Көйгөй…

Бөдөш Мамырова,
Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри:
"кош жарандуулуктун зыяны тийиши толук мүмкүн"
Учурда миграция тармагындагы абал кыйла татаалдашып жатканын танууга болбойт. Айрыкча 7-апрелдеги окуялардан кийин аталган тармактагы жагдай бир топ курчуй түштү десек болот. Буга коңшу Казакстан мамлекетинин ал жакта иштеген мекендештерибизди кой жүктөгөндөй автобустарга тыгып келип, чек арага таштап салган одоно мамилеси күбө. Мына ушул жагдайларды жөнгө салууда, мекендештерибиздин укугун коргоодо кандай иш аракеттер жүрүп жатканын билүү максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри Бөдөш Мамырованы сөзгө тарттык.

- Бөдөш Аманбаевна, азыркы учурда миграция тармагында абал оор болуп турат. Эң орчундуу жагдайларга токтоло кетсеңиз?
- Чынында азыркы учурда миграция маселеси мамлекетибиздеги эң орчундуу көйгөйлөрүнөн болуп турат. Ички-тышкы миграция күчтүү. Өзгөчө базарларда соода-сатык менен алектенген эмгек мигранттардын абалы оорлошуп жатат. Россияда жүргөн жарандарыбыздын абалы Казакстанда иштеген мекендештерибиздикиндей өтө оор эмес экендигин ачык айтып коюшубуз керек. Албетте, көйгөйлөр жок эмес, бар. Бирок Казакстанга салыштырмалуу жеңил. Ал эми коңшу Казакстанда иштеп жатышкан мекендештерибиз бир топ кыйынчылыкка туш болушууда. Айрыкча 7-апрелден кийин мигранттардын абалы кыйла татаалдашып, казак бийлиги биздин ал жакта иштеген жарандарды массалык түрдө депортациялай башташты.
Албетте, буга чейин деле бирин-экин кишилерди өлкөдөн чыгаруу орун алып келген. Бирок азыркыдай массалык түрдө өлкөдөн чыгаруу болгон эмес. Мурун Казакстанга киргендер 90 күнгө чейин жүрө беришсе, кийин 7-апрелге чейин эле 90 күндүктү 5 күнгө чейин кылып кыскартып салышыптыр. Албетте, 5 күн өтө аз экен. Анткени соода менен алектенген жарандарыбыз ал жакка барып, товарларын жайгаштырып, сатып үлгүргөнгө чейин эле беш күндүк убактысы өтүп кетип, анан аларды мыйзамсыз жүрөсүң дешип кармап, депортация күч алган. Мына ушул жагдайды жөнгө салуу максатында мурунку 90 күндүк убакытты калыбына келтирүү боюнча биздин министрлик тарабынан атайын токтом даярдалып Казакстанга жиберилген экен. Бирок Казак Мажлисинен колдоо таппай, ушул күнгө чейин каралбай токтоп турат.
Апрель окуяларынан кийин бул маселе каралмак тургай, депортациялоо тескерисинче күч алды. Бул көрүнүштү токтотуу боюнча Убактылуу Өкмөттүн, биздин министрликтин кийлигишүүсүндө бир топ сүйлөшүүлөр болуп, депортация кылуу бир аз токтоп калган. Тилекке каршы, акыркы күндөрү казак бийлиги кайрадан жарандарыбызды өлкөдөн чыгарып, кысым көрсөтө башташты. Ал жакта ар кандай жумушта иштеген жарандарыбызды ар кайсы жерден эле кармап, депортация кылып жатышкандарынын кесепетинен, айрымдарынын соода-сатык кылган контейнерлери жабылбай, кээ бирлөрүнүн балдары калып калган учурлар кездешип жатат.
- Конституциянын жаңы долбоорундагы кош жарандуулук маселесине кандай көз караштасыз?
