Пикир

Сот бийлиги өтө чоң реформага муктаж
1990-жылы Союз тарагандан кийин биздин мамлекет эгемендикти алып өз алдынча жашоо жолуна түшүп бийлике келген топ мамлекеттин ички жана тышкы саясатын аныктай баштаган. Тилеке каршы биздин мамлекет башында тургандар ар кандай саясий оюндарга азгырылып мамлекеттин туура өнүгүү жолун таба алышкан жок. Өз кызыкчылыктарын элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан бийик коюшуп, союздан калган мамлекеттик мүлктү талап тоноп, мамлекеттен ажыратып жок кылууга өтүштү. Мындай мамлекеттик саясат 2010-жылдын 7- апрелине чейин созулду.

2010-жылдын 7-апрели Кыргыз Республикасынын жаны тарых бетин ачты.
Мындан ары кандай жолго түшөбүз, бир кудайга гана белгилүү болушу керек, жалпы эл болсо эми мамлекет бийлигине келгендер, мамлекеттин өнүгүшүн, ички жана тышкы саясатын, экономиканы, социалдык маселелерди, адам укуктарын, мамлекеттин, жалпы элдин кызыкчылыгын көздөгөн жолго салат деген үмүттө болуп турат.
Жаңы бийлик жаны конституциянын негизинде, мамлекетибизде жалпы реформа жүргүзүлүп, демократиялык принциптердин негизинде, жаңы тартип орнотулуп, жаңыча жашоо башталат деген идеология жүргүзүүдө. Карапайым эл жаңы бийликтин мындай позициясына жакшы үмүт менен макул болууда, себеби элде башка тандап алуучу жол жок, себеби кыргыз эли жаңы жакшы жашоо үчүн өтө көп кан төктү.
Мамлекетибиздин цивилизация чегинде өнүгүүсүнүн башкы принциптеринин бири укуктук мамлекет орношу зарыл. Буга чейин Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет деген декларация түрүндө гана болуп келди.
Биз, укуктуу мамлекет болгубуз келсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдардын жана эл аралык уюмдарда алынган мамлекеттин милдеттеринин чегинде жашоону үйрөнүшүбүз зарыл. Эл мыйзамдын чегинде жашаш үчүн жок дегенде мыйзамдарда көрсөтүлгөн эң маанилуу тартиптерин билиши керек. Тилекке каршы элге мыйзамдар жөнүндө маалымат жетпегендиктен, элдин көпчүлүгү мыйзамдар жөнүндө маалыматы жок. Мыйзамдарды элге жеткизиш мамлекеттин милдети, ал эми өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдар мамлекетке жардам катары, өз мүмкүнчүлүгүнө ылайык калк арасында юристердин жардамы менен адамдардын укуктары менен милдеттерин түшүндүрүү иштерин жүргүзсө элине, мамлекетине кызмат кылгандыкка жатат деп ойлойм. Мисалы, мен "Юр-Эксима" юридикалык фирмасынын жетекчиси катары көп жылдар бою "Кылмыш-Жаза", кийин "Супер-Инфо" гезиттери аркылуу окурмандардын юридикалык суроолоруна жана көйгөйлүү юридикалык маселелер боюнча кеңеш берип келдим. "Супер-Инфо" гезити ар бир чыгарылышы 80 миңден ашык нуска чыгып, бир айда эки жолу чыккан санынын бир бетине менин юридикалык кеңешим чыкчу. Демек "Супер-Инфо" гезити аркылуу журналистердин, газетанын жетекчисинин жардамы менен бир айда 160 000 газетанын бир бетине юридикалык кеңеш жазылчу. Ар бир газетаны үч киши окуса, ар бир айда болжол менен жарым миллион окурманга юридикалык кеңеш берилчу. Бул мисалды келтирген себебим, элибизге мыйзамдарды жеткизүү жолу көп. Биз, юристер элибиз жана мамлекетибиз үчүн кесибибизге ылайык укуктук билимди калкка түшүндүрүү иш-аракеттерди жасашыбыз керек.
