Аскар Салымбеков кимдерге ишенип жатат?
Өткөн сандарыбызда Кыргызстандагы эң эле сараң байлардын бири, кайсы бийлик болбосун "жан аке" деп кызмат кылып, бизнесинин чекесин черттирбей сактап келе жаткан Салымбековдун чоң саясатка киришип жатканын жазганбыз. Бирок мындай акчасынан башка аброю жок адамдарды ким ээрчип чыгат болду экен деп түшүнбөй турганбыз. Анан эле кызык ошол жактан башталды. Аскар мырза аябай ойлонуп, "жети өлчөп, бир кесип", "Дордойду" бир сактаса ушулар сактап калат деп тапканы экс-генпрокурор Мыктыбек Абдылдаев менен кечээки бакиевдердин ишенген дүжүр-аксакалы Садыкбек Аблесов экен. Кой-Таштагы мейманканасына козу союп, ошол экөө баштаган бир топ "экстерди" чогултуп алып, Мааткабылович ойдаа эзилиптир.
Деги, ошол чакыргандар менен чакырылгандар да кызык кишилер экен. Өткөн аптада эле Мыктыбекке Мадумаров баштаган бир топ түштүкчүл эргулдар барып, топ баштап берүүнү суранышса, макулдугун берген. Эми буларга куп деп, кыскасы "көңүлчөөктүн... кургабайт" дегендей эле кеп. Аскар мырзанын дагы бир ачылышы ошо келечекке бир барууга экс-губернатор Кубанычбек Сыйдановду акелеп-жакелеп эптеп макул кылыптыр. Экинчи чогулушта, 11-май күнү башы бириккендер кепкеңеш кылып, шерттешип, Салымбековдун саман акчалары турганда саясатты сапырып салышарын айтышкан экен. "Алда байкуштар аййе" дегенден башка эмне айтмакпыз?!... Касиеттүү Теңир-Тоо, жер соорусу Ат-Башынын ак калпакчан элин жыргатпай, эл арасында кадыры кагылган Аскар мырзаны Чүйдүн дүжүр чүйгүндөрү жыргатып жибергенин көрө жатаарбыз.


Садыр Жапаров токмок жегенин унутуп калганбы?
Баягы эле колдорунан иш келбегени менен кокосу чоң, куру намыс менен каразгөйлүккө жеңдирген "Бригада" тобу тууралуу эки ооз сөз айтууга туура келүүдө. Алар тууралуу коомчулук канча кандай гана сөздөрдү айтышпады, былык-чылыктары чубалып, ММКнын бетинен түшпөй атышса деле уялышкан жок. Себеби аларда уят тургай ар калбаптыр. Биртке эркектик касиет болгондо "силкинип", андай эмес деп чыкканга жарашмак, же "тойдум байдын кызына" деп, саясатка, бийликке жанталашпай жөн оокатын кылышмак. Антишкен жок, "сарт санаасы менен байыйт" болушуп, штаб түзүшүп, ишти катуу баштап атышкан имиш. Кечээ эле ичкиликтин күүсү менен самолетто бири-бирин кызылдай сабашкан достор Садыр Жапаров менен Акмат Келдибеков эч нерсе болбогондой партиянын иштерин Бишкектин Киев-Султан Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Жапаровдун көк тиреген көп кабат үйүндө күжүлдөшүп атат дейт. "Ата-Журт" партиясын алга сүйрөөнүн ар кандай амалдарын ойлонуп жатышканына кыжырың келет. Кечээ Ата-Журт кыйын күнгө кабылып, капталынан кертилип, элдин эси эки болуп турганда ушул "атажуртчулар" кайда жүрдү эле? Кызыгы, ушул жедеп бийликке күн кор болуп, өөдө карагандан айбыгып, жалтак болуп калган немелер өздөрү менен өздөрү болуп, кылып аткан иштерин жан кишиге айта албай, бук болуп калган көрүнөт. Күндүз кагаз карап, түнкүсүн төш таянып, суу жээктеп сырдашышат экен...


Курманбек Байтереков унутта калабы?
Курманбек Бакиев 2005-жылдын 24-мартында бийликке келип, мансаптан башы тумандап турганда, жер-жерлерде бийликти басып алуу оорусу менен ооруган Курманбек Байтереков билими жоктугуна карабастан Кочкор районунун акимиатын басып алып, беш жыл каалагандай чартаңбай тепти. Ар кайсы жерде "К.Бакиевден Кочкордун акимчилигин 4 миллион сомго сатып алгам" деп ооз көптүрүп сүйлөп, өз билгенин жакшы эле жасаганын кочкорлуктар ачык эле кеп кылып жүрүшөт. Керек болсо, каяша пикир айткандарга тапанчасын алып чыгып "атып коем" дегенге чейин барчу дешет билгендер. Эми ошол эргул эч нерсе болбогондой, ээн-эркин "жойлоп" жүргөнүнө Кочкор эли нааразы болуп, редакциябызга телефон чалышууда. Алар Убактылуу Өкмөт бул эргулдун ишин бир сыйра текшерүүдөн өткөрүп, 5 жыл ичинде жасаган былык иштерин тыкыр изилдеп, күнөөсү далилденсе жоопко тартуу керек дешет. Кочкорлуктардын бул пикирине кошулбай коюуга болбойт. Андыктан Убактылуу Өкмөт Байтерековдун ишмердүүлүгүн көз жаздымда калтырбай, анализге алуусу абзел. Кочкор эли ушуну көптөн-көп өтүнүшөт.


Топурагы жеңил Токтайым, токтой турчу!
12-апрелде Кыргызстандын жалпы эли жер-жерлерде 7-апрелде каза болгон кыргыздын азаматтарынын кыркылыгын өткөрүп, куран окуп, таазим кылышты. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү дагы бул иш-чарага катышып, эл менен бирге болуп, ошол күндөн берки аткарылып жаткан иштер тууралуу кенен кептерди салып турушту. Эл антип атса, борбордук эски аянтта топурагы жеңил Токтайым апчебиз обу жок оюндарды баштап, "тополоң уюштурууга" аракет кылса болобу?. Эмне болуп кетти деп барсак, экс-мэр Нариман Түлеевди колдогон талапкерлерге жетеленип алып, ойдаа опулдап атыптыр, "Убактылуу Өкмөт жооп берсин, Түлеевге мэрликти берсин, Урмат Барктабасов келсин" деп барып, аягында "шейит кеткендердин арбагынан" кеп козгойт. Атактуу Аалы Токомбаевдин бир ырындагы "мен мурунку мен эмесмин, башкамын" деген саптарды эстедим. Убагында Аксыда алты баатыр курман болуп атса, Акаевдердин бийлигин көкүрөгү менен коргоп, антимитинг уюштуруп Азимбек Бекназаровду ит талагандай кылган эле. Эми ошол эски "оорусу" кармаганбы, айтор, жалпы кыргыз эли курман болгондорго куран окуп жатса , "мен 7-апрелде миңдеген адамдарды алып чыккам, булар эмгегимди баалабады" деген токонаалат сөздөрүн айтып, кызмат жетпей калганына ачык эле нааразычылыгын билдирип, сырттан карап турган калыс адамдарды жерге түкүрүүгө аргасыз кылды. Кыскасы, деңгээли кандай экенин калың элге дагы бир ирет ачыктады. Айтор, сөз кылып болбойт. Сөз кылып жатып чарчап да бүттүк. Сыягы такыр түшүнбөгөн неме окшойт...


Алтын-Төрдөгү арам ойлордун артында ким турат?..
Ошентип, бакиевдердин көлөкөлөрү өлкөнүн түштүгүндө гана эмес, Бишкекте дагы көрүнө баштаган шекилдүү. Айталы дегенибиз, 10-май күнү борборубуздун Асанбай кичи районундагы Алтын-Төр кафесине Жалал-Абаддын Сузак, Чаткал, Ала-Бука райондорунун бир топ "кулунчактары" чогулуп алып, "17-майда Бишкекте митинг кылабыз, Убактылуу Өкмөттү оодарып түшөбүз, бийликти колго алабыз", -деп жабык эшик артында опурулушту. Алардын бири сөз арасында "элди, тууган урукту түрө кыдырып, тизме тизип, уюштурууну баштайлы, каржы жагы болсо чечилген" теризинде ишенимдүү айтканына караганда, булардын артында эски бийликтин жыты жыттанып тургансыйт. Айтаарыбыз, азыр эл андай арам ойлууларды өздөрү кармап келе турган деңгээлге көтөрүлүп чыккан эле, 17-майда ошолордун колдорун кайрып, көздөрүн алайтып, көпчүлүктүн алдына алып чыкпаса болгону. Анан да арбак деген бар экенин, кечээки 86 жигиттин өлүмү бекер жерден болбогонун эстеринен чыгарышпаса!


Бишкек шаарынын мэрлиги Наримандын менчигиби?
7-апрелдеги окуядан кийин дайын-дарегин билгизбей качып, сырттан байкоо салып турган Нариман Түлеев, Убктылуу Өкмөттүн чечкиндүү кадам жасабай жатканынан пайдаланып, чээнден чыгып "азуусун" көрсөтө баштады. Эмне деп дебейсизби? Тууга--уруктарын, жакын санаалаш жоро-жолдошторун жана анча-мынча акчага кызыккандарга тыйын-тыпыр, тамак-аш таратып, митинг уюштуруп, мени колдоп жатышат деген жасалма сүр көрсөтүп. Башкача айтканда, көшөгөнүн артында туруп алып, дерижердун кызматын аткарып, туугандарына "Нариман Түлеев мыкты иштечү, Бишкектин мэрлигине алып келгиле" деген сөздөрдү айттырууда. Эң эле кызыгы, Нариманды жактаган бир мырза уялбай-этпей кыргызда "эси келсе, бээсин бер" деген сөз бар, андыктан Убактылуу Өкмөт Бишкектин мэрлигин Нариман Түлеевге берсин - деп жатпайбы. Жакаңды кармап, тобо келтиресиң. Бишкек шаарынын мэрлиги Нариман Түлеевдин менчиги бекен. Ошол менчигин алалбай жатабы? Сөз деп эле, оозго келгенди оттой берсе жараша береби? Ырас, башкаларга салыштырмалуу Бишкек шаарын бир топ оңдоп койду. Бул жагынан калыстык сөзүбүздү айтууга тийишпиз. Бирок медалдын эки бети бар экенин да унутпашыбыз керек. Дегеним, Нариман Түлеев таптаза, ак иштесе Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголбойт эле да. Чычкан ийинге кире албай жатып, куйругуна калбыр байлайт болуштун зарылчылыгы барбы, Нариман мырза? Анчалык эле эл деп күйүп, ак иштесеңиз буга чейин качып жүрбөйт элеңиз? Элди көчөгө чыгарып коюп, жашынып жатпай, таза болсоңуз эл алдында чыгып, өз сөзүңүздү айтмаксыз. Жеке керт башыңыздын кызыкчылыгын көздөп элди дүрбөтпөйт болчусуз. Сиз кандай ойлойсуз?..