- Медалдын эки бети бар сыяктуу, кош жарандуулуктун оң жана терс жактары бар. Ырас, кош жарандуулук эмгек мигранттары үчүн табылгыс нерсе. Анткени барган жеринде өздөрүнүн жарандуулугун жоготпой, башка өлкөнүн жарандуулугун алып алса, азыркыдай болуп көрүнгөн жерде түрткүнчүк болмок эмес. Чек арага таш төккөндөй жүктөп келип төгүп салуу токтомок. Мыйзамдуу түрдө ошол жерде ээн-эркин коркпой-үркпөй толук кандуу иштөөлөрүнө шарт түзүлмөк. Пенсияга чыгуу маселеси чечилмек. Анткени сыртта иштеп жүргөн мекендештерибиз пенсиялык фондго эч нерсе төлөбөгөндүктөн, пенсияга чыгууда чоң маселе жаралып, пенсияга чыга албай калган көйгөйлөр учурда бизде арбын. Мына ушул жагдай кош жарандуулук негизинде чечилип калмак. Себеби ошол иштеген жеринде соцфондго налог төлөп, кийин пенсияга чыгуусуна жеңил болмок. Албетте, азыр деле төлөп жатышат, бирок алар ошол өлкөнүн мыйзамынан сырт кетип жатат.
Экинчи жагынан кош жарандуулуктун зыяны тийиши толук мүмкүн. Биз кош жарандуулуктун негизинде өзүбүздүн каруу-күчкө толуп турган жаш уул-кыздарыбызды жоготуп жатабыз да. Кош жарандуулукту алган мекендештерибиз барган жеринде отурукташып, сиңишип калса өлкөгө кайтып келбей калуу коркунучу бар. Ал жактын жашоо-шартына ыңгайлашып алышкан мекендештерибиз кайра кайтып келеби, же келбей калабы деген кооптонуу жок эмес. Ошол эле учурда коркпой-үркпөй иштөө максатында башка мамлекеттин жарандыгын алууга мажбур болгон мекендештерибизге, өз өлкөсүнүн жарандыгынан чыкпоо, алардын кайра кайтып келишине ишеним жаратат.
Албетте, бардык нерсенин зыяны да пайдасы да болот. Бирок биз ошол кабыл алып жаткан нерсенин пайдалуу жагы көбүрөөк болсо гана ошону мыйзам менен бекемдешибиз керек.
- Ошондо кош жарандуулуктун биз үчүн пайдасы канчалык?
- Биздин мамлекет үчүн кош жарандуулуктун пайдасы бар. Ал эми Россияга анчейин деле зарыл эмес. Анткени кош жарандуулукту алган мекендештерибиздин белгилүү бир мезгилде кайра кайтып кеткенине караганда, аларга Кыргызстандын жарандыгын таштап ошол мамлекеттин жарандыгын алуу оңдуу эсептелет. Анткени биздин жумуш издеп барган мекендештер ал жакта көбүнчө кара жумуштарда иштешет. Бул Россия үчүн табылгыс. Ошондуктан кош жарандуулукту Россия кабыл алабы, же албайбы деген маселе жаралат. Ошол себептен мамлекеттик деңгээлде теңата сүйлөшүү аркылуу, мыйзамдын алкагында кош жарандуулук маселеси кылдат каралыш керек. Биз өзүбүз кош жарандуулукту кабыл алып, Россия кабыл албай койсо көйгөйлөр кайра көбөйөт. Ошондуктан бул маселени терең изилдеп чечиш зарыл.
- Өлкөбүздөгү дагы бир орчундуу көйгөй сырттан келген эмигранттардын, өзгөчө кытайлардын күн санап көбөйүп жатышынан кооптонгондор арбын. Мындай жагдай улутубуздун уңгусуна доо кетирбейби?
- Өлкөбүздө жүргөн кытайлардын көпчүлүгү негизинен, базарда иштегендер. Алардын көбү текшерүүдөн качып мыйзамсыз жүргөндөр. Биздин өлкөгө соода-сатык кылуу үчүн чектелүү убакытка келишип, көпчүлүгү кетпей жашыруун калып жатышат. Ал эми кандайдыр бир фирма же башка бир нерсе ачам деп келгендер, бизде 20 пайыз кытай иштейт, калган орундар жергиликтүү элдерге берилет дешип биздин министрликтен каттоодон өтүшөт. Мыйзамсыз жүргөндөрдү казактар сыяктуу чек арага алып келип төгүп салбай, эл аралык мыйзамдардын алкагында гумандуу мамиле жасашыбыз зарыл.
- Гумандуу мамиле жасашыбыз керек деп эле жумшактык кыла берсек келечегибиз кыйын болуп калбайбы?
