Отунбаева орчундуу адамдар менен жолукту
Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева кечээ таңга жуук Маскөөдөн кайтып келди. Элибиз гана эмес, эл аралык коомчулук сыйлаган Роза эжекебиз Орусияга улуу жеңиштин 65 жылдык салатанатына катышуу үчүн Крмелдин чакыруусу менен барган. Орусияга болгон бул сапарында Роза Отунбаева океңдердин президенти Медведев, өкмөт башчысы Путин, Мамлекеттик Думасынын жетекчиси Грызлов, Федерация кеңешинин жетекчиси Миронов өңдүү оңой эмес адамдары менен жолугушуп, орчундуу маселелерди талкуулап келди. Апрель окуяларынан кийин Кыргызстанга кызыгы артып, Роза айым менен кептешүүнү калаагандардын да саны көп болду. Москөөдөгү майрамдык салтанатка конок болуп келишкен Кытай Эл Республикасынын жетекчиси Ху Цзинтао, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Азербайжандын жеткечиси Илхом Алиев, Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж, казак президенти Нурсултан Назарбаевдер да Убактылуу өкмөттүн төрайымы менен жолугушууларды өткөрүп, бардыгы утурумдук өкмөттү колдоого алаарын айтып, жардамын сунушташты.


Казынага 1,3 миллиард сом кайтарылды
Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөттүн 30 күндүк ишмердиги тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Маалымат жыйынында Баш прокуратура 7-апрелдеги окуялар тууралуу жана экс-президент Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү менен жакын санаалаштарынын жеп-ичкендиги боюнча 28 кылмыш иши козголгонун, бакиевдердин ач көздүк менен мамлекеттик байлыктарды мыйзамсыз басып алууларынын натыйжасында өлкө казынасы 3 миллиард сом чыгаша тартканын билдирди. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн иш-аркетинин негизинде Максим Бакиевдин Өнүктүрүү фондуна каралган коммерциялык банктардагы 1,3 миллиард сом кайра казынага кайтарылганын маалымдады.


Г.Павлюктун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом берилет
Убактылуу өкмөттүн 7-майдагы жыйынында социалдык тармакты тейлеген Элмира Ибраимова Геннадий Павлюктун үй-бүлөсүнө жардам иретинде 1 миллион сом бөлүнгөнүн маалымдады. Журналистикага кошкон бараандуу салымын эске алышкан Убактылуу өкмөт мүчөлөрү маркум Геннадий Павлюктун үй-бүлөсүнө акчалай жардам берүүгө баары макулдугун беришкен. Эскерте кетчү жагдай, кыргызстандык журналист Г. Павлюк 2009-жылдын этегинде Алматыда белгисиз жагдайда киши колдуу болуп каза тапкан.


"Кара жащик" жакында "агарабы?"
Илгери ыраматылык Карыпкуловдун, кийинчирээк Эшимкановдун "кара жащиги" аталган, көп жылдан бери коомдук болобуз деген тилеги ишке ашпай, кыйналып келе аткан УТРКабыз ушул жумада коомдук телеге айланганы калды. 15 аттуу-баштуу адамдан турган байкоочулар кеңеши түзүлүп, УТРК бир дагы мамлекеттик органга баш ийбей турган болду. Буга чейин Акайычтын да, Салийичтин да тушунда УТРКбыз коомдук теле болуп уюшулуп, "байкоочулардын" башкаруусуна берилген. Бирок, "көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы"-болуп, Кудай урган КТРың баягысын кайра баштап, байкоочуларына баш бербей, үй-бүлөнү эле мактаганын токтотпой койду. Акыры келип эки бийликтин башын жутканга "өз салымын" кошуп койду. Эми "точно" коомдук болот деп, баса-баса белгилеген Өмүрбек Текебаев эки сүйлөчү эмес, Кудай буйруп бул ирет КыТыРыбыз кытмыр иштерин токтотуп, элге акыйкат маалыматын айтса экен…


"Мен өч алганы келген жокмун" - дейт…
"Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер"-деген накыл кеби бар кыргыз элинин. Ушундай айкөл, кечиримдүү кыргыз элинин кулуну болгон Кубанычбек Кадыровду убагында Бакиевдин "бөрк ал десе, баш алган" кошоматчы куйруктары, болгондо да өзүнүн кесиптеш милиция кызматкерлери Түп, Балыкчы окуяларында кандай гана кылып кордошподу, тебелешти, тепсешти. "Келме кезек, терме тезек" болуп, бүгүн минтип Кубанычбек мырза ички иштер министринин орун басары болуп отурат. Өткөндө "сизге кол көтөргөн ошол чоң муштум кесиптештериңерди эмне кылдыңыз?"-деп сураганыбызда "мен бул жерге бирөөдөн өч алуу үчүн келген жокмун. Жакында көлгө барып, ошол милиция кызматкерлери менен сүйлөшүп, баарын кечирдим. Өткөн иш өттү, эми баардыгын таза барактан баштайлы, Кыргызстан үчүн иштейли"-деп баталарын алып келдим"-деп жооп берди. Бир чети "колу менен кылганды мойну менен тартышпайбы" деп жинибиз келгени менен, Кубанычбек мырзанын бул кадамын туура көрдүк.
Чыныдыгында милиция кызматкерлери эки бийликтин тушунда тең үй-бүлөлүк бийликтин алдындагы төшөлгөн талпагы болуп, бир топ эле кадырынан айрылды, элдин ишеними азайды. Бирок, Акаевдин да, Бакиевдин да балит бийлигине аралашпаган, Кадыровго окшогон жаш, тайманбас саясатчылардын жогорку кызматка отурушу менен кыргыз милициясына болгон элдин ишеними кайтып келээринен ишенимибиз чоң. Ылайым эле ошондой болсун!


Марат Султанов кармалдыбы?
Кылмыш иши козголуп издөө салынган "Бригаданын" бир өкүлү Марат Султанов мурдагы күнү Манас аэропортунан кармалып, камакка алынганы айтылууда. Буга чейин Каржы министрлигин, Соцфондду тейлеп, олчойгон акчаларды сол чөнтөккө сологон деп айыпталып, издөөгө алынган Марат Султанов Кыргызстанды бери эле дегенде 60 миллион долларга "отургузуп" кеткени айтылып жүрөт.


Бакевчилер артын кантип "тазалашкан"?
6-7-апрелдердеги кандуу окуяларда түп орду менен күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имараты толугу менен жарактан чыкты. Имаратты иликтеп чыккан атайын комиссия ушундай тыянак чыгарды. Такталбаган маалыматтар боюнча Башкы прокуратуранын имаратын өзүнүн эле кызматкерлери, тагыраак айтканда, бакиевдердин балит иштеринин бир тобун мыйзам жолуна салып берген Сатыбалдиевдин жан-жөкөрлөрү садага чаап салышты деп айтылууда. Ошондой эле көрүнүш 8-апрель күнү өрттөнгөн Ак үйдө да болгон. Ак үйдөгү толгон-токой кабинеттердин ичинен Оксана Малеванная менен Максим Бакиевдин кабинеттери толугу менен күлгө айланган.