Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө,
көчүрмөсү: Бишкек шаарынын мэри И. Өмүркуловго
Урматтуу мекендештер!
Сиздерге ушул тарыхый мезгилде элибиздин аң-сезимине зор таасир тийгизе турган кадам жасоо боюнча кайрылып жатам. 7-апрелде элибиз биримдик, Мекен, ыйман эмне экенин чындап сезди. Ушундай ыйык сезимдердин бири, кыргыз элинин ынтымагынын символу болгон Долон бийдин эстелигин тургузууну сунуштайбыз. Кылымдар бою ата-бабаларыбыз бир атанын балдарыбыз деп ынтымакка келишкен.
Азыркы Кыргызстандагы кыргыз уруулары оң канат, сол канат жана ичкилик деп бөлүнсө, алар болсо көптөгөн урууларга бөлүнөт. Элибиз бөлүнүп-жарылбасын деген тилек менен урууларды бириктирген, алардын баардыгынын түпкү атасы болгон Долон бийдин эстелигин тургузуу керек.
Долон бийдин эстелигин азыркы "Эркиндик" эстелигинин ордуна коюуну сунуш кылабыз. Бул эстеликти алып салууну көпчүлүк эл талап кылып жатат. Ал эстеликти орнотуп жатканда дагы депутаттардын көбү каршы болушкан. Элибизде эркектер калбай кырылганда гана аялдар түндүк көтөрүшү мүмкүн.
Каражат кыргыз элинин чыныгы атуулдары тарабынан табылат. Эгерде маселе чечилбесе, каражат табышууга мен даярмын.
Экинчи маселе, Бишкек шаарын Манас шаары деп атоо. Бул үчүн Сиздерди үгүттөөнүн зарылдыгы жок деген ойдомун.
Сиздерди терең урматтоо менен
Жумабек Токтогазиев




  Сөз кезеги

Ээн баш адамдан эмнени күтсө болот?
Эмнени күтмөк элек, оозуна келгенди сүйлөөрүн, оюна келгенин кылаарын, же бир орус айткандай, "Кто говорит, тот делает глупости". Айтайын дегеним, азыр мамлекетибиз дагы бир өткөөл мезгилди башынан кечирип турган мезгилде теледен болобу, радиодон болобу, кулактан кирген нерселер курсакты кайнатчу болду.