- Эми кытайлар басып кетет деп эле чуулган сала беришке болбойт. Биздин деле ички-тышкы саясатыбызды жүргүзгөн, келечегибизди ойлогон адамдар бар да. Келген кытайларды каттоодон өткөргөн биздин министрлик иштеп жатат. Андыктан эки миң кытай келсе ошолордун баарына эле квота берип койбойбуз да. Алардын ар бири деталына чейин изилденет. Ырас, жашыруун түрдө жүргөндөрдү теске салып, мөөнөтү бүткөндөрдү өлкөдөн чыгаруу жагын караштырышбыз керек. Бул жакта мыйзамсыз жүргөндөрдүн көбү базарга товарларын өздөрү алып келип сатып, отуруп алгандар. Буларга товарын белгилүү бир жерге жеткирип, кайра артка кайткандай гана мүмкүнчүлүк беришибиз абзел. Болбосо, келген кытайлар өздөрү соода кылып отуруп алышып, базардын админстрациясы менен жакшы болуп алып, ишин уланта бериши мүмкүн. Анын үстүнө сиңишип да кетет. Мына ушул жагына чек коюшубуз зарыл го.
- Өлкө ичиндеги миграциянын абалы тууралуу айта кетсеңиз?
- Албетте, ички миграциябыз деле көйгөйлүү экенин танууга болбойт. Жумушсуздуктун айынан жер-жерлердеги алыскы аймактардан борборго агылып келгендер көп. Ырасында аларды да туура түшүнүш керек. Анткени ишке жарамдуу уул-кыздарыбызды кетирбей кармап калуу үчүн жумуш оруну менен камсыз кылууга шарт түзө албай келдик. Муну моюнга алышыбыз абзел. Ким эле жеринде иштеген иши болсо, айылдагы короо-жайын таштап, шаарга келип, батирден-батирге көчүп жүрүүнү кааласын. Анан азыркыдай бурулуш учурда, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын чечип алууну көздөп, жер басып алуу үчүн келгендер да жок эмес. Жер басып алуу максатында келгендердин көбү 2005-жылдагы жер басып алууда кынык алгандар десек болот. Себеби 2005-жылдагы жер басып алууда өтүмдүү шылуундар үчтөн-төрттөн жер алышып, аларды кайра сатышып оокат кылышкан учурлар болгон. 7-апрелден кийин ошондогу жер басып алгандар, оор кырдаалдан пайдаланып кайра эле жер басып алууну көздөп, жер-жерлерден атайын келишти. Ырас, ушунун баары жумушсуздуктун айынан чыгууда. Миграция менен жумушсуздук тыгыз байланышта экен. Кимдин эле иштеген иши болсо, жер кезип кеткиси келсин. Андыктан жер-жерлерде жарандарыбызды жумуш менен камсыз кылуу боюнча иш орундарды түзүп берүүбүз абзел.

Маектешкен
АлмазТЕМИРБЕК уулу




Миллион долларды кымтуу аракети болгонбу?
Убактылуу Өкмөттүн орун басарлары Темир Сариев менен Азимбек Бекназаров экөөнүн бир миллион доллардын "изин жашыруу" тууралуу телефондон сүйлөшкөн сөздөрү жана Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун кадр маселесиндеги араздашуулары www.youtube.com интернет барагына жарыяланды. Бирок, мындай сүйлөшүү чындыкка дал келбеген жасалма монтаж экенин Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү билдирип чыгышты. Бул туурасында Убактылуу Өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов сүйлөшүүлөрдү өзүнүн жеке пикиринде бири-бирине тиешеси жок үндөрдөн куралган "монтаж" деп эсептээрин "Азаттыкка" билдирген. Ал эми Убактылуу Өкмөттүн басма сөз кызматы интернетте пайда болгон аудиожазуулар тууралуу расмий билдирүү жасап, алардын мыйзамсыздыгын белгиледи. Андагы аудио-жазууда белгиленген 1миллион доллар күч структураларына Убактылуу Өкмөттүн расмий чыгарылган чечими менен 12-14-майдагы коопсуздукту жана тартипти сактоо максатында бөлүнүп берилип, аталган акча каражаты атайын операция, жол кире, элдик кошуундарын колдоо сыяктуу иш-чараларга колдонулганын маалымдады. Ошондой эле, коомчулукта Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракети менен телефондогу сүйлөшүүлөр тууралуу суроолор пайда болсо, качпай жооп берүүгө даярдыгын билдирди. Айтмакчы бул сүйлөшүүлөрдү жаздырууга УКМК жана башка расмий мамлекеттик структуралардын тиешеси жоктугун да белгилеп өттү. Эскерте кетчү жагдай буга чейин да Убактылуу Өкмөт жетекчилерин интернет аркылуу жаманатты кылуу аракеттери жасалган, бирок алар жалган болуп чыккан.