Сандан-санга

Каныбек ИМАНАЛИЕВ
САЯКБАЙ
(Гений жөнүндө баллада)

- Мындан ары барганда алдыңан эки кой айдаган бирөө жолугат. Койлорун сатып алып, курмандык чалып, эл-журттун ак батасын аласың. Айкөл Манасты канча даңаза кылсаң, өз даңкың да ошончо алыска кетет. Өйүздөгү Балпык деген бука минген абышканы, төмөнкү сарайдагы Таабалды сокурду, Түлөн деген байбичени чакырып келип батасын ал. Эми сен алты-жети жылдан кийин чоң манасчы болосуң. Ага дейре ойду тоого урунуп жүрө берээрсиң, - деп батасын берип, дүбүртү жер дүңгүрөткөн кол менен заматта көздөн кайым болот. Туяк астында дүңгүрөгөн жердин үнүнөн кулагы тунуп барып басылат. Артында асманга көтөрүлгөн чаң эле калат.
Эсине келсе, өзү баягы чоң кара таштын түбүндө жатыптыр. Бул окуяны же түшүндө, же өңүндө көргөнүнө ишенип-ишенбей, кунанына минип жолдо келатса астынан эки кой айдаган киши чыгат. Жарамазан айтып жүрүп тапкан акчасынан баягы кишиге берип, эки койду айдап үйүнө келип, Бакай ата айткандай койлорду союп, эл-журттун батасын алат.
…Мына ушул шумдуктуу окуя болгондун эртеси Саякбай тили сүйлөөгө келбей дудук болуп калат. Тилин кыймылдатканга, сүйлөөгө кудурети жетпейт. Үйдөгүлөр аны жин тийген эмедей карап жаткандай сезилип баштайт. Кичине балдар болсо колу менен жаңсап көрсөтүп, таш менен ургулашат. Өзү да акылдан айнып баратканын сезип, элге уят болбоюн деген ниетте айылдан алыстап, ээндеп токой-тоону аралап, чөп-чар терип жеп, өлбөстүн күнүн көрөт. Сакең өзү айтмакчы, "ойго да, тоого да урунуп, зоодон кулап, суудан да актым, бирок өлбөдүм. Жеңем кайтарып, жанымды аман алып калып жүрдү" дейт. Ошентип, тоо-ташта тентип жүрүп көп убакыт өтөт. Бир күнү таңга маал суу күргүштөп кирип жаткандай үн угулат. Титирей коркуп ойгонот. Түшүндө Алмамбетти көрөт. Ал Саякбайга "Бакай аба сага көрүнгөндөн бери жети жыл өттү. Бүгүндөн калбай астыңдагы минген атыңды Манаска атап союп, элдин батасын алгын" дейт. Ойгоноору менен оозунан сөз оргуштап атылып, өзүн өзү токтото албай элирип үйүнө келет. Ошондо үнү кетет айгайлап, алда кайда жаңырып, сызып бороон кыр менен, кыйкырык-чуу сүр менен, аркар баскан бел менен, кулжа баскан төр менен, булут шашкан жел менен.
Эмне жөнүндө сүйлөп атканы белгисиз. Кээде эле "Манас", "Манас" деп айтып жатканын элес-булас билет. Үйүнө келсе, атасы камчы менен далыга чаап жатып, эсине келтирип токтотот. Мына ушинтип Улуу жомок башталат.
Мына ошондон ушул күнгө дейре Саякбайдын үнү басылбай, кайра күчөп, адыр-түздү, Ала-Тоону аралап келет, жүрөктөрдөн жүрөккө, кылымдардан кылымга жетип.
…Ошентип сыйкырдуу Манас дүйнөсүнүн алтын дарбазасы ачылып, Сакең Манас айтып баштап, түгөнбөс Улуу Дастан уланат. Кылыч менен кыркылбас, найза менен жыртылбас. Түбөлүк бүтпөй турган.
Саякбайдын калган өмүрү Манас ааламына арналат. Бир кочуш дан миллион сап ырга айланат.
Ошондон соң Сакең жүзүнөн ырыс таамп жаш алды.
Кийин өз ыктыяры менен Кызыл Аскерде жүргөндө Бухарага барып, ошол жерден өмүрүндө биринчи ирээт балдын даамын татып, ошондо гана баягы Орто-Токойдо оозуна келген акталган таруунун даамына окшоштурат.
Манас дүйнөсү өзү керемет дүйнө. Ал адатта арбак даарыган түш аркылуу аян берип келет. Эмне үчүн? Кандай? Бу илимдин тили менен да түшүндүрүп бере алгыс али туңгуюк сыр. Манасчы Манас айтаарда түштү эңсеп, түш дегдеп жашайт.
Улуу жомок өзү керемет түш менен башталат эмеспи. Манас бойго бүтөөрдө атасы Жакып түш көрүп, аны элге жорутуп, түлөө өткөзүп, ага арнап ак шумкарды байлайт. Ошондо түштү Акбалта минтип жоруйт эмеспи: "Кырк үйлүү кыргыз жакыр журт, сары адырмак, шабыргак белди табат экенбиз. О кудай, киндик кесип, кир жууган жерди табат экенбиз. Баана берип, жараткан элди табат экенбиз. Ушу түшүң чын болсо, кара калмак, манжуудан ажыратып алуучу бизге арстан бала табылат! Үзүлгөнүң уланат, чачылганың жыйналат. Өчкөн отуң тамылат. Өлгөн жаның тирилет. Ээй, чиркин, ар нерсе түшөт эсиме, кыргыз кайда, эл кайда, Жакып түштү көрүпсүң, элге жетер күн кайда. Чыйырды жолборстун жүрөгүнө талгак болот. Кийин Алмамбет баатырга жолугаарын да алдын ала түшүндө көрөт.

