Сандан-санга

АЖОНУН АКЫРКЫ КҮНҮ
(Cаясий роман)
- Эч себеп жок эле жанагы Баев дегениңер эмнеге кетти кызматын таштап?
- Башкасын билбесем да бир нерсесин билем, көпкөнүн айтам.
- Ырас эле көптүрүп койдук окшойт.
- Анан да байлыкты жакшы топтоду.Жүз миң сомдук жылкыларынан эле канча дейсиз…
- Сага айтайын деп чакыртканым: андансак болуш керек го дейм. Зыяны тийиши мүмкүн бизге… баарыбызга эле.
- Аны ойлонуп койгонбуз. Ар бир кадамы көз алдыбызда. Ал барар жерге биздин балдар бир күн мурун барат.
- Жакшы экен,-деди Канайым ыраазы болуп,-а жанагы Адамалиев деген айбан неменин жаагы качан басылат?! Сөз тандабай эле ажоңорду тилдеп жатат го! Бассаңчы жаагын!
- Эми анын колунан деле эч нерсе келбейт. Азыр куру кыйкырыктан бирөө-экөө керекпи дейм.
Канайым туталана түштү:
- Кереги жок! Эмнеге керек экен?! Бүгүн экөө ээнбаш сүйлөсө, эртең төртөө болсо, а бүрсүгүнүчү?! Анда канттик?! Бизди каалагандай жамандай берсе болот экен да э, бир-экөө?!
Коопсуздук кызматынын анабашынын жүрөгү түшүп, антсе да сүйлөгөн болду:
- Токтотобуз… Колдон келет…
- Макул,кете бер,-деди Канайым бир гезитти барактай.
Баев кызматын өткөрөрү менен коопсуздук кызматынын үч-төрт жигити анын "сары изине чөп салып" турушту.
Генерал эс алам деп ачык жарыялап бир өлкөгө жөнөрдө ошол өлкө улутундагы эки кызматкер андан мурун жетип, аны аэропорттон "тосуп алып" мейманканасына чейин "жеткиришти". Баев ошол эле күнү ресторандан бир адам менен тамактанып, бир топко маектешти. Эртеси ал адам аэропортко келип кошуна өлкөгө учуп кетти…Берки аңдыгандар анын сүрөтүн тартып алышты.
Генералды аңдыган жигиттердин бири Кыргызстанга учуп келип, шефине баян кылды. Шефи бул жигитти тиги генерал менен жолугуп учуп кеткен өлкөгө жиберди. Ал жакта илгери коопсуздук кызматын даярдоочу окуу жайда бирге окуган досу бар эле. Экөө таанышкандан эле достошуп, башка улуттан экендиктерине карабастан бир туугандай болуп кетишкен. Ошонун жардамы менен Баевге жолуккан адамды аныктоо, мүмкүн болсо, экөө эмнеге жолугушканынын чет-бучкагын билүү. Баевге жолуккан неме ал өлкөнүн коопсуздук кызматында же ички иштер министрлиги тарабында иштеши мүмкүн. Аңдычу жигит анын сүрөтүн алып, ал жашаган өлкөгө учуп кетти.
Ошол сүрөттөгү неме тигилердин коопсуздук кызматында иштейт экен. Болгондо да биздин коопсуздук кызматтын анабашысынын жанагы досунун кол алдында иштейт экен.
Ошондон бир ай өтпөй Баевдин "заказы" ачыкка чыгып, ал жөнүндө саналуу кишилер эле билди. Эми Баевдин өзүнө "заказ" берилди, түрмө тарапка. Ажо, бөтөнчө Канайым "фас!" десе, иштин бүткөнү да, Баев түрмөгө тыгылды. Кимди да болсо камап койсо болот, анткени кызматта иштегендердин, иштеп кеткендердин тазасы болбойт тура…
* * *
Ажо чын жүрөктөн колдогон досторунун биринин артынан экинчисин жоготуп жатты...





