Даниель, ырчы:
"…ошол күндү аябай күтөм"
Өзүм
Кандай гана адам болбосун өзүнө - өзү мүнөздөмө берип, сын айта албаса керек. Кыргызда "өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, өзгөнүн башындагы чөптү көрөт" дегендей, кимдир бирөөлөр айтмайынча өзүңдүн кемчилигиң сезилбейт. Бирок жаккан сапатымды айтсам, кандай кырдаал болбосун шайыр, ачык мүнөздө жүргөнүм жана кандай адам болбосун бат тил табышып кеткеним артыкчылыгым. Ал эми кемчилигим уйкучулардын катарын толуктайм.

Мода
Моданын артынан деле куубайм. Бирок заманбап кийинип жүрүүгө аракет кылам. Эн негизгиси кийген кийимиң жарашыктуу, тыкан кийинип жүрүүнү жактырам. Ал эми кийимдин түсүнөн кара жана ак түстөгү кийимдерге басым жасайм.

Достукта
Достукка абдан туруктуумун жана досторум көп. Досторум үчүн кандай кыйынчылык болбосун жардам берүүгө даярмын. Ал эми чыгармачылык жактан досторум да аз эмес. Бирөөсүн айтсам экинчиси капа болуп калышы мүмкүн, ошондуктан баары менен эле жакшы мамиледемин. Алардын арасынын Алиханды баса белгилегим келет.

Үй-бүлөдө
Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз, менден улуу Жамиля аттуу эжем жана мен. "Бейиш эненин таманын астында" демекчи, менин да бул дүйнөдөгү асыл адамым апам. Апам менен эжем Ошто турушат, алар менен күнүгө телефон чалышып сагынычымды таратып турам.

Ашканада
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат демекчи, ашкананын жумушу аялзатына гана таандык деп эч качан бөлбөйм. Ошондуктан көпчүлүк тамактарды жакшы жасайм. Негизи, эркектер жасаган тамак абдан даамдуу болот эмеспи, мен айрыкча Өзгөн күрүчүн мыкты жасайм.

Эс алууда
Бош убактыңда кыялыңдагыдай эс алганга не жетсин? Азыр көбүнчө киного барам жана жаратылышка чыгып сейилдеп балык кармайм. Ар бир мезгилдин өзүнчө керемети болот эмеспи, кышкысын муз тепкенден ырахат алам. Ал эми буйруса, чет өлкөгө эс алганы Түркияга барууну кыялданып жатам.


Сулуулук
Сулуулук мен үчүн чоң роль ойнойт, анткени мага кооз нерселер жагат, кооз шаарлар, кооз гүлдөр, кооз буюмдар жана албетте сулуу кыздарды айтпай койбосок болбойт. Кыргыз кыздарынын сулуулугуна абдан баа берем. Алгач, кыздар менен таанышып, достошкондо сырткы сулуулугуна көңүл бөлөм. Бирок келечектеги жубайымдын ички дүйнөсүнүн сулуулугу менен сырткы келбети айкалышып туруусун тилек кылам.

Сүйүүдө
Чыныгы сүйүүгө кезигип, сүйүүнүн азабын чеге элекмин. Күйөрман кыздар арасынан жактырып, сүйүүсүн арнашкандары бар. Кайсы бир күнү ак сүйүүгө кабылып, сүйүүнүн азабын чегүүдөн корком. Бирок ошол күндү аябай күтөм.

Ый жана күлкү
Ар дайым күлүп, тамашалашып жүргөн адам кимге жакпасын? Биздин чыгармачыл тобубуз аябай тамашакөй адамдар, кээде "СТАР ДЭНС" бий тобунун кыздары менен күлкү майрамы кылып, 10-15 мүнөт токтобой күлүп араң токтойбуз. Ал эми ыйлагандан кудай сактасын, өзгөчө мырзалар оор кырдаалга тушукканда гана көз жаш төгөт деп билем, ошондуктан бул нерсени эч кимге каалабайм.

Кечигүү жана күтүү
Бир аябай акылдуу байке айткан эле "Бараар жерине кыргызча беш мүнөт эрте бар" деп. Ошол принципти жогору коем. Чакырылган жерге эрте барганга аракет кылам. Бир жолу интервьюга кечигип барам, деп сөзгө калып, кечигүүдөн жалкып калгам. Жолдо шашып баратсам, жол тыгынына калып интервьюга кечигип калсам, мени "жылдыз оорусу менен ооруп калыптыр" деп айтышкан, ошондон тартып, дайыма 5 минут эрте барганга аракет кылам.

Венера НАРКЕЕВА