Үркүндө

9. 1916-жылдын жазы кырсыктуу болду. Кыш катуу болуп, малдын өлүм-житими көбөйгөн эле. Өлбөгөнү жазга араң жетип, караламан калк өзгөчө запкылыкты көрүп, жаз чыгары менен жерге тырмышып жаткан учур.
Күндөрдүн биринде, айыл ичинде күбүр-шыбыр кеп тарады. Бардыгынын кабактары суз, жарпы жазылып, жайдары жүргөн эч бирөөнү көрө албайсың. Саякбай да айылдагы кедейлерден түзүлгөн бир топко барып кошулду. Ортосунда Ыбырай деген өзү теңдүү кедейлерге сөзүн айтып жаткан экен:
- Падыша жыйырма жаштан кырк жашка чейинки эркектерди солдатка алууга буйрук жарыялаптыр. Ар кайсы жерде күн көрүп, тоодогу кийиктердей тоо башында араң жашап жатсак, бай-манаптар, бий-болуштар болсо солдатка барсаң да барасың, барбасаң да барасың, ак падыша буйругун аткарбаска чама жок, деп элди кыстап жатыптыр. Көл башында кедейдин таламын талашкан Исмаил, Берикбай деген адамдар: "Айыл-айылга барбагыла! Бекер өлүмгө учурабагыла! Кол, курал-жарак жыйнап ак падышага каршы тургула!" деген кабарды жибериптир. Кана, туугандар, биз эмне дейбиз?
Ошондо олтурган эл орундарынан козголушуп:
- Калың журт эмне болсо, биз дагы ошондой болорбуз. "Жатып өлгөнчө, атып өл" деген. Бала-бакырадан тирүүлөй ажырап, кайда барып өлөбүз? - дешти.
Ыбырай элге ыраазы болуп:
- Болуптур эмесе, күч аттарды таптап, курал-жарак даярдагандай бололу. Бардык нерсебизди шай кылып, даяр туралы, - деп ордунан турду.
Эл дуулдашып, чоң маселе чечилгендей тарап жатышты.
Эл тим жатпай күнү-түнү тынбай, курал-жарак даярдай башташты. Айылдан айылга чаап жүргөн чабармандар көбөйдү. Солдат бербейбиз деген бир топ баштуу кедейлерди кармап, Караколдо атылды деген кабар угулду. Падыша тарабынан кыстоо барган сайын күчөй баштады.





Кыргыз кызы Роза Отунбаевага
"Калк арылбайт кас балээден,
Башкарбаса аларды акыл менен".
Платондун айткандарын эзелтеден
Жазып жатам бул саптарды сезимимден.

Кырылышып жаштар жалаң,
Эли үчүн окко учкан каргашалуу күндөрдө,
Ажо баштап кан төккүчтөр качып кеткен кезинде,
Аял турду эл башкаруу үстүндө,
Көрүнүшү жупуну, окшойт өзү көптөргө.
Бирок ал кайраткердин кайраткери,
Багыт берер акыл терең деминде.

Кылым карып, элде жашайт бир нуска,
Элжиреткен жүрөгүмдү ушунча:
Эки ортодо келишпеген чыр чыкса,
Кан төгүлүп кагылышуу басылбай,
Аял чыкса ак жоолугун колго алып,
Басылуучу энелигин бек сыйлай.
Болбогондур бөтөн элде ушундай.