Айлакер
Айым
"Аялдын амалы кырк эшекке жүк" дейт кыргыздар. Анын сыңары, азыркы заманда айлакер айымдар каалаган эркегин торго түшүрүп, керек болсо ыйык эсептелген үй-бүлөлүк очогун бузуп, өз жыргалы, өз бактысы, айтор, өзү үчүн күрөшкөндөр жок эмес. Ал тургай, модага айланды. Айлакер айымдардын кылтагына биздин заманда жашап жаткан бизнесмен, министр, депутат ж.б. мырзалар түшүп, тагдырдын миң түркүн сыноосуна тушугуп, бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кумардын туу чокусун багынтып, айтор, турмуш дөңгөлөгү чимирик. Мен дагы мына ушундай тагдырдын жазмышына моюн сунган бир кезде райондук аппаратта иштеп, анан депутат, анан министр, анан ... болуп тагдыр тегирменинде айланган мырзанын, эң негизгиси, ашкан айлакер, сулуу, бирок аягы суюк Заринанын турмуш-тагдырына саресеп салмакчымын. Бирге үңүлөлү... Кызыктар али алдыда...


Канат Темирбекович куттуктоолорду кара күчкө калп жылмая кабыл алды. Сиркеси суу көтөрбөй, маанайы чөгүп турганын Искен досу байкады. Канат да эч ким менен ачылып сүйлөшө албады. Баарын тең "иш көп" деп тез узатууга шашты. Кабылдамадагы кызына "мени менен эч кимди байланыштырба, эч кимди киргизбе, сурагандарга жок де" деп буйрук бере, эшикти ичинен бекитип, телефондун баарын өчүрүп, үңкүйүп отурду. Ойлосо өлө чарчаптыр. Жиниккен аттай эле жүгүрүп жүрөт, же анысын эле бирөө билсечи. Жан-дүйнөнүн тынчтыгын издеп жүрүп, даана ызы-чуунун ордосуна түшүп калганын эми аңдады. Үйүндө мындан нары тынч жашоо болбосун акылында аңдап турду. Аялы ажылдаганын токтотмок тургай, күчөп, от алып кетерин ойлогондо башын чайкап жиберди. Бирок сүйүүгө толгон жүрөгү элеп-желеп. Ичинен "мейли, канча азап-тозок болсо да көтөрөм, мен өмүр бою эңсеп, күтүп, издеп келген сүйүүмдү таптым, жоготууга акым жок" деп күбүрөнө, Заринага телефон чалды.
- Алтыным, жаным, жакшы болуп калдыңбы? Мага сарсанаа болбо, телефонду атайы өчүрдүм, тажаткандар көп. Өзүм чалып турам.
Бу маалда Салыйка Бишкекти төңкөрө күйөөсүн издеп, айласы түгөндү. Телефондору өчүк, кабылдамасына чалса, орусча сүйлөгөн кыз ойсойо: "шеф жок, кайда экенин билбейм, мага отчет берген жок, бакырба, буйрук бергидей кто ты такая"- деп телефонду коюп салды. Искен да "билбейм" дегенден башканы айтпады. Ачуусу менен Салыйка Искенди да каргап-шилей өттү:
- Окшошкон жалаптар, жүрөсүңөр да жаш кыздар менен шарактап. Анан бир-бириңдин көчүгүңөрдү жаап атасыңар. Кудай урсун силерди, балдардын кусуру... деп ажылдап баштады эле Искен аны ашата сөктү да телефонду коюп салды. Андан кийин бир нече жолу чалса да албады. Искендин сөзү кулагына жаңырган сайын албууттанат, күйбөгөн жери күл болот десең.