Мыйзам кээ бир партиялардын же топтордун кызыкчылыгын коргобой, жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон норма болушу керек. Практика жүзүндө иштей турган гана мыйзамдарды кабыл алуу керек. Азыркы учурда биздин мыйзамдарда иштебей турган жоболор аз эмес. Мисалы Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 326 беренесинде "эгерде сот атайын каралуучу иштин жагдайына, материалдык жана процессуалдык мыйзамга ылайык келбеген өкүмдө, же чечимди чыгарса, эки жылдан беш жылга чейин судья же сот эркинен ажыратылат" деп жазылган. Практика жүзүндө мындай өкүмдөр менен чечимдер аз эмес экени жалпыга маалым, бирок мындай иш-аракеттери үчүн бир дагы сот кылмыш жообуна тартылганы жөнүндө маалымат жок. Демек бул берене иштебей турган мыйзамда камтылган норма. Мындай нормаларды башкы мыйзамдардан да көрүүгө болот. Ошондуктан мыйзам чыгаруу орган практика жүзүндө иштелүүчү, эл менен мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн гана мыйзамдарды кабыл алышы керек.
Буга чейин элдин сот системасынын адилеттүүлүгүнө ишеничи кеткен, бул талашсыз көрүнүш. Соттор чыгарган чечимдери үчүн жоопко тартылбастыгын билип, ачык-айкын мыйзамга карама-каршы келген чечимдерди бир тараптын кызыкчылына чечүү практакикасы адатка айланган. Жеке эле соттор эмес, башка мамлекет кызматында жана мамлекеттик эмес ишканаларда иштеген жарандар, кайсы бийлик тепкичинде турбасын, мыйзамга ылайык келбеген иш-аракеттери үчүн мыйзам чегинде жоопко тартуу механизми иштелип чыгып, мыйзам катары бекитилип, практика жүзүндө иштебесе, буга чейин биздин турмушта бекем орун алган коррупциядан мамлекет кутула албасы корунуп анык.
Элдин сотко болгон ишенимин кайтаруу үчүн сот системасын түп- тамырынан бери өзгөртүү реформаны жүргүзүү азыркы учурдун талабы экени талашсыз.Буга чейин мурунку бийликтердин сот кадрларын дайындоо принциптери элге белгилуу эмеспи. Сот креслосу юристтин моралдык жана нравалык сапатарына, тажрыйбасы менен билимине карабай акчага сатылганы жашыруун сыр эмес. Мындай соттордон кандай адилеттүү өкүм же чечим күтүүгө болот. Бирок бул жерден тактап кетуучу жагдай биздин сот системасында мен билген адилетүү, билимдүү, адамдык сапаттары жогору соттор аз эмес. Бирок мындай соттордун иш-аракеттерин сот креслосун сатып алып, өз жумушун бизнеске айландыргандар булгап, элдин сотторго болгон ишенимин кетирбедиби.
Ар бир сот чечими же өкүмү мыйзамга ылайык болсо, ал эч кимден коркпойт. Ал эми сот мыйзамга ылайык келбеген чечим же өкүм кабыл алса, ал сот жоопкерчилике тартылышы керек. Сотту жоопкерчиликке тартуу механизми иштебесе, реформанын кандай гана түрү болбосун ишке ашпайт. Демек сот системасында буга чейинки көрүнүш сакталып калат. Мындай учурда укуктук мамлекет болуу элдин тилеги кыял катары кала берет.
Сот системасын реформалоодон мурун азыркы Конституциянын соттор жөнүндөгү бөлүмүнө сот системасында боло туган реформанын принциптерин кийирүү зарыл. Кийин Конституцида көрсөтүлгөн принциптердин негизинде жаңы мыйзам кабыл алып реформаны толугу менен ишке ашырса болот.
Азыркы убактылуу өкмөттү жалпыбыз менен колдошубуз керек. Ал эми өз ишиме байланыштуу сот, укук коргоо тармагындагы Азимбек Бекназаров жүргүзүп жаткан иш-аракеттерин толугу менен колдойм.
Эдил Керимкулов,
"Юр-Эксима" юридикалык
фирмасынын жетекчиси



  Конституциялык кеңештин төрагасы Ө. Текебаевге ачык кат

Жаңы Конституциянын модели кандай болуш керек?
Өмүрбек Чиркешович!
Сизге биринчиден батамды берейин, Кудай өмүрүңүздү узун кылсын, бактылуу жашаңыз!