Кыргыз элим аялдарды ардактаган
Энелигин тукумдарды жарата алган.
Үйдүн куту, жуктуу жашоо болтура алган,
Бакубаттык, ырыскыны келтире алган.

Бекеринен калбагандыр эл оозунда
Атак-даңкы Дарика, Жаңыл мырза,
Сайкал, Курманжандын.
Кошуласың катарына алардын
Каныктыгың жан дүйнөңдө Роза айым.

Сага айтам каалоолорун энелердин
Жазып жаткан бул айтууну мен да энемин.
Калыстыгың кайнасын жүрөгүңдө,
Арта берсин оргуштап күндөн-күнгө.
Жарты кылды жара билсең ак дилиңден,
Кудуретим жоготор элдин муңун.

Ойлооң керек жакырланган элиңди,
Курсак тойбой, сүт ичпеген наристени,
Каатчылыктын сазына батып жүргөн,
Картаң чалдар, багары жок кемпирлерди.
Жашоодо жасай албай бек кадамын
Иш табалбай мазакталган эркектерди.

Кудуреттен берилген зээнди өрчүтпөй,
Кызыгына жашоонун батып, канбай,
Болгон ишти жасоого даяр тургандарды.
Балдарын багууга кудурети жок.
Кудай сурап, жалдыраган энелерди.

Таазим кылгын эрдигине Курманжандын,
"Өзүмдүкү, бөтөндүкү" деген болбой,
Таза болсун денеңдеги ой жүгүртүүң,
Аккан жашың.
Бир мүнөт да унутпагын элдин зарын.

Кудуретим сага чоң күч берсин,
Көтөрүүгө талыкпа элдин жүгүн.
Зомбулуктун каарын тартпай,
Элибизге бейкутчулук жашоо келсин!
Кайыпбүбү Бектенова, ардагер




Түкүрүк...
Бүгүн тапсаң, эртеси баарысы жок,
Кыямат го оорусаң, дарысы жок.
Таптап бүткөн жериңди көрүп турам,
Куту качкан чөп эмес, камышы жок.
Эркегиңе түкүрдүм кызга окшогон,
Жигитмин дейт а, бирок намысы жок.

Билбейт элек муздакты ысыгы жок,
Ысык-сууксуз жашоонун кызыгы жок.
Түндүк менен түштүгү бирикпеген,
Кайсы өлкөдө жүрөбүз тынчтыгы жок.
Кыздарыңа түкүрдүм эркекке окшош,
Кызмын дешет а, бирок кыздыгы жок.

Билбейт элек жаштыкты, карысы жок,
Аштым дебейт келгени жарышы жок.
Жумурткада кырды кой, бийлик айтып,
Далилдешти ичинде сарысы жок.
Жерди саткан жер эмес, элди саткан,
Бийлигиңе түкүрдүм калысы жок.

Элим үчүн жан берем, дилим берем,
Дешет баары билинбейт кимиң берен.
Өттү баары өтсө экен деп турушат,
Дипломсуз жүрөктөр дирилдеген.
Ушул күнгө апкелген дүжүр чалдар,
Сакалыңа түкүрдүм бириндеген.

Жыпжылаңач төштөрүн окко тосуп,
Барды балдар жолу жок айласы жок,
Максим менен Айдарча боло алышпай,
Барчу жолдор бекиген аргасы жок.
Сом долларың бир тыйын боло албады,
Байлыгыңа түкүрдүм пайдасы жок.

Ыр көбөйдү даңкка дүңк, угуму жок,
Эрлер чыкты сөзүнө туруму жок.
Мүйүз самайм деп жатып, көргүлөчү,
Калды акыры кулагы, муруну жок.
Напси жаман тыйбасаң, жугуму жок.

Өлүп эле калсаңчы ушул көрөк,
Сүйүнөсүң таң атып күн батканга.
Жердин баркын түшүнбөй кайда жүрдүң,
Каркыраны казакка карматканда,
Өз таламын мекенден бийик койгон,
Кабат-кабат түкүрдүм жер басканга,

Азаматтар элим деп күйүшкөндө,
Канжыгага баш байлап жүрүшкөндө,
Бир каяша кыла албай кайда элеңер,
Жигиттерди атканда, сүрүп көргө.
Даяр ашка тап берген мансап үчүн,
Түкүрдүм бийлик деген үмүткөргө.

Жолдош Кадыралиев
Ат-Башы р/у,
Казыбек айылы