыл чарбасындагы кайсы бир жердеги коррупциянын элементин байкаса, ишеним телефондоруна чалып билдире алышат. Биз ошол боюнча изилдеп, чара көрөбүз. Тишелүү укук коргоо органдарына беребиз.
- Сиз кайсыл тармакта коррупция болмок эле дегендей кылдыңыз. Ушул кезге чейин массалык маалымат каражаттарында жарыяланган сын пикирлер боюнча, Айыл чарба министрлигинин ички түзүлүшүндөгү коррупция гана эмес, сырттан келген гранттардын дайынсыз жок болуп кетиши тууралуу да маалыматтар айтылып жүрөт го.…
- Албетте, мындай пикирлердин жүйөөлүү жактары бардыр. Айрым гранттардын туура эмес жумшалган учурлары болгондур. Андыктан таптакыр эле кемчилик жок деп айтууга болбойт. Эми буюрса, айыл чарба тармагына келген гранттарды туура пайдалануу жагына тыкыр көзөмөл болот. Кемчиликтерди айыл чарба адистери менен биргелешип жоюуга аракет кылабыз.
- Ветеринария департаментинин жетекчилигине, ветеринария тармагына тиешеси жок адам келди деген сөз жүрүп жатат…
- Мындай сөздөрдү четке кагам. Себеби ар биринин билимин, тажрыйбасын карап туруп дайындап жатам. Сырттан эч ким келген жок. Баарысы ошол өзү иштеген системаны жакшы түшүнгөн тармактан дайындалууда. Албетте, системаны жаңылаш үчүн сырттан дагы адистерди тартыш керек. Андыктан бул жагын да эстен чыгарбоо зарыл. Анткени биздин максатыбыз - айыл чарбасын жакшыртуу. Ал үчүн айыл чарбасына тиешелүү объектилерди, структураларды калыбына келтирүү зарыл. Дегеним, Айыл чарба министрлигине тиешелүү Суу-чарба департаменти Жаратылыш министрлигине өтүп кеткен. Суусуз жерди кантип иштетүүгө болот? Техникалык инспекция каттоо министрлигине өтүп кеткен. Техникасыз кантип жер айдоого болот? Азык-түлүктү кайра иштетүү тармагы Экономиканы тескөө министрлигине, ал эми Агрардык университет Билим берүү министрлигине карап, айыл чарбасына тиешелүү илимий институттар аталган университетке баш ийип калышты. өтүп кеткен. Ушунун баарын кайра Айыл чарбасына өткөзүү зарыл. Азыр бул боюнча жумушчу комиссиясы иштеп жатат. Комиссиянын жыйынтыгы менен өз сунушубузду Убактылуу өкмөткө киргизгени жатабыз.
- Ветеринария жөнүндө сөз болуп жаткан соң, ушул жерден малга паспорт берүүнүн канчалык мааниси бар деп ойлойсуз?
- Кыргыздар илгертен малдын санын так билиш үчүн өз малына эн салып келген. Азыр да ушул максатты көздөп малды идентификация кылалы деп турабыз. Анткени бардык алдыңкы, цивилизациялуу өлкөлөрдө малды идентификациядан өткөрүшөт. Мында, биринчиден, малдын учету так болот. Экинчиден, ал мал вакцинациядан өткөнбү, оорубу, оору эмеспи бул жагы да такталат. Анан паспорт десе эле айрым эркин басылмалар жазгандай койдун сүрөтүн тартып жабыштырып коюу эмес. Ушул маселени биз элге так жеткирсек элдин эле кызыкчылыгын көздөйбүз деген ойдомун. Малды идентификация жасоо боюнча мыйзам долбоору даярдалып калды. Буюрса, келечекте парламенттин кароосуна киргизебиз.
- Убактылуу өкмөт дыйкандарга убада кылган 12 пайыз менен берилчү кредиттин берилбей жатканы айтылууда. Себебине токтолуп өтсөңүз?
