Эч ким, эч нерсе унутулбайт!..

Баатырларга түбөлүк даңк!

Буга чейин маалымдалып келгендей борбор шаарыбызда 12-май күнү кыргыз элинин эркиндиги үчүн курман болушкан 86 баатырдын кыркы өткөрүлдү. Баатырлардын кыркы мамлекеттик деңгээлде болуп, республиканын жер-жерлеринде алардын арбактарына куран окутулду. Убактылуу Өкмөттүн жетекчилери ал күнү кыркын татыктуу өткөзүү үчүн, бир нече маанилүү иш- чараларды уюштурушту. Ал иш-чараларга Убактылуу Өкмөт жетекчилеринин дээрлик бардыгы тең катышты. Баатырлардын кыркы алардын түбөлүк жайына айланган Ата-Бейит көрүстөнүнөн башталды. Мал союлуп, куран окулган соң, Жал кичирайонунда 7-апрелде курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана айрым оор жаракат алгандарга, ошондой эле Аксы окуясында курман болгондорго, ачкачылык жарыялап жатып каза болгон Шералы Назаркуловго бекер бериле турган көп кабаттуу эки үйдүн биринчисинин жерпайына алгачкы капсула коюлду. Бул көп кабаттуу үйлөр ушул жылдын акырына чейин бүткөрүлмөкчү. Ошондой эле бул күнү Жал кичирайонун борбордук көчөсүнүн жээгине баатырларга арналып эки жүз көчөт олтургузулду. Бул жерден баса белгилеп айта кетчү нерсе, Жал кичирайонундагы бул көп кабаттуу эки үй салына турган 16 сотых жер тилкесин жеке ишкер Жумабек Токтогазиев өз менчигинен берген.
Бул иш чарадан соң мамлекеттик тарых музейинде Убактылуу Өкмөт башчыларынын жана курман болгондордун жакындарынын катышуусу менен маркум баатырларга арналган кеңири жыйын өттү. Андан соң "Дасмия" ресторанында баатырларыбызга багышталган дасторкон үстүндө куран түшүрүлдү. Ал эми тарых музейинин экинчи кабатында "7-апрель" аттуу курман болгон баатырларга атайы уюшулган сүрөт көргөзмө, адамдын жан дүйнөсүн сыздатып, жүрөгүн муздатып, ал иш чарага катышкандардын бир тобунун көз жашын агызды. Себеби ал жерде илинген курман болгон 86 баатырдын сүрөтү, биринчи кезекте алардын жакындарынын муунун бошотуп, зал ичи айрым, эже-апаларыбыздын узакка созулган армандуу кошогу менен коштолду. Көздөн аккан ачуу жаш, көкүрөккө куюлуп, зал ичи ыйга толуп, ушул күнгө туш кылган Бакиев баш болгон канкорлорго тынымсыз наалат айтылды. Ал жерде бир топ убакытка чейин жер тепкилеп, жүрөгү канап, сезими муздап, ботодой боздоп ыйлаган боордошторубуздун ыйын эч ким баса алган жок, басууга да мүмкүн эмес эле. Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева өзү баш болуп андай "жер жарылган" жерде алар менен бирге көз жашын агызып, аларга кайрат айтып турду. Ал күнү элибиздин эркиндиги үчүн курман болгон баатырларыбыздын кырк ашы татыктуу өтүү деп айтууга негиз бар. Биз төмөндө ошол тарых музейинде элибиздин бакубат жашоосу жана кең келечеги үчүн кырчындай өмүрлөрүн кыйышкан баатырларга арналган жыйында сүйлөнгөн сөздөрдү кыскартуу менен сунуш кылабыз. Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе бул жыйындын соңунда 7-апрелде курман болгондордун жана жарадар болгон жарандарыбыздын укуктарын, социалдык абалдарын тиешелүү түрдө коргой турган, курамы 9 адамдан турган мамлекеттик Ата-энелер комиссиясын түзүү чечими кабыл алынды.




"Бакиевдерди жердин түбүнөн болсо да, кармап келебиз"
Роза Отунбаева,
Убактылуу Өкмөттүн төрайымы:
- Урматтуу калайык калк! Бүгүн биз кыргыз элинин эркиндиги үчүн курман болушкан баатырларыбыздын кыркылык зыйнатына чогулуп олтурабыз. Кандуу 7-апрель күнү 86 кырчындай жапжаш боордошторубуздан айрылдык. 1500гө жакын замандаштарыбыз ар кандай деңгээлде жарадар болушту. Биз курман болгондордун жакындарына колдон келишинче жардамыбызды берип жатабыз. Мына жакында эле курман болгон баатырларыбыздын ЖОЖдо окуган балдарынын бардыгы тең бюджеттик окууга которулду. Эл аралык "Себат" билим берүү мекемелери да курман болгон баатырлардын мектеп жашындагы балдарын бекер окутуу маселесин чечишкендигин билдиришти. Ошондой эле окко учкан баатырларыбыздын балдарына 18 жашка чыкканга чейин жөлөк-пул төлөп берүү маселеси жакында чечилгени турат. Кыскасы, каза болгондордун жакындарынын келечек тагдыры ишенимдүү колдо десе болот. Кандуу 7-апрелде жарадар болушкан милиция кызматкерлери да четте калган жок. Аларга 10 миң сомдон 100 миң сомго чейин жардам көрсөтүлүп жатат. Урматтуу замандаштар мындан ары да ар дайым сиздер менен болуп, сиздердин таламыңарды талашып, элдин эркиндиги үчүн курман болгондорго тиешелүү жардамдарды көрсөтүп туруу үчүн убада берем. Урматтуу уулдарынан ажыраган ата-энелер, сиздердин уулуңардын өлүмү текке кетпейт. Алар кыргыз тарыхында алтын тамга менен түбөлүк жазылып калышты. Баатырлардын даңктуу жолу муундан-муунга өрнөк болуп кала берет. Баатырларыбызга ар дайым башыбызды ийип таазим кылабыз!

Азимбек Бекназаров,
Убактылуу Өкмөт
башчысынын орун басары:
- Урматтуу мекендештер! 7-апрелде элди атууга буйрук берген адамдарды толугу менен кармай албай, качырып жиберген кемчилигибизди моюнга алышыбыз керек. Анын эң башкы себебин, 7-8-апрелде күч органдары толугу менен көзөмөлгө алынбай, баш аламандыкка жол берилип турган оор кырдаал менен түшүндүрсө болот. 7-апрелде массалык кыргынга буйрук беришкендер 12 адам болгонун буга чейин маалымдаганбыз. Учурда ошол 12 адамдын алтоо кармалган. Калган качып жүрүшкөндөр: Курманбек Бакиев, Ж. Бакиев, Ж. Бакиев, М. Бакиев, М. Бакиев, Д.Үсөнов жана М. Суталинов, Н. Темирбаевдер. Булардын айыбы толугу менен далилденди. 8-апрелден бери 100дөн ашык адамды экспертизадан өткөздүк, 500дөй адамдан сурак болду, 50дөй снайпер алынып, учурда ал жарактар баллистикалык экспертизадан өтүп жатат. Бул жарактар кимдин колунда болгон, кимди мээлеп, кимди аткан, ушул маселелердин жыйынтыгын чыгарууга аракет кылып жатабыз. Элге ок аткан снайперлердин ичинен сегизи колго түштү. калгандары такталып жатат. Буйруса, кармалагандарды июнь айынан баштап ишин сотко өткөзүп бере баштайбыз. Чындыкты айтышыбыз керек, негизи биз элди атууга буйрук берген адамдарды курман болгондордун кырк ашы чыкканча кармайлы деген тилегибиз ишке ашпады. Күчүбүз жетпегенин моюнга алышыбыз керек. Себеби бизге кармап бере турган күч органдары тиешелүү деңгээлде жардам көрсөтө алган жок. Ортодо эл аралык кийлигишүүлөр да болуп кетти. Бирок кандай болгон күндө да Бакиевдерди жердин түбүнөн болсо да таап кармап келебиз деп убада беребиз.

7-апрелде курман болгон
Кожобеков Рахаттын
апасы:
- Балдарыбыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Эми мамлекетибиздин тагдыры, келечеги күндөн-күнгө өнүгүү жолуна түшүп, мекенибизде жакшылыктар гана болуп турсун! Курман болгон баатырларыбызга эл ыраазы, журт ыраазы. Алар Мекен алдында татыктуу кызматын аткарып, кийинки муундарга чоң үлгү көрсөтүп кетишти. Убактылуу Өкмөт 7-апрелде курман болгон балдардын ата-энелерине, жакындарына колдон келген жардамын көрсөтүп жатат. Ушуга биз ыраазычылыгыбызды билдиришибиз керек. Элдик толкундоо менен келген жаңы бийлик, мындан ары ар дайым карапайым калктын мүдөөлөрүн талаптагыдай чечип берип, эл үчүн иштеп, эл тарапта болушсун!

Лариса Исакеева
1937-жылы атылып кеткен
Баялы Исакеевдин кызы:
- Мен, биринчиден, курман болгон баатырларыбыздын ата - энелерине көңүл айтам. Силердин балдарыңар менен сыймыктанабыз! Себеби силердин балдарыңар, чуулдап ажал издеп учуп жүргөн октон жалтанбай, коркунучта турган мамлекетти сактап калды. Биздин аталарыбыз да өз убагында кечээ 7-апрелде окко учкан баатырларыбыздай эле баатырдык иш кылып, кыргыз мамлекетин түптөп, көкүрөктөрүн окко тосуп, Мекен үчүн шейит кетишкен. Силер ошол баатыр аталарыңардын жолун жолдодуңар! Силердин эрдигиңер эч качан унутулбайт! Силердин жолуңар даңктуу жол! Эми ардактуу эли-журтум, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биринчи кезекте ынтымагыбызды, биримдигибизди чыңдайлы. Баарыбыз биригип, Убактылуу Өкмөткө колдон келишинче жардам көрсөтөлү. Жаңылануу жолун издеп, жаркын келечек үчүн күрөшкө аттаналы!

Алымкулов Алияс,
7-апрелде башына эки ок тийип,
аман калган:
- Урматтуу ак калпакчан аталар, ак элекчен апалар! Мен да, биринчиден, сиздердин Мекен үчүн шейит кеткен уулдарыңардын арты кайырлуу, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун деп, сиздерге кайрат айтам. Жыйырма кылымды карыткан, кыргыз тарыхы мындан ары канча кылымды карытса да, кечээ эле биздин башыбыздан өткөн кандуу 7-апрелде шейит кетишкен кыргыздын чыгаан уулдарын өзүнүн алтын барагында сактап келе берет. Уюткусуз эл болбойт. Кыргыз элинин негизги уюткулары Манас ата, Барсбек каган, Эртабылды баатыр, Мухаммед кыргыз, Тагай бий жана башкалар болгон. Ушул баатыр бабаларыбыздын арбактары бизди ар дайым колдой жүрсүн! Кандуу 7-апрелде Мекен үчүн окко учкан жаштарыбыз да мындан ары мамлекеттин, элдин уюткусу болууга тийиш. Алар чынында өздөрүнүн кайталангыс эрдиги менен мамлекетти чоң коркунучтан сактап калышты. Эгер 7-апрелде ал жаштарыбыз канкорлордун ажал издеген окторунан жашынып, артты көздөй качышканда, ким билет азыр кыргыз мамлекетинин, революция жасайбыз деп чыккан биздин тагдырыбыз кандай болмок? Деги эле элестетүү кыйын. Баатырларыбыздын кылган эрдиги эч качан жокко чыкпайт.
Өзүңүздөр көрүп тургандай, ажалым жок экен, башыма эки ок жесем да, минтип алдыңыздарга чыгып сүйлөп турам. Бирок мени "жарым жан" -деп айтышат. Канча жашарымды билбейм? Эми ардактуу мекендештер, Мекен үчүн шейит кетишкен баатырлардын атын жамынбай, алардын даңктуу өлүмүн саясатташтырбай, келечегибизге алгылыктуу кадамдарды таштайлы. Жаман ойдон арылып, мамлекетибизди көтөрөлү. Убактылуу Өкмөткө жардамыбызды берели. Ыйманга келели! Бүт дүйнө суктангыдай мамлекет түзөлү. Көр пенделик сапаттан көтөрүлүүгө чакырам, урматтуу мекендештер!

Айбек Шамшыкеев