Ооба, утурумдук Өкмөт өзүлөрү сунуштаган жаңы Конституциянын долбоорун талкуулап көргүлөчү деди. Кээ бирлерибиз парламенттик коомдо көптөн бери жашап келгенсип, деле партиялык тизме менен шайлоолордон тажагансып, ошого өзүлөрү абдан ишенишип, бизди да ишендиргенге сөздөрүн жамгыр кылып жаадырышат. Ал эмнеге андай сүйлөп жатат деп ойлоп көрсөк, "уядан эмнени көрсөң, учканда ошону кылат" деген ой келет. Эч кимибиз асмандан түшкөн эмеспиз, жалпыбыз советтик доордон кийин Акайыптын мезгилинде башыбыз маң болду, андан кийин Бакийиптин тушунда ошол камчы башыбызга ойной баштады. Мунун баары эмне себептен, көнгөн адаттарыбыз үчүнбү? Бир адат эске түшөт . Биздин чакан Балыкчы шаарыбызга көпчүлүк учурда шайлоолор астында борбордон келген чиновник дейбизби, кандидат дейбизби президиумга олтуруп алышып, суусаган элге тамактары кургаганча сүйлөшүп, ошол сөздөрүнөн өздөрү чарчашканда кетишчү эле. Кеткенден кийин алардан арткан минералдык сууларды жергиликтүү майда чиновник кандидаттар ичишип, кээ бирлери ырымдап бошогон бөтөлкөлөрдү таратылган программалык гезиттерге ороп алышып үйлөрүнө алып кетишчү. Буга таң калбай деле калганбыз. Себеби эсте калаарлык же эстен танаарлык сөздөрдү ага чейин кеткендер айтып кетишчү. Унутуп калбасак, Акайып эмне дечү эле, алиги көбүрөөк акча тараткан кандидаттан алгыла да берки азыраак таратканга салгыла дебеди беле. Бул эмне дегендик, сатылгыла дегендик, бөлүнгүлө дегендик, сөз жок деп да айтып болбойт. Ээн ооздон чыккан ээн баш сөз. Бакийип эмне дечү эле, бөйрөгүм ооруп, көзүм шишик, анан ошол бөйрөгүм кайсыл жерде экенин билбейм, мантыга тоюп алып андижан полькасына түшөм, суунун кайда агып кеткенин билбейм, анда тезек тергиле, же мындан ары шайлоолорду өткөзбөй деле койбойлубу - деген сөздөрдү ким айтат, албетте, ээн баш тарбия көрбөгөн неме айтат. Ушул жол башчылар ушинтип тантырап аткандан кийин, алиги "Ак жол" дешип айкырып жүргөндөрдү кантип ооздуктап, кантип аркандайбыз. Буларды кабанаак итти чынжырга байлагандай кылыш керек. Дагы бир орустун киносунда айтып атат: "Демократияңды түшүндүрө албайм, бирди билем, ошол демократияңдын узундугу жанагы ит байлаган чынжырдын узундугуна барабар",- деп.
Демек, жаңы Конституцияда жалаң ошол чынжырдын өлчөмү жөнүндө сөз болуш керек. Адам укугунун узундук өлчөмү канча, жарандардыкы канча, соттордуку канча, Жогорку Кеңештин , Өкмөттүн өлчөмү канча жана албетте, Президенттин укук милдеттеринин өлчөмү канчага чейин болуш керек, болбосо, экөөсү чынжырларын узартып олтурушуп, кутургандай бошонуп кетишпедиби. Демек, сенин демократияң сага арналып тагылган чынжырыңдан узун болбошу керек (!), бошонсоң анда жаныңдагынын демократиясын же эркиндигин тепсей баштайсың, бирөөнүн эркин укуктарын тепселөө революция менен тамам болоорун эки жолу көрбөдүкпү.
Келечекте биздин мамлекет кээ бир Европа же Туркия үлгүсүндө болчудай, аларда дагы бир өзгөчөлүк бар, жалданма эмгегин сатышканда биринин акысын бири жеп алмай деген жок, ошондуктан революция да жок. Биз дагы көп тарткынчыктабай адамдардын эмгекке болгон укугунда ар бир иштеген саатына (айлыгына эмес) татыктуу маяна акыга укуктуу десек, эмгекчилер ак ниет менен милдеттерин аткарат. Ушул сунушту Конституциялык Кеңешме кеңешип көрсө элибиз деле айтат эмеспи "Аз кеңешип табат, көп жайылып табат"-деп, эл ич ара кеңешип, көбүрөөк бийликти Жогорку Кеңешке берелик деп турабыз. Ал эми утурумдук Өкмөт биринчи айлыкты полицияга берели деп турат.
Мурдагы заман өлчөмүндө милицияны байкуш деш чындыкка коошпойт, бирок бул шордуулар 2005-жылы да, өткөн 6-7- апрелде да " мент есть - мент" болушту, балким буларга момпосуй беребиз дегени - сооротуу болсо , анда мейли. Сөзүмдүн аягында полициядан башка дагы эч кимдин эмгеги текке кетпеш керек, эмгектин ар бир сааты татыктуу баалансын, мейли ал көчө шыпырсын, мейли ал мал баксын, эгин эксин, же болбосо былтыркы революциянын алгачкы карлыгачтары, Ысык-Көлдүн "Балыкчы окуясы" боюнча болгон 19 баатырларынын чыдамкайлуу эмгектерин кошуп эсептегенде Кадыров баш болуп камалган.

2009-жылдын 23-июлундагы президенттик шайлоодо "Балыкчы окуясы" боюнча Атамбаевди колдогонсуң деген айып менен алты ай камалып чыккан "Ата-Мекенчи"
Кубатбек Мусаев
Балыкчы шаары
2010-ж.