- Кредитти жер-жерлерде алалбай жаткандарына АУБ, Агро банкынын токтоп калышы себеп болду. Банк 29-апрелден бери ишке кирди. Буга чейин Агро банкы 83 миллион сомду элге берген. Бүгүнкү күндө 50 миллион сом таратып жатат. Анын 21 миллионун эл колуна алды. Дагы 150 миллион сом бөлүүнү Убактылуу өкмөт карап жатат. Ал эми 12 пайыз менен берилчү кредит Айыл банкы аркылуу таратылышы каралууда.
- Айыл чарбасында кандай кемчиликтер бар?
- Системаны жаңылаш керек. Бирок жаңылоо десе эле бардык тармакты дароо эле реформалоо керек дегендик эмес. Учурдун талабына ылайык жүргүзүш зарыл. Дыйкан продукцияны өндүргөндү билиш керек. Биз ошол дыйкандардын өндүргөн товарларын ички жана тышкы рынокко сатууга аракет кылышбыз керек. Бир нерсени белгилей кетейин, Алмаз Шаршенович премьер-министр болуп турганда Канаданын өкмөтү менен 40 миллион доллар өлчөмүндө үчүнчү даражадагы биолаборатория куруу боюнча макулдашуу болгон. Алар лабораторияны ачкычына чейин куруп беребиз деп жатышат. Бирок мурунку бийликтин тушундагы шалаакылыктын натыйжасында, ар кандай текшерүүлөрдү жүргүзүп үч жыл бою созуп келишти. Эми ушул сүйлөшүүлөрдү аягына чыгаруу боюнча аракеттерди көрө баштадык. Азыркы учурда кагаздарын даярдап жатабыз. Убактылуу өкмөт макулдугун берип, долбоор ишке кирсе, аталган лаборатория эки жарым жылда курулуп ишке кирип калат. Лаборатория эмне берет деген суроо туулушу мүмкүн. Эгер бул лабораторияны ишке киргизсек, анда этти, сүттү дүйнө жүзүнө чыгарууга мүмкүнчүлүк алабыз.
Мындан тышкары, эл аралык донорлорго кайрылып жатабыз. Алгачкы үзүрү Американын эл аралык өнүктүрүү агенствосу ЮСАИД аркылуу Кыргызстанда КАЭТ долбоорунун негизинде 100 тонна жазгы буудайдын, 100 тонна арпанын, 40 тонна жүгөрүнүн үрөндөрүн, 100 тонна жер семирткичин бекер алдык. Бул жардамды тоолуу райондордогу аз камсыз болгон, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө айыл өкмөттөрү аркылуу берип жатабыз. Ошондой эле, орчундуу чек ара постторундагы ветеринардык көзөмөлдөө пункттарына азык-түлүк текшерүү үчүн заманбап аппаратураларды орнотуп берүү жагына жардам бергиле деп эл аралык донорлорго кайрылып жатам. Себеби мындай объект элге көп жакшылык кылат эле. Буюрса, кемчиликтерди жоюп, айыл чарбасын жакшыртууга мүмкүн болушунча аракеттерди көрөбүз.
- Астыда кандай пландарыңыз бар?
- Кытай өкмөтүнүн Айыл чарба министрлиги менен тыгыз иштешүү жагын карап жатабыз. Алардын тажрыйбасын үйрөнүү максатында биз технопарк инкубатор боюнча практика теория камтылган көргөзмө окуу курстарын уюштурууну көздөөдөбүз. Бул тармакта жакшы тажрыйба алмашыш үчүн Кытай жаранын өзүмө коомдук кеңешчи кылып алдым. Ошондой эле, 10-11-класстардын окуу программасына дыйканчылык жана мал чарбачылык боюнча сабак өтүүнү Билим берүү министрлигине сунуштайын деп жатам. Анткени, алардын 11-классты бүткөндө дыйканчылык, мал чарбачылыгы боюнча түшүнүктөрү кеңири болуп, теория менен практиканы айкалыштырып кетишине чоң мүмкүнчүлүк болот.
Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу