Сандан-санга

Каныбек ИМАНАЛИЕВ
САЯКБАЙ
(Гений жөнүндө баллада)

Бул жашоомдо жаным бирге жан дүйнөмдө өзгөчө орун ээлеген адам мен үчүн менин таятам Карыбек болду. 20 жыл мурун бул дүйнөдөн көзү өтүп кетсе да, атам Карыбекке болгон сагынычым али тарай элек. Ал адамдын арбагын күндө көрөм. Көзүнөн төгүлгөн мээрими жүрөгүмдү жылытып турат. Мен үчүн эң кымбат адамдын жыты дале мурдумда. Чоң ата, таята, мурунку аксакалдардын колунда өскөн неберелер мени түшүнөт. Карыя менен неберенин сүйүүсү өзгөчө бир ажайып көрүнүш. Мурунку муундун аксакалдары касиеттүү адамдар тура. Сөз башында таятам Карыбек жөнүндө сөз кылганымдын себеби, ал адамдын өң-турпаты, көзү, муруту, баардык жагы кудум Саякбайдын өзү эле. Таятам Карыбекке болгон тунук наристелик сүйүүм ошол кезде эле Сакеме да өзүнөн-өзү эле өтүп кеткендей… Таятам Карыбек ыймандуу, сыпаа, момунураак адам эле. Өмүрүндө оозунан жаман сөз чыкпаптыр. А Сакем болсо, чалкыган океан, энергиясы ашып-ташыган Манас дүйнөсүн тандап алган ички дүйнөсү таза, өзгөчө инсан экени баарыбызга маалым. Сакемдин манасчылык касиетинен сырткары, биз кийинки муундар Сакемден өз аталарыбызды көрүп жаткан сыяктуубуз. Сакем баарыбыздын атабыз! Сакем Манас урпактары үчүн эмгеги чексиз, биз ага өмүр бою карызбыз!
Бирок Каныбек Иманалиевдин "Саякбай" деген китеби - биздин муундун Сакемдин астындагы карызды, жүктү аз да болсо моюнубуздан алып салгандай эле болду. Каныбек бул китепти Сакемдин жанында жүргөндөй, аны менен кошо басып, кошо тургандай, сырдаш болгондой, ошол эле учурда манасчынын касиети аркылуу Манас дүйнөсүнүн чексиз күчүн кыргыз элинин асыл пейилин сүрөттөгөндөй болуптур. Бул эмгеги үчүн Каныбекке чоң рахмат. Сакемдин арбагы ыраазы болсун, баарыбызды Манас атанын арбагы колдосун!
Мелис Карыбеков Асан теги


А Сакең адам баласынан бир башкача жаралган жан болуп атпайбы. Бери эле дегенде 50-60 саат ырдап атпайбы. Ошончо күч-кубатты, энергияны кайдан алып жатат? Албетте, улуу дастандан, улуу баатырлардын кудурет рухунан...
Москвадагы Адамдын мээси илимий институтунун жетекчиси, нейрофизиолог, академик Наталья Петровна Бехтерованын далили боюнча адамдын мээси 70 миң маалыматты өз эс тутумуна сактай алат.
А Саякбай, бир айтканда бир жарым миллион сапты шурудай тизип, кыраатын келтире, жаңылбай, жазбай айтып атпайбы.
Бу не деген керемет!
Анан шер Саякбай гений болбогондо ким гений?!
Рух дегенибиз ошол эмеспи! Ал колго кармала бербейт экен... Бирок энергиясы кайрат, күч-дем берет экен…
Биз Сакеңди көргөндө эле Манастын өзүн көргөндөй толкунданып кетип атпайбызбы. Анда Манастын өзү кандай болду экен деген ой келет.
Ач арстан төштөнгөн,
Алгыр бүркүт көздөнгөн!
Кынсыз кылыч байланган,
Кайра жаачу булуттай
Каар бетине айланган.
Кара чаар кабылан
Капталында чамынат
Чолок куйрук арстан
Бет алдынан камынат.
Алп кара куш - зымырык
Алып кетчү немедей,
Асман бугуп салыптыр.
Сакең чындап кызып Манас айтып жатканда жанына киши даап бара албас сүрдүү, айбаттуу көрүнүп, адамды шердентип тураар эле, чиркин, манасчылардын Манасы десе…

Манасчынын төрөлүшү
3. …Жокчулуктун азабынан эл кыдырып жүргөндө Тоңдун Ак-Өлөңүндөгү саяк уруусунун ичине көчүп келгенде төрөлгөнсүң. Ошондуктан атыңды Саякбай койгонбуз. Төрөлөрүңө бир айча калганда уктап жаткан энеңдин бутуна жылан оролуп, чочуганынан таштан алыс кеткен. "Балам, тай эмессиңби, канат-куйругуң жетилээр" - деп айтып калаар эле Дакиш чоң энеси.
…Ошондо Саякбайдын энесинин боюнда эле. Сегиз ай чамасы болуп калган. Айылга бир манасчы келип жарым күн тынбай Манас айтат. Коңурбай келип Айкөл Манасты сайган жерин айтканын угуп аткандар көзүнө жаш алат. Энеси ошондо бир муңканып, аны сезгендей курсактагы бала тебинип, тыбырчылап кеткенин туят.
…Үйүнө келип уктап атса түшүндө курсагына ажыдаар найза салып аткан болот. Баламды сактап калайын деп тынчы кетип ойгонсо, бутуна жылан оролуп жаткан экен. Чочуганынан денесин алыс таштайт. Боюндагы бала денеден козголуп, жүрөгү тез-тез согуп, оозун ачып жиберсе бала оозунан чыгып кетчүдөй сезет өзүн. Кошуна келин-кесектер келип курсагын тебелеп, баланы сууруп алмак болушат. Ошондо бир билги байбиче келип сегиз айлык ара төрөлгөн бала мал болбой калышы мүмкүн деп, тамырын кармап, кечээ түнкү манасчыны алдыртат. Тиги манасчы боюнан козголгон келиндин жанында түн бою Манас айтат. Жылдыз таркап баштаганда манасты муюп угуп жатып, азыр эле жаны көзүнө көрүнүп жаткан кош бойлуу келин көшүлүп уктап кетет. Ошентип, төрөлө элек наристе эне боюнда аман калып, ай-күнү жеткенде көз жарып, саяк уруусунун ичинде төрөлдү деп атын Саякбай коюшат.
Улуу манасчы ошондой болгон, эненин курсагында жатканда эле Манас уккан. Улуу дастанды угуп калып гана ара төрөлбөй, убак сааты жеткенде аман көз жарган.

Бала чак. Өспүрүм курак
4. Болочоктогу залкар манасчы 1894-жылы күрдөөлдүү күздө, керемет Ысык-Көлдүн тескейиндеги Тоңдун Ак-Өлөң деген жеринде, кембагалдын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келет. Атасы Карала кедей адам болгондуктан, үй-бүлөсү жокчулуктун запкысын көп тартат. Же жокчулук турмуштун айынанбы, же балама батасы тийсин дегенби, атасы Карала мал союлган жерде "Саякбайыма бирдеме бергиле, Саякбайым ооз тийип калсын" деп суранып жүрчү дейт. Өмүрү өткөнчө ал адатын таштабай жүрүп көз жумат. Сакең да өзү бала кезинен ырым тутуп чоңойгонун жашырбайт. Ал жокчулуктун айынан Ысык-Көлдү айланып, улуу манасчы али бешикте кезинде азыркы Жети-Өгүз районундагы Жыдык-Көл деген жерге барып күн көрүүгө аргасыз болот. Саякбай наристе кезинен өспүрүм куракка чейин чоң атасы Сасайдын тарбиясында өскөн. Бир мүчөл жашка келгенде ал чоң атасынан ажырайт. Атасы Карала ырдыктык дунган Жыкынын бир быштысын минип жүрүп өлтүрүп алат. Ал дунган өлгөн атынын кунун кымбат баалап, Карала үч жыл бекер малай болуп жүрүп араң кутулат.
Көрүнүктүү манасчы Саякбай Каралаев жаш күнүндө өчпөстүн отун жагып, өлбөстүн күнүн көрүп өсөт.
Өзү "Унутулгус күндөр" деген китебиндеги эскерүүсүндө жазгандай, жети жашка келип, ата-эненин акылына көнүп, айткан жөнүнө баш ийип, чоңоё баштайт.
Бала кез кандай аземи да, кандай кызык!
…Топураңдап торпок минип, дүнүйө-капар, орок менен божомолдоп арык казып, өтүктү жанбашынан майрык басып, чылгый тонду чубалжыта кийип, бир чырпыкты кунаным деп ат кылып минип, көйнөктөрдүн этегин артка түйүп алып, такымга алаканды чаап камчы уруп ойноп өстүк дейт.
Бала чагыбызда мектеп бетин көрбөй, курсактын айынан айылдан каймак уурдап жедик. "Кемелине келбегин, тентек" деген сөздөрдү көп уктук. Такым эттин баарын тарай-тарай чаптырып, кагуу-согууну көп көрдүк. "Кара чычкак кандай неме эле" деп, айылдагылар жек көрдү. Балалыктын оюну, баёо сезим кызыгы көкүрөккө кат болуп, жокчулуктун мүшкүлү көөдөндөн кетпес дат болду. Кыштын кыраан чилдесинде жылаңайлак, жылаңбаш от жанында жаттык. Жокчулуктун азабын так ушинтип тарттык.
Көпөлөктү кушум деп өзөн-сууну бойлодум. Дүнүйөнүн кызыгына эч бир тойбодум. Мурдуман булак суу токтобой чыгып турганда, тондун узун жеңи менен ары-бери сүртүп алчу элем. Кайран жең, какач болуп калчу эле. Жыртыгынан кар кирип кетчү майрык өтүгүм менен ойду коюп, тоону басар элем, "чечек" деп, энебиз жаза-буза бир муштап, буттан сууруп алар эле. Жылаңайлак бут, узун жеңдүү тон менен бул ышкыбоздукту койбой, күрөндүгө чыгып алчу элем. Күрөндүгө чуркап чыга калып, ары-бери өткөн элди карап калар элем. Эгер куш кондуруп, ит ээрчиткен, мылтык асынган киши көрүнө калса, жылаңайлак-жылаңбаш, үшүгөнүмө карабай анын артынан ээрчип, кызыгып кароо менен экинчи айылга жеткенче жүрө берчүмүн.
…Жылаңбаш болгондуктан суукка чыдабай кулагым тырсылдап, бутум какшап, жанды көздөн чыгарчу. Эптеп үйгө жетип, бутумду тонго ороп олтуруп өзүмчө: башка балдарды тайлуу да, тондуу да кылдың, а менде эчтеме жок. Менин эмне жазыгым бар? - деп, ошондогу тагдырыма таарынар элем:
Тай бербестен жөө кылдың,
Жардылык сага не кылдым?
Жарды кылдың жок кылдың.
Жан кейитип кор кылдың.
Бу турмушту тар кылдың,
Карда минип ойноорго,
Бир торпокко зар кылдың.
Эркин ойноп кечүүгө
Бир өтүккө зар кылдың.
Айылдан тамак уурдатып,
Эки колду шок кылдың.
Жыртылып тонум сан бөлөк,
Шоона менен жамадым.
Жаманынан күйгүзүп,
Жардылыктан жададым.
Бир чырпыкты ат кылып,
Тайым го деп минемин.
Бай балдары жарышса,
Майрык басып өтүктү,
Өрттөнүп күйүп жүрөмүн. -
деп, жокчулукка капа болуп, кайгырып, терең ойго чөмүлөр элем… дейт.