- Эй Салыйка, тажаалдыгыңды токтотчу, өмүр бою ажылдап эле келе жатасың. Канатты досторунан, үй-бүлөсүнөн алыстаттың, эне-атасын сыйлабайсың, кутурганың көзүңөн чыгып, өзүңө көрүнсө экен. Мен Канаттын ордунда болгондо 4 бала эмес, 40 бала туусаң да давно сени таштап кетмекмин. Канат балдарын жакшы көрөт, ошону билип алып каалаганыңды жасайсың. Ушу сенин азабың өттү, эми достору Канатты сени менен ажыраштырганга көмөктөшөбүз. Балдар эмне, балдар каралат, бирок сенин уу тилиң менен бочкедей кебетең бизди да достал... Энеңди с....
Тамекинин артынан тамеки түтөттү Салыйка. Искенге обу жок асылып, туура эмес сүйлөп алганын түшүндү. Ойлосо чын эле акыркы убакта чектен чыгып баратыптыр. Чындыгында күйөөсүнүн туугандарын каакы ордуна көрүп, тоотуп да койбойт. Оңолууну чечти, бирок кантип?
Детектив бир күн кечке ЦУМду акмалады, эч ким көрүнбөйт. Маалымат ала албаганына жинденди. Күн-түн күзөтүүнү чечти. Бирок андан эч майнап чыкпасын аңдаган жок. Куру убара тартып, азап жерин да сезбей турду.
Канат Темирбекович үйүнө түн бир оокумда келди. Балдары небак уктаптыр, Салыйка көрүнбөйт. Аялы кайда, эмне кылып жүргөнүнө кызыккысы да келбей, жуурканга чүмкөндү. Бу маалда Салыйка эки теңтуш келиндери менен саунада күйөөлөрүн болушунча ушактап, арак ичип, жыргап атышкан. Мастыгы менен ыйлап-сыктап, ичиндеги бугун теңтуштарына төгүп да алды. Экөө калп эле кайгырымыш болгон менен ичтеринен Салыйканы табалап турушту. Себеби экөөнүн тең күйөөсү жок, ошондуктан мурда Салыйка буларды көп жактырбай, күйөөсүнө жолотпой, теңине албай, кызык боло берчү да. Экөө ал ансайын шыпшынып, Салыйкага аракты баса-баса куят десең. Эптеп мас кылып, абийирин төгүүнү ойлошту.
- Ай, Салыйка, кой анчалык күйбө, эркек деген ошондой, ойнойт, оромпой тебет. Адашат, анан аэродромуна келип конот. Андан көрө эс алалы. Давай, андан көрө массаж-сассаж алып, эс алганга жараша до конца эс албайлыбы.
Салыйка кыйла эле кызуу болуп калган, "мейли" деди. Аңгыча кайдан-жайдандыр эки келбеттүү жигит келип, эки аялдын ишаарат кылуусу менен Салыйканы колтуктан сүйөп, эс алуучу бөлмөгө алып киришти. Экинчиси экөөнүн жанына кайра келип, арактан ууртап, көз ымдашып, бирөөсү менен башка бөлмөгө кирип кетти. Берки калган келин шыпылдаган бойдон теңселип араң турган Салыйканы уйпалап аткан жигиттин денесинен сылай, уюлдук телефонго энеден туума, эч нерсени элес албай жаткан министрдин кеңкейген аялын бир нече жолу сүрөткө тартып алды. Табасы кана, жылмайып, "эми колго түштүң" деп ичинен күбүрөнө, стол үстүнө келип отура, телевизор тиктеди.

P.S. "Айлакер айым" сериалынын башталышын окубай арманда калдык, качан китеп болуп чыгат?" деп телефон чалган көптөгөн окурмандардын суроосун эске алып, автордун уруксаты менен "Айлакер айым" сериалы "Айат пресс" газетасында кайра башынан баштап басылып чыгууда. Окуялар кантип башталып, кандай өөрчүгөнүн окуган да, окубаган да арманда. "Форумдагы" сериалдын окуялары уламдан-улам курчуп, бүйүр кызытып, жарык көрө бермекчи.