Кыргызымдан айланайын, кыргызымдан садага кетейин! ...Урушабыз, талашабыз, бирок, баары бир кыргызымдын арасында жашап өмүрдү өткөзөбүз, башка жакка качып кетпейбиз. Караңызчы, биздин биринчи президентибиз Москвада жашап жатат, сутканын 24 саатында жаны демалбай отто күйүп туру, аны эч кимге айталбайт. Кыргызстанга качан барам, же сөөгүмдү алып барышабы деп, миң жолу толгонот, бирок аны эч кимге айталбайт, кишилерге көрсөтпөй канча жолу ыйлайт, жүз грамм ичип алса көргөзүп деле ыйлайт... Президент болуп турганда, ушундай болору, үч уктаса түшүнө кирген эмес. Мен буларды табалап айтып жаткан жерим жок, ыйлап туруп айтып жатам. Аялын, бир уюмда иштегендиктен, таанычымын. Жарым жыл өткөндөн кийин эле ага айта баштадым. "Айланайын, күйөө балага айтыңыз, мындай кылышка болбойт, тигиндей кылышка болбойт, мындай кылыш керек" деп. Анан чыдабай 1992 жылы 22-июнда кабинетин бекитип алып бир жарым саат сүйлөштүк. Болгон акылымды топтоп, өзүмдүн түшүнүгүм боюнча, ток этээр ойлорумду айттым. Ошондо айтылган сөздөр азыр да күчүн жоготкон жок. Акырында айттым: "айланайын, ойлоп көрбөйсүзбү, мен сизге ата эмесмин, тууган эмесмин, болгону кыргыздын бир жөнөкөй кулунумун. Мен кыргызымдын тагдырына күйгөн үчүн, анан сиздердин тагдырыңыздарга күйгөн үчүн гана айтып жатам" дедим. Ошондон кийин менден качып сүйлөшпөй койду. Мына тагдырдын драмасы жана трагедиясы. Бир грамм кошо албайсың, бир грамм алалбайсың...
Биринчи президентибиздин негизги катасы эмне???.. Кыргызда макал бар: "Эрден ашам десең ашам де, бирок элден ашам дебе" деген. А киши "кыргызымдан да акылдуумун" деген пенделик иллюзияга мас болду. Карындашыбыз болсо ойлоду: "Карасаң, болгону бир билимсиз бухгалтер, анан дагы, мага, Ленинграддын мыкты жогорку окуу жайын бүтүргөн, 17 жыл ал жерде жашап, маданияттын чордонуна жеткен билимдүүгө акыл үйрөтүп жатканын" деп...Менин тилимди алып кеңешимди укканда азыр кыргыздын эрке баласы жана эрке кызы болуп чалчаңдап атамекенинди жүрөт эле!.. Бири кем дүйнө!!!
Өз убагында, коммунистик идея жер жүзүнө тарап К. Маркстын баркы таш жарып турганда Орусиядан, Италиядан, Америкадан жана башка өлкөлөрдөн социалисттердин мыктылары К.Маркска барып сүйлөшкөндө, дайыма социализм жөнүндө көп суроолорду берип, "социализмде бул проблеманы кандай чечебиз, тигил проблемаларды кандай чечишибиз керек" деп көп суроолорду беришкен жана аларга туура жооп алгылары келишкен. Ошондо К. Маркс дайыма жылмайып күлүп: "Биринчиден,социализмде жашагандар бизден алдаганча билимдүү жана түшүнүктүү болуш керек. Экинчиден, мен силерге аптекадагыдай рецепт жазып бере албайм. Менин теориям турмуш өнүккөн сайын жана шарт өзгөргөн сайын жаңы материалдарды изилдеп, жаңы жыйынтыктарды чыгарып, дайыма өзгөрүп жана өнүгуп тура турган теория. Мен силерге, колумдан келишинче, ошол дайыма өзгөрүп жана өнүгүп турган коомду кантип туура анализ жазап жана туура жыйынтык чыгара турган илимий методду жана ыкмаларды силерге үйрөткүм келет" деп жооп берген. Ал эми В.И. Ленин: "Социализм миллиодогон адамдардын чыгармачыл ойлорунан жаралып жана алардын чыгармачыл иштери менен ишке аша турган нерсе" деп дайыма жарыя кылган. Көрдүкко, СССРде К, Маркстын теориясын "рецепке" айландыргандыктан жана В,И, Ленин айткан миллиондордун чыгармачылыгын "бир кишинин чыгармачылыгы" менен алмаштырды элек, социализм өзүнөн өзү эле кулап калды. Бул адамзатка тарыхий сабак. Ал сабактын биздин бүгүнкү Кыргызстандын шартына түздөн түз тиешеси бар. Биз батыштын моделдерин дал өзүндөй кайталоого акыбыз жок. Биз кыргыздардын нукура тарыхый көз карашына жана кулк мүнөзүнө шайкеш келген гана моделдерди иштетсек өнүгүүгө жол ачабыз.