Насаат
5. Ушинетип, башынан оор күндөр өтүп жатканын, зар ыйлап, бирин экинчисине кошуп ырдап жүргөнүн чоң энеси Дакиш угуп калган экен да, анда:
- Ээ, алдыңа кетейин балам. Кудай өмүр берсе далайды көрөсүң. "Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет" деген. Тушооң чечилип, шоруң арылар күн болор, садагаң болоюн. Көп ыйлап, көп капа болбогун. "Ач бала ток баладай ойнобойт, ток бала ач болом деп ойлобойт". Жылаңайлак, жөө жүрөм деп, Саякбай балам, ыйлап, капалана бербегин, кайгы адамды сарыктырат, өмүрдү кесет. Сенин да багың ачылар, балам. Жарык күн сага да тийер. Жабыркаганы болбосо, жакырчылыктан адам өлбөйт. "Булут минип, муз бүркүп, эрен да өткөн дүйнөдөн, бербейм, бербейм деп жүрүп бай да өтөт дүйнөдөн". Бул байлардан ырайым жок. Алардын балдары ат жарыштырып ойнобогондо анан ким ойносун! Жардылыктан адам өлбөйт, жан кейийт. Бир күнү жарыкчылык болор, өтө куурап кеткендин өмүрү болсо, жыргалчылыгы да болот, - деп ыраматылык чоң энеси жамактатып мына муну айтчу:
Сабыр кылчы, кулунум,
Муратыңа жетерсиң.
Жаш болотсуң, жетилип
Адам болуп кетерсиң.
Булбул куштай так сайрап,
Бир чынарга конорсуң.
Өмүрүң болсо акыры,
Эл эрмеги болорсуң.
Арыган ат семирет,
Ачкан курсак тоюнат.
Тентектикти кой балам,
Бөлөк жорук сүй балам.
Сөздү, сөз деп жүр,
Артынан көздөп жүр.
Экөө болсоң бирөө ага,
Жалгыз жүрсөң бөрүк ага.
Сен да чоңоюп адам болорсуң, багың ачылар - деп, насаат кебин, нарк сөзүн айтып калаар эле.
…"Билими бар миңди жыгат, билеги жоон бирди жыгат". "Калк казанын көп астым. Кана, колумдун көөсү" - деген кептер бар. Жокчулукка кейибе, тушоо чечилген күнү багың ачылат. Сөзгө ынтызаарды коюп, аны үйрөн. Акылдуу бол! Адамда куйма кулак деген да бар. Кепти, насыят сөздү кулагына куюп калат. Ал эми акма кулак деген да бар. Акыл айткан менен аңдабайт. Кулагынан агып калат. Сабырдуу, токтоо адам бол! Айткан сөзүң орундуу, жөндүү болсун. "Акылсыздын белгиси кургак кайрат, жел өпкө, эч убакта жарабайт кургак сөздөн бөлөккө", "Тебенектен бутуңду тарт, ушакчыдан тилиңди тарт!", "Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген, калың болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн" деген лакаптардан тыянак чыгар. Ушакчы болбо, таза өс. "Жакшы" деген бир ат бар, кууп отуруп жетпейт, "жаман" деген бир ат бар, жууган менен эч кетпейт. Өзүң болуп алгыча, болгон эрди жакала, өзүң болуп алган соң, өзүңдү-өзүң такала. Сен көп билесиң, ашкан ышкыбозсуң. Барып турган тентексиң. Көрүнгөн балдар менен мушташасың. Ошондо башка чаап ийбегей эле деп жаным чыгат. Экинчи айылдын балдары бул айылга Саякбай бар деп келбейт. Ушул жакшы болобу? Өзүң ойлочу. Бешиктин баласы беш жол түлөйт деген, тентектигиңди таштап жөнгө кел, балам, - дечү экен жарыктык чоң энеси.
…Саякбайдын балалык чагы өтө аянычтуу болгон менен элдик көркөм чыгармачылыкты көп билген чөйрөдө өткөрөт. Айрыкча, тарбиялап чоңойткон чоң энеси Дакиштен "Төштүк" эпосун, мергенчилер, жаныбарлар жөнүндөгү укмуштуу жомокторду уккан...