Мурунку конституциялардын негизги кемчиликтери эмнелер?
Өмүрбек Чиркешович! Мен сизди эң принципиалдуу жана машыккан билимдүү саясатчы катары аябай сыйлайм! Мына азыр Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап жатабыз. Эгемендүүлүктүн өткөн 20 жылындагы тарыхый трагедиялар кайталанбаш үчүн баарыбыз "Мурунку конституциялардын негизги кемчиликтери эмнелер?" деп бири бирибизге суроо беришибиз керек жана дагы жаңы трагедиялар болбош учун, бул суроого туура жооп таап жана колубуздан келишинче, жаңы конституцияга жаңы эрежелерди кирзишибиз тарыхий зарылдык. Айтып койушум керек, азыр кеп "президенттик башкаруу болобу же парламенттик башкаруу болобу деген илимий суроону чечиште эмес, маселе кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калалабызбы жана кыргызды эл катары тукум курут болуудан сактап калалабызбы" деген проблемада турат. Маселени мындай кабыргасынан койбосок, тарыхий туура суроолорду эл алдына койо албайбыз жана ал суроолорго тарыхий туура жоопторду таба албайбыз!
"Мурунку конституциялардын негизги кемчиликтери эмнелер?" деген суроого мен мындай жооп берер элем:
1. Мурунку конституциялардын эрежелери шайлоо процессин акыйкат жана таза өткөскөнгө шарт түзө албады жана шайлоонун баары алдамчылык, бурмолоо менен өттү;
2. Мрунку конституциялар сот бийлигинин түбунө жетип, аны мафиоздордун жана криминалдардын тактекесине айлантты.
2. Эгемендүүлүктүн өткөн 20 жылындагы тарыхый трагедиялардын болушу, мурунку конституциялардын эрежелериндеги "президенттик-парламенттик" же "парламенттик-президеттик" башкаруусундагы бийликтин бутактарынын полномочиелери тең салмактуу бөлүнбөй калгандыгында эмес, же таза "парламенттик башкарууну" киргизбей койгонубуздан эмес, ыйманы жок эки президентти жана ыймандуу парламенттерди шайлап алгандыбыздан эмес. Кептин баары батышты туурап, формалдуу түрдө президенттерди жана парламенттерди беш жылга шайлап алып, кыргыз элимдин мыйзам жолу менен ошол өзү шайлап алган президенттерди жана парламенттерди контролго жана көзөмөлго ала турган укуктары такыр конституцияларда каралбай калганында болуп жатпайбы. Кеп, биз батыштын шартында жакшы иштеген эрежелерди, бирок кыргыздардын шартында такыр тескери иштеген эрежелерди өзүбүздүн шартыбызга шайкеш келген эрежелер менен алмаштыралы деген идеяларды ишке ашыралы дегендин ордуна, дага эле попугайдай батышты кайталайлы дегенде болуп жатпайбы. Деги ушуну түшүнүш кыйынбы? Же түшүнуп туруп эле атайлап жазалып жаткан ишпи?
Эгер, конституциянын долбоорун жазып чыккан юрист жана саясатчы инилерим, проблемаларды жогорудагыдай мааниде түшүнүшө албаса жана ал проблемаларды "президенттик-парламенттик", же "парламенттик-президенттик" деген формалдуу логиканын талаасында чечип койсок баары сонун болот десе, анда азыркы талкуулорду жүргүзүүнүн сокур тыйындай пайдасы жок кыргыз элиме. Анда элдик революция бир жылдан кийин болбошуна ким гарантия берет?
Ынакбек Тантабаев,
Бишкек шаары, КМЭУнун мугалими